Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын  

2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/2 токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдору жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Сунушталган өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна киргизилсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/12 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасында депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Экономика башкармалыгы бул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Токтом 2014-жылдын 18-ноябрынан тартып күчүнө кирет.  

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жеңиш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага үчүн  

Төраганын орун басары Жениш Н. 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын "___" ______ №_____ 

токтомуна карата  

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобосун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жөнүндө 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобосун бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

 

Жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобонун: 

- 2.2 - пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 1 - тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын _______ №____токтому  

менен бекитилген, Милдеттүү резервдер  

боюнча жобосуна  

 

1-Тиркеме 

 

________дан____________ чейинки 

_______________________________ 

(коммерциялык банктын аталышы) 

 

Милдеттери 

ПРБОнун 36 формасын калганы 

Базалык мезгилине карата ортосу 

1 күн 

2 күн 

… 

28 күн 

Эсептешүүүндөлүк) эсептер 

 

 

 

 

 

Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер 

 

 

 

 

 

Мөөнөтүү депозиттер 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана депозиттери 

 

 

 

 

 

Расчеттук база (1+2+3+4) 

 

 

 

 

 

Милдетүү резервдер* 

 

 

 

 

 

Эскертүү*: Негизги Жобосун 2.4. пунктка ылайык милдеттүү резервдер эсептелинет 

Сырдалган ячейкалар толтурулбайт 

 

Коммерциялык банктын жетекчисин колу 

Печать