Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 29-февралындагы № 11/3 токтому  

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы 

№ 5/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомду бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 28 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна тиркеленген толуктоолор бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басарына каржылоо принциптеринде иш жүргүзгөн коммерциялык банктарга 2016 жылдын 8-февралындагы № 6/2 Улуттук банк Башкармалыгынын токтомунда аныкталган шарттарынан ыктуураак эмес шарттарында акча каражаттардын көлөмдөрүн сунуштоо укугу берилсин. 

5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.  

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 29-февралындагы № 11/3 токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомуна толуктоолор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө» убактылуу жобонун: 

- 9-пункту төмөнкү редакциядагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Ислам каржылоо принциптеринде иш жүргүзгөн коммерциялык банктын Улуттук банк менен өз ара мамилеси ушул Убактылуу жобо жана тиешелүү эки тараптуу келишим, ушул Убактылуу жобого карата 5-тиркемеге, жана Күрөө жөнүндө келишим менен, ушул Убактылуу жобого карата 6-тиркемеге ылайык, жөнгө салынат.»; 

-Убактылуу жобо төмөнкүдөй редакциядагы 5 жана 6-тиркемелер менен толукталсын: 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө» убактылуу жобого карата 5-тиркеме 

 

АКШ долларындагы ипотекалык кредиттердин негизги суммасы боюнча карызды улуттук валютага конвертациялоону жүргүзүү үчүн  

КАРАЖАТТАРДЫ ТАРТУУ БОЮНЧА КЕЛИШИМ 

 

 

Бишкек ш. 2016-жылдын "___" _________  

 

Мындан ары “Улуттук банк” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ______ -жылдын “____”__________ №______ буйругунун негизинде иш алып барган _____________________________ бир тараптан жана мындан ары “Банк” деп аталуучу ____________________________________ атынан ________________________________________________________________ негизинде иш алып барган ________________________________________экинчи тараптан, биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 33 буйругун ишке ашыруу жана АКШ долларында берилген ипотекалык кредиттерди конвертациялоо үчүн Банкты улуттук валютадагы ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу максатында, төмөнкүлөр тууралуу ушул Келишимди түзүштү

 

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ  

1.1. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысында аныкталган шарттарда жана тартипте жеке адамдарга чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында Банкка улуттук валютада ____________________ (________________________) сом өлчөмүндө каражат бөлүп берет жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык, карызды конвертациялоону ишке ашыргандыгы үчүн _________ сом өлчөмүндө комиссиялык сый акы алат.  

1.2. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык, Банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысында аныкталган шарттарда жана тартипте жеке адамдарга чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында Улуттук банктан 2016-жылдын “____”________ 20___-жылдын “____”_________ чейин ____ (_____) ай пайдалануу мөөнөтүндө (мындан ары тартылган акча каражаттарынын суммасын пайдалануу мөөнөтү) улуттук валютада ____________________ (________________________) сом өлчөмүндө келип түшкөн акча каражаттарынын суммасын (мындан ары текст боюнча “тартылган акча каражаттарынын суммасы”) кабыл алат жана тараптардын өз ара макулдугу боюнча аларды пролонгациялоо мүмкүнчүлүгү менен ушул келишим шарттарына ылайык карызды конвертациялоону ишке ашыргандыгы үчүн______ сом өлчөмүндө комиссиялык сый акы төлөп берет.  

1.3. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине тартылган акча каражаттардын суммасы чегерилген күн, акча каражаттардын суммасы сунушталган күн болуп саналат.  

1.4. Улуттук банк Банк тарабынан ушул Келишимге ылайык талап кылынган акча каражаттарынын суммасын Келишиге кол коюлгандан кийин жана ал күрөө келишимдерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөндөн кийинки жумуш күнү чегерет.  

1.5. Банк конвертациялоону ишке ашыргандыгы үчүн ____ сом өлчөмүндө комисиялык сый акы төлөп берет. Карызды конвертациялоону ишке ашыргандыгы үчүн комиссиялык сый акы төлөө белгиленген графикке ылайык (ушул Келишимге карата 1-тиркеме), Банк тарабынан ай сайын жүргүзүлүп турат, ал ушул Келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.  

1.6. Тартылган акча каражаттарынын суммасын жана карызды конвертациялоону ишке ашыргандыгы үчүн комиссиялык сый акыны төлөө ушул Келишимге жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган төлөө графигине (ушул Келишимге карата 1-тиркеме) ылайык жүргүзүлөт.  

