Кыргыз Республикасынын УлутУлуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 30-мартындагы №20\2 токтому 

 

 

 

 

 

"Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө" жобонун айрым пункттарынын аракетин токтотуу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз негизде лицензиясыз иш алып барып жаткан алмашуу бюролорунун ишине бөгөт коюунун жаңы жолдорун иштеп чыгуу жана түптөлгөн жагдайга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча Ведомство аралык жумушчу топтун сунуштарын карап көрүп, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз нак чет өлкө валюталарын алмаштыруу операцияларын ишке ашырып жаткан субьекттердин санын кыскартуу аркылуу республиканын экономикасында көмүскө жүргүзүлүп жаткан иш чөйрөсүнө чек коюу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 4, 7, 34 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 токтому менен бекитилген "Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө" жобонун 1-пунктунун 4-абзацын жана 9-пунктунун "з"-пунтчасын колдонуу мөөнөтү, ушул токтом күчүнө киргенден тартып 3 (үч) ай мөөнөтүнө токтотулсун. 

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтү ичинде юридикалык жак тарабынан бир алмашуу бюросун ачуу учурунда жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 500 000 (беш жүз миң) сомду түзөөрү белгиленсин . 

3. Юридикалык башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен алмашуу бюролорун тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш