Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016- жылдын 5-февралындагы 5/3 токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген

жүргүзүү тартиби жөнүндө”  убактылуу жобону бекитүү тууралу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 4, 5 жана 34-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндөубактылуу жобо (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Юридика башкармалыгы

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

4.Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

Улуттук банк Башкарамасынын 

2016-жылдын 5-февралындагы 

5/3 токтомуна карата тиркеме 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен  

своп-операцияларды (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө» убактылуу Жобо 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө» убактылуу жободо (мындан ары убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) коммерциялык банктар (мындан ары- Катышуучу) менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу тартиби аныкталган

2. Улуттук банк своп-операцияларын (эсептелинген)Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча ишке ашырат

3. Своп-операциялары (эсептелинген)чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо учурунда коммерциялык банктарды колдоого алуу максатында жүргүзүлөт

4. Чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоодоКатышуучунун, ошондой эле чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо учурунда Катышуучуга колдоо көрсөтүү максатында своп-операцияларын (эсептелинген) ишке ашырууда Улуттук банктын келип чыгышы ыктымал болгон чыгымдарын субсидиялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнактысында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.  

5. Ушул убактылуу жобонун 12-пунктундагы талаптарга жооп берген коммерциялык банктар своп-операцияларынын (эсептелинген)катышуучуларынан болуп саналат

6. Катышуучунун своп-операциясы(эсептелинген) боюнча Улуттук банк менен өз ара мамилеси ушул убактылуу жобо жана ага карата 1-тиркемеге ылайык, Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда своп-операциясын(эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө тиешелүү эки тараптуу келишим аркылуу жөнгө салынат

 

2. Аныктамалар жана терминдер (атоолор

7. Своп-операция (эсептелинген) бул, i) Улуттук банк анын шартында Катышуучудан улуттук валютага чет өлкө валютасын сатып алган; ii) чет өлкө жана улуттук валюталардын негизги суммасын иш жүзүндө алмашууну карабаган; iii) анын шартында Катышуучу жана/же Улуттук банк тарабынан чегерилген пайыздарды төлөөлөр гана ишке ашырылган операция. Улуттук банк тарабынан пайыздык төлөмдөрдү төлөө Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат

8. Своп-операцияны (эсептелинген) жүргүзүү күнү бул, своп-операциялар (эсептелинген) боюнча келишим түзүлгөн жумуш күнү

9. Своп-операция (эсептелинген) жыйынтыкталган күн Улуттук банктын жана/же Катышуучунун тиешелүү эсептерине чегерилген пайыздарды төлөө ишке ашырылган жумуш күнү.  

10. Своп-операциянын (эсептелинген) мөөнөтү своп-операция (эсептелинген) ишке ашырылган күндөн тартып мындай операция жыйынтыкталган күндү кошо алгандагы, календардык күндөрдө туюндурулган мезгиларалыгы

11. Своп-операция (эсептелинген) боюнча пайыздарды чегерүү мөөнөтү своп-операция (эсептелинген) ишке ашырылган күндөн тартып мындай операция жыйынтыкталган күндү кошо алгандагы, календардык күндөрдө туюндурулган мезгил аралыгы

 

3. Своп-операцияны (эсептелинген) жүргүзүү шарттары 

12. Своп-операцияга(эсептелинген) катышуу үчүн операция ишке ашырылган күнгө каратаКатышуучутөмөнкүлөргө ээ болууга тийиш

- улуттук валютада банк операцияларын чектөөсүз жүргүзүүгө Улуттук банктын уруксат берген лицензиясына

- чет өлкө валютасында банк операцияларын чектөөсүз жүргүзүүгө Улуттук банктын уруксат берген лицензиясына

- Улуттук банкта улуттук валютада ачылган корреспонденттик эсепе

- чет өлкө валютасында ачылган корреспонденттик эсепке

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык, кредиттерди конвертациялоо карыз алуучунун каалоосу боюнча ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырыла тургандыгы тууралуу Катышуучунун милдеттенмесине (убактылуу жобого карата 3-тиркеме); 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык, чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо боюнча банктын планына (убактылуу жобого карата 2-тиркеме). 

