Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-ноябрындагы 71/11 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин  

лицензиялоо жөнүндөжобону бекитүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, ошондой элеКыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндөжанаКыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндөмыйзамдарга таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

  

1. “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндөгүжобо (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы 58/9 “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндөжобону бекитүү тууралуутоктому күчүн жоготкон катары таанылсын

3. Юридика башкармалыгы

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

5. Документ менен иш алып баруу жана коммуникациялар башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системасынын операторлорун, төлөм уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым  

Б. Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-ноябрындагы 71/11 токтомуна карата 

тиркеме 

 

 

 

Төлөм системаcынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин   

лицензиялоо жөнүндө  

ЖОБО  

  

1-глава. Жалпы жоболор  

  

1. “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндөушул жобо (мындан ары - Жобо), Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөжанаКыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндөмыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары  Улуттук банк) тарабынан төмөнкү иш багыттарын лицензиялоо тартиби белгиленген:  

1) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу байланыштуу, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо;  

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызматтарды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.  

2. Жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылган:  

1)  товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун агенти (мындан ары-агент) - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун атынан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан (кардарлардын) төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө агенттик келишим түзгөн лицензиат

2) лицензиат  Улуттук банктан ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму;  

3) агенттик келишим  агент (лицензиат) менен товарларды жана кызматтарды сунуштоочунун ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү товарларды жана кызматтарды сунуштоочунун атынан лицензиаттын сунуштоосу жөнүндө келишим. Мында товарларды жана кызматтарды сунуштоочунун кардарлары алдында товарларды жана кызматтарды сунуштоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышына товарларды жана кызматтарды сунуштоочу жооп берет. Агент (лицензиат) ушул жободо көрсөтүлгөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча иштин камсыз болушуна кардар алдында жооп берет;  

4) кызмат адамдары  Башкарманын мүчөлөрү (финансы директору, техникалык директор, башкы бухгалтер) жана акысыз негизде иштегендигине же сый акы алгандыгына карабастан, лицензиаттын саясатын аныктаган башка адамдар;  

5) өтүнүч ээси  Улуттук банкка төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алууга кайрылган юридикалык жак;  

6) кардар төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына жүзөгө ашырууда төлөм уюмдарынын кызматтарын пайдаланган жеке адам же юридикалык жак, жеке ишкер

7) клиринг  эки же андан көп тараптар ортосунда бирдей талаптарды чегеришүү жана чегеришүүнүн натыйжасында ошол тараптар ортосунда жыйынтык милдеттенмелерди аныктоо боюнча ишкердик;  

8) клиринг борбору  клиринг жүзөгө ашырылган мекеме;  

9) төлөм системасынын оператору  төлөм системасынын ишин камсыздаган жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу келишимин түзгөн юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси. Мында оператор жана катышуучулар өз ишин төлөм системасынын алкагында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүүгө милдеттенишет. Төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин тескөө, анын катышуучуларынын жалпы жыйынына же Директорлор кеңешине отчет берүүчү коллегиалдуу аткаруу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш;  

10) төлөм уюму  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген тартипте, төлөм уюму менен кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар ортосунда түзүлгөн келишимге жана төлөм уюму менен банк ортосунда түзүлгөн агенттик келишимге ылайык үчүнчү жактардын-кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардан жана юридикалык жактардан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган банктык эмес уюм, Кыргыз Республикасынын резиденти;  

11) төлөм  нак жана нак эмес акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенмелерди аткаруу;  

12)  товарларды жана кызматтарды сунуштоочу (мындан ары - сунуштоочу)  сатылган товарлар (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөрүчүн кардардан акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер;  

13) субагент  агент менен жеке адамдардан же юридикалык жактардан төлөмдөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер;  

14) субагенттик келишим   агент (лицензиат) менен субагенттин ортосунда лицензиаттын атынан ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишим. Мында субагенттер тарабынан кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу (үчүнчү жактар) алдында милдеттенмелердин аткарылышына жоопкерчилик лицензиатка жүктөлөт;   

15) төлөмдү иштеп чыгуу  эсептешүүнү жүргүзүү жана ишке ашыруу максатында, төлөм жөнүндө маалыматтарды алуу, топтоо, салыштырып текшерүү, корректировкалоо жана жөнөтүү боюнча иш-аракеттердин ырааттуулугу;  

16) процессинг  бул, өзүндө финансылык маалыматты топтоону, иштеп чыгууну жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди камтыган ишкердик;  

17) процессинг борбору (же төлөмдөрдү иштеп чыгуу борбору процессингди жүзөгө ашырган юридикалык жак;  

3. Төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму өз ишин, анын ичинде Улуттук банк тарабынан берилген лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.   

4. Бул жобо, коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган агенттерге, Улуттук банктын банктык же башка лицензиясынын негизинде банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишине, ошондой эле субагенттерге таркатылбайт.   

5. Улуттук банк өтүнүч ээсинен/лицензиаттардан алардын ишине жана алардын уюштуруучуларынын ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле алардын кызмат адамдары тууралуу маалыматтарды жана башкаларды талап кылууга укуктуу.  

6. Лицензиаттар Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары обочолонгон бөлүмдөрдү жана туунду юридикалык жактарды түзүүгө укуктуу.  

7. Лицензиаттар обочолонгон бөлүмдөрдүн жана туунду юридикалык жактардын саны жөнүндө маалыматтарды ушул Жободо белгиленген тартипте Улуттук банкка жөнөтүүгө милдеттүү.  

8. Улутук банктын лицензиясы жок төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына сунуштоочулар жана субагенттер менен агенттик жана субагенттик келишим түзүүгө тыюу салынат.   

9. Лицензиат менен субагенттик келишим түзгөн субагент, төлөм системасынын оператору же төлөм уюму менен өз ишин лицензиясыз ишке ашырган шартта жоопкерчилик тартпайт. Лицензиясыз ишкердикти жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик төлөм системасынын операторлоруна жана/же төлөм уюмдарына жүктөлөт.  

10. Процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоо жагында ишин башташкан/токтотушкан лицензиаттар, бул иштин анык башталаарына же токтотулгандыгына чейинки кеминде бир ай ичинде, уюмдун аталышын, системанын аталышын көрсөтүп, банк-эмитент менен түзүлгөн тиешелүү келишимдердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка билдиришет. Билдирүүдө пландаштырылып жаткан иш, электрондук акчаларды пайдалануу менен пландаштырылып жаткан операциялардын масштабы жана мүнөзү тууралуу маалыматтар да көрсөтүлөт. Процессингди жана электрондук акчаны жайылтууну токтото турган лицензиаттар банк-эмитентке жана өз кардарларына алардын ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык маалымдоого тийиш.  

11. Лицензиаттар өз субагенттери жөнүндө төмөнкү актуалдуу маалыматтарга ээ болууга тийиш:  

а) эгерде субагент юридикалык жак болсо  анын аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери), байланышуу маалыматтары (телефон, факс, электрондук почта).  

б) эгерде субагент жеке ишкер болсо  жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген патентине тиешелүү маалыматтар.  

  

2-глава. Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын кызмат адамдарына карата талаптар  

  

12. Лицензиаттын ишин талаптагыдай уюштуруу максатында, анын штатында төраганын (жетекчинин), техникалык директордун, башкы бухгалтердин кызмат орду каралууга жана булар коллегиалдык башкаруу органынын курамына кирүүгө тийиш. Зарылчылыкка жараша төраганын жана техникалык директордун кызматын бириктирүүгө жол берилет.   

13. Коллегиалдуу органдын төрагасы төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- жогорку билиминин болушу;  

акыркы 10 (он) жыл ичинде экономикалык жана/же юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө иш алып барган компаниянын жетекчиси кызматында кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасынын болушу;  

- сот жообуна тартылбаган болушу;  

Техникалык директор төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- жогорку техникалык билиминин болушу;  

- сот жообуна тартылбаган болушу;  

өз кесиби боюнча кеминде 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасынын болушу;  

14. Башкы бухгалтер төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- жогорку же орто-кесиптик билиминин болушу;  

- бухгалтердик эсепке алуу жагында жана финансылык отчетту эл аралык стандарттарга ылайык түзүү чөйрөсүндө билиминин болушу, жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча курсту аяктагандыгын (экзамен/тестти ж.б. тапшыргандыгын) же квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган, акыркы 5 (беш) жыл ичинде алган сертификаттын же башка документтердин болушу;  

- сот жообуна тартылбаган болушу.  

