Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-февралындагы № 13/11 токтому 

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө” нускоо тууралуу  

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кабыл алат: 

 

1. Кароого сунушталган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө” нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы менен бирдикте өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларынын котировкаларынын Улуттук банктын расмий сайтында өз убагында жайгаштырылышын камсыздашсын. 

5. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 25-февралындагы № 13/11 токтомуна карата тиркеме  

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтын жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө” нускоо  

 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Бул нускоо “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамга, Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 19-ноябрындагы №51/8 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында банктык баалуу металлдар рыногун калыптандыруу жана өнүктүрүү концепциясына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  

2. Нускоодо, Улуттук банк өлчөнгөн куймаларды сатып өткөрүү жана кайра сатып алуу операцияларын жүзөгө ашырууда ал тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларга (мындан ары өлчөнгөн куймалар) баа белгилөө тартиби аныкталат.  

3. Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу баасы Улуттук банк тарабынан күн сайын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын (LBMA) мурунку жумуш күнүндөгү кечки фиксингинин негизинде белгиленет. 

4. Улуттук банк тарабынан өлчөнгөн куймалардын сатуу жана кайра сатып алуу баасын эсептөө жана белгилөө ар бир куйманын түрүнө (салмагына) жараша өз-өзүнчө жүргүзүлөт. 

5. Өлчөнгөн куймалардын сатуу жана кайра сатып алуу баасы Улуттук банктын расмий сайтынын башкы баракчасында жарыяланып турат. 

 

2. Негизги түшүнүктөр жана кыскартуулар 

 

6. Нускоодо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: 

1) баалуу металлдар бул: 

- стандарттуу жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү алтын; 

- стандарттуу жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү күмүш. 

2) аффинаждалган өлчөнгөн куймалар Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган) салмагы 1000 граммды түзгөн же ага жетпеген, алтын куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99,95 - 99,99%, ал эми күмүш куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99,90% химиялык таза металл түзгөн, алтындан жана/же күмүштөн даярдалган, маркировка басылган куймалар.  

3) бир трой унциясы 31,1035 граммды түзгөн салмак чени. 

4) фиксинг эл аралык баалуу металлдар рыногунда алтындын (күмүштүн) бир трой унциясынын тең салмактанган баасы. Ал боюнча Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын (LBMA) фиксингине катышуучулары тарабынан тооруктарды жүргүзүү учурунда аталган ассоциациянын (LBMA) эрежелерине ылайык, алтынга (күмүшкө) карата калыптанган мындай баалуу металлдарды сатып алуучулардын бардык билдирмелери канааттандырылат.  

5) Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы (LBMA) 1987-жылы Англия Банкынын колдоосу астында баалуу металлдар рыногунун дүйнө жүзү боюнча алдыңкы банк-операторлор тарабынан түзүлгөн жана баалуу металлдар менен соода жүргүзүү маселелери боюнча дүйнөнүн ири коммерциялык эмес уюм болуп саналат.  

 

3. Өлчөнгөн куймаларды сатуу баасын белгилөө тартиби  

 

7. Өлчөнгөн куймаларды сатуу баасы төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат: 

1) кечки фиксинг боюнча 1 трой унциясы үчүн алтындын (күмүштүн) баасы - LBMА тарабынан мурунку жумуш күнү ичинде АКШ долларында, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын (сом) АКШ долларына карата расмий курсу боюнча.  

2) Өлчөнгөн куйманын салмагы - трой унциясында. 

3) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) өлчөнгөн куйманын тиешелүү түрүнүн (салмагына) бирдигине карата орточо сарптоолор төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Өлчөнгөн куйманын тиешелүү түрүнүн (салмагынын) бирдигине орточо сарптоолор аныкталат:  

 

Cорт = (С1xК1)+(С2xК2)+…+(СnxКn) /(К12+...+Кn), 

 

мында, 

Сорт өлчөнгөн куйманын тиешелүү түрүнүн (салмагынын) бирдигине кеткен орточо сарптоо; 

С12...Сn эсептешүү күнүнө карата сатып өткөрүлбөгөн, өлчөнгөн куйманын ар бир партиясы боюнча куймалардын тиешелүү түрүнүн (салмагынын) бирдигине кеткен сарптоолор. Өлчөнгөн куймалардын бирдигине кеткен сарптоолордо аларды даярдоого кеткен айкын сарптоолор (металл наркын эске алуусуз), таңычактоого, ташып жеткирүүгө кеткен сарптоолор, камсыздандырууга жана бажы тариздетүүсүнөн өткөрүүгө кеткен чыгашалар камтылат.  