13. Улуттук банк тарабынан своп-операциялары (эсептелинген) боюнчатөмөнкүдөй шарттар (параметрлер) аныкталган жана колдоого алынган

- операциялардын мөөнөтү

- улуттук валютадагы акча каражаттарынын көлөмү

- пайыздык чен (улуттук валютада); 

- пайыздык чен (чет өлкө валютасында); 

- операция ишке ашырылган күндөгү расмий курс

- операция аяктаган (жыйынтыкталган) күндөгү расмий курс

14. Катышуучу,чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык,чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо боюнча банктынчет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютагаконвертациялоо боюнча планына ылайык гана жүзөгө ашырууга милдеттенет

15. Катышуучу,ушул убактылуу жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Улуттук банк Башкармасынын чечими күчүнө киргенден кийин своп-операциясына (эсептелинген) келишүү зарылчылыгы жөнүндө Улуттук банкка кайрылууга укуктуу

16. Кол коюлган келишимдин болушу своп-операциясын(эсептелинген) жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат

17. Своп-операциясы (эсептелинген) ишке ашырылган күнү Катышуучу менен Улуттук банк SWIFT системасы боюнча (МТ320 форматында) тастыктамалар менен алмашышып, тиешелүү бухгалтердик жазууларды чагылдырышат.  

18. Своп-операциялары боюнча пайыздар улуттук/чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасына, операция мөөнөтүнө, пайыздык чендерге жана 360 күнгө барабар эсептешүүнүн убакытаралыгы базасына жараша,пайыздарды эсептөө формуласында чегерилип,своп-операциясы (эсептелинген)жыйынтыкталган күнү Катышуучу жана/же Улуттук банк тарабынан(же аларга)төлөнөт

19. Своп-операциясы(эсептелинген) боюнча чегерилген пайыздардын суммасын тиешелүү эсептерге чегерүү/которуу Катышуучу жана Улуттук банк тарабынан алардын тастыктамасында көрсөтүлгөн реквизиттерге ылайык өз алдынча ишке ашырылат

20. Эгерде операция аякталганкүн Кыргыз Республикасында жана/же пайыздар ал аркылуу чегерилгенбанк-корреспондент жайгашкан чет өлкөдө жумуш күнү болуп саналбаса, анда своп-операциясы(эсептелинген) кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Мында чегерилген пайыздар боюнча акча каражаттарынын суммасы кайрадан эсептелинбейт

21. Келишимге кол койгондон кийин Улуттук банк жана Катышуучу 2 (эки) жумуш күнүнөн кечиктирбестен чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсептердин реквизиттери менен өз ара алмашууга тийиш. Реквизиттер өзгөргөн шартта, Улуттук банк жана Катышуучу каражаттарды тескөө укугуна ээ кызмат адамы кол койгон кат аркылуу,своп-операциялары(эсептелинген) аяктаган күнгө чейинки 2 (эки) жумуш күнүнөн кечиктирбестен,бул тууралуу бири-бирине маалымдоого милдеттенишет.  

 

4. Улуттук банктын жана Катышуучунун укуктары

милдеттери жана жоопкерчиликтери 

22. Катышуучу ушул убактылуу жободо камтылган своп-операциясын(эсептелинген) жүргүзүү шарттарын кабыл алат жана ушулсвоп-операциясы (эсептелинген) боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тарта албайт.  

23. Катышуучу өз милдеттенмелерин аткара албай калган жагдайдан болуп төмөнкүлөр саналат

- чегерилген пайыздардын суммасынын своп-операциясы (эсептелинген) аяктаган күнү Улуттук банктын тиешелүү эсебине толук эмес жана/же өз учурунан кечиктирилип чегерилиши

- ушул убактылуу жобонун 14-пунктунун шарттарын бузууга жол берилиши

24. Чегерилген пайыздардын суммасы Улуттук банктын тиешелүү эсебинесвоп-операциясы (эсептелинген)ишке ашырылган күнү толук эмес жана/же кечиктирилип чегерилген шартта, Катышуучу своп-операциясы (эсептелинген) боюнча чегерилген пайыздарга тиешелүү аткарылбай калган милдеттенмелер суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү аркылуу аны төлөп берет. Эгерде Катышуучу бир жолку айыптык төлөм суммасын 1 (бир) жумуш күнү ичинде Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегере албай калса, Улуттук банк кийинки жумуш күнү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптык төлөм суммасын акцептсиз тартипте эсептеп алып коет. Бир жолку айыптык төлөм суммасын толук көлөмдө эсептен алып коюу мүмкүн болбогон шартта, Улуттук банк бир жолку айыптык төлөм суммасын Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсүнө жараша эсептеп алып коюуну ишке ашырат.  