1.7. Эгерде тартылган акча каражаттарынын суммасын жана/же комиссиялык сый акыны төлөө майрам күндөрүнө, иштебеген же дем алуу күндөрүнө туура келип калса, кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

1.8. Тартылган акча каражаттарынын суммасын жана/же комиссиялык сый акыны төлөө боюнча төлөмдөрдү Банк Улуттук банктагы тиешелүү эсепке (тартылган акча каражаттарынын суммасын №______ эсебине, ал эми комиссиялык сый акыны төлөө суммасы №_____________ эсебине) чегерет.  

1.9. Банк чет өлкө валютасындагы карызды улуттук валютага конвертациялоону Банктын Буйруусунун шарттарына жана конвертациялоо планына ылайык жүзөгө ашырууга милдеттенет.  

1.10. Тараптар ушул Келишимдин бардык талаптарынын аткарылышын гарантиялашат.  

1.11. Банк жеке адамдарга чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо үчүн тартылган акча каражаттарынын суммасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысында аныкталган шарттарда жана тартипте жөнөтүүгө милдеттенет. 

 

2. ТАРТЫЛГАН КАРАЖАТТАРДЫН СУММАСЫН ЖАНА КОМИССИЯЛЫК СЫЙ АКЫЛАРДЫ ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫ 

2.1 Тартылган акча каражаттарынын суммасын төлөө акча каражаттардын суммасын пайдалануу мөөнөтү бүткөн күнү, операциялык күндүн акырына чейин, Банк тарабынан акча каражаттарын өз корреспонденттик эсебинен Улуттук банктагы тиешелүү эсепке чегерүү аркылуу жүргүзүлөт. Комимссиялык сый акыларды төлөө Банк тарабынан ушул Келишим шарттарына ылайык ар айлык негизде жүзөгө ашырылат.  

2.2. Тартылган акча каражаттарынын суммасы жана/же комиссиялык сый акынын суммасы тиешелүү күнү толугу менен төлөнүүгө тийиш, жарым-жартылай төлөөгө жол берилбейт.  

2.3. Банк ушул Келишимде каралган тартылган акча каражаттарынын суммасын жана/же комиссиялык сый акынын суммасын төлөө пландаштырылып жаткан күнгө чейинки 3 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө, бул тууралуу Улуттук банкка алдын ала билдирүү менен мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай же толугу менен төлөөгө укуктуу.  

2.4. Банк тартылган акча каражаттарынын суммасы жана/же комиссиялык сый акылар боюнча өз милдеттенмелерин өз учурунда жана толугу менен аткарган шартта, Улуттук банк күрөөлүк камсыздоону 5 жумуш күнү ичинде бошотууга тийиш. 

2.5. Улуттук банкта пайызсыз депозиттик эсепте турган акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндө нак эмес чет өлкө валютасы формасындагы Банктын күрөөлүк каражаттарын бошотууда, ушул Келишимдин 2.4-пунктун аткаруу үчүн Банк SWIFT эл аралык стандарттарына ылайык, төлөмдүн негизин жана багытын милдеттүү түрдө толук жана так көрсөтүү менен SWIFT системасы боюнча төлөм нускоосун (МТ 202 форматы) Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү. Мында, Улуттук банкка саат 12:00го чейин келип түшкөн төлөм нускоолору өтүп жаткан валюталоо күнү аткарылат, ал эми саат 12:00ден кийин Улуттук банкка келип түшкөн төлөм нускоолору кийинки валюталоо күнүнөн кечиктирилбестен аткарылат. Мында валюталоо күнү Кыргыз Республикасында же Улуттук банктын корреспондент банкынын өлкөсүндө жумуш күнү эмес болуп саналса, күрөөлүк каражаттарды бошотуу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

2.6. Банк тарабынан тартылган акча каражаттардын жана/же комиссиялык сый акынын суммасы Келишимде белгиленген мөөнөттө төлөнбөсө, Банк ал тарабынан милдеттенмелер аткарылбаган учурдан тартып, тартылган акча каражаттардын суммасын жана/же комиссиялык сый акыны төлөө үчүн зарыл болгон суммадагы каражаттарды Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте эсептен алып салуу укугун Улуттук банкка берет.  

2.7. Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинде каражаттардын жетишсиздигинен улам, тартылган акча каражаттарынын суммасы жана/же комиссиялык сый акы төлөнбөгөн учурда Банк, анын тартылган акча каражаттардын суммасы боюнча аткарылбаган милдеттенмелеринин ордун жабууну, кредитти камсыздоого сунушталган күрөө предметинен соттон тышкары өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу, кийинкиге калтыруусуз жүзөгө ашыруу боюнча Улуттук банктын укугуна макул болот. Мында Улуттук банк Банкка анын тартылган акча каражаттардын суммасын жана/же комиссиялык сый акыны төлөө боюнча өз милдеттенмелерин белгиленген мөөнөттө аткарбагандыгы жана күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы тууралуу кат жүзүндө маалымдайт.  

2.8. Күрөө - тартылган акча каражаттарынын аткарылышын менчик укугунун күрөөсү астында камсыз кылуу ыкмасы, ал Банк өз милдеттенмелерин аткарбаган, талапка ылайыксыз аткарган учурда, тартылган акча каражаттарынын суммасы боюнча аткарылбаган милдеттенмелерин төлөө эсебине Улуттук банкка өтөт жана акча каражаттары эсептен алынып салынган/алынган күнгө карата белгиленген расмий курска ылайык Улуттук банктын балансына кабыл алынат.  

2.9. Күрөөдөн өндүрүүнүн эсебинен Банктын Улуттук банк алдындагы тартылган акча каражаттардын жана комиссиялык сый акынын суммасы боюнча карызынын орду жабылууга тийиш. 

2.10. Улуттук банктын утурлама талаптарын Банкка чегерүү аркылуу алынган сумма жетпей калган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык ал сумманы Банктын кайсы болбосун башка мүлкүнөн өндүрүүгө укуктуу.  

2.11. Улуттук банктын бардык талаптарын канааттандыргандан кийин калган сумма, Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебине чегерилет.  

 

3. МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРДИН АТКАРЫЛЫШЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ 

3.1. Банктын Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсебинде турган акча каражаттарына талап кылуу укугун түрүндө Банкка таандык болгон нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары) Банк тарабынан ушул Келишим боюнча алган тартылган акча каражаттардын суммасын кайтарып берүү жана комиссиялык сый акылардын суммасы боюнча милдеттенмелердин аткарылышынын камсыздоосу болуп саналат.  

3.2. Банк тарабынан Улуттук банкка ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин камсыздоого өткөрүп бериле турган күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шарттары жана тартиби Банк менен Улуттук банктын ортосунда түзүлө турган күрөө жөнүндө тиешелүү келишимде көрсөтүлөт.  

 

4. БАНКТЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

4.1. Банк төмөнкүлөргө милдеттүү

4.1.1. Тартылган акча каражаттардын суммасын кабыл алууга. 

4.1.2. Тартылган акча каражаттардын суммасын пайдалануунун ушул Келишимдин 1.2-пунктунда белгиленген мөөнөтү аяктаган учурда тартылган акча каражаттардын суммасын Улуттук банкка кайтарып берүүгө.  

4.1.3. Ушул Келишимде каралган тартипте жана шарттарда Улуттук банкка карызды конвертациялоону ишке ашыргандыгы үчүн _______сом комиссиялык сый акы төлөп берүүгө.  

4.1.4. Банк Буйруунун жана ушул Келишимдин бардык шарттарын жана талаптарын так сактоого жоопкерчиликтүү болот.  

4.2. Банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

4.2.1 Улуттук банкка Келишим мөөнөтүн алты айга узартууну сунуш кылууга.  

4.3. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалымат сунуштоону эске албаганда, Улуттук банкка купуялуулукту сактоону гарантиялайт.  

 

5. ТАРАПТАРДЫ ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

5.1. Банк кредиттерди конвертациялоо боюнча сунушталуучу маалыматтардын аныктыгы үчүн жооп берет. Банк тарабынан конвертациялоо шарттары бузууга жол берилген учурда, Буйрууга ылайык Улуттук банк Банктан акча каражаттардын суммасын кайтарып берүүнү жана/же комиссиялык сый акы төлөөнү талап кылууга укуктуу. 

5.2. Улуттук банктын талап кылуусу боюнча Банк тартылган акча каражаттардын суммасын пайдалангандыгы тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттөрдө сунуштайт.  

5.3 Улуттук банк Банк тарабынан ушул Келишим шарттарын бузууга жол берүүнүн натыйжасында, анын ичинде Келишим шарттарынын Шариат стандарттарына ылайык келбешинен улам Банк дуушар болгон зыян тартуулар үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

 

6. ФОРС МАЖОР 

6.1.Ушул Келишим Тараптарынын контролдукка алуусу мүмкүн болбогон жагдайлар, мисалы, жердин силкиниши жана ушундай эле башка табигый кырсыктар, мамлекеттик органдардын иш-аракеттери жана чечимдери, согуштук аракеттер, массалык баш аламандыктын келип чыгышы сыяктуу күтүүсүз жагдайлар (форс-мажор) орун алып, алар Тараптардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдукту жаратса, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү форс-мажордук жагдай орун алган убакытка шайкеш, бирок ушул Келишимдин же көрсөтүлгөн форс-мажордук жагдайлар келип чыккандан кийин аткарылууга тийиш болгон анын бөлүгүн мөөнөтүндө аткарылышына олуттуу таасир тийгизген өлчөмдө гана узартылууга тийиш.  

6.2. Ушул Келишим Тараптары тез арада, 2 (эки) жумуш күнү ичинде ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдук жараткан форс-мажордук жагдайлардын орун алышы, ал эми кийинчерээк алардын четтетилгендиги жөнүндө бири-бирине оозеки жана кат жүзүндө маалымдоолору зарыл. 

6.3. Тараптардын бири ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин форс-мажордук жагдайлардын орун алышынан улам аткара албай калса, ал Келишим талаптарын бузууга жол бергендик катары каралбайт, бирок мында форс-мажордук жагдайларга дуушар болгон Тарап анын кесепеттерин четтетүү үчүн бардык зарыл чараларды өз убагында көрүүгө жана мамлекеттик органдын тиешелүү актысын сунуштоого тийиш.  

 

7. ЖАНА БАШКА ШАРТТАР 

7.1 Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында, Тараптар тарабынан сүйлөшүүлөр аркылуу, ал эми жөнгө салууга жетишилбеген шартта, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык, соттук тартипте чечилет. 

7.2. Ушул Келишимде каралбаган башка учурларда, Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянуу менен иш алып барышат. 

7.3. Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча Келишим талаптары мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.  

7.4. Ушул Келишимге карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө кошумча келишим түзүү аркылуу киргизилет, ал Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

7.5. Келишим расмий тилде бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) түп нускада, Тараптардын ар бири үчүн 2 (эки) нускада жана күрөөнү каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдар үчүн 2 (эки) нускада түзүлгөн.  

 

3. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

4.  

УЛУТТУК БАНК: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек ш.__________________ 

 

 

 

 

 

Кызматы__________________ 

 

(Кол тамгасы)______________М.О  

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААК/ЖАК 

Бишкек ш., ____________ көч. 

Улуттук банктагы корр. Эсеби №1010126_______  

Улуттук банктын БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

МСИ коду: _____ 

Кызматы _________________ 

 

Кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө» убактылуу жобого карата 6-тиркеме 

 

20__-ж «____»_______№______ 

 

КҮРӨӨ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ № ________ 

20__-ж «__»_________ № ___________ каражаттарды тартуу боюнча келишимге карата 

 

Бишкек ш. 20__-ж «__»_________. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мындан ары “Улуттук банк” же “Күрөө кармоочу” деп аталуучунун атынан _________________________негизинде иш алып барган ________________________ бир тараптан, жана мындан ары “Банк” же “Күрөө коюучу” деп аталуучунун атынан _______________________________негизинде иш алып барган________________________экинчи тараптан, биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар, банктык аманат келишими боюнча талап кылуу укугу каралган, төмөнкүлөр тууралуу ушул күрөө келишимин (мындан ары -Келишим) түзүштү

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга _________ (суммасы жазуу менен) сом өлчөмүндө акча каражаттарын берди. Акча каражаттардын жана комиссиялык сыйдын ордун жабуунун акыркы мөөнөтү, Улуттук банк Башкармасынын ____жылдын “___”________ №______ токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредит сунуштоосу жөнүндө” Убактылуу жобонун алкагында бекитилген, ____-жылдын “___”______ №________ АКШ долларындагы ипотекалык кредиттердин негизги суммасы боюнча карызды улуттук валютага конвертациялоону жүргүзүү үчүн каражаттарды тартуу боюнча келишимде (мындан ары-Каражаттарды тартуу боюнча келишим) көрсөтүлгөн мөөнөттө келип жетет.  

1.2. Күрөө коюучунун Каражаттарды тартуу боюнча келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоого, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга Күрөө коюучу менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн ____-жылдын “____”_______№_____ Банктык аманат келишими (мындан ары “күрөө предмети” же “Банктык аманат келишими”) боюнча акча каражаттарын талап кылуу укугун толук көлөмдө өткөрүп берет. 

1.3. Банктык аманат келишими боюнча акча каражаттары Улуттук банкта Күрөө кармоочунун атына ачылган ___________ эсепте (мындан ары-депозиттик эсеби) жайгаштырылган, анын өлчөмү ____________ (суммасы жазуу жүзүндө) АКШ долларын түзөт. Банктык (депозиттик) аманатты кайтарып берүү мөөнөтү Каражаттарды тартуу боюнча келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин келип жетет.  

1.4. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметин Күрөө кармоочунун уруксатысыз аны кийинки күрөөгө коюуну, каражаттарды эсептен алуу/чегерүүнү кошо алганда, аны пайдаланууга укугу жок.  

1.5. Күрөө коюучу күрөө предмети мурда эч жерде күрөөгө коюлбагандыгын жана үчүнчү жактардын карызынан жана укуктарынан эркин экендигин гарантиялайт. 

 

2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

2.1. Күрөө кармоочунун укуктары жана милдеттери: 

2.1.1. Банктык аманат (депозит) жайгаштырылган валютанын расмий курсунун төмөндөөсүнүн натыйжасында күрөө предметинин наркы төмөндөгөн шартта, Күрөө коюучудан аны алмаштырууну же кошумча камсыздоону сунуштоосун талап кылууга. 

2.1.2. Күрөө коюучудан Каражаттарды тартуу боюнча келишимде жана ушул Келишимдин 1.1-пунктунда берилген милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, ал эми эгерде анын талабы канааттандырылбаса төмөнкү учурларда күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө

1) Күрөө коюучу тарабынан Каражаттарды тартуу боюнча келишимдин шарттары, талаптары жана жоболору бузууга жол берилсе; 

2) Күрөө коюучу негизги сумма, комиссиялык сый, кошумча айыптар (айыптар жана туумдар) жана башка төлөөлөр боюнча карызын кошо алганда, Каражаттарды тартуу боюнча келишим боюнча карызын төлөбөсө же төлөө мөөнөтүн бузууга жол берсе; 

3) Күрөө коюучу тарабынан ушул келишимдин талаптарын же жоболорун бузууга жол берилсе; 

4) Күрөө коюучу Убактылуу жобонун талаптарын бузууга жол берсе; 

5) ушул келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.  

2.1.3. Күрөө предметин сатып өткөрүүдөн алынган сумма Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, жетпеген сумманы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Күрөө коюучунун өндүрүүнү жүргүзүүгө боло турган башка мүлкүнөн алууга. 

2.1.4. Күрөө коюучу же үчүнчү тарап күрөө предметинин Күрөө кармоочуга берилишине тоскоолдук жаратса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алуу үчүн зарыл болгон мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө

2.1.5. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жактарга (кайтарымдуу жана кайтарымсыз) өткөрүп берүүгө

2.1.6. Күрөө кармоочу ушул келишимдин аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырууга жана контролдук функцияларды ишке ашыруу үчүн ага зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга, күрөө предметинин бар экендигин жана абалын текшерүүгө укуктуу. 

2.1.7.Ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга да ээ. 

2.2. Күрөө коюучунун укуктары жана милдеттери: 

2.2.1. Банктык аманат келишими боюнча акча каражаттарын кандай түрдө болбосун Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз өткөрүп бербөөгө, күрөөгө койбоого жана пайдаланбоого. 

2.2.2. Күрөө кармоочунун макулдугусуз күрөө предметинин кемишине, түрүнүн өзгөрүшүнө, токтотулушуна, жоголушуна алып келген аракеттердин жасалышына жол бербөө

2.2.3. Күрөө менен болгон өзгөрүүлөр, үчүнчү жактар тарабынан жол берилиши мүмкүн болгон бузуулар же алардын мындай аракеттерге катыштыгы бар экендиги Күрөө коюучуга маалым болгондон тартып үч күндүк мөөнөт ичинде бул тууралуу Күрөө кармоочуга маалымдоого. 

2.2.4. Күрөө кармоочунун талап кылуусу боюнча ага үч күндүк мөөнөт ичинде күрөө предметине тиешелүү кайсы болбосун документти таанышуу үчүн сунуштоого жана күрөө предмети тууралуу Күрөө кармоочуга зарыл болгон кайсы болбосун маалыматты берүүгө

2.2.5. Банктык аманат келишимине Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугун албай туруп, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбөө.  

2.2.6. Ушул Келишимде каралган бакша милдеттенмелерди мойнуна алат; 

2.2.7. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү соттон тышкаркы тартипте ушул келишим шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Күрөө коюучу күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүү жүргүзүлүшүн жана Каражаттарды тартуу боюнча келишим жана ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаган жана талапка ылайыксыз аткарган шартта, күрөө предметинин мүнөздөмөсүнө жана курамына көз карандысыз, аны соттон тышкаркы тартипте сатып өткөрүүнү гарантиялайт жана буга өзүнүн толук макулдугун берет. 

2.2.8. Күрөө коюучу күрөө предмети ушул келишимге ылайык сатып өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун мезгилде, ушул күрөө менен камсыздалган милдеттенмесин же анын мөөнөтүндө аткарылбаган бөлүгүн аткарууга укуктуу 

 

3. КҮРӨӨ ШАРТТАРЫ 

3.1. Тараптар, Күрөө коюучунун Банктык аманат (депозит) келишими боюнча Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде кайра баалоо күнүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча АКШ долларына эквиваленттүүсом түрүндө (сом түрүндө эсептелген) жайгаштырылган учурдагы акча каражаттарынын калдыгы, Күрөө кармоочунун тиешелүү ордун жабуу коэффициентин (күрөө коэффициенти) эске алуу менен Каражаттарды тартуу боюнча келишимдин негизинде алынган акча каражаттары боюнча Күрөө коюучунун Күрөө кармоочу алдындагы учурдагы карыз калдыгынан төмөн болбоого тийиш экендигин макулдашышты.  

Күрөө кармоочу Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын калдыктарына алардын ушул пункттун биринчи абзацында каралган жоболорго ылайык келүүсүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча АКШ доллары боюнча кайра баалоону мезгил-мезгили менен жүргүзүп турат жана Күрөө коюучуга кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарылчылыгы же болбосо, Каражаттарды тартуу боюнча келишим боюнча алынган акча каражаттары боюнча карыздын тиешелүү бөлүгүн төлөө зарылчылыгы тууралуу талап-билдирүүнү жөнөтөт. 

Ушул Келишимдин колдонуудагы мөөнөтү бүткөнгө чейин Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде жайгаштырылган сомго эквиваленттүү акча каражаттарынын күндөлүк калдыгы ушул пункттун биринчи абзацына ылайык эсептелген суммага караганда 5 (беш) пайыздан көбүрөөккө азайган шартта, Күрөө коюучу ага Күрөө кармоочунун тиешелүү талап-билдирүүсү келип түшкөн күндөн кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде жайгаштырылган АКШ долларындагы акча каражаттарынын суммасын Күрөө кармоочунун талапбилдирүүсүндө көрсөтүлгөн суммага чейин жеткирүүгө, же болбосо Күрөө коюучунун Күрөө кармоочудан Каражаттарды тартуу боюнча келишимге ылайык алган акча каражаттардын тиешелүү бөлүгүн кайра баалоо күнүнө карата АКШ долларынын Улуттук банктын расмий курсу боюнча сомго эквиваленттүү күрөөнүн суммасы Күрөө коюучунун Күрөө кармоочу алдындагы Каражаттарды тартуу боюнча келишим боюнча карызынын күндөлүк калдыгын жапкыдай тартипте тиешелүү күрөөлүк коэффициентти эске алуу менен жабууга милдеттенет. 

Мында АКШ долларынын Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курсу жогорулаган шартта, күрөөнүн кандайдыр бир бөлүгү бошотулбайт жана Күрөө коюучуга кайтарылбайт.  

3.2. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 3.1.-пунктунда каралган шарттар сакталган учурда, Каражаттарды тартуу боюнча келишимге ылайык Күрөө коюучудан алган акча каражаттары боюнча өз милдеттенмелерин толугу менен же жарым-жартылай аткарган шартта, Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугу менен анын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебине жайгаштырылган акча каражаттарын толугу менен же бөлүп-бөлүп алууга укуктуу. 

 

4. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИНЕН ӨНДҮРҮҮНҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА АНЫ САТП ӨТКӨРҮҮ ТРАТИБИ  

4.1. Каражаттарды тартуу боюнча келишимге ылайык күрөө менен камсыздалган милдеттенме аткарылбай калган учур орун алган, ошондой эле ушул келишимдин 2.1.2-пунктунда каралган шарттар келип жеткен жана күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталган учурда, Күрөө коюучу анын банктык аманат (депозит) келишими боюнча Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинен акча каражаттарын акцепциз (талашсыз) тартипте алып салууга жана аларды Күрөө кармоочунун эсебине которуу укугун Улуттук банкка берет.  

4.2. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары акцептциз (талашсыз) тартипте чегерилген/алынып салынган учурда, алынып салынган/чегерилген акча каражаттарын Күрөө кармоочу тарабынан Күрөө коюучуга берилген валютага конвертациялоо (которуу) акча каражаттарын чегерилген/алып салынган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык жүргүзүлөт. 

4.3. Күрөө предметинен өнүдүрүүнү жүргүзүүдө Күрөө коюучу да ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн жана күрөө предмети болуп саналган, Банктык аманат (депозит) келишими боюнча талап кылуу укугун ыйгарып өткөрүп берүүгө милдеттенет.  

4.4. Күрөө предмети болуп саналган, Банктык аманат келишими боюнча талап кылуу укугун ыйгарып өткөрүп берүү боюнча, ушул Келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 18-главасынын 173-беренесине ылайык кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн. Көрсөтүлгөн Банктык аманат келишими боюнча талап кылуу укугу, ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталган күндөн кийинки күнү Күрөө кармоочуга өтөт.  

 

5. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

5.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талапка ылайыксыз аткарылган шартта, Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык келтирилген чыгымдарды бири-бирине төлөп беришет.  

5.2. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 3.1-пунктунда каралган милдеттенмелерин аткарбаган шартта, ушул келишимдин 1.3-пунктуна ылайык күрөө предметинин жалпы наркынан 0,05 пайыз өлчөмдө, милдеттенмелер аткарылбаган ар бир күн үчүн Күрөө кармоочуга туум төлөп берет.  

5.3. Келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана туумдарды төлөө күнөөкөр тарапты ушул Келишимде жана Каражаттарды тартуу боюнча келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

 

6. БАШКА ШАРТТАР 

6.1. Күрөө кармоочунун ушул Келишим боюнча укуктарын ыйгарып өткөрүп берүү Күрөө коюучунун макулдугусуз эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 

6.2. Күрөө коюучу ушул Келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттенмелерин Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга ыйгарып өткөрүп берүүгө укугу жок.  

6.3. Ушул Келишим талаптарын аткарууга байланыштуу келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилүүгө тийиш. 

6.4. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 

6.5. Ушул Келишимди тариздөөгө жана каттоого кеткен сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат. 

6.6. Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын күрөөлүк каттоо конторасынан катталууга тийиш.  

6.7. Ушул Келишим анын 6.6-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарында катталгандан тартып күчүнө кирет. 

6.8. Келишим Күрөө коюучу Каражаттарды тартуу боюнча келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук аткарганга чейин күчүндө болот.  

6.9. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ официалдык тилинде 3 (үч) түп нускада түзүлүп, анын 1 (бир) нускасы Күрөө коюучуга, 1 (бир) нускасы тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга каттоо үчүн берүүгө, 1 (бир) нускасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында сактоо үчүн түзүлгөн. 

 

7. ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕР, ТАРАПТАРДЫН РЕКИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

КҮРӨӨ КАРМООЧУ: КҮРӨӨ КОЮУЧУ: 

 

УЛУТТУК БАНК: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек ш. __________________ 

 

 

 

 

 

Кызматы__________________ 

 

(Кол тамгасы)______________М.О  

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААК/ЖАК 

Бишкек ш., ____________ көч. 

Улуттук банктагы корр. Эсеби №1010126_______  

Улуттук банктын БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

МСИ коду: _____ 

Кызматы _________________ 

 

Кол тамгасы)__________________М.О.»