Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 “ Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  

киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 “Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 30-сентябрындагы 

№59/6 токтомуна карата 

тиркеме 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Электрондук документ жана электрондук цифралык кол тамга жөнүндө», «Чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу», «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.»; 

- 1.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Кыргыз Республикасынын аймагында банк эсебин ачуусуз акча каражаттарын которуу (мындан ары акча которуу), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар (мындан ары банктар) тарабынан адистештирилген акча которуу системалары аркылуу (локалдык, эл аралык системалар) же болбосо банктардын тике корреспонденттик мамилелери боюнча (эл аралык/чек ара аркылуу акча которуулар) улуттук же чет өлкө валюталарында Кыргыз Республикасынын жеке адамдары, резиденттери жана резидент эместери тарабынан жүзөгө ашырылат.  

Кыргыз Республикасынын ичинде акча которуу системалары боюнча сом түрүндө (Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында) акча каражаттары локалдык системалар аркылуу гана которулууга тийиш.»; 

- 1.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.5. Кыргыз Республикасынын банктары акча которуу системасынын оператору менен тиешелүү келишимге кол коюп, системанын эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын так сактоо менен эл аралык акча которуу системаларынын катышуучуларынан боло алышат. Тиешелүү өлкөнүн финансылык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген жана Улуттук банкта каттоодон өткөн, ишкердиктин ошол түрүн жүргүзүүгө уруксат берген документтердин негизинде иш алып барган юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси эл аралык акча которуу системасынын оператору болуп саналат.»; 

- 1.6-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык банк эмес финансы-кредит мекемелери жана банк эмес уюмдар менен акча которуу системалары аркылуу каражаттарды которуу жагында калкка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин (агенттик келишимди) түзүшү мүмкүн.». 

- 2.1 жана 2.2-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2.3-пункттун биринчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзацтар кошулсун: 

«Кыргыз Республикасынын аймагынан которулган акчаны алуучу өз тандоосуна ылайык акчаны банктын кассасы же аралыкта орнотулган жабдуусу (банкомат/терминал) аркылуу нак формада, анын ичинде акча которуу системасындагы которулган акча алуучунун идентификаторун колдонуу менен нак формада алууга (эгерде ал акча которуу системасынын эрежесинде каралган болсо), же болбосо акча каражатын алуучу көрсөткөн банктык эсепке же банк тарабынан чыгарылган төлөм картка жана/же электрондук капчыкка которуу/чегерүү аркылуу нак эмес формада алууга укуктуу.  

Которулган акчаны алуучунун идентификатору банктык төлөм карты болуп саналбаган жана ошол системага туташкан бардык банктардын кассаларында же аралыкта орнотулган жабдууларында (банкомат/терминалында) которулган акча өлчөмүндөгү каражатты нак түрүндө берүү аркылуу которулган акчаны алуу үчүн гана каралган бир жолку карт түрүндө болушу мүмкүн. Мындай карттар (идентификатор) акча которулгандан кийинки 30 күндөн ашпаган мөөнөттө колдонулууга тийиш.  

Эгерде акча которуу системасынын эрежелеринде которулган акчаны бөлүп алуу шарты каралган болсо, акча каражатын алуучу которулган акчанын бир бөлүгүнүн суммасын идентификаторду колдонуу менен нак формада алууга, ал эми калган калдыкты алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган картка жана/же электрондук капчыкка чегерүүгө укуктуу. 

Которулган акчаны идентификаторду колдонуу менен банкомат аркылуу алуу учурунда нак акча каражатын алуу боюнча ар бир операция улуттук валютада же анын эквивалентиндеги чет өлкө валютасында 250 (эки жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.  

Идентификаторду пайдалануу шарттары (идентификациялоо, лимиттер жана башкалар боюнча талаптар) системанын эрежелеринде белгиленүүгө, акча которуу системасынын катышуучусу менен операторунун ортосунда түзүлгөн келишимдерде чагылдырылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.  

