Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/14 токтому 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу; 

- 2004-жылдын 29-декабрындагы №36/13 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө” Нускоону бекитүү тууралуу. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыздасын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Д.Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/14 токтомуна карата тиркеме  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 1.4-пункту менен толукталсын: 

“1.4. Улуттук банктын алдыга койгон максаттарынын жана милдеттеринин аткарылышына жетишүү үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул жободо белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын маанисин чектелген мөөнөткө өзгөртүшү мүмкүн.”.  

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы №36/13 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө” Нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө нускоонун: 

- кириш сөзүнүн 1-абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

“Улуттук банктын алдыга койгон максаттарынын жана милдеттеринин аткарылышына жетишүү үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул нускоодо белгиленген валюта позицияларынын лимиттеринин маанисин чектелген мөөнөткө өзгөртүшү мүмкүн.”.