Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015жылдын 4-мартындагы №14/1 токтому 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015жылдын 25-февралындагы №13/11 ”Кыргыз  

Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө” нускоо тууралуу” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015жылдын 25-февралындагы №13/11 ”Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймалардын сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө” нускоо тууралуу” токтомуна сунушталган толуктоо (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- ушул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015жылдын 4-мартындагы №14/1 токтомуна  

Тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015жылдын 25-февралындагы №13/11 ”Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө” нускоо тууралуу” токтомуна толуктоо  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015жылдын 25-февралындагы №13/11 ”Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө” нускоо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө” нускоонун: 

7-пунктунун 3-пунктчасынын бешинчи абзацындагы “кеткен сарптоолор” деген сөздөрдөн кийин “салыктар” деген сөз менен толукталсын.