Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 28-сентябрындагы №40/4 токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 

«Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 28-сентябрындагы  

№40/4 токтомуна 

тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 

«Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө» жобонун: 

- 2.3-главасынын биринчи пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү «же болбосо кардар кайрылган учурга карата банктын менчигинде турган» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.3-главанын 3-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Банк тарабынан мурда сунушталган каржылоонун ордун жабуу эсебинен алынган мүлк, ошондой эле башка менчик Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жободо белгиленген талаптар сакталган шартта, мурабаха бүтүмүнүн алкагында сатып өткөрүлүшү мүмкүн.»; 

- 2.4-главанын 1-пунктунун биринчи сүйлөмү «башка мүлктү менчикке» деген сөздөрдөн кийин же болбосо кардар кайрылган учурга карата банктын менчигинде турган» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.4-главасынын 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Банк иджара бүтүмүнө кардардын билдирмесинин, келишим түзүү чечимин кабыл алуу үчүн зарыл болгон финансылык жана юридикалык документтердин негизинде келишет.»; 

- 2.8-главанын 39-пунктунун экинчи сүйлөмү алынып салынсын.