Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 31-июлундагы № 34/10 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 "Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруунун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн бекемдөө, орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди басаңдатуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Абдыгулов Т.С. 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын "31" июлунун №34/10 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 "Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 "Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин: 

 

1. 1.1-пункту төмөнкү мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын: 

"- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-январындагы №4/6 токтому менен бекитилген "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобо менен;  

 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы №52/12 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө" жобо менен". 

 

2. Эрежелердин 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2.4. Акча которуулар системасынын оператору (мындан ары - оператор) - юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси, орун алган өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү уруксат берүүчү документтерине (лицензия, каттоо сертификаты ж.б.) ээ, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында катталган жана акча которуулар системасынын ишин камсыз кылган акча которуулар боюнча кызмат көрсөтүүчү провайдер. Акча которуулар системасынын инфраструктурасын жана пункттарын өнүктүрүү үчүн оператор акча которуулар системаларына катышуу келишимин түзөт, ага ылайык оператор жана катышуучулар өз ишин системанын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырууга милдеттенишет.". 

 

3. Эрежелердин 3.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"3.1. Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системасы боюнча кызматтарды сунуштоо үчүн оператор (Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өтүүгө жана төмөнкүлөрдү камтыган документтер топтомун сунуштоого тийиш: 

- акча которуулар системасынын атылышын; 

- акча которуулар системасынын операторун жана жайгашып турган өлкөнүн аталышын; 

- каттоо номерин, жайгашып турган өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген каттоо күбөлүгүнүн, лицензиянын, сертификаттын көчүрмөсүн ; 

- акча которуулар системасынын эрежелерин; 

- мындайлар болгон болсо, системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишимдер.". 

 

4. Эрежелердин 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"3.2. Акча которуулар системасы боюнча кызматтарды сунуштаган оператор Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. 

Эгерде оператор Кыргыз Республикасынын резидент эмеси болуп саналса, анда Кыргыз Республикасынын банктары менен акча которуулар системасына катышуу боюнча келишимдерди түзүүдө банктар жана оператор Кыргыз Республикасынын акча которуу жагындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына таянуу менен иш алып барууга тийиш.". 

 

5. Эрежелердин 3.5-пункту төмөнкү мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын: 

"7) эгерде оператор менен катышуучу ортосунда түзүлгөн келишимде башкача каралбаса, күндөлүк негизде өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү.". 

 

6. Эрежелердин 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 3.7-пункт менен толукталсын: 

"3.7. Акча которуулардын ички локалдык системаларынын операторун кошпогондо, оператор эң аз дегенде төмөнкү шарттардын биринин аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

1) банк-катышуучунун же банк-катышуучу корреспонденттик эсептеринде көрсөткөн башка банктардагы корреспонденттик эсепте бардык ишке ашырылган операциялар (ай ичинде же чейрек ичинде же жыл ичинде) орточо күндөлүк жүгүртүүнүн ордун жапкан көлөмдө милдеттүү камсыздандыруучу депозитти жайгаштырууга;  

2) эл аралык рейтинг агенттиктери тарабынан ыйгарылган инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге ээ банктардан алынган гарантияларды берүүгө

3) өз акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган которууларды камсыздандырууну камсыз кылууга.". 

 

7. Эрежелердин 4.1-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

"Коопсуздукту камсыз кылуу максатында катышуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына таянуу менен иш алып барууга тийиш.". 

 

8. Эрежелердин 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 4.11-пункт менен толукталсын:  

"4.11. Катышуучу чейрек сайын, отчеттук чейректен кийинки айдын онунан кечиктирбестен 1-тиркемеге ылайык (кошо тиркелет) маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берип турууга тийиш.". 

 

9. Эрежелердин 5.1-пункту төмөнкүдөй жаңы редакцияда берилсин: 

"Катышуучу, акча которуу системасына катышуу боюнча оператор менен келишимди түзүүдө, оператордун колунда орун алган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын уруксат берүүчү тиешелүү документтеринин бардыгын (лицензия, катталгандыгы тууралуу күбөлүк, сертификат ж.б.), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында катталгандыгын жана анын ушул Эрежелерге, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсүн текшерүүгө тийиш". 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

31-июлундагы № 34/10 токтому менен бекитилген  

"Кыргыз Республикасында акча которуулар  

системасына тиешелүү акча которууларды жүзүгө  

ашыруу боюнча эрежелерине" карата  

1-тиркеме 

 

Банктын аталышы 

Акча которуу 

системаларынын 

аталышы 

Валютасы 

Тарифтери 

 

локалдык 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

эл аралык