Акча которуу системалары боюнча каражат которуу төмөнкү учурларда жыйынтыкталган катары эсептелинет: 

1) жөнөтүүчү үчүн акча которууга буйруу аткарууга кабыл алынгандыгынын тастыктамасы алынган учурда; 

2) алуучу үчүн банктын кассасынан же аралыкта орнотулган жабдуусунан (банкомат/терминал) акча каражатын нак түрдө алган учурда же акча каражаты алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган төлөм картка жана/же электрондук капчыкка которулган/чегерилген учурда.»; 

- 2.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4. Акча которуу системасынын оператору (мындан ары оператор) бул, тиешелүү өлкөнүн финансылык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органынын уруксат берген документтерине (лицензия, каттоодон өткөндүгүн тастыктаган сертификат ж.б.) ээ болгон, Улуттук банкта каттоодон өткөн жана акча которуу системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси. Оператор акча которуу системасынын инфраструктурасын жана алардын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзгөн пункттарды өнүктүрүү үчүн катышуучулар менен келишим түзөт. Оператор жана катышуучулар келишимдерге ылайык системанын эрежелери жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары боюнча банктык эсепти ачуусуз эле, акча каражатын которуу кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо боюнча ишкердикти жүзөгө ашырууга милдеттенишет.»; 

- 2.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.7. Акча которуу системасы бул, төлөм системасынын түрү. Мында анын катышуучусу калктан акча каражаттарын адресатка кайра төлөп берүү шартында кабыл алат. Акча которуу системасы боюнча которуулар өлкө ичинде сыяктуу эле (локалдык), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу да (эл аралык, чек ара аркылуу) ишке ашырылат. Системада ар бир которууга уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Система катышуучуларга которулган акчаны алуучуну жана жөнөтүүчүнү идентификациялоо менен ар бир которуу боюнча эсептин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.»; 

- 3.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.1. Оператор (Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси) Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Төлөм системасынын операторлоруна Улуттук банктан каттоодон өтүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууга тыюу салынат. 

Оператор каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү маалыматтарды камтыган документтердин түп нускасын же талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрүн сунуштоого тийиш: 

акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн каттоодон өтүүгө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен өтүнүч катты: 

· акча которуу системасынын аталышы; 

· акча которуу системасынын операторунун жана ал түзүлгөн өлкөнүн аталышы; 

· оператордун дареги (жайгашкан орду) тууралуу маалыматтар; 

· эгерде оператор кредиттик уюм болуп саналбаса, оператордун эсептешүү банкынын аталышы; 

тиешелүү өлкөнүн юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк; 

тиешелүү өлкөнүн салык органында эсепке алынгандыгын тастыктаган күбөлүк; 

төлөм системасынын оператору каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк, тиешелүү өлкөнүн финансылык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча которууларды жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензия/сертификат; 

акча которуу системасын уюштуруучулар тарабынан бекитилген эрежелер; 

системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишимдер, эгерде болгон болсо.  

Эгерде акча которуу системасы банкка таандык болсо, Улуттук банкка буларга кошумча төмөнкү документтердин тиешелүү негизде таризделинген көчүрмөлөрү сунушталууга тийиш: 

тиешелүү өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан банктык операцияларды жүзөгө ашырууга берилген лицензия; 

тиешелүү өлкөнүн юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк; 

тиешелүү өлкөнүн салык органында эсепке алынгандыгын тастыктаган күбөлүк. 

Бирден көп барактан турган документтин түп нускасынын ар бири бетинин мазмуну кыскача баяндалып, көктөлүп, номерленип, ага кол тамга коюлуп тиешелүү негизде күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Акча которуу системасынын оператору резидент эмес тарабынан сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.  

Улуттук банктын талабы боюнча документтер электрондук формада берилиши зарыл. 

Оператордун каттоодон өтүүгө өтүнүч каты жана каттоодон өтүү үчүн талап кылынган документтер Улуттук банкка келип түшкөндөн кийинки 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банк төлөм системасынын ошол операторун каттоодон өткөрүү же андан баш тартуу чечимин кабыл алууга тийиш. Документтерди кароо мөөнөтүнө оператордун документтерди жеткире иштеп чыгууга кеткен убактысы камтылбайт. Документтерди кароо мөөнөтү коюлган талаптарга жооп берген документтер Улуттук банкка келип түшкөн күндөн тартып эсептелет.  

Каттоодон өткөрүү чечими кабыл алынган шартта Улуттук банк акча которуу системасынын операторуна каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган операторлор реестрине чагылдырат жана чечим кабыл алынгандан кийинки 7 календардык күндөн кечиктирбестен ага каттоодон өткөндүгү тууралуу кат жөнөтөт. Акча которуу системасынын операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе жана/же документтер топтому толук сунушталбаса алар толук иштелип чыгуу үчүн кайра кайтарылат. Акча которуу системасынын оператору айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди 10 календардык күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Ушул эрежелердин талаптарына жооп бербеген же толук эмес көлөмдө сунушталган документтер экиден көп жолу тапшырылган болсо, Улуттук банк акча которуу системасынын операторун каттоодон өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу.  

Акча которуу системасынын оператору аны каттоо учурунда көрсөтүлгөн кандай болбосун маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка ал тууралуу кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтардын негизинде 3 жумуш күнү ичинде акча которуу системасынын операторлор реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш. 

Акча которуу системасынын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы тейлөөлөрдү/продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу (өркүндөтүү) баскычында ал тууралуу алдын ала Улуттук банкка маалымдоого жана системада өзгөртүүлөрдүн/толуктоолордун киргизилишин болжолдогон, жаңыдан иштелип чыккан тейлөөлөр/продукттар/кызмат көрсөтүүлөрдү чагылдырган кылдат материалдарды кошо тиркөө менен республика аймагында системанын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга Улуттук банктан уруксат алууга билдирме жөнөтүүгө тийиш.  

Акча которуу системаларынын операторлору тарабынан Улуттук банкка жөнөтүлгөн документтер кайтарылып берилбейт.»; 

- 3.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.7. Ички локалдык акча которуу системасынын операторунан башка оператор, төлөм системасынын катышуучусу алдында финансылык милдеттенмелер гарантиясын камсыздоо максатында, төмөнкү шарттардын кеминде бирин аткарууну камсыз кылууга тийиш: 

1) банк-катышуучу көрсөткөн корреспонденттик эсепте бардык ишке ашырылган операциялар боюнча (макулдашуу боюнча ай ичинде/чейрек ичинде/жыл ичинде) орточо күндүк жүгүртүүнүн ордун жапкан көлөмдө милдеттүү камсыздандыруу депозитин жайгаштырууга тийиш. Эгерде оператор милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткара албай калган болсо, катышуучу камсыздандыруу депозитиндеги каражаттарды ошол милдеттенмелер боюнча талаптарды канааттандыруу үчүн пайдалана алат. Эгерде оператордун же катышуучунун демилгеси боюнча эсеп ачуусуз эле акча каражаттарын которуу кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо келишиминин аракети токтотулса, камсыздандыруу депозитиндеги каражаттар келишимдик мамилелерде каралган тартипте жана мөөнөттөрдө операторго кайтарылып берилет; 

2) инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча «Baa» категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон, же болбосо улуттук рейтингдик агенттиктин жогоруда аталган эл аралык рейтингдик агенттиктердин рейтингине барабар рейтингге ээ болгон, ошондой эле резидент эместин банкы жайгашып турган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарында аккредитацияланган жана ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ банктан гарантия сунуштоого тийиш.  

Банктык гарантия ошондой эле, банк операцияларын жүргүзүү лицензиясына ээ акча которуу системасынын оператору болуп саналган банк тарабынан да сунушталышы мүмкүн. Мында, гарантия берип жаткан банк, инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча «Baa» категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон, же болбосо улуттук рейтингдик агенттиктин жогоруда аталган эл аралык рейтингдик агенттиктердин рейтингине барабар рейтингге ээ болгон, резидент эместин уюму жайгашып турган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарында аккредитация алган жана анын рейтинги ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ болууга тийиш. Оператор банк-гаранттын кредиттик рейтингдерин тастыктаган документтерди Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү. Гарантия сунуштаган банктын, гаранттын рейтинги төмөндөгөн шартта (алгач белгиленген инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингден төмөн болсо) оператор 30 календардык күн ичинде гарантияны алмаштырууга, же болбосо ушул пункттун 1 же 3-пунктчаларынын чегинде камсыздоону сунуштоого тийиш; 