25. Катышуучу ушул Убактылуу жобонун 14-пунктунун шарттарын аткара албай калган учурда, Улуттук банк анын корреспонденттик эсебинен своп-операциясы (эсептелинген) боюнча улуттук валютадагы милдеттенмелердин негизги суммасынын 1% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү акцептсиз тартипте эсептеп алып коюуга укуктуу. Бир жолку айыптык төлөм суммасын толук көлөмдө эсептеп алып коюу мүмкүн болбогон шартта, Улуттук банк бир жолку айыптык төлөм суммасынКатышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражатынын келип түшүшүнө жараша эсептеп алып коюуну жүзөгө ашырат. Катышуучунун аткаруу органынын жетекчиси конвертациялоо планына ылайык чет өлкө валютасындагы кредиттердин улуттук валютага конвертацияланышы үчүн жеке жоопкерчиликтүү болуп саналат. Улуттук банк Катышуучунун аткаруу органынын жетекчисине карата таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.  

26. Улуттук банктын өз милдеттенмелерин аткара албай калышы жагдайынан болуп төмөнкүлөр саналат

§ чегерилген пайыздардын суммасынын своп-операция (эсептелинген) аяктаган күнү Катышуучунун тиешелүү эсебине толук эмес жана/же убактысынан кечиктирилип чегерилиши

27. Улуттук банк своп-операциясы (эсептелинген) боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган шартта,ал своп-операциясына (эсептелинген) тиешелүү чегерилген пайыздар боюнча аткарылбай калган милдеттенмелер суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү аркылуу ага төлөп берүүнү ишке ашырат. Бир жолку айыптык төлөм улуттук валютада төлөнөт жана Улуттук банктын айыптык төлөм төлөнгөн күнгө карата белгиленген расмий курсу боюнча эсептелинет.  

 

5. Корутунду жоболор 

 

28. Катышуучу менен своп-операциясын (эсептелинген) жүргүзүү процессин өркүндөтүү максатында Улуттук банк тарабынан ушул убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен (эсептелинген) своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» убактылуу жобого карата 1-тиркеме  

 

Типтүү форматы 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ МЕНЕН КОММЕРЦИЯЛЫК БАНК (КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТЫН АТАЛЫШЫ) ОРТОСУНДА СВОП-ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ (ЭСЕПТЕЛИНГЕН) ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ 

 

Бишкек ш. 20__-жылдын ____- ______________ ________________ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мындан ары “Улуттук банк” деп аталуучунун атынан _________________негизинде иш алып барган _______________________ бир тараптан, жана мындан ары “Банк” деп аталуучунун атынан ____________________________иш алып барган __________________экинчи тараптан, мындан ары биргеликте “Тараптар” деп аталуучулар “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын своп-операцияларды (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобонун негизинде (Улуттук банк Башкармасынын 20____ “___”__________ №_____ токтому менен бекитилген) (мындан ары Убактылуу жобо) своп-операцияларды (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө, төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү

 

1. келишим предмети 

1.1. Улуттук банк менен Банк ортосунда своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүүдө жаралган укуктук мамилелерди жөнгө салуу шарттарын жана тартибин аныктоо ушул Келишимдин предмети болуп саналат.  

1.2. Своп-операциялар (эсептелинген) чет өлкө валютасындагы кредиттерди төмөнкү параметрлер боюнча улуттук валютага конвертациялоо максатында жүргүзүлөт

- операциянын мөөнөтү ________________ (күн); 

- улуттук валютадагы акча каражаттарынын көлөмү ______________ сом; 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын көлөмү ________________ (чет өлкө валютасынын аталышы)

- улуттук валюта боюнча пайыздык чен _________ %; 

- чет өлкө валютасы боюнча пайыздык чен __________%; 

- операция жүзөгө ашырылган жана аяктаган күнү колдонулган, Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курс пайдаланылат

1.3. Ушул Келишимде колдонулган аныктамалар жана атоолор Убактылуу жободо аныкталган аныктамаларга жана атоолорго окшош.  

