Тиркеме 

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин  

ишин жөнгө салуу эрежелери  

 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) финансы системасынын туруктуулугун сактоо жана алардын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу максатында, чет өлкө валютасын алмаштырууну ишке ашырган адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат. 

Бул Эрежелер, Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барган жана айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга, кредиттик союздарга, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсына, финансы-кредиттик корпорацияларга (компанияларга), ссудалык кассаларга, ошондой эле өз ара кредиттөө коомдоруна таркатылбайт. 

3. Улуттук банк адистештирилген финансы-кредит мекемелерин туруктуу өнүктүрүү жана финансы системасынын туруктуулугун сактоо максатында, аталган мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилейт. Улуттук банктын алдыга койгон максаттарын жана милдеттерин аткарууга жетишүү үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом кабыл алуу менен ушул Эрежелерде белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын маанисин чектелген мөөнөткө өзгөртүшү мүмкүн.  

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Эрежелерге ылайык, адистештирилген финансы-кредит мекемелерине карата эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонууга укуктуу.  

5. Адистештирилген финансы-кредит мекемелери, ушул Эрежелерде жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын маанилерин бузууга жол бербестен, тобокелдиктерди кошумча басаңдатуу максатында экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча кыйла жогорулатылган талаптарды белгилеши мүмкүн.  

6. Нак акчаны ташып жеткирүү иши адистештирилген финансы-кредит мекемелери тарабынан өз алдынча же ал менен тиешелүү келишим түзүлгөн инкассатордук кызматты/уюмду тартуу менен ишке ашырылат. Мында, ал келишимдерде адистештирилген финансы-кредит мекемелердин баалуулуктарын ташып жеткирүүдө алардын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу шарттары, ошондой эле аларды жоготкон учурда баалуулуктардын ордун толтуруу маселелери каралууга тийиш.  

 

2. Адистештирилген финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр  

 

7. Адистештирилген финансы-кредит мекемелери, алар үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү так сактоого тийиш. 

8. Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми.  

8.1. Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин өздүк капиталынын минималдуу ченеминин өлчөмү минималдуу уставдык капиталдын кеминде 100% деңгээлинде колдоого алынууга тийиш.  

8.2. Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин өздүк капиталынын минималдуу ченеминин өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Н1 = (СК / УК) * 100%, мында: 

СК баа берүү күнүнө карата өздүк капитал; 

УК адистештирилген финансы-кредит мекемелери үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу уставдык капитал. 

8.3. Адистештирилген финансы-кредит мекемелери өздүк капитал эсебин (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүшөт: 

- төлөнгөн уставдык капиталдын (жөнөкөй жана артыкчылык берилген акциялар); 

- номиналдан үстөк салынган капиталдын; 

- жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын; 

өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгымынын; 

өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымынын.  

9. Ликвиддүүлүк ченеми  

9.1. Н2 ликвиддүүлүк ченеминин маанисин кеминде 100% деңгээлинде колдоого алуу зарыл. 

9.2. Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Н2 = (ЛА / ОБ) * 100%, мында: 

ЛА ликвиддүү активдер, ага улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары (касса) жана ошол эле валюталарда финансы мекемелеринин эсептешүүүндөлүк) эсептериндеги каражаттар, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылып алынган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздарды кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банк тарабынан чыгарылган мамлекеттик казына векселдери жана башка жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар (мындан ары жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар) кирет. Аталган баалуу кагаздар ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө сыйлыкты (дисконтту) жана реализацияланбаган пайданы (чыгымды) минуска чыгаруу менен эске алынат; 

ОБ адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин милдеттенмелери, аларга банктар алдындагы милдеттенмелер, акционерлерге төлөөнүүгө тийиш болгон дивиденддер, чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча кардарлар алдында милдеттенмелер, бюджетке которулууга тийиш болгон салыктар боюнча милдеттенмелерден тышкары башка милдеттенмелер кирет. 

10. Кардарлар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн адистештирилген финансы-кредит мекемелери Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде ишти жүзөгө ашырган бир катар коммерциялык банктарда улуттук жана чет өлкө валюталарында эсептешүүүндөлүк) эсептерин ачууга тийиш. 

11. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин бир коммерциялык банктагы эсептешүүүндөлүк) эсебинде жайгаштырылган каражатынын өлчөмү өзүнүн төлөнгөн уставдык капитал өлчөмүнүн 20% ашпоого тийиш.  

12. Кардардын алмаштыруу үчүн адистештирилген финансы-кредит мекемесинин эсептешүүүндөлүк) эсебине чегерген акча каражаты боюнча милдеттенмесин адистештирилген финансы-кредит мекемеси эки жумуш күнүнөн кечиктирбестен аткарууга тийиш.  

13. Ушул Эрежелердин 12-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттү эсептөө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана (же) коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимде башкасы каралбаса, кардардын адистештирилген финансы-кредит мекемесинин эсептешүүүндөлүк) эсебине каражаттар чегеридген күндөн тартып анын төлөм документи коммерциялык банктар тарабынан таризделген күн катары көрсөтүлгөн күн ичинде аталган документ аткарууга кабыл алууга чейинки күн эсептелинет. 

14. Кардардын эсептешүүүндөлүк) эсебине каражаттар өз убагында чегерилбеген учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамында же кардар жана адистештирилген финансы-кредит мекемеси ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимде пайыздардын өтө жогору өлчөмү каралбаса, кардар адистештирилген финансы-кредит мекемесинен мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген ар бир күн үчүн мөөнөтү өткөрүлгөн төлөм суммасынан Улуттук банктын колдонуудагы эки эсептик чен өлчөмүндө акча милдеттенмесинин аткарылбагандыгы үчүн пайыздарды төлөөнү талап кылууга укуктуу.  

15. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинде тобокелдиктерди тескөө саясаты иштелип чыгып, ал Башкарма тарабынан жактырылып, андан кийин Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш.  

16. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңеши мезгил-мезгили менен саясаттардын шайкештүүлүгүн кароого алып, зарылчылык келип чыккан учурда аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет, бул да адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Башкармасы тарабынан алдын ала жактырылууга тийиш.  

17. Рынокто улуттук валюта курсу кескин өзгөргөн шартта, анын туруктуулугун колдоо максатында Улуттук банк маржа өлчөмүн белгилөө укугуна ээ. 

18. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси төмөнкүлөргө укугу жок: 

- юридикалык жактарга жана жеке адамдарга кредиттерди жана насыяларды берүүгө

- акционерлерден-юридикалык жактардан жана коммерциялык банктардан тышкары юридикалык жактардан жана жеке адамдардан каражаттарды карызга алууга.  

 

3. Мезгил-мезгили менен берилүүчү жана башка отчетторду берүү тартиби жана мөөнөттөрү 

 

19. Адистештирилген финансы-кредит мекемелери автоматташтырылган эсепке алуу жана отчет берүү системаларына ээ болууга тийиш, алар Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/12 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Адистештирилген финансы-кредит мекемелери Улуттук банкка отчетту электрондук түрдө сунуштоо үчүн интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

20. Ишин шайкеш жөнгө салынышын камсыз кылуу максатында адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин башкы кеңсеси жана алардын филиалдары/алмашуу пункттары так мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту өз алдынча жана өз убагында ушул Эрежелердин 1-7-тиркемелерине ылайык формада, тартипте жана мөөнөттөрдө, ошондой эле башка кошумча маалыматтарды Улуттук банктын кат түрүндө талабына ылайык Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

21. Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин башкы кеңсеси жана алардын филиалдары/алмашуу пункттары нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча отчетту автоматташтырылган маалымат топтоо системасы (мындан ары портал) аркылуу отчеттук жумуш күнүнөн кийинки күнү саат 09:00дөн кечиктирбестен чет өлкө валюта курстарын жана аларды сатып алуу жана сатуу көлөмүн көрсөтүү менен кеңейтилген отчетту, саат 12:00дө чет өлкө валюталарды сатып алуу жана сатуу көлөмдөрүн көрсөтүүсүз чет өлкө валюта курстары боюнча отчетту сунуштоого тийиш. Мында, адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин башкы кеңсеси жана алардын филиалдары/алмашуу пункттары жумуш күнүнүн акырында нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча отчетту түзүп (бир күн ичинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгын эсептеп, күндүн акырында калдыктарды чыгарат) жана портал аркылуу Улуттук банкка сунуштайт. Күндүн акырына карата нак акча калдыгы кийинки күндүн калдыгына барабар болууга тийиш. 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин башкы кеңсеси жана алардын филиалдары/алмашуу пункттары менен жүзөгө ашырылган нак эмес чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу боюнча жалпы отчетту адистештирилген финансы-кредит мекемелери электрондук түрдө Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Мында, кагазга басып чыгарылган отчет жооптуу кызматкердин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүп, адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин штампы менен тастыкталып, хронологиялык тартипте көктөлүп, адистештирилген финансы-кредит мекемелеринде сакталат. 