Эгерде төлөм системасынын оператору (же эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарынын критерийлерине ылайык, төлөм системасынын операторунун ишине контролдукту жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору таандык болгон топтун башкы компаниясы) инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча «Baa» категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон, же болбосо улуттук рейтингдик агенттиктин жогоруда аталган эл аралык рейтингдик агенттиктердин рейтингине барабар рейтингге ээ болгон, резидент эместин уюму жайгашып турган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарында аккредитация алган жана анын рейтинги ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ болсо банк банктык гарантияны талап кылбайт. Оператор тиешелүү деңгээлдеги кредиттик рейтингге ээ экендигин тастыктаган документтерди Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Төлөм системасынын операторунун (же эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарынын критерийлерине ылайык, төлөм системасынын операторунун ишине контролдукту жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору таандык болгон топтун башкы компаниясынын) рейтинги төмөндөп кеткен шартта (инвестициялык деңгээлдеги кредиттик рейтингдин баштапкы деңгээлинен төмөн болсо), оператор (же эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарынын критерийлерине ылайык, төлөм системасынын операторунун ишине контролдукту жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору таандык болгон топтун башкы компаниясы) 30 календардык күн ичинде гарантияны алмаштырууга же болбосо ушул пункттун 1 же 3-пунктчаларынын чегинде камсыздоону сунуштоого тийиш; 

3) Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүү аркылуу республика аймагында акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган которуулардын камсыздандырылышын камсыз кылууга тийиш, мында эгерде банк менен катышуучу ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдерде өз ара алгылыктуу шарттарда башкасы каралбаса, пайдага ээ болуучу катары банк-катышуучу саналат. Камсыздандыруу келишими ар бир катышуучу банк менен өз-өзүнчө түзүлүп, анда камсыздандыруу учуру келип жеткен учурда акча которуу системасынын операторунун финансылык милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон пайдага ээ болуучуга төлөнүп берилүүчү камсыздандыруу суммасы каралууга тийиш.»; 

- 4.11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.11. Катышуучу ушул эрежелердин 1-тиркемесине ылайык маалыматты жана анын 2-тиркемесине ылайык 3.7-пункттун талабынын аткарылгандыгына тиешелүү маалыматты отчеттук чейректен кийинки айдын он бешинен кечиктирбестен Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

Эгерде катышуучу оператордон банктык гарантияны ушул эрежелердин 3.7-пунктунун 2-пунктчасына ылайык кабыл алган шартта, оператор финансылык милдеттенмелердин оператор тарабынан аткарылбай калышы тобокелдигин алдын алуу үчүн банк-гаранттын рейтингине мониторинг жүргүзүүгө жана чейрек сайын, отчеттук чейректен кийинки айдын он бешинен кечиктирбестен эрежелердин 2-тиркемесине ылайык банк-гаранттын рейтингине тиешелүү маалыматты Улуттук банкка сунуштоого тийиш.»; 

- Эрежелер төмөнкү редакциядагы 6.6-пункт менен толукталсын: 

«6.6. Акча которуу операциялары, которууларды жөнөтүүчү жана/же алуучу (аты-жөнү, туулган жылы, үй дареги, паспортуна же инсандыгын тастыктаган башка документи боюнча маалыматтарды) тууралуу маалыматтарды, которуу максатын, которулган сумманын санын бардык тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банктын талабы боюнча сунуштап турууга тийиш. 

Оператор өз агенттеринин иш-аракети жана агенттин кассасына акча каражаттарын салуу учурунан тартып аны алуучуга берүүгө чейинки которуулардын жыйынтыкталышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.»; 

- Эрежелер төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Кыргыз Республикасында акча которуу 

системалары боюнча которууну 

жүзөгө ашыруу эрежелерине» карата 

2-тиркеме