Кыргыз Республикасынын Улуттук банк 

Башкармасынын 2012-жылдын 24-июнундагы № 35/6 

токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү  

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

 1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.   

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;   

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 24-июнундагы № 35/6 

токтомуна  

Тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, аманат (депозит) эсептери менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун: 

- 15-пунктунун биринчи абзацындагы «банктык эсеп келишими боюнча» деген сөздөр «, ошондой эле ушул Нускоонун талаптарына ылайык жеке адамдар (резиденттер) айыл чарба азык түлүгүн өндүрүүчүлөр» деген сөздөр менен толукталсын;  

- 15-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:  

«Банк, жердин менчик ээси болуп саналган же жер иштеткен же болбосо мал чарбасы менен алектенген жеке адамдарга (резиденттерге) айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүүчүлөргө айыл чарбасынын өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы багыттарын өнүктүрүү максатында аларга кредиттерди берүүдө эсептешүүүндөлүк) эсебин ачууга укуктуу. Мында, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон\ кайра каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтин (күбөлүктүн), ошондой эле мамлекеттик каттоодон өтүүсүз эле, ишкердикти жүргүзүп жаткандыгын тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн берүү алардан талап кылынбайт. Бирок, жеке адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, жер иштетүүгө укугун же мал-жандыкка ээ экендигин тастыктаган документтерди банкка берүүгө милдеттүү. Кредит боюнча төлөмдөрдүн негизги бөлүгү нак эмес түрдө ишке ашырылууга тийиш.»; 

- 40-пункттун 3 пунктчасындагы «(ушул документке карата минималдуу талаптар 2-тиркемеде келтирилген)» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 41-пункттун: 

1 пунктчасындагы «мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысы» деген сөздөр «(күбөлүктүн)» деген сөз менен толукталсын; 

1 пунктчасындагы «мамлекеттик каттоодон өтүүсүз» деген сөздөр «(патенттин)» деген сөз менен толукталсын; 

3 пунктчасындагы «(ушул документке карата минималдуу талаптар 2-тиркемеде келтирилген)» деген сөздөр алынып салынсын

- 43-пункттун: 

2-пунктчасындагы «банкта эсеп ачууга» деген сөздөр «мамлекеттик органдар, ишканалар жана мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелер үчүн» деген сөздөр менен толукталсын; 

5-пунктча төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

“Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында лицензияларды эсеп ачуудан кийин берүү каралган болсо, лицензияларды алгандан кийин гана алардын көчүрмөлөрү берилет”.