22. Адистештирилген финансы-кредит мекемелери тарабынан нак эмес формада жүргүзүлгөн алмашуу операциялары боюнча отчетту кошо алганда, мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет берилбеген учурда, адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин төрагасы же ал жок учурда аны алмаштырган Башкарманын мүчөсү кийинки отчеттук жумуш күнүнөн кечиктирбестен, анын мөөнөтүндө сунушталбагандыгы себептерин көрсөтүү менен кат жүзүндө Улуттук банкка билдирет.     

23. Отчеттун Улуттук банкка өз убагында жана так берилиши үчүн жоопкерчилик адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин Башкармасынын Төрагасына жүктөлөт.    

24. Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчету Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы N 36/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат берүүсүнө карата талаптар жөнүндө” жобонун негизинде микрофинансылык компаниялар үчүн белгиленген талаптарга ылайык Улуттук банкка сунушталат.  

 

4. Адистештирилген финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар 

 

25. Адистештирилген финансы-кредит мекемелери орун алган тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана алардын талаптагыдай тескөөгө алынышы үчүн жоопкерчилик тартышат.  

26. Улуттук банк текшерүү үчүн негиз болуп саналган документти көрсөтүү менен алдын ала билдирүүсүз эле финансы мекемелеринин ишин текшерүүгө укуктуу.  

27. Адистештирилген финансы-кредит мекемелери Улуттук банктын текшерүү тобуна жаздыруучу аудио/видео жабдуулары жок өзүнчө жайды бөлүп берүүгө, анда үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларды орнотуусуна жол бербөөгө, адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин жана текшерүү тобунун документтеринин коопсуз сакталышын, ошондой эле текшерүүнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон техника жана жабдуу менен камсыз кылууга милдеттүү.  

28. Адистештирилген финансы-кредит мекемелердин ишинде кемчиликтер же жетишпестиктер аныкталган учурда, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктары жана мыйзамдуу таламдары бузууга жол берилген шартта Улуттук банк, алардын мүнөзүнө жана түрүнө, белгилүү бир жагдайларга, орун алган проблеманын татаалдыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Эрежелерде каралган кайсыл болбосун эскертүү чараларын же санкцияларды колдонууга укуктуу. 

29. Улуттук банк бир бузууга жол берүү үчүн бир нече чараларды же санкцияларды колдонушу мүмкүн. 

30. Эгерде адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишинде бузууга жол берүүлөр орун алса, анын ичинде так эмес маалыматтар сунушталса, операцияларды жүргүзүү тартиби, ошондой эле адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын башка талаптары бузууга жол берилсе Улуттук банк кайсы болбосун төмөнкү эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонууга укуктуу:  

- аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу эскертүүнү же жазма буйрууну жөнөтүүгө жана анын түрүнө жараша аларды чечүү үчүн белгилүү бир мөөнөттү берүүгө;  

- айыптык төлөм белгилөөгө;  

- дивиденддерди чегерүүнү жана төлөөнү кошо алганда, операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөрдү белгилөөгө;  

- бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу тууралуу талап жөнөтүүгө

- Улуттук банкка сунушталган так эмес отчетторду алмаштыруу тууралуу буйрукту жөнөтүүгө

- лицензиянын аракетин токтотууга; 

- лицензияны кайтарып алууга. 

Эскертүү чаралары жана санкциялар ырааттуу түрдө сыяктуу эле, жол берилген кемчиликтердин мүнөзүнө жана МФУнун финансылык абалына жараша колдонулушу мүмкүн. 

31. Адистештирилген финансы-мекемелерине карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана жазма буйруктар көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн начальнигинин, Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальнигинин же Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун (мындан ары ыйгарым укуктуу адам) кол тамгасы, Көзөмөл боюнча комитеттин чечими менен таризделет.  

32. Көзөмөл боюнча комитеттин компетенциясына төмөнкүдөй эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонуу боюнча чечимдерди кабыл алуу кирет: 

- айрым операцияларды, чегерүүлөрдү жана төлөөлөрдү токтотуу же чектөө

- бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштырууну талап кылуу; 

- лицензиянын аракетин токтотуу; 

- лицензияны кайтарып алуу. 

33. Эскертүү, адистештирилген финансы-кредит мекемелери белгилүү бир ченемдерди жана эрежелерди бузууга жол бергендиги тууралуу ага маалымдоо зарылчылыгы келип чыккан учурда жана ага карата тиешелүү санкциялар колдонулушу мүмкүн экендигин эскертүү максатында жөнөтүлөт.  

34. Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин аткаруу органына аныкталган бузууга жол берүүлөрдү белгилүү бир мезгил ичинде четтетүү жөнүндө жазма буйрук төмөнкү учурларда жөнөтүлөт: 

- такталбаган жана толук эмес маалымат берилсе; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдык ченемдерин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берилсе; 

- башка учурларда. 

35. Операцияларды, чегерүүлөрдү жана төлөөлөрдү токтотуу же чектөө

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинде төмөнкүлөргө байланыштуу кемчиликтер аныкталган шартта, Көзөмөл боюнча комитети лицензияда көрсөтүлгөн опецияларды токтотуу же чектөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик актыларын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берсе; 

- адистештирилген финансы-кредит мекемеси Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн, жазма буйруктарын жана/же башка эскертүү чараларын жана санкцияларын сактабаса; 

- Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди бузууга жол берсе; 

- төлөөгө жөндөмсүздүк коркунучу келип чыкса же адистештирилген финансы-кредит мекемеси төлөөгө жөндөмсүз абалда калса; 

- маалыматтар берилбесе же такталбаган, толук эмес маалыматтар сунушталса. 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин операцияларды жүзөгө ашыруусун токтотуу же ага карата чектөөлөрдү белгилөө чечиминде мындай чечимди кабыл алууга түрткү берген себептер чагылдырылууга тийиш. Операцияларды токтотуу же чектөө чечиминде, бирок булар менен гана чектелбестен, төмөнкүдөй чаралар камтылууга тийиш: 

- адистештирилген финансы-кредит мекемесинин дивиденддерди төлөп берүүсүнө чектөөлөр; 

- филиалдарды түзүүсүнө тыюу салуу аркылуу адистештирилген финансы-кредит мекемелердин иш-чөйрөсүн кеңейтүүгө чектөө

- лицензиянын чегинде уруксат берилген ишкердикти же анын айрым түрлөрүн токтотуу боюнча адистештирилген финансы-кредит мекемелерге карата талап; 

- кемчиликтерди четтетүү боюнча башка чараларды көрүү жөнүндө талап. 

36. Айыптык төлөм белгилөө

Адистештирилген финансы-кредит мекемесине карата акчалай айыптык төлөм Көзөмөл боюнча комитет тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарын сактабагандыгы үчүн белгиленет. учурда кабыл алынат. Айыптык төлөм өлчөмү ар бир жол берилген кемчилик үчүн адистештирилген финансы-кредит мекемесинин өздүк капиталынын бир пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет. 

Айыптык төлөмдүн белгилениши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын бузууга жол берүү фактылары үчүн Улуттук банк тарабынан башка санкциялар колдонулбайт дегенди түшүндүрбөйт. 

Эгерде, адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан айыптык төлөм төлөнбөсө, Улуттук банк аны мажбурлап өндүрүү чараларын, ошондой эле мыйзам тарабынан белгиленген башка санкцияларды колдонууга укуктуу. 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамдарына карата акчалай айыптык төлөм белгилөө

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамдарына карата айыптык төлөм Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине" жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет. 

Эгерде, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамы тарабынан айыптык төлөм төлөнбөсө, Улуттук банк ага карата мыйзамдарда каралган айыптык төлөмдү мажбурлап өндүрүп алуу чараларын колдонушу мүмкүн 

37. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндө талап.  

Улуттук банк төмөнкү учурларда адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушун талап кылууга укуктуу: 

- Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келбесе; 

- маалыматтар берилбесе же такталбаган, толук эмес маалыматтар берилсе; 

- Улуттук банктын талаптарын жана жазма буйруктарын аткарбаса; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берсе; 

- адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголсо; 

- банктык мыйзамдарда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда. 

Көзөмөл боюнча комитет адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан бошотуу же болбосо убактылуу четтетүү жана/же ошол кызмат адамынын мекеменин кайсыл бир ишинде катышуусуна тыюу салуу талабын адистештирилген финансы-кредит мекемесинин тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарына жөнөтөт. 

38. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин лицензиясы төмөнкү учурларда кайтарылып алынышы мүмкүн: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу түрдө (бир календардык жыл ичинде эки же андан көп жолу) бузууга жол берсе; 

- адистештирилген финансы-кредит мекемеси Улуттук банктын жазма буйруктарын жана/же башка талаптарын системалуу түрдө (эки жана андан көп жолу) аткарбаса; 

- маалыматтарды системалуу түрдө (эки жана андан көп жолу) сунуштабаса же такталбаган жана толук эмес маалыматтарды берген учурда;  

- иштин негизги түрлөрү боюнча бир жылдан ашык убакыт бою иш алып барбаса. 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин лицензиясынын кайтарылып алынышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жоюуга алып келет.  

39. Лицензия кайтарылып алынган учурда, адистештирилген финансы-кредит мекемеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки үч күндүн ичинде лицензиянын түп нускасын Улуттук банкка тапшырууга, ал эми бир айдын ичинде соттук эмес тартипте жоюу жол-жобосун баштоого тийиш. 

40. Адистештирилген финансы-кредит мекемесин жоюу милдеттери анын уставында жоюуга ыйгарым укук берилген башкаруу органына жүктөлөт.  

41. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси ушул эрежелердин 38-пунктунда белгиленген талаптарды аткарбаса Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, адистештирилген финансы-кредит мекемесин мажбурлап жоюу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу. 

42. Ага карата эскертүү чараларын жана санкцияларын колдонуу тууралуу чечим кабыл алынган адистештирилген финансы-кредит мекемеси ыйгарым укуктуу жак тарабынан кабыл алынган чечимге макул эмес болсо, бул чечим боюнча даттануу менен кайрылууга, өз кине коюуларын Улуттук банктын Төрагасынын орун басарына/Башкарманын мүчөсүнө жөнөтүүгө укуктуу. 

43. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин апелляциясы кат жүзүндөгү өтүнүч кат алынгандан тартып кароого алынат. Апелляция жөнүндө өтүнүч кат Улуттук банктын жазма буйругун же башка чечимин алгандан кийинки 10 күн ичинде тапшырылууга тийиш.  

44. Апелляция жөнүндө өтүнүч катта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- Улуттук банктын жазма буйрук жөнөтүү же санкция колдонуу тууралуу чечими;  

- даттануу себептеринен болгон жагдайларды жана далилдерди чагылдыруу;  

- апелянттын Улуттук банктын санкцияларды колдонуу жөнүндө чечимине карата айкын же юридикалык негиздемелерине жана/же анын мазмунуна карата макул эместиги; 

- аппелянттын кол тамгасы, ал апеллянт тарабынан берилген материалдар кароого алынган чечимди териштирүү үчүн документ экендигин жана алар толук топтолуп, такталгандыгын аныктаган жазуулар менен коштолот.  

45. Апелляция жөнүндө өтүнүч кат алгандан кийинки он жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү апелляцияны кароого алып, чечим камтылган катты жөнөтөт. 

46. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин жана Төрагасынын орун басарынын/Башкарманын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнүн чечими же Улуттук банк Башкармасынын таасир этүү чаралар тууралуу токтомуна даттануу Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-мартындагы № 5/5 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосундагы пикир келишпестиктерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык жүргүзүлөт. 

47. Улуттук банктын көзөмөл блогунун ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү адистештирилген финансы-кредит мекемесине кабыл алынган чечим тууралуу үч жумуш күн ичинде маалымдайт. 

48. Улуттук банктын чараларды жана санкцияларды колдонуу тууралуу чечимине сотко чейинки тартипте даттануу милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.  

 

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерине карата 

1-тиркеме 

 

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин  

мезгил-мезгили менен берилүүчү  

регулятивдик отчетунун 

КУРАМЫ  

 

 

  

Бөлүк 

Аталышы   

Мезгилдүүлүгү   

Берүү мөөнөтү 

Эскертүү же ченемдик-укуктук актыга шилтеме    

1   

    

Титулдук баракча 

Ай сайын  

 

 

 

 

Жылына бир жолу 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Бөлүктөргө тиркелет  

2   

    

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар   

Жылына бир жолу 

 

 

Өзгөргөн учурларда  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

Бөлүктөргө тиркелет    

3   

    

Айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат  

Жылына бир жолу  

 

 

Өзгөргөн учурларда  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

Бөлүктөргө тиркелет   

4   

   

Базалык маалымат 

Жылына бир жолу  

 

 

Өзгөргөн учурларда  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

Бөлүктөргө тиркелет  

5   

1-бөлүк.   

Баланстык отчет  

А. Активдер  

Б. Милдеттенмелер  

В. Капитал 

Ай сайын 

 

    

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

    

6   

2-бөлүк.   

Түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет  

А.Пайыздык кирешелер  

Б. Пайыздык чыгашалар  

В. Пайыздык эмес кирешелер  

Г. Пайыздык эмес чыгашалар  

Д. Башка операциялык жана административдик чыгашалар 

Ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

    

7   

3-бөлүк.   

Капитал түзүмү  

А. Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр  

Б. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин акциялары тууралуу билдирүү маалыматтары 

Ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

 

4-бөлүк.  

Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр 

Ай сайын   

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

8  

5-бөлүк. 

Чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча күндөлүк отчет 

А. Нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча күндөлүк отчет 

Б. Нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча күндөлүк отчет 

Күн сайын күнүнө 2 жолу 

1) Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча саат 9:00гө чейин 

 

 

 

 

 

 

 

 

2) 12-00дө  

1) чет өлкө валюталардын курстарын жана аларды сатып алуу жана сатуу көлөмдөрүн көрсөтүү менен кеңейтилген отчет 

 

2) чет өлкө валюталарды сатып алуу жана сатуу көлөмдөрүн көрсөтүүсүз чет өлкө валюталардын курстары боюнча отчет 

6-бөлүк. 

Экономикалык ченемдер боюнча маалыматтар  

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

 

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерине карата 

2-тиркеме 

 

 

МЕЗГИЛ-МЕЗГИЛИ МЕНЕН БЕРИЛҮҮЧҮ РЕГУЛЯТИВДИК  

ОТЧЕТ 

 

_________________  N  _________________

(берилген күнү)      (катталган, чыгышы)

 

___________________ карата абал боюнча ___________________ түзүлгөн 

   (күн, ай, жыл)                                                 (күн, ай, жыл) 

Мезгилдүүлүгү: - ай сайын; - жыл сайын; - корректировкалоо. 

Отчеттун тактыгы тастыкталды: _______ ички текшерүү аркылууу 

                                                               _______ корутундусуз аудит тарабынан    

                                                               _______ корутунду берүү менен аудит тарабынан   

Отчет берип жаткан мекеме: ___________________________________ _______________________________________________________________________   

(Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин аталышын ири басма тамгалары менен берүү зарыл)   

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин тышкы аудитору ____________________________________________ 

________________________________________________ 

(корутундунун № жана берилген күнүнө шилтеме) 

 

КОЛ ТАМГА ЖАНА КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ 

 

Биз, төмөндө кол койгондор, бул отчет жана анын тиркемелери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык даярдалгандыгын тастыктайбыз. Ошондой эле, биз бул отчету текшергендигибизди күбөлөндүрөбүз жана ал ушул отчеттук күнгө карата адистештирилген финансы-кредит мекемесинин талапка ылайык абалын жана маалыматтарды камтыгандыгын тастыктайбыз. 

 

1. Адистештирилген финансы-кредит 

мекемесинин директорлор Кеңешинин  

Төрагасы                                                                           _______________  

же Төрага жок болгон учурда анын ордун              (кол тамгасы) (аты- 

алмаштыруучу Директорлор Кеңешинин                жөнү

мүчөсү 

 

 

2. Башкарманын Төрагасы                                          _______________ 

                                                                                (кол тамгасы) (аты- 

                                                                                жөнү

 

3. Башкы бухгалтер                                                         _______________ 

                                                                                (кол тамгасы) (аты- 

                                                                                жөнү

 

____________________________________________________________________________ 

Адистештирилген финансы-           кызматы:           Аткаруучу 

кредит мекемесинин мезгил-        аты-жөнү

мезгили менен берилүүчү  

регулятивдик отчетту түзүү 

жана аны сунуштоо боюнча           кол тамгасы: 

жооптуу адистештирилген  

кызматкери  

                                                                телефон: 

 

 

 

Эскертүүлөр:  

1. Титулдук баракта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:  

- катталган күнү жана чыгыш номери; 

- отчет даярдалган күн (мисалы, 2015-жылдын 20-ноябрына карата абал боюнча); 

- отчет даярдалып бүткөн күн; 

- мезгилдүүлүгү - "айлык", "жылдык" же "корректировкалоо". Эгерде, техникалык мүнөздөгү каталар орун алса, отчетту корректировкалоого жол берилет. Бул учурда өзгөртүүлөр киргизилген отчеттун формалары гана сунушталып, киргизилген өзгөртүүлөр маркер менен белгиленип көрсөтүлөт.  

- жүргүзүлгөн аудиттин же текшерүүнүн түрү - төмөнкү саптардын бири же экөө көрсөтүлөт: 

а) ички текшерүү - эгерде текшерүү ички аудит же ревизорлор тарабынан жүргүзүлгөн болсо;  

б) корутундусуз аудит - аудит жүргүзүлүп, келечектеги иш пландарга сунуш-көрсөтмөлөрдү бербестен, операциялар жана бухгалтердик эсепке алуу туура жүргүзүлгөндүгү жөнүндө корутунду берүү менен чектелсе; 

в) корутунду берүү менен ишке ашырылган аудит - аудит жүргүзүлүп, операциялардын жана бухгалтердик эсепке алуунун туура жүргүзүлгөндүгүн текшерүүдөн тышкары, Адистештирилген финансы-кредит мекемесине анын ишин жакшыртуу жана/же өркүндөтүү үчүн сунуш-көрсөтмөлөр жана иш-чаралар планы сунушталса; 

- отчет берүүчү адистештирилген финансы-кредит мекемесинин басма тамгалар менен көрсөтүлгөн аталышы; 

- тышкы аудитор - жылдык отчетту берүүдө толтурулат; 

- адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңешинин Төрагасынын же ал жок учурда Төраганын милдетин аткаруучу Директорлор кеңешинин мүчөсү, Башкарманын Төрагасынын, башкы бухгалтердин жана отчеттун түзүлүшү жана сунушталышы үчүн жооптуу адамдын күбөлөндүрүүчү кол тамгасы;  

- адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун түзүлүшү, сунушталышы үчүн жооп берген кызматкеринин кызмат ордун, аты-жөнүн жана телефон номерин көрсөтүү менен анын кол тамгасы. 

