Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамы 

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

1-берене. 

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-жыл, №2, 77-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1. 30-берененин: 

бешинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

“Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү жүз эсептешүү көрсөткүчтөн (ушул Кодекстин 238-беренесин, 242-беренесинин төртүнчү бөлүгүн, 248-беренесинин үчүнчү бөлүгүн, 357-359-беренелерин кошпогондо), кызмат адамдарына эки жүз эсептешүү көрсөткүчтөн (ушул Кодекстин 357-359-беренелерин кошпогондо) ашпоого тийиш.”. 

2. 357-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«357-берене. Лицензиясыз/күбөлүксүз банк операцияларын жүзөгө ашыруу 

Мыйзамдарда белгиленген тартипте берилген лицензиясыз/ күбөлүксүз чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошо алганда, банк операцияларын жүзөгө ашыруу, - 

жарандарга бир миң, кызмат адамдарына бир миң беш жүз, юридикалык жактарга эки миң беш жүз эсептешүү көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айыптык төлөм салууга алып келет.». 

3. 358-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«жарандарга бир миң, кызмат адамдарына бир миң беш жүз, юридикалык жактарга эки миң беш жүз эсептешүү көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айыптык төлөм салууга алып келет.». 

4. 359-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«359-берене. Банктык, микрокаржылоо, төлөм мыйзамдарын, кредиттик маалымат менен алмашуу мыйзамдарын бузууга жол берүү 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктар, финансы-кредит мекемелери же башка жактар (адамдар) тарабынан банктык, микрокаржылоо, төлөм мыйзамдарынын, кредиттик маалымат менен алмашуу тууралуу мыйзамдардын жоболорун бузууга жол берүү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарын жана талаптарын аткарбай коюу 

- жарандарга эки жүз, кызмат адамдарына беш жүз, юридикалык жактарга бир миң эсептешүү көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айыптык төлөм салууга алып келет.». 

 

2-берене. 

 

Мыйзам расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти