Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 16-июлундагы № 32\6 токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобо тууралуу" токтомуна.  

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2014- жылдын 16-июлундагы №32\6 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик 

укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 24-пунктунун "Категория 4" (кредиттик тобокелдик деңгээли - 50%) бөлүгүнүн "а" пунктчасындагы "ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер" деген сөздөр "жеке адамдарга сунушталган каржылоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;  

- 24-пунктунун "Категория 5" (кредиттик тобокелдик деңгээли - 100%) бөлүгүнүн "в" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"в) жеке секторго карата талаптар (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер):  

- мудараба, мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер. Мында, ушул келишимдер боюнча камсыздоо катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөрдө сатып өткөрүүгө тийиш болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр күрөө катары колдонулат. Сатып өткөрүү учурунда күрөө наркы каржылоонун негизги суммаларын жана күрөөнү сатып өткөрүүгө байланыштуу мүмкүн болуучу чыгымдарды банкка төлөө үчүн жетиштүү болуусу зарыл.  

Күрөө наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги №217 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субүектилери тарабынан милдеттүү түрдө колдонулуучу мүлктү баалоо стандарттарына ылайык, көз карандысыз баалоочулардын корутундусу менен тастыкталууга тийиш. Күрөөлүк мүлккө жыл сайын көз карандысыз баа берүү, ушул категорияга активдерди чегерүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат. Камсыздоонун наркы төмөндөп, сапаты начарлаган жагдайлар күрөөнү сатып өткөрүүдө кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн. Мудараба, мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер 400% тобокелдик деңгээли менен 6-категорияда көрсөтүлөт. Банктын мудараба, мушарака келишимдери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу тажрыйбаларына жараша Улуттук банк, мындай операцияларды жүзөгө ашырууда, анын ичинде күрөөлүк камсыздоого карата кошумча талаптарды жана чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.  

- 3, 4 жана 6-категорияларда көрсөтүлгөндөрдү эске албаганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган башка активдер."; 

24-пункттун "Категория 6" бөлүгү (кредиттик тобокелдик деңгээли - 400%) төмөнкү редакцияда берилсин:  

"Категория 6 (кредиттик тобокелдик деңгээли - 400%): 1-5-категорияларда көрсөтүлгөн активдерди эске албаганда, мудараба, мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер.". 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобонун: 

- 2.1-главасынын 12-пунктунун "а" пунктчасынын экинчи абзацындагы "100% деңгээлиндеги тобокелдик камтылган кредиттерге" деген сөздөр "Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/4 токтому менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоого (мындан ары - "Капиталдын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоо) ылайык, тобокелдик деңгээли камтылган активдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;  

- 2.2-главанын 35-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

"Капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөөдө Шарика бүтүмү боюнча жайгаштырылган активдер "Капиталдын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоого ылайык, тобокелдик деңгээли камтылган активдерге теңештирилет."