1.4. Своп-операциялар (эсептелинген) боюнча пайыздарды төлөөгө тиешелүү эсептешүүлөр Тараптардын тиешелүү эсептери боюнча жүзөгө ашырылат

 

2. Своп -операцияларды (эсептелинген) жүргүзүүнүн жалпы шарттары  

2.1. Банк своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү үчүн Убактылуу жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн своп-операцияларды (эсептелинген) жүргүзгөн күнгө карата талаптарды канааттандырууга тийиш

2.2. Своп-операцияларды (эсептелинген) жүргүзүүнүн Убактылуу жобонун 13- пунктунда көрсөтүлгөн шарттары Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

2.3. Келишимге кол коюу свопоперацияларды (эсептелинген) жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат

2.4. Своп-операциясы (эсептелинген) ишке ашырылган күнү Катышуучу менен Улуттук банк SWIFT системасы боюнча (МТ320 форматында) тастыктамалар менен алмашышып, тиешелүү бухгалтердик жазууларды чагылдырышат 

2.5. Своп-операциясынын (эсептелинген) мөөнөтү своп-операциясы (эсептелинген) ишке ашырылган күндөн кийинки күндөн тартып, мындай операция жыйынтыкталган күндү кошо алгандагы календардык күндөрдө туюндурулган убакыт аралыгы катары аныкталган

2.6. Своп-операциялар (эсептелинген) боюнча пайыздарды чегерүү мөөнөтү своп-операциясы (эсептелинген) ишке ашырылган күндөн кийинки күндөн тартып мындай операция жыйынтыкталган күндү кошо алгандагы календардык күндөрдө туюндурулган убакыт аралыгы катары аныкталган.  

2.7. Эгерде операцияны жыйынтыктоо күнү Кыргыз Республикасында жана/же ал аркылуу пайыздарды чегерүүлөр ишке ашырылган банк-корреспондент жайгашкан чет өлкөдө жумуш күнү болуп саналбаса, анда своп-операциясы (эсептелинген) кийинки жумуш күнү жүзөгө ашырылат. Мында кошуп чегерилген пайыздар боюнча акча каражаттарынын суммасы кайрадан эсептелинбейт

2.8. Своп-операциялар (эсептелинген) боюнча пайыздар улуттук/чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасына, операция мөөнөтүнө, пайыздык ченге жана эсептешүүнүн 360 күнгө барабар убакыт базасына жараша жөнөкөй пайыздар формуласы боюнча чегерилет жана своп-операциялар (эсептелинген) аяктаган күнү Тараптар тарабынан улуттук/чет өлкө валюталарында төлөнөт.  

2.9. Своп-операциялардын (эсептелинген) аякташында улуттук/чет өлкө валюталарында чегерилген пайыздардын толук эмес суммасын чегерүүгө жол берилбейт.  

2.10. Банк чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоого Банктын 20_____-жылдын “____”___________кредиттерди конвертациялоо планынын чегинде гана жүзөгө ашырат, ал ушул Келишимге карата милдеттүү түрдөгү тиркеме болуп саналат

2.11. Банк улуттук валютада своп-операциялар (эсептелинген) боюнча чегерилген пайыздардын суммасын Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүүнү өз алдынча жүзөгө ашырат.  

2.12. Улуттук банк чет өлкө валютасында своп-операциялар (эсептелинген) боюнча чегерилген пайыздардын суммасын Банктын тастыктамасында көрсөтүлгөн реквизиттерге ылайык, Банктын тиешелүү эсебине өз алдынча чегерүүнү жүзөгө ашырат.  

 

3. тараптардын укуктары жана милдеттери  

3.1. Тараптар своп-операцияларды (эсептелинген) Убактылуу жобого жана ушул Келишимге ылайык гана жүргүзүүгө укуктуу

3.2. Тараптар своп-операцияларды (эсептелинген) Убактылуу жободо жана ушул Келишимде берилген шарттарда жүргүзүүгө макул болушту жана бири-биринин алдындагы өз милдеттерин таанышат

3.3. Тараптар Келишимге кол коюлгандан кийин 2 (эки) жумуш күнүнөн кечиктирбестен чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсептеринин реквизиттери менен өз ара алмашышат. Эсептердин реквизиттери өзгөргөн шартта, Тараптар бул тууралуу своп-операциялар (эсептелинген) боюнча эсептешүүлөр бүткөрүлгөн күнгө чейинки 2 (эки) жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө, каражаттарды тескөөгө ыйгарым укук чегерилген кызмат адамдарынын колу коюлган кат жүзүндө бири-бирине дароо маалымдоого милдеттенишет