 

АДИСТЕШТИРИЛГЕН ФИНАНСЫ-КРЕДИТ МЕКЕМЕСИНИН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

№ 

Аты-жөнү  

Иштеген жери  

Кызматы  

Телефону  

Кол тамгасынын үлгүсү 

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

 

   

   

   

  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

10 

   

   

   

   

  

 

 

АДИСТЕШТИРИЛГЕН ФИНАНСЫ-КРЕДИТ МЕКЕМЕСИНИН БАШКАРМАСЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

  

Аты-жөнү 

  

Иштеген жери 

  

Кызматы 

  

Телефону 

  

Кол тамгасынын үлгүсү 

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

   

   

   

   

  

10 

   

   

   

   

  

 

Аткаруучу кол тамгасы: ________________________  

 

 

Эскертүүлөр: 

1. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: 

- аты-жөнү

- иштеген жери; 

- кызматы; 

- жумуш телефонунун номери; 

- кол тамгасынын үлгүсү

2. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Башкармасынын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: 

- аты-жөнү

- иштеген жери; 

- кызматы; 

- жумуш телефонунун номери; 

- кол тамгасынын үлгүсү

 

 

АДИСТЕШТИРИЛГЕН ФИНАНСЫ-КРЕДИТ МЕКЕМЕСИНИН АЙРЫМ КЫЗМАТ АДАМДАРЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ 

1. Башкы бухгалтеp 

а) аты-жөнү   

б) кызматы   

в) телефону  

г) кол тамгасынын үлгүсү  

2. Ликвиддүүлүктү тескөө боюнча жооптуу кызмат адамы  

а) аты-жөнү  

б) кызматы    

в) телефону   

г) кол тамгасынын үлгүсү  

3. Нак жана нак эмес чет өлкө валютасын сатуп алуу жана сатуу боюнча операцияларга жооптуу кызмат адамы  

а) аты-жөнү  

б) кызматы   

в) телефону   

г) кол тамгасынын үлгүсү  

Аткаруучу кол тамгасы:  

 

Эскретүүлөр: 

1. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин айрым кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар мекеменин төмөнкүдөй айрым кызмат адамдарынын тизмесин камтыйт: 

1) башкы бухгалтер; 

2) адистештирилген финансы-кредит мекемесиндеги ликвиддүүлүктү тескөө боюнча жооптуу кызмат адамы;  

3) адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан жүзөгө ашырылган, нак жана нак эмес чет өлкө валютасын сатуп алуу жана сатуу боюнча операцияларга жооптуу кызмат адамы. 

2. Ар бир кызмат адамы боюнча төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш: 

- аты-жөнү

- кызматы; 

- жумуш телефонунун номери; 

- кол тамгасынын үлгүсү

3. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин айрым кызмат адамдарына алардын белгилүү бир иш багыттары боюнча ыйгарылган жоопкерчиликтер адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уставына ылайык ыйгарым укуктуу башкаруу органынын (Директорлор кеңеши, Башкармасы) чечимдери менен таризделенүүгө тийиш.  

 

АДИСТЕШТИРИЛГЕН ФИНАНСЫ-КРЕДИТ МЕКЕМЕСИ БОЮНЧА БАЗАЛЫК МААЛЫМАТ 

 

1. Отчет берген адистештирилген финансы-кредит мекемесинин толук аталышы  

 

2. Дареги: 

а) шаар  

 

б) көчөсү, үйдүн номери 

 

в) почта индекси 

 

3. Расмий жарыяланган байланыш: 

а) телефон  

 

б) факс 

 

в) телекс  

 

г) электрондук почта  

 

4. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин интернеттеги веб-сайты  

 

6. Уставдык (акционердик) капиталдын суммасы:   

а) жарыяланган  

 

б) айкын төлөнгөн 

 

Аткаруучу кол тамгасы: ____________________ 

 

 

 

Эскертүүлөр: 

1. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси жөнүндө базалык маалымат төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: 

- отчет берүүчү адистештирилген финансы-кредит мекемесинин толук аталышы адистештирилген финансы-кредит мекемесинин толук расмий аталышы; 

- дареги; 

а) шаары адистештирилген финансы-кредит мекемесинин башкы кеңсеси жайгашкан шаардын аталышы; 

б) көчөсү, үйдүн номери - көчөнүн аталышы жана башкы кеңсе имараттын номери; 

в) почта индекси - почта бөлүмүнүн индекси; 

- расмий жарыяланган байланыш: 

а) телефон адистештирилген финансы-кредит мекемесинин расмий телефон номери; 

б) факс адистештирилген финансы-кредит мекемесинин расмий факс номери; 

в) электрондук почта - электрондук почтанын расмий дареги; 

- адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Интернеттеги веб-сайты адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Интернеттеги расмий веб-сайты; 

- уставдык (акционердик) капиталынын суммасы: 

а) жарыяланган адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жарыяланган уставдык капиталынын суммасы; 

б) айкын төлөнгөн айкын төлөнгөн уставдык капиталынын суммасы. 

 

 

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин  

ишин жөнгө салуу эрежелерине карата  

3-тиркеме 

 

20___ ж. “_____” ___________ 

карата абал боюнча  

Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет 

 

 

1.А БӨЛҮГҮ. БАЛАНСТЫК ОТЧЕТ 

 

(миң. сом) 

Статьянын аталышы  

Бардыгы болуп 

Чет өлкө валютасы 

А. Активдер 

  

  

1. Акча каражаттары, анын ичинде: 

а) улуттук валютада 

  

  

б) чет өлкө валютада  

  

  

2. Банктардагы эсептешүү эсептери, анын ичинде: 

а) улуттук валютада 

  

  

б) чет өлкө валютада  

  

  

3. Банктардагы депозиттер, анын ичинде: 

а) банк-резидентердеги 

 

 

б) банк-резидент эместердеги 

 

 

4. Баалуу кагаздар 

5. Негизги каражаттар, анын ичинде:  

а) жер жана имараттар 

 

  

б) бүткөрүлө элек курулуш  

 

 

в) башка негизги каражаттар 

 

 

6. Баалуу металлдар 

 

 

7. Башка активдер  

8. Бардыгы болуп активдер 

0  

0  

Б. Милдеттенмелер 

  

  

9. Банктардын алдындагы милдеттенмелер 

10. Төлөөгө каралган салыктар 

11. Төлөөгө каралган дивиденддер  

12. Башка милдеттенмелер 

0  

13. Бардыгы болуп милдеттенмелер 

 

В. Капитал 

  

  

14. Акционердик капитал  

а) жөнөкөй акциялар 

 

  

б) артыкчылык берилген акциялар   

 

 

в) акционерлер тарабынан салынган кошумча капиталды кошо алганда, номиналдан үстөк салынган капитал  

 

 

г) бөлүштүрүлбөгөн пайда, анын ичинде:  

 

 

г1) өткөн жылдардын пайдасы 

 

 

г2) өтүп жаткан жылдын пайдасы   

 

 

г3) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар 

 

 

15. Жалпы камдар 

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам 

 

 

б) сатууга жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам 

 

 

д) башка жалпы камдар 

 

 

16. Бардыгы болуп капитал  

17. Бардыгы болуп Милдеттенмелер жана Капитал 

 

Аткаруучу кол тамгасы: ____________________ 

 

 

Эскертүүлөр: 

1. "Активдер" А. бөлүкчөсүндө төмөнкү маалымат чагылдырылат. 

"Акча каражаттары" деп аталган 1-статьяда жүгүртүү кассасындагы банкнотторду жана монеталарды, жолдогу банкнотторду жана монеталарды, валюталардын түрлөрү боюнча банкоматтардагы банкнотторду жана монеталарды кошо алганда, акча каражаттарынын суммасы: сомдор жана чет өлкө валюталары чагылдырылат. 

"Башка банктардагы эсептешүү эсептери" деп аталган 2-статьяда банктардагы эсептешүү эсептериндеги акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат, мында маалыматтар ар бир банк боюнча ачылып берилүүгө тийиш. Калдыктар валюталар боюнча: сом жана чет өлкө валюта боюнча көрсөтүлөт. 

"Банктардагы депозиттер" деп аталган 3-статьяда банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде күрөөгө коюлган депозиттердеги акча каражаттарын кошо алганда, депозиттердеги акча каражаттардын суммасы чагылдырылат.  

