Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 28-сентябрындагы 

№ 40/6 токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:  

- 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/6 «Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү» жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 25 сентябрындагы №35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу».  

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, кредиттик союздарды, микрофинансылык уюмдарды жана насыялык бюролорду тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 28-сентябрындагы 

№ 40/6 токтомуна 

тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелерде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Микрофинансылык уюмдар жөнүндө» жана «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.»; 

- 30-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- карыз алуучуга мүнөздөмө. Банк, карыз алуучу насыялык каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө карыз алуучу ушул банкта же башка финансы-кредит мекемесинде буга чейин кредиттерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик өңүттө сыяктуу эле, жалпы инсандык маанидеги беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка мекемелерден алынган кредиттер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу зарыл. Мындан тышкары, карыз алуучунун макулдугу боюнча бир же бир нече кредиттик бюролордон ал тууралуу маалымат (кредиттик отчет) талап кылынат. 

Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш. 

Банк, кредиттик бюродон алынган отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат.»;  

- жобо төмөнкү мазмундагы 30-1-пункт менен толукталсын: 

«30-1. Банк, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого белгиленген талаптарга ылайык кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Кредиттик маалымат анык жана жаңыртылган, айкын маалыматтарга негизденген, өз убагында өткөрүлүп берилген, ошондой эле банк менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.  

Банктын кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары, ошондой эле кредиттик бюро менен маалымат алмашуу жөнүндө келишимди түзүүдө банктын укуктары жана милдеттери, анын ичинде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу; 

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан банк жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу

- кредиттик бюрого банк жоопкерчилик тарткан кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү

- кредиттик маалымат субъектисинин талабын кошо алганда, сунушталган маалымат бурмаланган учурларда, кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу. 

Банк, бардык карыз алуучуларды кошо алганда, кредиттик бюрого берилүүчү кредиттик маалыматтын бурмаланышы, маалыматтын толук жана өз убагында берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.». 

2.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун: 

- 1-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» деген сөздөр «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 13-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи пунктча менен толукталсын: 

«5) МФУ кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Кредиттик маалымат анык жана жаңыртылган, айкын маалыматтарга негизденген, ошондой эле МФУ менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш. 

МФУнун кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча кредиттик саясатында/ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары камтылууга тийиш: 

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу; 

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан МФУ жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу

Мындан тышкары, кредиттик саясатта кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер, анын ичинде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү

- кредиттик маалымат субъектисинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу. 

МФУ, бардык карыз алуучуларды кошо алганда, кредиттик бюрого сунуштаган кредиттик маалыматтын бурмаланышы, анын толуктугу, өз убагында сунушталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.». 

-  20-пункт төмөнкү мазмундагы 2-1-пунктча менен толукталсын: 

«2-1) карыз алуучунун макулдугу боюнча бир же бир нече кредиттик бюродон ал тууралуу маалыматты (кредиттик отчетту) талап кылууга; 

МФУ кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш. 

МФУ кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат.»;  

- 34-пункттун 7-пунктчасындагы «(эгерде, бул МФУ анын катышуучусу болуп саналса)” деген сөздөр алынып салынсын.  

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун:  

- 1.1-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздар жөнүндө» деген сөздөр «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.2.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Кредиттик союз, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Кредиттик маалымат анык жана жаңыртылган, айкын маалыматтарга негизденүүгө тийиш. 

Кредиттик союздун кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары камтылууга тийиш: 

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу; 

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан кредиттик союз жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу

Мындан тышкары, кредиттик саясатта кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер, анын ичинде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү

- кредиттик маалымат субъектисинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу. 

Кредиттик союз, бардык карыз алуучуларды кошо алганда, кредиттик бюрого сунуштаган кредиттик маалыматтын бурмаланышы, анын толуктугу, өз убагында сунушталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.»; 

- 5.1.3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- карыз алуучуга мүнөздөмө. Кредит боюнча иш алып барган кызматкер карыз алуучу насыялык каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын жана карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө карыз алуучу буга чейин башка финансы-кредит мекемесинин кредиттеринен пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик өңүттө сыяктуу эле, жалпы инсандык маанидеги беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка мекемелерден алынган кредиттер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу зарыл. Ошондой эле, карыз алуучунун макулдугу боюнча бир же бир нече кредиттик бюролордон ал тууралуу маалымат (кредиттик отчет) талап кылынат. 

