“Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ачык акционердик 

коомунан убактылуу жетекчиликти алуу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы,“Кредиттик союздардын финансылыккомпаниясы” ААКсынынишин тескөө боюнча убактылуу жетекчиликтин мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 43-беренеcине, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдын 24, 25, 39, 45-беренелерине, Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынанлицензияланган банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун 9-пунктуна, Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-сентябрындагы №36/5 токтому менен бекитилген “Банк ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө” жобонун 2.11, 5-пункттарына таянуу менен токтом кылат: 

 

1. “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчилик 2015-жылдын 9-сентябрынын саат 8.00дөн тартып алынсын. 

2. “Кредиттик союздардын финансылыккомпаниясы» ААКсынын ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчилик токтотулган учурдан тартып Рустам Аскарбекович Абдулдабековаталган мекеменин убактылуу жетекчиси кызматынан бошотулсун. 

3. Токтом ага кол койгон учурдан тартып күчүнөкирет

4. Тышкы көзөмөл башкармалыгы: 

- ушул токтом менен “Кредиттик союздардын финансылыккомпаниясы» ААКсынын акционерлерин жана кызмат адамдарын тааныштырсын.  

- ушултоктомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

Башкарманын мүчөлөрү: Т. Джусупов  

Б. Жеенбаева  

Н. Жениш 

Л. Орозбаева  

Н. Сагындыков  

А. Садыркулова