"Баалуу кагаздары" деп аталган 4-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемесине таандык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт: тооруктук баалуу кагаздар, сатууга боло турган баалуу кагаздар жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар портфели.  

"Негизги каражаттар" деп аталган 5-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ээлигинде же пайдалануусунда турган жердин жана/же жер үлүшүнүн, имараттардын жана башка курулмалардын наркы, эмерек жана жабдуулар, анын ичинде автоунаа, ошондой эле, курулушка байланыштуу материалдардын, иштердин жана башка капиталдаштырылган чыгашалардын баасы, ижарага алынган менчикти ыңгайлаштырууга карата капиталдык салымдар киргизилет. Материалдык эмес активдер бул статьяга кошулбайт. Негизги каражаттарды жер жана имараттар; бүтө элек имараттар жана башка негизги каражаттар сыяктуу топтор боюнча көрсөтүү зарыл. 

"Баалуу металлдар" деп аталган 6-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемесинде болгон Улуттук банк тарабынан эмитирленген өлчөнгөн куймалар түрүндө баалуу металлдардын наркы көрсөтүлөт. 

"Башка активдер" деп аталган 7-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин баланстык наркы чагылдырылат. 

"Бардыгы болуп активдер" деп аталган 8-статьяда 1-статьядан тартып 7-статьяга чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

2. "Милдеттенмелер" Б. бөлүкчөсүндө төмөнкү маалымат чагылдырылат. 

"Банктар алдындагы милдеттенмелер" деп аталган 9-статьяда банктар алдындагы милдеттенмелердин суммасы чагылдырылат. 

өлөөгө каралган салыктар" деп аталган 10-статьяда бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон адистештирилген финансы-кредит мекемесинин милдеттенмелеринин суммасы көрсөтүлөт. 

өлөөгө каралган дивиденддер" деп аталган 11-статьяда акционерлерге төлөнүүгө тийиш болгон акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт. 

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 12-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер чагылдырылат. 

"Бардыгы болуп милдеттенмелер" деп аталган 13-статьяда 9-статьядан тартып 12-статьяга чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

3. "Капитал" В. бөлүкчөсүндө төмөнкү маалымат чагылдырылат. 

"Акционердик капитал" деп аталган 14-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемесинин акционердик капиталынын мааниси көрсөтүлөт: 

а) жөнөкөй акциялар адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жөнөкөй акцияларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт; 

б) артыкчылык берилген акциялар - адистештирилген финансы-кредит мекемесинин артыкчылык берилген акцияларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт; 

в) акционерлер тарабынан салынган кошумча капиталды кошо алганда, номиналдан үстөк төлөнгөн капитал - акционерлер тарабынан акциялардын номиналдык наркынан үстөк салынган акча каражаттарынын суммасы, ошондой эле Улуттук банктын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү боюнча талаптарын аткаруу үчүн уюштуруучулар/акционерлер тарабынан салынган кошумча капитал көрсөтүлөт;  

г) бөлүштүрүлбөгөн пайда адистештирилген финансы-кредит мекемесинин бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын суммасы чагылдырылат; 

г1) өткөн жылдардын пайдасы - каражаттардын бөлүгүн акционерлерге бөлүштүргөндөн жана адистештирилген финансы-кредит мекемесинин келечектеги керектөөлөрү үчүн камга каражат которуудан кийин, адистештирилген финансы-кредит мекемесинде калган өткөн жылдарда түшкөн пайда чагылдырылат; 

г2) өтүп жаткан жылдын пайдасы - ушул жылда алынган пайда чагылдырылат; 

г3) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар - адистештирилген финансы-кредит мекемесинде келечекте жагдайлар үчүн пайдаларды бөлүштүрүүнүн эсебинен түзүлүүчү камдардын суммасы көрсөтүлөт. 

"Жалпы камдар" деп аталган 15-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемесинин активдерин кайрадан баалоонун эсебинен түзүлгөн камдарын адистештирилген финансы-кредит мекемесиндеги өлчөмү чагылдырылат 

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам негизги каражаттарды кайра баалоонун суммасы көрсөтүлөт;  

б) сатууга жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам сатууга жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды кайра баалоодон келип чыккан сатып өткөрүлбөгөн кирешелердин жана чыгымдардын суммасы берилет;  

в) башка жалпы камдар башка жалпы камдардын суммасы чагылдырылат. Бул статьяда инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга каралган кам боюнча маалыматтар да чагылдырылат. 

"Бардыгы болуп капитал" деп аталган 16-статьяда 14- жана 15-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

"Бардыгы болуп милдеттенмелер жана капитал" деп аталган 17-статьяда 13-статьядан тартып 16-статьяга чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

 

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин  

ишин жөнгө салуу эрежелерине карата  

4-тиркеме 

 

20___ ж. “____” ___________ 

карата абал боюнча  

Мезгил-мезгили менен  

берилүүчү регулятивдик отчет 

 

 

 

 

 

2-БӨЛҮК. ТҮШКӨН ПАЙДАЛАР ЖАНА КЕТКЕН ЧЫГЫМДАР ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

 

(миң. сом) 

А. Пайыздык кирешелер  

 

 

1. Банктардагы депозиттер боюнча пайыздык кирешелер 

 

 

2. Баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер 

 

 

3. Башка пайыздык кирешелер 

 

 

4. Бардыгы болуп пайыздык кирешелер 

 

 

 

Б. Пайыздык эмес чыгашалар 

 

 

5. Башка пайыздык чыгашалар 

 

 

6. Бардыгы болуп пайыздык чыгашалар 

 

 

 

В. Пайыздык эмес кирешелер  

 

 

7. Чет өлкө валютасы менен операциялардан түшкөн кирешелер   

  

  

8. Башка пайыздык эмес кирешелер 

  

  

9. Бардыгы болуп пайыздык эмес кирешелер   

  

  

  

Г. Пайыздык эмес чыгашалар 

  

  

10. Чет өлкө валютасы менен операциялардан чыгымдар  

 

 

11. Башка пайыздык эмес чыгашалар   

  

  

12. Бардыгы болуп пайыздык эмес чыгашалар   

0  

0  

  

  

  

Д. Башка операциялык жана административдик чыгашалар 

  

  

13. Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар, анын ичинде:  

а) эмгек акы жана сый акылар  

  

  

б) башка компенсациялар (башка төлөөлөр) 

  

  

в) Социалдык фондго төлөөлөр 

  

  

14. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө гонорарлар   

  

  

15. Менчиктен салыктарды кошо алганда, негизги каражаттарга башка чыгашалар, анын ичинде:   

а) ижара төлөмү  

  

  

б) коммуналдык кызматтар жана мүлктөн салык  

 

 

в) амортизацияга кеткен чыгашалар  

  

  

16. Салыктар  

  

  

17. Башка операциялык жана административдик чыгашалар 

  

  

18. Бардыгы болуп операциялык жана административдик чыгашалар   

  

  

19. Таза операциялык киреше (чыгым)  

  

  

20. Пайда салыгы   

21. Таза пайда (чыгым)  

0  

0  

Аткаруучу кол тамгасы: _____________________ 

 

Эскертүүлөр: 

1. “Пайыздык кирешелер” А. бөлүкчөсүндө төмөнкү маалыматтар чагылдырылат. 

"Банктардагы депозиттер боюнча пайыздык кирешелер" деп аталган 1-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан банктардагы депозиттерде иштелип табылган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

"Баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер" деп аталган 2-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан баалуу кагаздар боюнча алынган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт.  

"Башка пайыздык кирешелер" деп аталган 3-статьяда жогоруда эсептелинбеген, пайыздык же ушуга окшогон кирешелер чагылдырылат.  

"Бардыгы болуп пайыздык кирешелер" деп аталган 4-статьяда 1-статьядан тартып 3-статьяга чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

2. “Пайыздык чыгашалар” Б. бөлүкчөсүндө төмөнкү маалыматтар чагылдырылат. 

"Башка пайыздык чыгашалар" деп аталган 5-статьяда жогоруда саналбаган пайыздык же ушул сыяктуу адистештирилген финансы-кредит мекемесинин чыгашалары көрсөтүлөт.  

"Бардыгы болуп пайыздык чыгашалар" деп аталган 6-статьяда 5-статьянын суммасы чагылдырылат.  

3. “Пайыздык эмес кирешелер” В. бөлүкчөсүндө төмөнкү маалыматтар чагылдырылат.  

“Чет өлкө валютасы менен операциялардан түшкөн киреше” деп аталган 7-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемесинин чет өлкө валютасы менен операциялардан алынган кирешелери көрсөтүлөт.  

"Башка пайыздык эмес кирешелер" деп аталган 8-статьяда жогоруда эсептелинбеген, пайыздык эмес кирешелер көрсөтүлөт.  

"Бардыгы болуп пайыздык кирешелер" деп аталган 9-статьяда 7- жана 8-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

4. “Пайыздык эмес чыгашалар” Г. бөлүкчөсүндө төмөнкү маалыматтар чагылдырылат.  