15. Лицензиаттар 5 (беш) жумуш күнү ичинде бардык өзгөртүүлөр, анын ичинде уставдык капитал өлчөмүнүн, коллегиалдуу органдын, уюштуруучулардын курамынын, ошондой эле айкын жашаган жеринин жана юридикалык дарегинин  өзгөргөндүгү тууралуу (ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен) Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.  

  

3-глава. Лицензиялоо тартиби  

  

§ 1. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер   

  

16. Ушул жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди мамлекеттик же расмий тилдерде бир нускада сунуштайт:  

 1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөнөтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;  

2) уюштуруучу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү тууралуу, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, башкаруунун коллегиалдык органын тандоо жөнүндө чечим;   

3) уюштуруучулар-юридикалык жактардын төмөнкү документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө  жана акыркы отчеттук күнгө карата түзүлгөн, салык органына тапшырылган финансылык отчет;  

4) документтерди тапшыруу учурунда салык органдарынан салыктык карызынын жок экендигин тастыктаган маалымкат;  

5) жаңыдан түзүлүп жаткан компаниялар үчүн кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план:    

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо;    

- мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептери;    

6) чарба иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү;  

7) төлөм уюмдары үчүн   сунуштоочулардын пайдасына көрсөткөн кызматтар үчүн калктан жана өз субагенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү;  

8) иштеп турган компаниялар үчүн - сунуштоочуга акча каражаттардын өткөрүлүп берилишин же алардын сатып алуучуга кайтарылып берилишинин гарантиясын камсыз кылган төмөнкү келишимдердин биринин көчүрмөсү:  

- мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана жоготуулар үчүн каралган камды сактоо боюнча банктык аманат жөнүндө келишимдер;   

- сунуштоочуну алдын ала төлөө формасында тейлөө каралган келишимдер;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мүмкүн болуучу тобокелдиктер менен жоготуулардын ордунун жабылышын камсыз кылган банктык гарантия же башка келишимдер.  

Жаңы түзүлгөн компаниялар үчүн жогоруда көрсөтүлгөн келишимдер лицензия берилген күндөн кийинки 3 (үч) айдын ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш

9) коммерциялык банктагы эсепке каражаттардын 100% уставдык капитал (1 000 000 (бир миллион) сомдон кем эмес) катары салынгандыгын тастыктаган документ. Уставдык капиталды түзүү максатында салынган акча каражаттарын лицензия берүү/берүүгө баш тартылган жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин пайдаланууга тыюу салынат;  

10) уюштуруучулардын уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзгөн, тастыктаган тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен маалыматтар

11) төлөм системасында жүзөгө ашырылуучу операциялардын финансылык мониторингин жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу ички документтердин көчүрмөлөрү;  

12) төлөм уюму үчүн акча каражаттарын инкассалоо жана сактоо тартибин жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салуучу, ички документтердин көчүрмөлөрү

13) төлөм системасынын оператору үчүн - жетекчи тарабынан кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн төлөм системасынын иштөө эрежелери, алар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш

- системанын архитектурасын жана анын иштөө схемасын

- системага кирүү жана чыгуу жол-жоболору

- катышуучуну системага кошуу тартиби; 

- процессинг жүргүзүү тартиби

- төлөм системасынын катышуучуларынын өз иши тууралуу маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби

- тобокелдиктерди тескөөдө колдонулуучу моделди, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларынын тизмесин жана ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасындагы тобокелдиктерди тескөө системасы

- маалыматтарды коргоого карата талаптар; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби

- системада штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын аракеттенүү тартиби

- катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымат китепчесин тескөө, кардарларды террористтердин эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган тизмеси, террористтердин улуттук тизмеси, терроризмге катыштыгы бар деп шектенүүдөгүлөрдүн улуттук тизмеси боюнча текшерүү механизмдеринин системада бар экендигин сүрөттөө

14) лицензияны алууга төлөм төлөнгөндүгүн ырастаган документ

15) ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык, коллегиалдуу башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан өз колу менен толтурулган жана кол тамгалары коюлган анкета, төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен;  

