Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 27 - ноябрындагы 53/11 токтому 

 

 

 

  

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 “Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүнү жана толуктоону киргизүү жөнүндө  

  

Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

 1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 “Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна сунушталган өзгөртүү жана толуктоо (кошо тиркелет) бекитилсин.   

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, микрокаржылоо жана микрокредиттик компанияларды,Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.  

  

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 27ноябрындагы 

53/11 токтомуна карата 

Тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 “Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12“Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө”нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө” нускоонун: 

1. 43-пунктунун 3-пунктчасынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Эркин экономикалык аймакта (мындан ары ЭЭА) каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн юридикалык жактынЭЭАнынсубъекти катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү кошумча берүү зарыл.”. 

2. 3-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:  

“6-1. 5-пункттун талабы негизги иштижүзөгө ашырылышын камсыз кылуу максатында, микрокаржылоо же микрокредиттик компаниялардын банкка өзгөртүп түзүлүшүнүн(кайрадан каттоодон өтүшүнүн) натыйжасында түзүлгөн банк-резиденттер үчүн ачылган чет өлкө валютасындагы эсептерге таркатылбайт. Бул эсептер микрокаржылоо же микрокредиттик компаниялардын банкка өзгөртүп түзүлүшүнүн (кайрадан каттоодон өтүшүнүн)натыйжасында түзүлгөн банк-резиденттер тарабынан банк-резидент эместе корреспонденттик эсепти ачууга чейин, бирок банк лицензиясын алган учурдан кийинки алты айдан ашпаган мөөнөттө колдонулушу мүмкүн.”.