Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 24-февралындагы 10/9 

токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги 22/4 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм  

системасы боюнча комитети жөнүндө»  жобону бекитүү тууралуу 

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө» мыйзамдарга таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги  22/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Юридикалык башкармалыгы

бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

4. Документ менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Төлөм системасы боюнча комитеттин мүчөлөрүн, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 24-февралындагы  10/9 токтомуна 

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги  22/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги 22/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобонун

- 3-пунктундагы «Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары» деген сөздөр менен толукталсын

- 8-пункттун бүтүндөй тексти боюнча «Төлөм системасы башкармалыгына сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу» деген сөздөр «чечим кабыл алуу» дегенге алмаштырылсын

- 9.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«9.4. Төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына лицензия берүүнүн алкагында:  

төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензия алуу үчүн сунуштаган документтерине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жыйынтыгы тууралуу Төлөм системасы башкармалыгынын корутундусун кароо;  

төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына лицензия берүү/лицензия берүүдөн баш тартуу/уруксат берүү жагында чечим кабыл алуу.»;   

- 9.7-пункттун

биринчи абзацындагы «сунуш-көрсөтмөлөрдү сунуштайт» деген сөздөр «чечимдерди кабыл алат» дегенге алмаштырылсын

экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин

«- төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына эскертүү каттарын жөнөтүү боюнча»; 

үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин

«- төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына жазма буйруктарды жөнөтүү боюнча»; 

- 11-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын

«- Юридика башкармалыгынын Мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги»; 

- 15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«15. Комитеттин жооптуу катчысынын милдетин Төлөм системасы башкармалыгынын кызматкери аткарат. Комитеттин отурумдарын уюштурууга жана документтердин даярдалышына контролдукту Төлөм системасы башкармалыгынын начальниги жана Комитеттин төрагасы ишке ашырат.»; 

- 16-пунктун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«2) Төмөнкү материалдарды жөнөтөт

Комитеттин мүчөлөрүн ай сайын тааныштыруу үчүн Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК тарабынан сунушталган маалыматтарды

Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК тарабынан Комитеттин чейректик негизде пландаштырылган отурумунун күн тартибине, Комитеттин мүчөлөрүнүн кароосуна сунушталган маселелер боюнча материалдарды пландаштырылган отурумга чейинки 5 жумуш күндөн кечиктирбестен;»; 

- 19-пункттагы «ай» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «чейрек» дегенге алмаштырылсын