3.4. Тараптар своп-операцияларды (эсептелинген) жүргүзүүнүн Убактылуу жободо жана ушул Келишимде белгиленген шарттарын сактоого милдеттенишет жана жүргүзүлгөн своп-операциялар (эсептелинген) боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартышпайт

 

4. тараптардын жоопкерчилиги 

4.1. Чегерилген пайыздардын суммасы Улуттук банктын тиешелүү эсебине своп

операциясы (эсептелинген) ишке ашырылган күнү толук эмес жана/же кечиктирилип чегерилген шартта, Банк своп-операциясы (эсептелинген) боюнча чегерилген пайыздарга тиешелүү аткарылбай калган милдеттенмелер суммасынын 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү аркылуу төлөп берет. Эгерде Банк бир жолку айыптык төлөм суммасын 1 (бир) жумуш күнү ичинде Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегере албай калса, Улуттук банк кийинки жумуш күнү Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен бир жолку айыптык төлөм суммасын акцептсиз тартипте эсептеп алып коет. Бир жолку айыптык төлөм суммасын толук көлөмдө эсептен алып коюу мүмкүн болбогон шартта, Улуттук банк бир жолку айыптык төлөм суммасын Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсүнө жараша эсептеп алып коюуну ишке ашырат. 

4.2. Банк ушул Убактылуу жобонун 2.10-пунктунун шарттарын аткара албай калган учурда, Улуттук банк анын корреспонденттик эсебинен своп-операциясы (эсептелинген) боюнча улуттук валютадагы милдеттенмелердин негизги суммасынын 1% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү акцептсиз тартипте эсептеп алып коюуга укуктуу. Бир жолку айыптык төлөм суммасын толук көлөмдө эсептеп алып коюу мүмкүн болбогон шартта, Улуттук банк бир жолку айыптык төлөм суммасын Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражатынын келип түшүшүнө жараша эсептеп алып коюуну жүзөгө ашырат

4.3. Улуттук банк кошуп эсептелген пайыздардын суммасын своп-операциялар (эсептелинген) бүткөрүлгөн күнү Банктын тиешелүү эсебине толук жана өз убагында чегерүү боюнча өз милдеттенмелерин аткара албаган шартта, Улуттук банк Банкка милдеттенмелердин суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айып төлөйт. Бир жолку айып улуттук валютада төлөнөт жана бир жолку айып төлөнгөн күнү Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курс боюнча эсептелет.  

4.4. Улуттук банк жана Банк алардын жооптуу адамдарынын жана кызматкерлеринин своп-операцияларды (эсептелинген) жүргүзүүгө байланыштуу аракеттеринин тууралыгына, кечиктирилбестигине жана купуялуулугуна ушул Келишимге жана Убактылуу жобого ылайык толук жоопкерчилик тартышат

 

5. Форс-мажор 

5.1. Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелердин толук аткарылбашына же жарым-жартылай аткарылышына жоопкерчиликтен бошотулушат, эгер мындай жагдай табигый жана техногендик катастрофалар, табигый кырсыктар, согуштук конфликттер, көтөрүлүштөр сыяктуу четтетүүгө мүмкүн болбогон күчтөрдөн жана мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардан жана ушул Келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышына кедергисин тийгизген башка жагдайлардан улам түптөлгөн болсо. Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар чукул, күтүүсүз жана алдын-алууга болбой турган мүнөзгө ээ болуп, ушул Келишим түзүлгөндөн кийин орун алуу менен Тараптардын эркинен көз карандысыз болууга тийиш.  