К1, К2...Кn эсептешүү күнүнө карата сатып өткөрүлбөгөн, өлчөнгөн куймалардын ар бир партиясы боюнча куймалардын тиешелүү түрүнүн (салмагынын) саны.  

4) Улуттук банктын комиссиялык үстөк акысы (пайыздарда) өлчөнгөн куйманын түрүнө (салмагына) жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет.  

 

Куйманын грамм боюнча салмагы  

Комиссиялык үстөк баа, пайыздарда  

1,0 

0,5 

2,0 

0,4 

5,0 

0,3 

10,0 

0,2 

31,1035 

0,1 

100,0 

0,1 

8. Өлчөнгөн куймалардын грамм боюнча салмагы трой унциясында төмөнкү формула боюнча кайрадан эсептелинет: 

Куйманын салмагы унцияда = куйманын грамм боюнча салмагы /бир трой унциясы  

 

Куйманын грамм боюнча салмагы  

Бир трой унциясы, грамм боюнча  

Куйманын трой унциясында эсептелинген салмагы  

1,0 

31,1035 

0, 032 

2,0 

0, 064 

5,0 

0,161 

10,0 

0,322 

31,1035 

1,000 

100,0 

3,215 

 

9. Өлчөнгөн куймалардын сатуу баасын эсептөө жана аны белгилөө ушул нускоонун 1-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.  

10. Тиешелүү түрдөгү өлчөнгөн куйманын бирдигине орточо сарптоолордун мааниси Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын начальниги тарабынан бекитилет жана жаңы маанилер бекитилгенге чейин колдонулат.  

11. Тиешелүү түрдөгү (салмактагы) өлчөнгөн куйманын бирдигине орточо сарптоолордун жаңы маанилерин эсептөө жана аны белгилөө, өлчөнгөн куймалардын жаңы партиясы даярдалып, алар Улуттук банктын Камдык фондусунун сактоо жайына түшкөндөн кийин ишке ашырылат.  

12. Тиешелүү түрдөгү (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын бирдигине орточо сарптоолордун жаңы мааниси эсептөө учурунда Улуттук банктын борбордук аппаратынын жана областтык башкармалыктарынын тескөөсүндө турган ошол түрдөгү куймалардын бардык партияларын эсептөөнүн негизинде аныкталат. Мында, алар үчүн төлөнгөн, бирок сатып алуучуга бериле элек куймалар, ошондой эле Улуттук банктын Борбордук аппаратынын жана областтык башкармалыктарынын кассалары аркылуу сатылып алынган өлчөнгөн куймалар эске алынбайт.  

 

4. Өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу баасын белгилөө тартиби  

 

 

13. Өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу баасы төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат: 

1) кечки фиксинг боюнча 1 трой унциясы үчүн алтындын (күмүштүн) баасы - LBMА тарабынан мурунку жумуш күнү ичинде АКШ долларында, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын (сом) АКШ долларына карата расмий курсу боюнча.  

2) Өлчөнгөн куйманын салмагы - трой унциясында. 

3) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) өлчөнгөн куйманын тиешелүү түрүнүн (салмагына) бирдигине карата орточо сарптоолор (металл наркын эске алуусуз) ушул нускоонун 7-пунктунун 3-пунктчасына ылайык формулада аныкталат. 

14. Өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу баасын эсептөө жана аны белгилөө ушул нускоонун 2-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.  

15. Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларынын маанисин тегеректөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2011-жылдын 13-октябрындагы №631/35/10 “Кыргыз Республикасында нак эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда тыйын калдыгынын суммасын тегеректөө тартиби жөнүндө” токтомдо каралган тартипте ишке ашырылат. 

17. Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу баасын белгилөө боюнча эсептешүүлөрдүн аткарылышына контролдук Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын начальнигине жүктөлөт.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан  

эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган 

аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана  

кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө нускоонун  

1-тиркемеси  

 

 

Өлчөнгөн куймалардын 20__-жылдын _________________ карата  

сатуу баасын эсептөө жана аны белгилөө 

№ 

Куйманын грамм боюнча салмагы  

Металл баасы 

Улуттук банктын куйманы даярдоого кеткен орточо сарптоолору 

(сом, тыйын) 

Улуттук банктын комиссиялык үстөк баасыз куйманын баасы 

(сом, тыйын) 

Улуттук  

банктын комиссиялык үстөк баасы, 

пайыздарда 

Куйманын сатуу баасы 

(сом, тыйын) 

Куйманын салмагы унцияда 

1 унция алтындын (күмүштүн) баасы  

_______ карата кечки фиксинг  

($ түрүндө

Улуттук банктын _______ карата расмий курсу 

($/сом)  

Алтындын (күмүштүн) баасы 

(сом, тыйын) 

А 

2=1/31,1035 

5=2*3*4 

7 = 5 + 6 

9=7*8/100+7 

1,0 

0,032 

 

 

 

 

 

0,5 

 

2,0 

0,064 

 

 

 

 

 

0,4 

 

5,0 

0,161 

 

 

 

 

 

0,3 

 

10,0 

0,322 

 

 

 

 

 

0,2 

 

31,1035 

1,000 

 

 

 

 

 

0,1 

 

100,0 

3,215 

 

 

 

 

 

0,1 

 

 

Өлчөнгөн куймалардын сатуу баасын эсептөөдө төмөнкү ыкмалар колдонулат: 

 

1-графа - өлчөнгөн куймалардын салмагы грамм боюнча; 

2-графа - өлчөнгөн куймалардын салмагы трой унциясында; 

3-графа - LBMA тарабынан мурунку жумуш күнү белгиленген кечки фиксинг боюнча бир унция үчүн баа; 

4-графа Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын АКШ долларына карата расмий курсу;  

5-графа - 2-графа * 3-графа * 4-графа; 

6-графа - өлчөнгөн куймаларга кеткен, ушул нускоонун 7-пунктунун 3-пунктчасына ылайык эсептелинген сом түрүндө туюндурулган орточо сарптоолор (металл наркын кошпогондо); 

7-графа - 5-графа + 6-графа; 

8-графа пайыздарда туюндурулган комиссиялык үстөк баа; 

9-графа - 7-графа * 8-графа / 100 + 7-графа

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан  

эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган 

аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана  

кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө нускоонун  

2-тиркемеси  

 

 

Өлчөнгөн куймалардын 20__-жылдын _________________ карата  

кайра сатып алуу баасын эсептөө жана аны белгилөө 

 

№ 

Куйманын грамм боюнча салмагы  

Металлдын баасы 

Куйманын салмагы унцияда  

1 унция алтындын (күмүштүн) баасы  

_______ карата кечки фиксинг  

($ түрүндө

Улуттук банктын _______ карата расмий курсу 

($/сом)  

Улуттук банктын куйманы даярдоого кеткен орточо сарптоолору 

(сом, тыйын) 

Куйманы сатып алуу баасы 

(сом, тыйын) 

А 

2 = 1/ 31,1035 

6= 2*3*4+5 

1,0 

0,032 

 

 

 

 

2,0 

0,064 

 

 

 

 

5,0 

0,161 

 

 

 

 

10,0 

0,322 

 

 

 

 

31,1035 

1,000 

 

 

 

 

100,0 

3,215 

 

 

 

 

 

Өлчөнгөн куймаларынын кайра сатып алуу баасын эсептөөдө  

эсептөөнүн төмөнкү ыкмасы колдонулат: 

 

1-графа - өлчөнгөн куймалардын салмагы грамм боюнча; 

2-графа - өлчөнгөн куймалардын салмагы трой унциясында; 

3-графа - LBMA тарабынан мурунку жумуш күнү белгиленген кечки фиксинг боюнча бир унция үчүн баа; 

4-графа Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын АКШ долларына карата расмий курсу;  

5-графа - өлчөнгөн куймаларга кеткен, ушул нускоонун 7-пунктунун 3-пунктчасына ылайык эсептелинген сом түрүндө туюндурулган орточо сарптоолор (металл наркын кошпогондо); 

6-графа - 2-графа * 3-графа * 4-графа + 5-графа.