Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 27ноябрындагы№53\10 токтому 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4  

“Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия  

берүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана  

толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен алмашуу бюролорун тааныштырсын.  

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 27ноябрындагы 

53\10 токтомуна карата 

Тиркеме 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобонун: 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу жана алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүнү макулдашуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтер сунушталат: 

а) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат (2-тиркеме); 

б) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын булактары жөнүндө маалыматтар (8-1-тиркеме)

в) өтүнүч кат ээсинин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

г) уюштуруу документтери; 

д) уставга ылайык, ыйгарым укуктуу юридикалык жактын башкаруу органынын алмашуу бюросун ачуу жөнүндө чечими; 

е) алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим; 

ж) юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим; 

з) өтүнүч катты берүү күнүнө карата өтүнүч кат ээсинин коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютадагы жүгүртүү акча каражаттары 1 000 000 (бир миллион) сомдон же өтүнүч катты берүү күнүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммадан кем эмес сумманын бар экендигин тастыктаган коммерциялык банктын маалымкаты; 

и) салык органдарынын төмөнкүдөй бирдиктүү маалымкаты: 

- документтерди тапшыруу учурунда бюджет алдында карызынын жок экендиги тууралуу; 

- контролдук-кассалык машина каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө (3-тиркеме); 

к) өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, алмашуу бюросу жайгашкан жерди идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтар камтылган ижара келишиминин же алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктоо каралган документтердин көчүрмөлөрү

л) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук. 

Лицензияны кайра каттоодон өткөртүү учурунда жогоруда аталган документтер менен биргеликте, иштеп жаткан алмашуу бюросунун күн сайын берилүүчү отчетун 7-тиркемеге ылайык сунуштоо келишими түзүлгөн банктын же башка юридикалык жактын кошумча маалымкаты сунушталат.»; 

- 44-пунктундагы: 

12)-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12) акыркы үч жыл ичинде мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам бузууга жол берилгендиги үчүн нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы кайтарылып алынган өтүнүч кат ээсинин жана/же анын кайсы болбосун катышуучусунун кайталап кайрылуусу (анын ичинде жаңы юридикалык жакты түзүү же башка юридикалык жактын уставдык капиталында катышуу аркылуу);»; 

төмөнкү мазмундагы 13 жана 14-пунктча менен толукталсын:  

«13. нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жүгүртүү акча каражаттарын алуу булактары тууралуу маалыматтын ачык чечмеленип берилбеши; 

14. акча каражаттарын алуу булактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келгендиги белгиленсе.”; 

- 49-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын сакталбашы;»; 

- 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобого карата 2-тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

_______________________________________ 

(юридикалык жактын аталышы жана дареги)    

__________________________________________    

ӨТҮНҮЧ КАТ 

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүүнү жана алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүнү өтүнөм.  

1. Алмашуу бюросунун дареги: ________________________________________________________   

2. Алмашуу бюросунун жетекчиси:____________________________ ____________________ 

3. Алмашуу бюросунун телефон номери:_____________________________________________  

электрондук дареги: _______________________________________________    

4. Байланыш телефону:__________________________________________________________  

5. Алмашуу бюросунун кызматкерлери тууралуу маалымат (нак чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча операцияларына катышкан) 

Катар №  

Аты-жөнү 

Паспортунун сериясынын №  

Паспорт берген орган  

Берилген күнү  

Жашаган жери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Лицензия алуу үчүн зарыл документтер кошо тиркелет. 

Улуттук банктын алмашуу бюролордун ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылары менен тааныштык.  

Өтүнүч катта көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана так экендигин тастыктайбыз  

Күнү

Юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы 

Юридикалык жактын мөөрү.»; 

- 4, 8 жана 9-тиркемелер күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 8-1-тиркеме менен толукталсын: 

 

“Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобого карата 8-1-тиркеме 

 

Юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан сунушталуучу алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары камтылган документтердин болжолдуу тизмеги: 

1) Юридикалык жактар: 

- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын, киреше жана чыгаша боюнча отчеттордун көчүрмөлөрү же; 

- өтүнүч кат ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчеттун, декларациянын же анын финансылык абалы тууралу башка документтердин көчүрмөлөрү

- аудитордук корутундунун көчүрмөсү (эгерде бул талап мыйзамда белгиленген болсо); 

2) Жеке адамдар маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, акча-каражаттарды, мүлктү ж.б. мурастап алуу укуктары.  

3) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан тыюу салынбаган келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер.  

Улуттук банкка ушул жобого ылайык сунушталуучу жана бирден көп барактан турган документтердин ар бир бети өз-өзүнчө болууга, номер коюлууга, тигилүүгө, тиешелүү түрдө кол тамга коюлууга жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш, документтерди басмакана ыкмасында басылып чыккан китепче түрүндө да сунуштаса болот. 

Чет тилинде сунушталуучу документтер же алардын көчүрмөлөрү кыргыз жана/же орус тилдерине которулуп, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.”.