5.2. Тараптар күтүүсүз жагдайлар орун алган шартта, 2 (эки) жумуш күнү ичинде ал тууралуу бири-бирине кат жүзүндө билдирүүлөрү зарыл. Билдирүүдө түптөлгөн жагдайлардын мүнөзү, ошондой эле мүмкүнчүлүккө жараша, ушул Келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышына алардын тийгизген таасирине баа берүү жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш

5.3. Форс-мажордук жагдайлардын түптөлүшүндө Тараптардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтү мындай жагдайлар жана алардын кесепеттери күчүндө турган убакытка жараша жылдырылат

5.4. Эгерде форс-мажордук жагдайлар жана алардын кесепеттеринин таасири 7 (жети) календардык күндөн узагыраакка уланса же алар жана алардын кесепеттери мындан узагыраак мөөнөткө орун алып турса, Тараптар ушул Келишим талаптарын аткаруунун эки Тарап үчүн алгылыктуу болгон альтернативдүү ыкмаларын аныктоо жана тиешелүү макулдашууга жетишүү максатында кыска мөөнөттүн ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн

5.5. Форс-мажордук жагдайлардын орун алышы, ишке ашырылган своп- операциялар (эсептелинген) боюнча жана бул жагдайлардын орун алышы учурунда күчүндө турган милдеттенмелерден Тараптарды бошотпойт.  

5.6. Күтүүсүз өзгөчө жагдайлардын орун алгандыгы тууралуу маалымдабай коюу же кечиктирип маалымдоо мындай жагдайларга таянуу укугун жоготууга алып келет. 

 

6. талаш маселелерди чечүү 

6.1. Ушул Келишимди аткаруу процессинде Тараптар ортосунда келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында, Тараптардын өз ара сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынууга тийиш

6.2. Тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу макулдашууга жетишүү мүмкүн болбогон шартта, Тараптар ортосундагы талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууга тийиш

 

7. башка шарттар 

7.1. Бул Келишимге өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча киргизилиши мүмкүн

7.2. Ушул Келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат жүзүндө аткарылган жана эки Тараптын колу коюлган шартта, анык болуп саналат.  

7.3. Тараптар кайра уюштурулган шартта, Тараптардын ушул Келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери Тараптардын укугу өткөндөргө өтөт

7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ мамлекеттик тилде 2 (эки) түп нускада жана расмий тилде 2 (эки) түп нускада, Тараптардын ар бирине 2 (экиден) нускада түзүлгөн. (Келишимдин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринде айырмачылыктардын орун алышы тобокелдигине жол бербөө үчүн Тараптар өз ара макулдашуу аркылуу талаш маселелер жана/же кайчы пикирлер келип чыккан шартта, артыкчылыкка ээ боло турган тилин тандап алышат). Ушул Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, башкалары Банкка берилет. 

 

8. Келишимдин колдонуу мөөнөтү жана аны токтотуу тартиби 

8.1. Келишим эки Тарап кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. Ушул Келишим шарттары Келишим күчүнө киргенден тартып ишке ашырылган своп-операцияларга (эсептелинген) гана таркатылат. 

8.2. Улуттук банк Банкка алдын-ала билдирүүсүз эле бир тараптуу негизде, төмөнкү учурларда бул Келишимдин аракетин токтотуу укугуна ээ

- ушул Келишимдин жана/же Убактылуу жобонун шарттары Банк тарабынан бузууга жол берилсе

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары Банктын иши токтотулса; 

- Ушул Келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу үчүн негиз болуп саналган, своп-операцияларды (эсептелинген) жүргүзүү тартибин аныктаган, ченемдик-укуктук актылардын белгиленген тартипте өзгөрүшүндө

 

 

9. Тараптардын юридикалык дареги жана реквизиттери 

 

Кыргыз Республикасынын Банк 

Улуттук банкы 

_____________________________ _______________________________ 

(почта индекси, дареги) (почта индекси, дареги

__________________________ _______________________________ 

(кызмат орду) (кызмат орду

__________________________ _______________________________ 

(Аты-жөнү) (Аты-жөнү

________________________________ _______________________________ 

(кол тамгасы) (кол тамгасы

 

Улуттук валютадагы эсептин реквизиттери: Улуттук валютадагы эсептин реквизиттери

№_____________________________ №_________________________________ 

 

 

Чет өлкө валютасындагы эсептин реквизиттери 

(валютанын аталышын көрсөткүлө)

SWIFT BIC: _________________ 

№__________________________ 

 

 

 

Чет өлкө валютасындагы эсептин реквизиттери 

(валютанын аталышын көрсөткүлө)

SWIFT BIC: _________________ 

№__________________________ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык 

банктар мененсвоп-операцияларды (эсептелинген) жүргүзүү  

тартиби жөнүндө» убактылуу жобого карата 2-тиркеме  

 

 