Кредиттик союз кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш. 

Кредиттик союз кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат.»; 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/6 «Депозиттерди тартпаган МФУнун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтомдун аталышындагы «Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» деген сөздөр «Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтомдун 1-пунктундагы «Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» деген сөздөр «Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоонун: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоо»; 

- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул, Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоо (мындан ары нускоо) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» (мындан ары «МФУлар жөнүндө» мыйзам), «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» (мындан ары «ПОД/ФТЭ жөнүндө» мыйзам), «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдарга, «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары менен кредиттик союздарында ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого, Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерине, Адистештирилген финансы-кредит мекемелердин ишин жөнгө салуу эрежелерине, Кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерине, «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобого ылайык иштелип чыккан жана ал микрофинансылык уюмдарга (мындан ары МФУ), анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүзөгө ашырган МФУларга: депозиттерди тартпаган микрофинансылык компаниялар (мындан ары МФК), микрокредиттик компанияларга (мындан ары МКК), микрокредиттик агенттиктерге (мындан ары МКА), ошондой эле адистештирилген финансы-кредит мекемелерине жана кредиттик бюролорго таркатылат.»; 

- Нускоонун бүтүндөй текстиндеги «Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. «МФУлар жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» жана «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) МФУлардын, адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин, ошондой эле кредиттик бюролордун ишин жөнгө салат жана аларга көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.»; 

- 3-пункттун: 

д) жана е) пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«д) Байкоо органы бул МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюролордун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун башкаруу органы (Директорлор кеңеши/Байкоо кеңеши); 

е) Аткаруу органы бул МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюронун күндөлүк ишине жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюронун башкаруу органы (Башкарма/Дирекция/Башкаруучу).»; 

пункт төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын: 

«ж) Адистештирилген финансы-кредит мекемеси бул, чет өлкө валютасын алмашуу ишин жүзөгө ашырган финансылык мекеме; 

з) Кредиттик бюро бул, коммерциялык уюм болуп саналган, лицензиянын негизинде кредиттик маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган юридикалык жак.»; 

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Бул нускоодо МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттары жана түрлөрү аныкталат. Мындан тышкары, бул нускоодо МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишине текшерүүлөр жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, аларга карата коюлуучу милдеттүү талаптар аныкталат.»; 

- 5-пункттагы «МФУ» деген сөздөр «жана адистештирилген финансы-кредит мекемеси» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарынан болуп, эң башкысы, төмөнкүлөр саналат: 

а) МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун туруктуу иш алып баруусуна кесепетин тийгизиши ыктымал болгон тобокелдиктерди, кемчиликтерди жана көйгөй жараткан жактарды аныктоо, МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишине баа берүү

б) МФУнун жана адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары, анын ичинде финансылык кызматтардан керектөөчүлөр укугун коргоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча талаптарга ылайык келишин жана алардын аткарылышын аныктоо; 

в) МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун Улуттук банкка сунуштаган регулятивдик отчетунун аныктыгына баа берүү;  

г) МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюролордун абалын жакшыртуу жана тобокелдиктерди басаңдатуу максатында, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү жана жазма буйруктарды иштеп чыгуу, ал эми зарыл учурда - таасир этүү чараларын колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; 

д) МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюролордун Байкоо органдары жана Аткаруу органдары тарабынан буга чейинки текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн жана жазма буйруктардын аткарылышына баа берүү

е) микрофинансылык кызматтардын кредиттер боюнча пайыздык чен түптөлүүчү компоненттер боюнча баа түзүүсүнүн, ошондой эле тарифтерди иштеп чыгуу жана бекитүү тартибинин ички баа түзүү саясатына жана МФУлардын бизнес-пландарына ылайык келүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

ж) ошондой эле МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун аларга мүнөздүү болгон тобокелдиктерге жараша башка иш чөйрөсү.»; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Белгиленген максаттарга жараша инспектордук текшерүүлөр комплекстүү (МФУга, адистештирилген финансы-кредит мекемесине жана кредиттик бюролорго мүнөздүү тобокелдиктерге баа берүү үчүн) жана максаттуу (МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишинин айрым аспектилерине байкоо жүргүзүү жана кылдат кароого алуу үчүн) жүргүзүлүшү мүмкүн.»; 

- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Текшерүүлөр план боюнча (МФУга, адистештирилген финансы-кредит мекемесине, кредиттик бюролорго алдын ала билдирүү менен) сыяктуу эле, күтүүсүз да болушу мүмкүн (текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө кат жүзүндө алдын ала билдирме жөнөтүүсүз). План боюнча инспектордук текшерүүнү жүргүзүүдө Улуттук банк текшерүү жүргүзүүгө чейинки 5 жумуш күнү мурда зарыл документтер тизмегин кошо тиркөө менен (3, 3-1, 3-2-тиркемелер) билдирүү катын (1-тиркеме) мекемеге жөнөтөт, ал эми текшерүүгө жолдомо кагазы (2-тиркеме) мекемеге сунушталат.»; 

- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. МФКну, адистештирилген финансы-кредит мекемесин жана кредиттик бюрону текшерүүгө жолдомо кагазга Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кол коет, ал эми МКК жана МКАларды текшерүүгө жолдомо кагазга - Улуттук банктын Инспектрлөө башкармалыгынын/ областтык башкармалыктын начальниги, Улуттук банктын Баткен өкүлчүлүгүнүн директору тарабынан кол коюлат. 

Күтүүсүз инспектордук текшерүү жүргүзүү учурунда текшерүүгө жолдомо кагаз инспекторлор тобу тарабынан түздөн-түз МФУга, адистештирилген финансы-кредит мекемесине жана кредиттик бюрого көрсөтүлөт.»; 

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Жеринде барып текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү 35 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. МФУну, адистештирилген финансы-кредит мекемесин, кредиттик бюрону текшерүү түрүнө, көлөмүнө, ошондой эле жагдайдын татаалдыгына жараша текшерүү мөөнөтү МФУну, адистештирилген финансы-кредит мекемесин, кредиттик бюрону текшерүү үчүн кошумча жолдомо кагазга Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, ал эми МКК менен МКАлар үчүн Инспектрлөө башкармалыгынын/областтык башкармалыктардын начальниктери тарабынан кол коюлуп, узартылышы мүмкүн. Мында, жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 60 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш.»; 

- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. МФУга, адистештирилген финансы-кредит мекемесине жана кредиттик бюролорго инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү аралыгы Улуттук банк тарабынан МФУда, адистештирилген финансы-кредит мекемесинде жана кредиттик бюродо келип чыккан тобокелдиктерди эске алуу менен аныкталат. Улуттук банк белгилүү бир кырдаалдарга/жагдайларга жараша тез-тез текшерүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн (мисалы, карыз алуучулардан даттануулар келип түшсө, МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун иши начарласа, укук коргоо органдары кайрылса жана башка себептер боюнча).»; 

- 4-бөлүктүн бүтүндөй текстиндеги «МФУ» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролор» деген сөздөр менен толукталсын; 

-5-бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун жетекчилиги менен алдын ала жана жыйынтыктоочу жолугушуулар»; 

- 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Комплекстүү текшерүүнүн акыркы жумасында текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү жыйынтыгы жана тыянактар, сунуш-көрсөтмөлөр жана жазма буйруктардын долбоорлору тууралуу мекеменин жетекчилигине маалымдоо үчүн МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюронун Аткаруу органы (же анын милдетин аткарган адам менен) жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдын ала жолугушат. Анын алкагында текшерүү тобу тарабынан белгиленген тигил же бул маселе боюнча түшүндүрмө же комментарийлерди берүүгө мүмкүндүк берилет.  

Алдын ала жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыскача протокол түзүлөт, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн кийинки 3 жумуш күн ичинде кол коюлушу зарыл. 

МФУ, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро мындай протоколго кол тамга коюудан баш тарткан учурда МФУга, адистештирилген финансы-кредит мекемесине жана кредиттик бюрого жолугушууда талкууга алынган негизги маселелер чагылдырылган кат жөнөтүлөт.»; 

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Текшерүү аяктагандан кийин текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюронун Аткаруу жана Байкоо органдарынын мүчөлөрү менен жолугушат (зарылчылыкка жараша), ал МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюронун Аткаруу органына текшерүү жыйынтыгы, тобокелдикке тиешелүү тыянактарды талкуулоо, ошондой эле сунуш-көрсөтмөлөрдү менен жазма буйруктарды жөнөтүү үчүн уюштурулат. Зарыл учурларда жолугушууда Инспектрлөө башкармалыгынын начальниги (же анын милдетин аткарган адам) катышышы мүмкүн. Жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси МФУ, адистештирилген финансы-кредит мекемеси, кредиттик бюро үчүн кыйла тобокелдүү тармактарга көбүрөөк көңүл бурууга тийиш. Мындан тышкары, жыйынтыктоочу жолугушууда МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюронун Аткаруу органы көзөмөл органы тарабынан белгиленген маселелер боюнча түшүндүрмө алуу, ал эми инспекторлор өз суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.  