Бул бөлүкчөдө бухгалтердик баланстын тиешелүү эсептериндеги дебеттик калдыктар көрсөтүлөт.  

"Чет өлкө валюталары менен операциялардан чыгымдар" деп аталган 10-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан чет өлкө валютасы менен операциялар боюнча тартылган чыгашалар көрсөтүлөт.  

"Башка пайыздык эмес чыгашалар" деп аталган 11-статьяда жогоруда эсептелинбеген пайыздык эмес чыгашалар көрсөтүлөт.  

"Бардыгы болуп башка пайыздык эмес чыгашалар" деп аталган 12-статьяда 10- жана 11-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

5. “Башка операциялык жана административдик чыгашалар” Д. бөлүкчөсүндө төмөнкү маалыматтар чагылдырылат.  

"Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар" деп аталган 13-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысына, сыйакыларга жана башка ушул сыяктуу төлөмдөргө байланыштуу (адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөөлөрдөн тышкары) чыгашалар көрсөтүлөт:  

а) эмгек акы жана сыйакылар;  

б) башка компенсациялар (башка төлөөлөр);  

в) Социалдык фондго төлөмдөр.  

"Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө гонорарлар" деп аталган 14-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Башкармасынын/Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү төлөөлөр жана гонорарлар көрсөтүлөт.  

"Менчиктен салыкты кошо алганда, негизги каражаттарга башка чыгашалар" деп аталган 15-статьяда амортизацияга чегерүүлөрдү жана менчикке салыктар боюнча чыгашаларды кошо алганда, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин имаратына жана курулмаларына, эмеректерине, транспортуна, жабдууларына, компьютерлерине, программалык камсыздоолоруна жана материалдык эмес активдерине кеткен чыгашалар көрсөтүлөт:  

а) ижара төлөмү;  

б) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана менчиктен салык;  

в) амортизацияга чыгашалар.  

"Салыктар жана камсыздандыруу" деп аталган 16-статьяда пайдага карата салыкты жана менчиктен салыкты эске албаганда, камсыздандыруу, салыктар менен байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт.  

"Башка операциялык жана административдик чыгашалар" деп аталган 17-статьяда күтүлбөгөн кирешелерди жана чыгашаларды кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн бардык операциялык жана административдик чыгашалар көрсөтүлөт.  

"Бардыгы болуп операциялык жана административдик чыгашалар" деп аталган 18-статьяда 7-статьядан тартып 11-статьяга чейинки статьялардын суммасы чагылдырылат.  

"Таза операциялык киреше (чыгым)" деп аталган 19-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан алынган таза операциялык киреше (чыгым) (9-статьянын суммасы менен 12- жана 18-статьялардын суммасынын ортосундагы айырма) көрсөтүлөт.  

"Пайдага карата салык" деп аталган 20-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемесинин пайдага карата салык боюнча чыгашалары көрсөтүлөт.  

"Таза пайда (чыгым)" деп аталган 21-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемесинин таза пайдасы (чыгымы) 19-статья минус 20-статья көрсөтүлөт.  

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин  

ишин жөнгө салуу эрежелерине карата  

5-тиркеме 

 

 

2015 жылдын “___” ___________  

карата абал боюнча 

Мезгил-мезгили менен  

берилүүчү регулятивдик отчет 

 

 

 

3-БӨЛҮК. А. КАПИТАЛ ТҮЗҮМҮ 

 

(миң. сом) 

1. Өткөн календардык жыл үчүн отчетто көрсөтүлгөн, жыйынтыгында капитал     

 

2. Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлбөгөн капитал эсептерин корректировкалоо     

  

3. Корректировакаларды эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата капитал    

4. Жыл башынан бери пайда (чыгым)   

  

5. Өтүп жаткан жылы номиналдан үстөк төлөнгөн капитал (нетто)   

  

6. Ушул жылдагы камдарга карата өзгөртүүлөр (нетто) 

 

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдар 

 

б) сатуу үчүн жарактуу болгон, баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар 

 

в) жана башка жалпы камдар 

 

7. Жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акча дивиденддерин минуска чыгаруу менен 

  

8. Артыкчылык берилген акциялар боюнча жарыяланган акча дивиденддерин минуска чыгаруу менен 

  

9. Өтүп жаткан жылы капиталдагы башка корректировкалар, нетто   

  

10. Отчеттук мезгилдин акырына карата жыйынтыгында капитал   

 

 

 

 

Б. АДИСТЕШТИРИЛГЕН ФИНАНСЫ-КРЕДИТ МЕКЕМЕСИНИН АКЦИЯЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР  

(миң. сом) 

Баланстын статьялары 

Жергиликтүү капитал 

1. Жарыяланган уставдык капитал   

  

2. Бардыгы болуп, төлөнгөн уставдык капитал,  

алардын ичинен: 

  

а) жөнөкөй акциялар 

 

б) артыкчылык берилген акциялар 

 

 

 

 

 

4-БӨЛҮК. БӨЛҮШТҮРҮЛБӨГӨН ПАЙДАДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР 

 

 

 (миң. сом) 

1. Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлгөн, бөлүштүрүлбөгөн пайда  

  

  

2. Өткөн жылдын акырына карата көрсөтүлбөгөн, бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы корректировкалар 

  

3. Корректировкаларды эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда  

4. Жыл башынан бери пайда (чыгым)  

  

5. Учурдагы жылы адистештирилген финансы-кредит мекемесинин келечек керектөөлөрү үчүн камдагы өзгөртүүлөр (нетто) 

 

6. Учурдагы бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасир этүүчү башка камдардагы өзгөртүүлөр (нетто) 

 

7. Жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акча дивиденддери минуска чыгаруу менен  

  

8. Артыкчылык берилген акциялар боюнча жарыяланган акча дивиденддери минуска чыгаруу менен 

  

9. Жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акциялар түрүндө дивиденддерди минуска чыгаруу менен  

  

10.Артыкчылык берилген акциялар боюнча жарыяланган акциялар түрүндө дивиденддерди минуска чыгаруу менен 

  

11. Өтүп жаткан жылы бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы башка корректировкалар (нетто) 

  

12. Отчеттук жылдын акырына карата жыйынтыгында бөлүштүрүлбөгөн пайда 

 

Аткаруучу кол тамгасы: ____________________ 

 

Эскертүүлөр: 

1. “Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр” 3.А. бөлүкчөсүндө төмөнкү маалыматтар чагылдырылат. 

Капитал өзүндө жөнөкөй жана артыкчылык берилген акцияларды, бөлүштүрүлбөгөн пайданы жана капиталдык камдарды камтыйт. Бул отчетто чогуу алгандагы капиталдын суммасы баланстык отчеттун 14-статьясында көрсөтүлгөн чогуу алгандагы капиталдын суммасына барабар болууга тийиш. Бул таблицадагы 1-, 3- жана 7-саптардан тышкары, бардык суммалар жыл башынан бери таза суммардык өзгөрүүлөр катары көрсөтүлүүгө тийиш. Бул бөлүктө суммалар оң жана терс мааниде болушу мүмкүн. Бардык суммалар миң сом менен берилет.   

"Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлгөн, жыйынтыктап алгандагы капитал" деп аталган 1-статьяда корректировкалоолор киргизилгенге чейинки жыл башындагы баланстык отчетто алгач көрсөтүлгөн капиталдын суммасы чагылдырылат. Өз ишин жылдын 1-январынан тартып же кийинчерээк баштаган адистештирилген финансы-кредит мекемелери үчүн бул статьяда нөлдүк белги көрсөтүлөт, ал эми баштапкы капитал 2-статьяда көрсөтүлөт.  

"Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлбөгөн, капиталдын эсептерин корректировкалоо" деп аталган 2-статьяда жыл башындагы маалыматтарга өзгөртүүлөрдүн киргизилишине алып келген капитал эсептериндеги калдыктарга киргизилген бардык өзгөртүүлөрдүн суммалары чагылдырылат. Бул сапта, эгерде эч кандай өзгөрүү болбогон болсо, нөл көрсөтүлүүгө тийиш.   

"Корректировкаларды эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата капитал" деп аталган 3-статьяда 1- жана 2-статьялардын суммасы берилет. Эгерде эч кандай корректировкалоолор болбосо, анда 3-статьянын мааниси 1-статьянын маанисине барабар болууга тийиш.   

"Жыл башынан бери пайда (чыгым)" деп аталган 4-статьяда жыл башынан бери таза пайда (чыгым) көрсөтүлөт. Бул статьянын мааниси алынган пайда жана тарткан чыгымдар жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн пайдаларга (чыгымдарга) ылайык келүүгө тийиш.   

"Өтүп жаткан жылы номиналдан үстөк төлөнгөн капитал" (нетто) деп аталган 5-статьяда акционерлер тарабынан номиналдан үстөк салынган акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.   