(коммерциялык банктын фирмалык бланкына басылып чыгат) 

 

Банктын чет өлкө 

валютасындагы кредиттерди улуттук  

валютага конвертациялоо боюнча планы  

 

Банктын чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо боюнча планы төмөнкү маалыматты камтууга тийиш

 

1. Карыз алуучу жөнүндө маалыматты

а) жеке адамдар үчүн аты-жөнү, инсандыгын тастыктоочу документтин маалыматы; мында тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү жеке адамдардын кредиттик таржымалында орун алып Улуттук Банктын талабы боюнча берилиши зарыл; 

б) юридикалык жактар үчүн аталышы, менчигинин формасы, уюштуруу документтердин көчүрмөлөрү, уюштуруучулар жөнүндө маалымат жана Улуттук банктын талабы боюнча башка документтер; мында тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү юридикалык жактын кредиттик таржымалында орун алып Улуттук Банктын талабы боюнча берилиши зарыл

2. Карыз алуучу (жеке адам/юридикалык жак) менен түзүлүп кол коюлган чет өлкө валютасындагы кредиттик келишимдин/макулдашуунун номери жана датасы; мында кредиттик келишимдин/макулдашуунун көчүрмөлөрү жеке адамдын/юридикалык жактын кредиттик таржымалында орун алып Улуттук Банктын талабы боюнча берилиши зарыл

3. Чет өлкө валютасында берилген кредиттик келишимде көрсөтүлгөн чет өлкө валютасындагы кредиттин баштапкы көлөмү (суммасы сан жана жазуу түрүндө АКШ долларында); 

4. Чет өлкө валютасындагы кредиттик келишимде/макулдашууда көрсөтүлгөн чет өлкө валютасынын баштапкы пайыздык чени

5. Кредиттик келишимде конвертациялоо күнү көрсөтүлгөн чет өлкө валютасындагы кредиттин негизги карыз боюнча калдыгы (суммасы сан жана жазуу түрүндө АКШ долларында); 

6. 5-пункта көрсөтүлгөн улуттук валютада кайрадан саналган жана конвертациялоо күнү биринчи алмашуу курсу боюнча эсептелген кредиттин негизги карыз боюнча калдыгы; 

7. 6-пунктта көрсөтүлгөн конвертациялоонун экинчи алмашуу курсу боюнча эсептелген кредиттин негизги карыз боюнча калдыгы

8. Конвертациялоонун экинчи алмашуу курсу боюнча эсептелген, 7-пунктта көрсөтүлгөн кредиттин негизги карыз боюнча калдыгын минуска чыгаруу менен конвертациялоонун баштапкы алмашуу курсу боюнча улуттук валютада кайрадан саналган, 6 -пункта көрсөтүлгөн кредиттин негизги карыз боюнча калдыгы, ал субсидиялоо суммасын түзөт

9. Конвертацияланган кредит боюнча пайыздык чен (улуттук валютада берилген кредиттер үчүн); 

10. Улуттук банктын талабы боюнча чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоого байланышкан башка маалыматтар

11. Конвертациялоо күнүнө карата кредит боюнча чегерилген, бирок төлөнбөгөн айыптардын суммасы (суммасы сан жана жазуу түрүндө АКШ долларында), анын ичинде бул карызды улуттук валютага конвертациялоо боюнча пландар. 

12. Улуттук банктын талабы боюнча чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоого байланышкан башка маалыматтар. 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо боюнча критерийлерге жана/же шарттарга ылайык конвертациялоо планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык 

банктар менен своп-операцияларды (эсептелинген) жүргүзүү  

тартиби жөнүндө» убактылуу жобого карата 3-тиркеме  

 

 

(коммерциялык банктын фирмалык бланкында басылып чыгат

 

 

 

 

Милдеттенме  

(коммерциялык банктын аталышы

20__-жылдын ___- ______________  

 

Ушул аркылуу (коммерциялык банктын толук аталышы) атынан (_көрсөтүлсүн_____) негизинде иш алып барган (Аты-жөнү, кызматы) 20______-жылдын ____-___________ тартып, кредиттерди конвертациялоо карыз алуучунун (коммерциялык банктын толук аталышы) каалоосу боюнча ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырыла тургандыгы боюнча милдеттенмени өзүнө алат

 

 

 

М.О 

Аты-жөнү, кызмат орду, кол тамгасы