Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 5-февралындагы №5/1 токтому  

Улуттук банк Башкармасынын 

айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү  

киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин:

- 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 "Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу";

- 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу";

- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";

- 2007-жылдын 31-январындагы №5/1 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндөгү" Жобо тууралуу";

- 2012-жылдын 25-июлундагы №30/14 "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ачык акционердик коомун лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобо тууралуу";

- 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";

- 2005-жылдын 19-майындагы №16/2 "Кыргыз Реcпубликасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу";

- 2005-жылдын 19-майындагы № 16/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу";

- 2006-жылдын 23-мартындагы №7/5 "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу";

- 2005-жылдын 18-мартындагы №5/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырышкан уюмдардын жана уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";

- 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу";

- 2006-жылдын 8-февралындагы №4/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан микрофинансылык компаниялардын кызмат адамдарына

карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу";

- 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө;

- 2011-жылдын 30-мартындагы №20/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө;

- 2004-жылдын 4-февралындагы №2/2 "Жеринде барып инспектордук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралу;

- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 "Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү" жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу"

- 2012-жылдын 17-апрелиндеги №17/1 "Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын кызмат адамдарын макулдашуу тартиби" жөнүндө Тартиби тууралу".

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялагандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.

Төрага Т. Абдыгулов  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 5-февралындагы №5/1 токтомуна карата тиркеме 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна 

толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын от 19-мартындагы № 6/2 "Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун:

- 1.3-пунктунун экинчи абзацындагы "Төрагасынын орун басары" деген сөздөр "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.6-пунктунун "Улуттук банктын Төрагасынын орун басары (Комитеттин төрагасы)" деген сөздөр "Комитеттин Төрагасы" дегенге алмаштырылсын.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун:

- 2.6, 5.9, 8.7, 17.2, 17.12, 21.4, 39.2, 42.5-пункттарындагы, 17.11 пунктунун төртүнчү абзацындагы, 17.15 пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарындагы ар башка жөндөмөдөгү "орун басары" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

- 42.5-пунктунун "Башкарманын" деген сөз "Төраганын" дегенге алмаштырылсын;

- 8-13, 25-26, 30-33-тиркемелердеги "Төраганын орун басары" деген сөздөр "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун:

- 18, 26, 38- пункттарындагы ар башка жөндөмөлөрдөгү "орун басары" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

4. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 31-январындагы №5/1 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндөгү" Жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндөгү" жобонун:

- 4.11, 5.2-пункттарындагы "орун басары" деген сөздөр "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 7, 8, 11 жана 12-тиркемелериндеги ар башка жөндөмөлөрдөгү "орун басары" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

5. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-июлундагы №30/14 "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ачык акционердик коомун лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ачык акционердик коомун лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобонун:

- 11-пунктундагы "орун басары" деген сөздөр "/Улуттук банк Башкармасынын мучөсү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 5-6-тиркемелердеги ар башка жөндөмөлөрдөгүөрагасынын орун басары" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

6. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобонун:

- 33, 46-пункттарындагы ар башка жөндөмөлөрдөгү "орун басары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

7. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/2 "Кыргыз Реcпубликасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Реcпубликасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү" жобонун:

- 1.4, 1.5-пункттарындагы, 5.1-пунктунун 5.1.4-пунктчасындагы, 6.1, 6.4-пункттарындагы, 6.6-пунктунун 6.6.2, 6.6.4, 66.12-пунктчаларындагы ар башка жөндөмөлөрдөгү "орун басары" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мучөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

8. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө" Жобонун:

- 4.1, 4.9, 4.11, 5.1, 5.4-пункттарындагы ар башка жөндөмөлөрдөгү "орун басары" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

9. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы №7/5 "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобонун:

- 4.2-пунктундагы ар башка жөндөмөлөрдөгү "орун басары" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мучөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

10. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-мартындагы №5/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырышкан уюмдардын жана уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырышкан уюмдардын жана уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобонун:

- кириш сөзүнүн экинчи абзацында, 1.1, 1.2, 3.1, 3.2, 3.3, 5.1, 7.1-пункттарындагы ар башка жөндөмөлөрдөгү "орун басары" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

11. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобонун:

- 76, 82-пункттарындагы ар башка жөндөмөлөрдөгү "орун басары" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мучөсү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 8, 10-тиркемелердеги "Төрагасынын орун басары" деген сөздөр "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

12. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 8-февралындагы №4/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан микрофинансылык компаниялардын кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан микрофинансылык компаниялардын кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жөнүндө" жобонун:

- 5.5, 7.1, 7.2-пункттарындагы ар башка жөндөмөлөрдөгүөрагасынын орун басары" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мучөсү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2, 3-тиркемелердеги "Төрагасынын орун басары" деген сөздөр "/Улуттук банк Башкармасынын мучөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

13. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобонун:

- 4.7-пунктундагы "Төрагасынын орун басары" деген сөздөр "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

14. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы №20/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобонун:

- 15-пунктундагы "орун басарына" деген сөздөр "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө" деген сөздөр менен толукталсын.

15. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 4-февралындагы №2/2 "Жеринде барып инспектордук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Жеринде барып инспектордук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө" Нускоонун:

- 4.4, 5.2, 10.3, 11.2-пункттарындагы ар башка жөндөмөлөрдөгү "орун басары" деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын;

-2-тиркемедеги "Төраганын орун басары" деген сөздөр "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

16. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декарбрындагы № 52/6 "Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү" жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоонун:

- 9, 10, 41-пункттарындагы ар башка жөндөмөлөрдөгү "орун басары" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "/Улуттук банк Башкармасынын мучөсү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-тиркемесинин "Төрагасынын орун басары" деген сөздөр "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.

17. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-апрелиндагы №17/1 "Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын кызмат адамдарын макулдашуу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын кызмат адамдарын макулдашуу тартибинин":

-4-пунктунун бешинчи абзацындагы "орун басары" деген сөздөр "/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен толукталсын.