“Ушул жылдагы камдарга карата өзгөртүүлөр (нетто)" деп аталган 6-статьяда жыл башынан бери капиталдык камдарда болуп өткөн өзгөрүүлөр көрсөтүлөт:  

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдар жыл ичинде нетто-негизде негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдардагы кайсы болбосун өзгөртүүлөрдүн таза эффекти көрсөтүлөт;  

б) сатуу үчүн жарактуу болгон, баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар - жыл ичинде нетто-негизде баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдардагы кайсы болбосун өзгөртүүлөрдүн таза эффекти көрсөтүлөт;  

в) жана башка жалпы камдар жыл ичинде нетто-негиздеги классификациялануучу активдер жана башка капиталдык камдар боюнча жалпы камдарга өзгөртүүлөрдүн таза эффекти көрсөтүлөт; 

г) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин келечек керектөөлөрү үчүн камдар жыл ичинде нетто-негизде адистештирилген финансы-кредит мекемесинин келечектеги керектөөлөрү үчүн камдардагы кандай болбосун өзгөртүүлөрдүн таза эффекти чагылдырылат. 

өнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акча дивиденддерин минуска чыгаруу менен" деп аталган 7-статьяда отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, учурдагы жыл ичинде жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган бардык акча дивиденддери чагылдырылат.  

"Артыкчылык берилген акциялар боюнча жарыяланган акча дивиденддерин минуска чыгаруу менен" деп аталган 8-статьяда кийинки отчеттук күнгө төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, учурдагы жыл ичинде төлөө мөөнөтү чектелүү болгон сыяктуу эле, мөөнөтсүз болгон артыкчылык берилген акциялар боюнча жарыяланган бардык акча дивиденддери көрсөтүлөт.  

"Жыл ичинде капиталга киргизилген жана башка корректировкалоолор (нетто)" деп аталган 9-статьяда жогоруда аталбаган бирок капиталга таасирин тийгизүүчү башка статьялар боюнча корректировкалоолордун таза суммасы жана уставдык капиталды көбөйтүү үчүн салынган акча каражаттардын суммасы, ошондой эле негизги каражаттарды кайрадан баалоо боюнча камдан которулган бөлүгү көрсөтүлөт. 

"Отчеттук мезгилдин акырына карата жыйынтыктап алгандагы капитал" деп аталган 10-статьяда 3-саптан 9-сапка чейинки саптардын суммалары көрсөтүлөт. Бул сумма отчеттук жылдын акырына карата баланстык отчетто көрсөтүлгөн капиталдын суммасына барабар болууга тийиш. 

2. “Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин акциялары тууралуу маалымат” 3Б. Бөлүкчөсүндө адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан чыгарылган акциялар тууралуу маалымат көрсөтүлөт.  

"Жарыяланган уставдык капитал" деп аталган 1-статьяда адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн уставдык капитал чагылдырылат.   

өлөнгөн уставдык капитал" деп аталган 2-статьяда 1-бөлүктүн В. "Капитал" деп аталган бөлүкчөсүнүн 14-статьясынын а) жана б) пунктчаларындагы жөнөкөй жана артыкчылык берилген акциялар көрсөтүлөт.   

Бардык суммалар миң сом менен берилет.   

3. “Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөртүүлөр” деген  4-бөлүктө төмөнкү маалыматтар чагылдырылат. 

Эгерде, отчеттук мезгил ичинде эч кандай өзгөрүүлөр болбогон болсо, анда бул статьяда нөлдүк белги көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сом менен берилет. 

"Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлгөн бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 1-статьяда алгач Баланстык отчетто жана Алынган пайда жана тарткан чыгымдар жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин алгач бөлүштүрүлбөгөн пайдасы чагылдырылат. Өз ишин учурдагы жылдын 1-январында же андан кечирээк баштаган адистештирилген финансы-кредит мекемеси үчүн бул статьяда нөлдүк маани көрсөтүлөт.   

"Өткөн жылдын акырына карата көрсөтүлбөгөн, бөлүштүрүлбөгөн пайданы корректировкалоо" деп аталган 2-статьяда алгач өткөн жыл үчүн баланстык отчетто бөлүштүрүлбөгөн пайдалардын алгач көрсөтүлгөн сандарга карата жасалган бардык корректировкалоолордун таза суммасы көрсөтүлөт.   

"Корректировкаларды эске алуу менен, өткөн жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 3-статьяда бул бөлүктүн 1 жана 2-статьяларынын суммасы көрсөтүлөт. Эгерде, эч кандай корректировкалар болбогон болсо, анда бул статьянын мааниси 1-статьясынын маанисине барабар болууга тийиш.   

"Жыл башынан бери пайда (чыгым)" деп аталган 4-статьяда Алынган пайда жана кеткен чыгым тартуулар жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн, учурдагы мезгил үчүн таза пайда (чыгым) чагылдырылат.   

"Учурдагы жылы адистештирилген финансы-кредит мекемесинин келечек керектөөлөрү үчүн камдагы өзгөртүүлөр (нетто)" деп аталган 5-статьяда учурдагы жыл ичинде орун алган келечек керектөөлөр үчүн камдагы кайсы болбосун өзгөртүүлөрдүн таза эффекти көрсөтүлөт.  

"Учурдагы бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасир этүүчү башка камдардагы өзгөртүүлөр (нетто)" деп аталган 6-статьяда негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдагы өзгөртүүлөрдү кошо алганда, учурдагы жылы бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасир эткен башка камдардагы кайсы болбосун өзгөртүүлөрдүн таза эффекти чагылдырылат.  

өнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акчалай дивиденддерди минуска чыгаруу менен" деп аталган 7-статьяда отчеттук күнгө карата төлөнүп берилбеген дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган бардык акча дивиденддери көрсөтүлөт.   

 "Артыкчылык берилген акциялар боюнча жарыяланган акчалай дивиденддерди минуска чыгаруу менен" деп аталган 8-статьяда кийинки отчеттук мезгил ичинде төлөнүп берилүүчү дивиденддерди кошо алганда, ошол жылдагы мөөнөтү чектелген артыкчылыктуу акциялар сыяктуу эле, мөөнөтү чектелбеген акциялар боюнча жарыяланган бардык акча дивиденддер чагылдырылат. 

“Жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акциялар түрүндө дивиденддерди минуска чыгаруу менен” деп аталган 9-статьяда отчеттук күнгө карата капиталда таанылбаган акцияларды кошо алганда, учурдагы жыл ичинде акциялар түрүндө жарыяланган дивиденддер чагылдырылат.   

"Артыкчылык берилген акциялар боюнча жарыяланган акциялар түрүндөгү дивиденддерди минуска чыгаруу менен" деп аталган 10-статьяда отчеттук күнгө карата капиталда таанылбаган дивиденддерди кошо алганда, төлөө мөөнөтү чектелүү сыяктуу эле, мөөнөтсүз артыкчылык берилген акциялар боюнча, акциялар түрүндө учурдагы жылдын ичинде жарыяланган дивиденддер көрсөтүлөт.   

"Өтүп жаткан жылы бөлүштүрүлбөгөн пайдага башка корректировкалар, нетто" деп аталган 11-статьяда өтүп жаткан жылы бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасир этүүчү кайсы болбосун башка өзгөрүүлөрдүн нетто-балансы.   

"Отчеттук мезгилдин акырына карата бөлүштүрүлбөгөн жыйынтыктап алгандагы пайда" деп аталган 12-статьяда бул таблицада 3-статьядан тартып 11-статьяга чейинки статьялардын суммасын билдирет. Бул сумма отчеттук мезгил үчүн баланстык отчеттогу бөлүштүрүлбөгөн пайданын суммасына ылайык келүүгө тийиш.   

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин  

ишин жөнгө салуу эрежелерине карата 

6-тиркеме 

 

 

2015-жылдын “______” ____________  

карата абал боюнча  

Мезгил-мезгили менен  

берилүүчү регулятивдик отчет 

 

 

5-БӨЛҮК. ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАСЫН САТЫП АЛУУ ЖАНА САТУУ БОЮНЧА КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

 

А бөлүкчө. НАК ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАСЫН САТЫП АЛУУ ЖАНА САТУУ БОЮНЧА КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

 

саат 9:00гө чейинки отчет  

Валюта коду  

Күндүн башталышына карата калдык  

Сатып алуунун курсу (сом/чет өлкө валютасына) 

Сатып алуу көлөмү  

анын ичинде: коммерциялык банктардан сатып алуу 

анын ичинде: резидент эместерден сатып алуу 

Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасына) 

Сатуу көлөмү 

анын ичинде: коммерциялык банктарга сатуу 

анын ичинде: резидент эместерге сатуу 

 

Күндүн акырына карата калдык 

10 

11 

 № 1- маалымдама 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Касса аппаратынын номери 

Күн ичинде биринчи чектин номери 

Күн ичинде акыркы чектин номери 

Эскертүү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эскертүүлөр: 

"Нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча отчет” бөлүкчөсүндө төмөнкү маалыматтар чагылдырылат.  

"Валюта коду" тилкесинде № 1- маалымдамага ылайык валютанын сан түрүндөгү коду көрсөтүлөт.  

үндүн башталышына карата калдык" тилкесинде күндүн башталышына карата нак чет өлкө валютасынын калдыгынын.жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

"Сатып алуу көлөмү" тилкесинде сомго сатып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

"Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасына)" тилкесинде сатылып алынган чет өлкө валютасынын орточо алынган курсу көрсөтүлөт.  