- инсандыгын тастыктаган документтердин; 

- коллегиалдуу башкаруу органынын мүчө-жактарынын тиешелүү кызматтарга дайындалгандыгын тастыктаган документтердин

- ушул Жобонун 2-главада көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигин тастыктаган документтердин

16) коммерциялык банк менен электрондук акчаларды сактоо, пайдалануу жана алар менен ишке ашырылган операцияларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсептерин ачуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунушташкан өтүнүч ээлери үчүн);  

17) электрондук акча эмитенти менен аларды чыгарууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунушташкан өтүнүч ээлери үчүн);  

18) өтүнүч ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген ишеним кат.  

 17. Лицензия алуу үчүн документтер Улуттук банкка, анын областтык башкармалыгына жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө (өтүнүч ээсинин жайгашкан жери боюнча) берилиши мүмкүн

18. Улуттук банкка ушул жобого ылайык сунушталуучу жана бир барактан ашкан бардык документтердин ар бир барагы бирден сыпатталууга жана жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийишУлуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши мүмкүн.   

19. Улуттук банк тарабынан документтерди кароо мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.   

20. Эгерде документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе же болбосо өтүнүч катты жана документтерди кароо мезгили ичинде кошумча документтер сунушталса, анда өтүнүч катты жана документтерди кароо мөөнөтү ушул жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтерди алган күндөн тартып кайрадан эсептеле баштайт.     

21. Лицензияны алууга берилген өтүнүч кат жана документтер кайтарылып алынган шартта, же болбосо лицензияны берүүдөн баш тарткан учурда же ушул жобонун чегинде мурда берилген лицензия кайтарылып алынган учурда Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылып берилбейт.  

 22. Кошумча документтер Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдалгандан кийинки 15 (он беш) күн ичинде сунушталууга тийиш. Эгерде кошумча документтер көрсөтүлгөн мөөнөттө сунушталбаса, Улуттук банк лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу.  

§ 2. Лицензия берүү  

  

23. Лицензиялар ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишкердиктин ар бир түрүнө өз-өзүнчө берилет (лицензиянын формалары ушул Жобого карата 3 жана 4-тиркемелерде келтирилген).   

24. Лицензия эки нускада таризделет. Биринчи нускасы өтүнүч кат ээсине тапшырылат, ал эми экинчи нускасы Улуттук банкта сакталат. Лицензияны берүүдө аны алууга ишеним көрсөтүлгөн адам лицензия берүү журналында лицензияны алгандыгын тастыктаган кол тамгасын коёт.  

25. Лицензияланып жаткан уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын ким экендигин тастыктаган документ көрсөтүлгөндөн кийин гана ага лицензия берилет.  

26. Лицензияларды берүү жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлгөн реестрге киргизилет.  

 

§3. Лицензия берүүдөн баш тартуу  

  

27. Лицензия берүүдөн баш тартууга негиз катары төмөнкүлөр саналат:   

1) лицензия алуу үчүн берилген документтердин ушул Жобонун же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе;   

2) Улуттук банкка лицензия алуу үчүн такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе;  

3) өтүнүч кат ээсине иштин ушул түрү менен иш алып барууга тыюу салынган соттун чечими болсо.  

28. Лицензияны берүүдөн баш тартылган учурда Улуттук банк, Төраганын орун басарынын атынан баш тартуу себептерин көрсөтүү менен кат жүзүндө жооп жөнөтөтӨтүнүч кат ээси кабыл алынган чечимге макул эместигин негиздеп, аны кайра кароо өтүнүчү менен Улуттук банктын Төрагасынын атына даттануу жөнөтүүгө укуктуу. Даттануу, кабыл алынган чечим жөнүндө расмий жооп алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде сунушталат. Чечим менен макул эместигин билдирген өтүнүч катты карап чыгуунун жыйынтыгында Улуттук банк 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде лицензияны берүү чечимин кошо тиркөө менен даттануу канааттандырылгандыгы тууралуу же даттанууну канааттандыруудан баш тартуу тууралуу кат жүзүндө жооп берет.   

