Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 28-октябрындагы 64/7 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы 13/12 “Аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмитирлеген өлчөнгөн куймалардын Улуттук банк тарабынан сатылышы жана кайра сатылып алынышы эрежелерин бекитүү тууралуутоктомуна толуктоо киргизүү жөнүндө” 

 

 

Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөмыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы 13/12 “Аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмитирлеген өлчөнгөн куймалардын Улуттук банк тарабынан сатылышы жана кайра сатылып алынышы эрежелерин бекитүү тууралуутоктомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмитирлеген өлчөнгөн куймалардын Улуттук банк тарабынан сатылышы жана кайра сатылып алынышы эрежелери төмөнкү мазмундагы 2-1 пункт менен толукталсын

«2-1. Улуттук банк, аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган, Улуттук банк тарабынан эмитирленген, өлчөнгөн куймалардын сакталышын камсыз кылуу максатында калкка аффинаждалган алтындан даярдалган алтын жана күмүш куймаларды сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайт.».  

2.  Юридика башкармалыгы

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын областтык башкармалыктарын тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын

 

 

Төрага Т. Абдыгулов