Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-февралындагы № 13/12 токтому 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кабыл алат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу эрежелери (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 25-февралындагы № 13/12 токтомуна карата тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, 

алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу эрежелери 

 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу эрежелери (мындан ары Эреже) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамына жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Эрежеде Улуттук банк тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды (мындан ары - өлчөнгөн куймалар) жеке адамдарга жана юридикалык жактарга сатуу жана Улуттук банктын аларды кайрадан сатып алуу тартиби аныкталат.  

 

2. Алтындан жана күмүштөн даярдалган өлчөнгөн куймаларды сатуу 

 

3. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга өлчөнгөн куймаларды сатуу Улуттук банктын Борбордук жүгүртүү кассасы жана областтык башкармалыктардын жүгүртүү кассалары аркылуу нак же нак эмес формада ишке ашырылат.  

4. Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу баасы Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

5. Өлчөнгөн куймаларды жеке адамдарга жана юридикалык жактарга сатуу, алардын ким экендигин тастыктаган документтин (паспорту, аскердик билети, аскер кызматчысынын ким экендигин тастыктаган күбөлүгү, ж.б.) негизинде жүзөгө ашырылат. 

6. Өлчөнгөн куймаларды сатуу алардын келип чыгышын тастыктаган сертификатты милдеттүү түрдө кошо тиркөө менен ишке ашырылат. 

7. Салмагы 100 граммдык өлчөнгөн куймаларды сатуу учурунда жеке адамдын жана юридикалык жактардын көз алдында аларды таразадан өткөрүү ишке ашырылат. Таразалар, иш процессине көз салып турууга мүмкүн болгондой жайгаштырылууга тийиш. 

8. Өлчөнгөн куймаларды сатууну-сатып алууну борборлоштуруп эсепке алуу максатында, сатылган куймалар тууралуу маалыматтар ушул Эрежеге карата 1-тиркемеде белгиленген формага ылайык маалымат базасында чагылдырылууга тийиш.  

9. Жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн Улуттук банктын расмий сайтында өлчөнгөн куймаларды нак эмес эсептешүү аркылуу сатуу жөнүндө маалыматтар жайгаштырылат: өлчөнгөн куймалардын бар экендиги, сатуу жана кайра сатып алуу баасы, акча каражаттарын чегерүү үчүн банктык реквизиттер.  

10. Нак эмес эсептешүүдө нак акча Улуттук банктын тиешелүү эсебине келип түшкөндөн кийин куймаларды берүү төмөнкүчө ишке ашырылат:  

· жеке адамдарга төлөм тапшырмасынын жана алардын ким экендигин тастыктаган документтин негизинде; 

· юридикалык жактарга төлөм тапшырмасынын, ишеним каттын жана алардын ким экендигин тастыктаган документтин негизинде.  

11. Нак эмес эсептешүү учурунда өлчөнгөн куймаларды берүү Улуттук банктын тиешелүү эсебине акча каражаттары келип түшкөндөн кийинки жумушчу күнүнөн кечиктирбестен ишке ашырылат.  

3. Алтындан жана күмүштөн даярдалган өлчөнгөн куймаларды 

кайра сатып алуу  

 

12. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу Улуттук банктын Борбордук жүгүртүү кассасы жана областтык башкармалыктарынын жүгүртүү кассаларында ишке ашырылат.  

13. Өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу алардын сертификаты болгон шартта гана жүргүзүлөт. Эгерде өлчөнгөн куйманын сертификаты жок болсо же сертификаты айрылып же булганууга дуушар болуп, анын маанисин түшүнүү кыйынчылыукка турса, өлчөнгөн куйма Улуттук банктын кассири тарабынан анын эксперттерине кылдат экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлөт.  

14. Улуттук банктын Борбордук жүгүртүү кассасы жана областтык башкармалыктарынын жүгүртүү кассалары өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу боюнча операцияларды ишке ашырууда аларга баштапкы экспертиза жүргүзүү максатында төмөнкү атайы жабдууларды колдонот:  

- жарык берүү булагы; 

- өз убагында мамлекеттик метрологиялык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүккө жана ГОСТ 24104-88Е боюнча кеминде 2-класстагы тактыкка ылайык келген метрологиялык мүнөздөмөлөргө ээ экендиги тууралуу күбөлүк берилген жалпы багытта колдонулуучу тараза

- портативдик рентгендик флуоресценттик анализатор; 

- жарык бергичи менен чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (кеминде 10 эсе чоңойтуп көрсөтүүгө жөндөмдүү). 

15. Өлчөнгөн куйманы кабыл алууда Улуттук банктын кассири аны баштапкы экспертизадан өткөрөт. Экспертизанын натыйжалары ушул Эрежеге карата 1-тиркемеде белгиленген формага ылайык, маалымат базасында чагылдырылат.  

16. Салмагы 1, 2, 5, 10 жана 31.1035 граммды түзгөн өлчөнгөн куймаларды баштапкы экспертизадан өткөрүүдө алардын таңычактарынын бүтүндүгү жана кандай металлдан даярдалгандыгы текшерилет.  

17. Салмагы 100 граммдык өлчөнгөн куймаларды баштапкы экспертизадан өткөрүүдө, куймадагы химиялык таза баалуу металлдын грамм боюнча аныкталган салмагы жана ал кандай жасалгандыгы текшерүүдөн өткөрүлөт. Таразалар, иш процессине көз салып турууга мүмкүн болгондой жайгаштырылууга тийиш. 

18. Баштапкы экспертизанын жүрүшүндө баалуу металлдын талапка ылайыктуулугу тастыкталган шартта, Улуттук банктын кассири өлчөнгөн куйманын Улуттук банк тарабынан эсептелинген сатып алуу наркына барабар сумманы төлөп берет.  

19. Эгерде кабыл алынып жаткан өлчөнгөн куйма баштапкы экспертизадан өтпөй калса, Улуттук банктын кассири аны ушул Эрежеге карата 2-тиркемеде белгиленген форма боюнча кылдат экспертизадан өткөрүү тууралуу эки нускада актыны түзөт. Актынын бир нускасы Улуттук банкта калат, ал эми экинчиси куйманы тапшырган жакка берилет. 

20. Кабыл алынган өлчөнгөн куйманы кылдат экспертизадан өткөрүүнү Улуттук банктын эксперттери ишке ашырат.  

21. Кылдат экспертизанын акырында Улуттук банк өлчөнгөн куйманы кылдат экспертизага кабыл алгандан кийинки он жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө экспертизанын корутундусу менен ошол куйманы тапшырган адамды кол койдуруу аркылуу тааныштырат. 

22. Кылдат экспертизанын жүрүшүндө баалуу металлдын талапка ылайыктуулугу тастыкталган шартта, Улуттук банктын кассири өлчөнгөн куйманын Улуттук банк тарабынан эсептелинген сатып алуу наркына барабар сумманы төлөп берет.  

23. Экспертизанын жүрүшүндө баалуу металлдын талапка ылайык келбегендиги аныкталган шартта, акча каражаты төлөнүп берилбейт, ал эми кабыл алынган куйма укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу эрежелерине карата  

1-тиркеме  

 

 

 

 

Экспертизадан өткөрүү натыйжалары камтылган, сатылган жана кайра сатылып алынган аффинаждалган өлчөнгөн куймалардын маалымат базасы 

 

 

1. 

Аты-жөнү (жеке адамдын/юридикалык жактын), паспорттундагы же ким экендигин тастыктаган документиндеги маалыматтар 

 

2. 

Баалуу металлдын аталышы  

 

3.  

Өлчөнгөн куйманын жана сертификаттын номери  

 

4. 

Экспертиза өткөрүлгөн күн  

 

5. 

100 гр. салмагындагы куймалардан тышкары, таңычакта коргоо белгисинин болушу (атайы жабдууда текшерүү

бар/жок 

6. 

Металлдын жана өлчөнгөн куйманын өзгөчө сапат белгисинин талапка ылайык келиши  

(атайы жабдууда текшерүү

талапка ылайык келет/ылайык келбейт  

7. 

Өлчөнгөн куйманы кылдат кароого алуу (100 г салмактагы куйма үчүн

(куйманын капталы жылмакай экендигин, из түшпөгөндүгүн кылдат кароо) 

 

8. 

Өлчөнгөн куйма белгисинин талапка ылайык келиши  

(тамгалардын жана сандардын оттисктеринин ылайык келиши) 

талапка ылайык келет/ылайык келбейт 

9. 

Өлчөнгөн куйманын грамм боюнча айкын салмагы  

(100 г салмактагы өлчөнгөн куйма үчүн

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу эрежелерине карата  

2-тиркеме 

 

 

Өлчөнгөн куйманы толук экспертизадан өткөрүүгө кабыл алуу  

актысы 

 

____________________ шаары 20___ -жылдын "___" ________  

 

Бул акт, _______________________________________________________________________  

(Улуттук банктын мекемесинин аталышы) 

касса кызматкери___________________________________________________тарабынан 

(кассирдин аты-жөнү

_______________ даана сандагы _____________________________ турган, ______ грамм  

(металлы жана өзгөчө сапат белгиси)  

салмактагы №_________ сертификатка ээ өлчөнгөн куйманы (куймаларды) ___________________________________________ кабыл алган, анын байланыш телефону 

(жеке адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) 

____________ , дареги _____________________. 

 

 

Улуттук банктын мекемесинин 

касса кызматкери 

_____________________________________ 

(Улуттук банктын мекемесинин аталышы, кассирдин аты-жөнү

 

 

 

______________________________ 

кол тамгасы 

Юридикалык жактын (анын өкүлүнүн) аты-жөнү же аталышы ______________________________________ 

(жеке адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын (анын өкүлүнүн) аталышы 

 

 

______________________________ 

кол тамгасы  

 

Экспертиза: ________________________________________________тарабынан жүргүзүлгөн. 

(экспертизаны жүргүзгөн адамдын аты-жөнү жана кол тамгасы) 

 

20 __ -жылдын "___" ______________№ _________ ЭКСПЕРТИЗАНЫН КОРУТУНДУСУ: 

 

______________________________________________________________________________ 

 

Экспертизанын корутундусу менен тааныштым: ____________________________________ 

(кардардын аты-жөнү жана кол тамгасы)