"Анын ичинде коммерциялык банктардан сатып алуу" тилкесинде коммерциялык банктардан сомго сатып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

"Анын ичинде резидент эместерден сатып алуу" тилкесинде резидент эместерден сомго сатып алынган нак/нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

“Жана башка агылып кирүү” тилкесинде негизги статьялардын тизмесине камтылбаган, операциялар боюнча келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

"Сатуу көлөмү" тилкесинде сомго сатылган нак чет өлкө валюталардын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

"Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасына)" тилкесинде сатылган нак чет өлкө валюталарынын орточо алынган курсу көрсөтүлөт.  

"Анын ичинде коммерциялык банктарга сатуу" тилкесинде коммерциялык банктарга сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

“анын ичинде резидент эместерге сатуу" тилкесинде резидент эместерге сомго сатылган нак/нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

“Жана башка агылып чыгуу” графасында негизги статьялардын тизменсинде камтылбаган операциялар боюнча нак чет өлкө валютасынын чыгашасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

үндүн акырына карата калдык" графасында күндүн акырындагы нак чет өлкө валютасынын калдыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

 

 

№1 маалымдама. Валюталардын маалымдамасы (эл аралык классификатор) 

Код 

Шарттуу белгилөө 

Валюта 

398 

KZT 

Казак теңгеси 

643 

RUB 

Орус рубли 

840 

USD 

АКШ доллары 

860 

UZS 

Өзбек суму 

978 

EUR 

Евро 

 

 

саат 12:00гө чейинки отчет  

Валюта коду 

Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасына) 

Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасына) 

№1 маалымдама 

 

 

 

 

Эскертүүлөр: 

“Валюта коду” тилкесинде №1 маалымдамасына ылайык валютанын сан түрүндөгү коду көрсөтүлөт. 

“Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) тилкесинде сатып алынган нак чет өлкө валютасынын орточо алынган курсу көрсөтүлөт. 

“Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) тилкенсинде сатылган чет өлкө валютасынын орточо алынган курсу көрсөтүлөт. 

 

Б бөлүкчөсү. НАК ЭМЕС ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАСЫН САТЫП АЛУУ ЖАНА САТУУ БОЮНЧА КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ    

   

I-бөлүк 

   

Көрсөткүчтөр 

АКШ доллары 

Евро 

Орус 

рубли 

Казак 

теңгеси 

Кытай 

юаны 

Башка чет өлкө валюталар 

Күндүн башталышына карата калдык, бардыгы болуп   

анын ичинде:   

- банк-резиденттердин эсептешүү эсептеринде: 

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5   

- банк-резидент эместердин эсептешүү эсептеринде:   

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5 

Валюталардын агылып кирүүсү, бардыгы болуп,    

анын ичинде:    

- акча которуулар, пластик карттар, чектер ж.б. боюнча каражаттардын келип түшүүсү (эсепти ачуусуз)   

- сатылып алынганы, бардыгы болуп  

анын ичинде:   

- банк-резиденттерден: 

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5  

- банк-резидент эместерден: 

Банк 1  

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5  

- нак акчага айландыруу   

- конвертация   

- башка агылып кирүү   

   

   

   

   

   

 

   

II-бөлүк 

   

Көрсөткүчтөр 

АКШ доллары 

Евро 

Орус 

рубли 

Казак 

теңгеси 

Кытай 

юаны 

Башка чет өлкө валюталар 

Валюталардын чыгашасы, бардыгы болуп   

анын ичинде:   

- акча которуулар, пластик карттар, чектер ж.б. боюнча каражаттарды төлөп берүү (эсеп ачуусуз)   

- сатылганы, бардыгы болуп  

анын ичинде:   

- банк-резиденттерге: 

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5 

- банк-резидент эместерге: 

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5   

- нак акчага айландыруу   

-конвертация   

- башка чыгашасы 

- күндүн акырына карата калдык, бардыгы болуп   анын ичинде:   

банк-резиденттердин эсептешүү эсептеринде: 

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5 

Банк-резидент эместердин эсептешүү эсептеринде: 

Банк 1 

Банк 2 

Банк 3 

Банк 4 

Банк 5   

   

   

   

   

   

 

   

 

Аткаруучу кол тамга: ____________________ 

 

 

   

 

 

Эскертүүлөр: 

“Нак эмес чет өлкө валютасы менен операциялар боюнча отчет” Б бөлүкчөсүндө төмөнкү маалыматтар чагылдырылат. 

“Күндүн башталышына карата калдык, бардыгы болуп” тилкесинде банк-резиденттердин жана банк-резидент эместердин эсептешүү эсептериндеги күндүн башталышына карата чет өлкө валютасындагы нак эмес каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт. 

“анын ичинде банк-резиденттердин эсептешүү эсептеринде” тилкесинде банк-резиденттердин эсептешүү эсептериндеги күндүн башталышына карата чет өлкө валютасындагы нак эмес каражаттардын суммасы көрсөтүлөт. 

“анын ичинде банк-резидент эместердин эсептешүү эсептериндеги” тилкесинде банк-резидент эместердин эсептешүү эсептериндеги күндүн башталышына карата чет өлкө валютасындагы нак эмес каражаттардын суммасы көрсөтүлөт.  

“Валютанын агылып кирүүсү, бардыгы болуп” тилкесинде отчеттук күн ичинде келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

“анын ичинде акча которуулар, пластик карттары, чектер ж.б. боюнча каражаттардын келип түшүүсү (эсеп ачуусуз)” тилкесинде адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кардарлары үчүн акча которуулар (эсеп ачуусуз), пластик карттары, чектер ж.б. боюнча келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“анын ичинде сатып алынганы, бардыгы болуп” тилкесинде адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан сомго сатып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

“алардын ичинен банк-резиденттерден сатып алынган” тилкесинде банк-резиденттерден сомго сатып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“алардын ичинен банк-резидент эместерден сатып алынган” тилкесинде банк-резидент эместерден сомго сатып алынган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“анын ичинде нак акчага айландыруу” тилкесинде комиссиялык төлөмдөрдү эске албаганда, окшош болгон нак чет өлкө валютасына алмашууга келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“анын ичинде конвертация” тилкесинде башка валютага алмашууга келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасынын суммардык көлөмү көрсөтүлөт. 

“анын ичинде башка агылып кирүүлөр” тилкесинде негизги статьялар тизмегине киргизилбеген операциялар боюнча келип түшкөн нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“Валютанын чыгашасы, бардыгы болуп” тилкесинде отчеттук күн ичинде чыгымдалган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

“анын ичинде акча которуулар, пластик карттары, чектер ж.б. боюнча каражаттарды төлөөлөр (эсеп ачуусуз” тилкесинде адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кардарларына акча которуулар (эсеп ачуусуз), пластик карттары, чектер ж.б. боюнча төлөнүп берилген нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“анын ичинде сатылганы, бардыгы болуп” тилкесинде адистештирилген финансы-кредит мекемесине сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

“алардын ичинде банк-резиденттерге” тилкесинде банк-резиденттерге сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. “Алардын ичинен банк-резидент эместерге” тилкесинде банк-резидент эместерге сомго сатылган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“анын ичинде нак акчага айландыруу” тилкесинде комиссиялык төлөмдөрдү эске албаганда, окшош болгон нак валютага алмаштырууда сунушталган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“анын ичинде конвертация” тилкесинде башка валютага сунушталган нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“анын ичинде башка агылып чыгуулар” тилкесинде негизги статьялар тизмегине киргизилбеген операциялар боюнча чыгымдалган нак эмес чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

“Күндүн акырына карата калдык, бардыгы болуп” тилкесинде банк-резиденттердин жана банк-резидент эместердин эсептешүү эсептеринде күндүн акырына карата чет өлкө валютасындагы нак эмес каражаттардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

“анын ичинде банк-резиденттердин эсептешүү эсептериндеги” тилкесинде банк-резиденттердин эсептешүү эсептериндеги күндүн акырына карата нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“анын ичинде банк-резидент эместердин эсептешүү эсептериндеги” тилкесинде банк-резидент эместердин эсептешүү эсептериндеги күндүн акырына карата нак эмес чет өлкө валютасынын суммасы көрсөтүлөт. 

“Жана башка чет өлкө валюталары” тилкесинде ар бир чет өлкө валютасы боюнча валютанын сан түрүндөгү коду көрсөтүлөт.  

 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин  

ишин жөнгө салуу эрежелерине карата 

7-тиркеме  

 

2015-жылдын “______” ____________  

карата абал боюнча  

Мезгил-мезгили менен  

берилүүчү регулятивдик отчет 

 

 

 

 

6-БӨЛҮК. ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕРДИН САКТАЛЫШЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ 

 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Белгилөө 

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси  

Ченемдин белгиленген мааниси 

Белгиленген ченемден четтөө 

Минималдуу өздүк капиталдын ченеми 

Н1 

СК 

 

 

кеминде 100 %  

 

УК 

 

Ликвиддүүлүк ченеми 

Н2 

ЛА 

  

  

кеминде 100 %  

 

ОБ 

  

  

 

Аткаруучу кол тамгасы: ___________________