Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 7-декабрындагы № 75\1 токтому 

 

 

 

 

Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине жана Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Милдеттүү кам эсептик базасында камтылган милдеттенмелер боюнча төмөнкүдөй милдеттүү кам өлчөмдөрү белгиленсин: 

- улуттук валютадагы милдеттенмелер боюнча - эсептик базада камтылган улуттук валютадагы милдеттенмелер суммасынын 4,0 пайызы деңгээлинде;  

- чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча - эсептик базада камтылган чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер суммасынын 12,0 пайызы деңгээлинде. 

2. Милдеттүү кам өлчөмү улуттук валютадагы милдеттенмелер жана чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча милдеттүү кам суммасы катары эсептелинсин.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом 2015-жылдын 14-декабрынан тартып күчүнө кирет. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 5-октябрындагы № 60/1 «Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.  

6. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Т.Абдыгулов