  

4-глава. Лицензияны кайтарып алуу   

  

29. Лицензиат тарабынан төмөнкү  бузууларга жол берилиши, лицензияны кайтарып алууга негиз болот:  

1) Улуттук банктын жазма буйруктары боюнча кемчиликтерди системалуу түрдө (эки же андан көп жолу) четтетпесе;   

2) эгерде талап кылынган маалыматтарды берүүгө Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөр негизсиз системалуу түрдө (12 ай ичинде экиден көп жолу) бузууга жол берилсе;   

3)  Улуттук банкка такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе;   

4) лицензиат Улуттук банктын текшерүү ишине тоскоолдук жаратса;   

5) лицензия берүүгө негиз болгон маалыматтардын анык эместиги аныкталса;  

6) ишкердикти жүргүзүү лицензия алган учурдан тартып бир жылдан ашык мөөнөткө кечиктирилсе;  

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган ишкердиктерди жүзөгө ашырса;  

8) лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкрот деп табылса;  

9) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзам талаптарын бузууга жол берилсе;  

10) терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын бузууга жол берилсе;  

11)  төрагага (жетекчиге) же техникалык директорго же болбосо башкы бухгалтерге карата экономика, финансы жана банк ишкердиги чөйрөсүндө  кылмыш иштерине жол берилгендиги үчүн, ошондой эле кызматтык иш боюнча кылмыш иши үчүн өкүм чыгарылса;  

13) ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда.  

30. Лицензияны кайтарып алуу чечими кабыл алынган учурда Улуттук банк 5 (беш) жумуш күнү ичинде кайтарып алуу себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө билдирет жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык, лицензияны кайтарып алуу боюнча иш-чаралардын башталышын демилгелейт.   

31. Лицензия кайтарылып алынган шартта лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган чечимге даттанууга укуктуу. Даттануу, ал Улуттук банкка келип түшкөндөн кийинки 30 (отуз) күндүк мөөнөт ичинде кароого алынат.   

 

 5-глава. Лицензияны кайра тариздөө 

 

32. Төмөнкүлөр лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналат

- юридикалык жактын кайра уюштурулушу; 

- юридикалык жактын аталышынын өзгөрүшү

33. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер жаралган шартта, лицензиат Улуттук банкка өтүнүч кат менен кайрылууга милдеттүү.  

34. Тиешелүү өзгөрүүлөрдү тастыктаган, документтерди кошо тиркөө менен кайра тариздөөгө негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч кат лицензиат тарабынан кайра тариздөө негиздери келип чыккан күндөн кийинки 15 (он беш) күндөн кечиктирилбестен лицензиарга берилет.  

35. Лицензияны кайра тариздөө лицензиар тиешелүү өтүнүч кат алгандан кийинки 10 (он) күн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензиар лицензияны кайра тариздөөдө тиешелүү өзгөрүүлөрдү реестрге киргизет

 

6-глава. Лицензиянын дубликатын берүү 

 

36. Лицензиянын түп нускасы жоголгон же бузулган шартта, лицензиат документтин бузулгандыгын же жоголгондугун тастыктаган документтерди (массалык маалымат каражаттарына жарыялоо, “жоголгон буюмдар боюнча маалымат алуучу жайдан” маалымкат) кошо тиркөө менен жоголгондугу жана бузулгандыгы аныкталган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка берет. Лицензия бузулган шартта, өтүнүч катка лицензиянын бузулган бланкы да кошо тиркелет

37. Лицензиянын жоголгон же бузулган бланкалары лицензиат өтүнүч кат берген күндөн тартып анык эмес деп таанылат

38. Лицензиар өтүнүч катты берген күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде жогорку оң бурчуна “Дубликат” деп жазылган лицензиянын дубликатын берет.  

39. Лицензиат лицензиардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензиянын дубликатын берүүдөн баш тартууга укуктуу.  

 

 

 

 

1-тиркеме   

  

    

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

Төлөм системалары башкармалыгы  

  

ӨТҮНҮЧ КАТ  

    

(_______________________________________________________________________________________________________________________________________________)  

(толук аталышы жана юридикалык дареги, анык дареги, телефон номери)  

 

төмөнкү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүнү өтүнөм:  

амаалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу байланыштуу, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого;  

(кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт)  

  

бүчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.   

( кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт)  

  

Ушул өтүнүч катты толтуруу менен менөтүнүч кат ээсинин жетекчиси катары, Улуттук банктын төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актылары менен таанышкандыгымды тастыктайм жана жогоруда белгиленген ишкердик түрлөрү үчүн талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди, тактап айтканда төмөнкүлөрдү сунуштаймын:  

  

1.  Уюштуруучулар тууралуу маалыматтар:    

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

Коллегиалдуу башкаруу органынын курамы (Төраганын, техникалык директордун, башкы бухгалтердин аты-жөнү):    

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

    

2. Документтер:  

2.1. Коллегиалдуу органдын төрагасынын анкетасы   

2.2. Техникалык директордун анкетасы   

2.3. Башкы бухгалтердин анкетасы  

  

  

Төраганын кол тамгасы жана уюмдун мөөрү  

    

20__ -жылдын  «____« _____________   

    

 2-тиркеме    

    

АНКЕТА  

      

үрөт үчүн)    

    

    

    

(Кызматы ) ____________________________________________________________________________     

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы)    

    

Аты-жөнү __________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

    

Туулган күнү жана жери _____________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

Паспортунун сериясы _______№________ ким тарабынан берилген_________________ 

Берилген күнү ______________________________________________________________ 

Жарандыгы_________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

   

Документ боюнча үй дареги, телефон номери ______________________________ ___________________________________________________________________________ Анкетаны толтуруу учурунда айкын жашаган жеринин дареги, телефон номери ___________________________________________________________________________  

  

Үй-бүлөлүк абалы __________________________________________________________ 

Билими______________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(жогорку) 

дипломунун № ______________________________________________________________  

берилген күнү  ______________________________________________________________  

ким тарабынан берилген _____________________________________________________  

    

Окуу жайынын аталышы жана ал жайгашкан жер 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жылы 

Аяктаган жыл 

Алган дипломго ылайык адистиги 

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

 

Курстарда окуу  

    

Семинардынже курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

   Эмгек жолу башталгандан тартып аткарылган иштер:    

    

Жалпы эмгек стажы:  

      

Жумушка кабыл алынган күн 

Жумуштан бошогон күн 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери 

Жумуштан кетүүсебеби 

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

Сиз кызматкери же мүчөсү болуп саналган бардык башка уюмдарды, ассоциацияларды, юридикалык жактын мекемелерин көрсөтүңүз.    

      

Уюмдун аталышы 

Уюм жайгашкан жер 

Ээлеген кызмат орду 

    

    

    

    

    

    

    

Төлөм системасынын оператору же төлөм уюмунун кызматкерлери менен туугандык мамилеңизди, төлөм системасынын операторун же төлөм уюмун контролдукка алган жактар же компаниялар менен байланышыңызды, бардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз.  

_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

  

Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы?   

___________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

    

Сизге Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулганбы?_____________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

 

  

Мен, ________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана бардык өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды мындан ары Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттенем. Мен тараптан бурмалоолорго жана калпыстыктарга жол берген учурда, мага, төлөм системасынын операторуна жана төлөм уюмуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, санкциялар колдонула тургандыгын түшүнөм.    

    

20__ -жылдын «____« ___________  ___________________   

(кол тамгасы)    

  

3-тиркеме  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

Лицензия №________ 

Бул лицензия 

(төлөм уюмунун юридикалык дарек боюнча катталган толук аталышы) _____________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери)  

_______________________________________________________________ берилди  

 

жана ал төлөм уюму катары иш алып барууга, ошондой эле операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырууга укук берет:  

 

Маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу байланыштуу, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого 

 

Лицензия берилген күн: 20__ -жылдын «____« ___________   

    

 

Төраганын орун басары (кол тамгасы жана мөөрү

  

  

 

 

4-тиркеме  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

 

ЛИЦЕНЗИЯ №_____________ 

Бул лицензия _________________________________________________________________________ 

(төлөм системасынын юридикалык дарек боюнча катталган толук аталышы) ___________________________________________________________________________ 

 

(жайгашкан жери)  

_______________________________________________________________берилди  

 

жана ал төлөм системасынын оператору катары иш алып барууга, ошондой эле операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырууга укук берет:  

 

 

Үчүнчү жактардын  төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоо

  

 

Лицензия берилген күн: 20__ -жылдын «____« ___________   

    

Төраганын орун басары  (кол тамгасы жана мөөрү)