Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/3 токтому
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук
актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк
Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2.Токтом күчүнө киргенден кийин анын талабы жаңыдан берилген жана реструктуризацияланган кредиттерге да таркатылат.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага Т. Абдыгулов
Улуттук банк Башкармасынын
2015-жылдын 14-октябрындагы
№ 62/3 токтомуна карата тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 “Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобонун:
- 16-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү “классификациялоо категориясын” деген сөздөр “, эгерде ушул жободо башкасы белгиленбесе” деген сөздөр менен толукталсын;
- 21-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Банктар эгерде алар ушул жобонун 22-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келсе, өзүндө кредиттик тобокелдиктерди камтыган улуттук валютадагы активдерди “нормалдуу активдер” катары классификациялай алат.»;
- 22-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- эгерде бул актив буга чейин “классификацияланган активдер” категориясына кирбесе, чет өлкө валютасындагы ошол активди улуттук валютага которуу аркылуу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди баштапкы реструктуризациялоо.»;
- төмөнкү мазмунда 22-1-пункт менен толукталсын:
«22-1. Банк, эгерде ошол активди алган кардардын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешенин (түшкөн акчанын) үлүшү 75 пайыздан көбүрөөктү түзсө, чет өлкө валютасындагы активди эң аз дегенде “канааттандыраарлык” катары классификациялоого тийиш.”;
- 23-пункттун он экинчи абзацындагы “актив” деген сөз «, ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн реструктуризациялоону эске албаганда,» деген сүйлөм менен толукталсын;
- жобо төмөнкү мазмундагы 23-1 жана 23-2-пункттар менен толукталсын:
«23-1. Банк, эгерде ошол активди алган кардардын чогуу алгандагы кирешелеринин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешенин (түшкөн акчанын) үлүшү 50 пайыздан 75 пайызга чейинкини түзсө, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган чет өлкө валютасындагы активди эң аз дегенде “байкоого алынган актив” катары классификациялоого тийиш.
23-2. Банк, эгерде ошол активди алган кардардын чогуу алгандагы кирешесинин (түшкөн акчанын) жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешенин (түшкөн акчанын) үлүшү 50 пайыздан азды түзсө, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган чет өлкө валютасындагы активди эң аз дегенде “байкоого алынган актив” катары классификациялоого тийиш.”;
- 26-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Актив боюнча карызды төлөө 180 жана андан көп күнгө созулуп кеткен шартта, бул актив “жоготуу” катары классификацияланууга тийиш.»;
- 43-1-пункттагы “классификацияланат” деген сөздөр “эң аз дегенде” деген сөздөр менен толукталсын;
- 43-2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«43-2. Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган актив боюнча күрөөлүк камсыздоо, күрөөлүк камсыздоонун жалпы наркынын 50 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, анда мындай актив эң аз дегенде “байкоого алынган актив” катары классификацияланат.»;
- 47-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«47. Улуттук банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт:
Жалпы камдар: |
|
Атайы камдар: |
Нормалдуу– 0 %; |
|
Субстандарттык– 25 %; |
Канааттандыраарлык – 2/2,5 %; |
|
Шектүү– 50 %; |
Байкоого алынган активдер – 5/7,5%; |
|
Жоготуулар – 100 %. |
Ушул жобонун 22-1 пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, банк “канааттандыраарлык активдер” боюнча 2% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш.
Ушул жобонун 23-2 пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 7,5% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, банк “байкоого алынган активдер” боюнча 5% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш.