Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 24-февралындагы 10/7 

токтому 

 

 

 

«Төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына 

карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» 

жобону бекитүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. «Төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Юридика башкармалыгы

бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Төлөм системалары башкармалыгы  ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан төлөм системасынын операторлорун, төлөм уюмдарын тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.ДжОрозбаевага ыйгарылсын

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 24-февралындагы 10/7 токтомуна 

тиркеме 

 

 

«Төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына 

карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» 

жобо 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. “Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөжобо (мындан ары Жобо), Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында лицензия-уруксат берүү системасы жөнүндө”, “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттерди көрүү жөнүндөмыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан

2. Жободо таасир этүү чаралары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республика аймагында өз ишин жүзөгө ашырып жаткан төлөм системасынын операторлоруна (банктарды жана башка финансы-кредит мекемелерин эске албаганда)/төлөм уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу тартиби аныкталат

3. Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган негиздерде жана тартипте колдонулат

4. Катышуучулардын жана төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан сунушталуучу кызматтарды керектөөчүлөрдүн таламын коргоо, төлөм системаларынын үзгүлтүксүз ишин жана катышуучулар менен керектөөчүлөргө кызматтардын өз убагында жана сапаттуу сунушталышын камсыз кылуу, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) каршы аракеттерди көрүү таасир этүү чараларын колдонуу максатынан болуп саналат.  

5. Улуттук банк төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата таасир этүү чараларын төмөнкү учурларда колдонот

- төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттерди көрүү боюнча мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берүү менен ишке ашырса

- улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган, лицензияда белгиленген талаптарды бузууга жол берсе

- улуттук банк жеринде барып көзөмөлдүк функцияларын жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө каршы аракеттерди көрсө, жазма буйруктарды жана Улуттук банк тарабынан колдонулуучу башка эскертүү чараларды аткарбаса

- отчетторду Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө сунуштабаса;  

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттерди көрүү мыйзамына ылайык орду айкын жабылбаган, жалган жана шектүү катары бааланган операцияларды жүзөгө ашырса

- бир нече жолу (2 же андан көп) туура эмес/анык эмес/бурмаланган/толук эмес отчетторду сунуштаса

 

2-глава. Таасир этүү чаралары жана аларды колдонуу 

6. Бул жободо төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу төмөнкүдөй таасир этүү чаралары аныкталган

- жазма буйрук

- лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу же лицензияда каралган төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүнүн жүргүзүлүшүн чектөө;  

- лицензияны кайтарып алуу

7. Таасир этүү чаралары бузууга жол берилген жагдайга, анын татаалдыгына жана олуттуулугуна, ошондой эле анын  төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна тийгизиши мүмкүн болгон кесепеттерге жараша колдонулат. Таасир этүү чараларын колдонууда кезектүүлүк жана ырааттуулук каралган эмес

8. Тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат.  

9. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарабынан белгилүү бир ченемдер жана эрежелер бузууга жол берилип же алардын туруктуу жана ишенимдүү ишине коркунуч жараткан аракеттер жүзөгө ашырылып жаткандыгын жана аларга карата келечекте тиешелүү санкциялар колдонулушу ыктымалдыгын маалымдоо зарылчылыгы орун алган шартта төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна эскертүү жөнөтүлөт. Эскертүү таасир этүү чарасы болуп саналбайт.  

10. Төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна белгилүү бир мөөнөт ичинде аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйрук төмөнкү учурларда жөнөтүлөт:  

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган финансылык отчет жана башка отчеттор, тышкы аудитордун корутундусу жана ага карата тиркемелер Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө берилбесе

- такталбаган, толук эмес жана бурмаланган маалымат берилсе;  

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишин жөнгө салуу жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын талаптарын бузууга жол берилсе;  

- улуттук банктын кызматкерлери көзөмөлдүк жана инспектордук милдеттерин аткарууда аларга каршы аракеттер көрүлсө

11. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу жана төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун лицензиянын алкагында төлөмдөрдүн айрым түрлөрүн жана операцияларды жүргүзүүсүнө чектөөлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кабыл алынат

- Улуттук банктын жазма буйруктары системалуу түрдө аткарылбаса

- Улуттук банктын кызматкерлери көзөмөлдүк жана инспектордук функцияларын аткарууда системалуу түрдө аларга каршы аракеттер көрүлсө;  

- алдамчылык иштерге, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттерди көрүү боюнча мыйзамдарда каралган аркеттерге жол берилсе

12. Лицензияны кайтарып алуу, төлөм системасынын оператору/төлөм уюму өз ишин улантуусу төлөм системасынын катышуучуларынын жана мындай кызматтардан керектөөчүлөрдүн таламдарына айкын коркунуч жараткан, ал эми башка таасир этүү чаралары төлөм системасынын жана бүтүндөй төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишинин жакшыруусуна алып келбеген учурларда колдонулуучу чара болуп саналат. 

13. Кайсы болбосун төмөнкү учурларда лицензия кайтарылып алынышы мүмкүн:  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары сакталбаса

- анын негизинде лицензия берилген маалыматтар анык эмес болсо;  

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттерди көрүү боюнча мыйзамдарда каралган операцияларга катыштыгы бар болсо

- лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу үчүн негиз болуп саналган бузуулар белгиленген мөөнөт ичинде четтетилбесе

14. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Төлөм системасы боюнча комитеттин лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки үч күн ичинде лицензиянын түп нускасын Улуттук банкка тапшырат

15. Төлөм системасы боюнча комитеттин төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимине даттануу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен төлөм системасынын оператору/төлөм уюму ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.