Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 16-сентябрындагы 53/10 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна 

толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөмыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин:  

2003-жылдын 20-ноябрындагы 32/7 “Коммерциялык банктарда Аудит боюнча комитетти түзүүгө карата негизги талаптар тууралуу”;  

2012-жылдын 17-апрелиндеги 17/1 “Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин - «Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсынын укук мурасчысы болгон мекеменин кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу жол-жобосу жөнүндө”.  

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен адистештирилген финансы-кредит мекемеси - “Кредиттик союздардын финансылык компаниясыААКсын, кредиттик союздарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.   

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 16-сентябрындагы  

№ 53/10 токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы №32/7 «Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптардын: 

 

- 1.1-пунктундагы «жүзөгө ашырышкан банктар,» деген сөздөр «, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы» деген сүйлөм менен толукталсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 17/1 «Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин - «Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсынын укук мурасчысы болгон мекеменин кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу жол-жобосу жөнүндө» токтомго төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин

- токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы ар кандай жөндөмөлөрдө кездешкен «Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин - «Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсынын укук мурасчысы болгон мекеменин кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу жол-жобосу» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын кызмат адамдарын макулдашуу тартиби» дегенге алмаштырылсын; 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын кызмат адамдарын макулдашуу тартибинин: 

 

1) бүтүндөй тексти боюнча кездешкен «Финансы компаниясы» деген сөздөр ««КСФК» ААКсы» дегенге алмаштырылсын. 

 

2) 1-пункттун: 

- биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

««КСФК» ААКсынын төрагасынын жана анын Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн, Аудит боюнча комитетинин төрагасынын, ревизиялык комиссиянын мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:»; 

- төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«КСФК» ААКсынын Директорлор кеңешинин төрагасынын, Аудит боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна талапкердин финансы-кредит системасындагы иш тажрыйбасы эң аз дегенде бир жылды түзүүгө тийиш.»; 

 

3) төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын

««КСФК» ААКсынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү көз карандысыз болууга тийиш. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көз карандысыздыгы «КСФК» ААКсынын Директорлор кеңешинде иштеген бүтүндөй мезгил ичинде сакталышы зарыл. Көз карандысыздык дегенден улам төмөнкүлөрдү түшүнүү зарыл

1) талапкер акыркы үч жыл аралыгында «КСФК» ААКсынын кызматкери же кызмат адамы болуп саналбаса же болбосо жана/же ошол адамдардын жакын тууганынан (ата-энеси, жашы 16дан өткөн баласы, жубайы, ага-иниси же эже-карындашы) болбосо, ошондой эле «КСФК» ААКсынын акционери болгон кредиттик союздун катышуучусу болбосо; 

2) «КСФК» ААКсынын акцияларынын 5%нан көбүрөөгүнө ээлик кылган анын катышуучусунун жакын тууганынан болуп саналбаса

3) ошол адамдын «КСФК» ААКсы жана/же «КСФК» ААКсы менен жалпы кызыкчылыкка ээ башка юридикалык жак менен олуттуу коммерциялык, ишкердик же финансылык мамилеси «КСФК» ААКсынын таламында объективдүү чечимди кабыл алууда ошол адамдын жөндөмдүүлүгүнө таасири этпесе. Мында Директорлор кеңешинин ошол көз карандысыз мүчөсү төмөнкүлөрдөн болууга тийиш эмес

а) «КСФК» ААКсынын карыз алуучусу болгон кредиттик союздун карыз алуучусу же катышуучусу;  

б) «КСФК» ААКсынын карыз алуучусу болгон кредиттик союздун аткаруу (байкоо) органынын мүчөсү же башка кызмат адамы

в) «КСФК» ААКсы менен жалпы кызыкчылыкка ээ юридикалык жактын кызмат адамы же «КСФК» ААКсынын кредитору

г) жалпы жылдык суммасы ошол адамдын жылдык жалпы дүң кирешесинин 1%ынан ашкан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү «КСФК» ААКсына сунуштоого

д) ушул пункттун а)-г) пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын жакын тууганы болууга.»; 

 

4) 2-пункттун: 

- биринчи абзацындагы «КСФКнын саясатын түптөгөн анын негизги операцияларына (кредиттер, финансы ж.б. боюнча) катышууга ыйгарым укуктуу же айкын катышкан КСФКанын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери» деген сөздөр «ички аудит кызматынын начальниги же ички аудитор» дегенге алмаштырылсын; 

- үчүнчү абзацындагы в) пунктчасындагы «түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин» деген сөздөр «ички аудит кызматынын начальниги же ички аудитор» дегенге алмаштырылсын; 

 

5) 4-пункттун: 

- төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«Директорлор кеңешинин төрагасынын, Башкарманын төрагасынын, аудит боюнча комитеттин төрагасынын, башкы бухгалтердин жана ички аудит кызматынын начальнигинин же ички аудитордун кызмат ордуна талапкерлердин Улуттук банктын талаптарына ылайык келиши/ылайык келбеши жөнүндө чечим Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинде кабыл алынат.»; 

- жетинчи абзацындагы «кызмат ордуна талапкер» деген сөздөр «, Аудит боюнча комитеттин төрагасы» деген сөздөр менен толукталсын

 

6) 5-пункттун: 

- 2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«1) Директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна шайлоо; 2) Директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна шайлоо; 3) Башкарманын төрагасы кызмат ордуна дайындоо; 4) Башкарманын мүчөсү кызмат ордуна дайындоо; 5) башкы бухгалтердин кызмат ордуна дайындоо; 6) Аудит боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна дайындоо; 7) ички аудит кызматынын начальниги же ички аудитор кызмат ордуна дайындоо.»; 

- 15-пунктчанын биринчи абзацындагы «акционер» деген сөз «катышуучусу» деген сөз менен толукталсын

- 15-пунктчадагы таблицадан кийин төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын

«Эскертүү: эгерде талапкер кредиттик союздун катышуучусу жана/же жетекчиси болуп саналса, кредиттик союздун «КСФК» ААСынын алдындагы ссудалык карызы (башка милдеттенмелери) бардыгын, алардын өлчөмдөрүн көрсөтүү зарыл.»; 

- 24-пунктчадагы таблица төмөнкү мазмундагы алтынчы тилке менен толукталсын:  

Кредиттик союздун катышуучусу болуп саналабы (эгерде болсо, кредиттик союздун аталышын көрсөтүү зарыл