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун Аткаруу органына текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар менен тааныштырууга тийиш:  

а) кредиттик тобокелдик; 

б) ликвиддүүлүк тобокелдиги; 

в) операциялык тобокелдик; 

г) рынок тобокелдиги; 

д) маанилүү болуп саналган башка тобокелдиктер; 

е) МФУнун ишинин тескөөгө алынышына баа берүү

ж) текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган, мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуулар; 

з) башка маанилүү маселелер. 

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүүнүн жетекчиси адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Аткаруу органына текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар менен тааныштырууга тийиш: 

а) кассалык операцияларды жүргүзүү талаптарын сактоо; 

б) текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү мыйзамдарын бузуулар; 

в) Улуттук банкка такталган маалымат камтылган отчетторду сунуштоо; 

г) башка маанилүү маселелер. 

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүүнүн жетекчиси кредиттик бюронун жетекчилигине текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар менен тааныштырууга тийиш: 

а) кредиттик таржымалдар камтылган маалымат базасынын коопсуздугун камсыз кылуу; 

б) кредиттик бюронун иш алып баруусу; 

в) маалыматтардын сакталышын жана тактыгын камсыз кылуу; 

г) кредиттик отчетторду берүү боюнча талаптарды сактоо; 

д) кардарлардын даттанууларын кароого алуу; 

е) кредиттик бюронун тескөөгө алынышына баа берүү

ж) текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарды жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуулар; 

з) башка маанилүү маселелер.»; 

- 20-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Жыйынтыктоочу жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюронун Аткаруу органына текшерүү учурунда аныкталган бардык кемчиликтерди четтетүү зарылчылыгы жөнүндө маалымдайт, ошондой эле аларды алгылыктуу көз караштан чечүү жолдорун жана аткаруу мөөнөттөрүн талкуулайт. МФУ, адистештирилген финансы-кредит мекемеси, кредиттик бюро протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, аларга жолугушууда талкууланган негизги маселелер чагылдырылган кат жөнөтүлөт.»; 

- 22-23-пунктардагы «МФУ» деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү «адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 25-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ишин жеринде барып текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто төмөнкү маселелер (бирок муну менен чектелбестен) камтылат: 

а) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ишине мүнөздүү болгон негизги тобокелдиктерди кароо жана анын ишинин тескөөгө алынышына баа берүү

б) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

в) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин лицензиясында уруксат берилген башка операцияларды жүргүзүү ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

г) адистештирилген финансы-кредит мекемесине сунушталган отчеттогу маалыматтардын аныктыгын текшерүү

д) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ишинин Улуттук банктын Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсүн аныктоо. 

Кредиттик бюронун ишин жеринде барып текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто төмөнкү маселелер (бирок муну менен чектелбестен) камтылат: 

а) кредиттик бюронун ишине мүнөздүү болгон негизги тобокелдиктерди кароо жана анын ишинин тескөөгө алынышына баа берүү

б) кредиттик бюронун кредиттик маалыматтарды сактоо, топтоо жана алмашуу ишин, ошондой эле бул ишти жүзөгө ашыруу боюнча талаптардын сакталышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

в) кредиттик бюронун отчеттун камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү

г) кредиттик бюронун ишинин кредиттик бюролордун ишин жөнгө салган мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына шайкеш келүүсүн аныктоо.»; 

- 26, 27 жана 28-пункттардагы «МФУ» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 8-11-бөлүктөрдүн бүтүндөй текстиндеги «МФУ» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөгү «адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1-тиркеменин бүтүндөй текстиндеги «МФК/МКК/МКА» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөгү «, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2-тиркеменин бүтүндөй текстиндеги «МФК/МКК/МКА» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөгү «, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4-тиркеменин бүтүндөй текстиндеги «МФК/МКК/МКА» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөгү «, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 5-тиркеменин бүтүндөй текстиндеги «МФУ» жана «МФК/МКК/МКА» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөгү «, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро» деген сөздөр менен толукталсын; 

- нускоо төмөнкү мазмундагы 3-1 жана 3-2-тиркемелер менен толукталсын: 

« 

Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз  

Республикасынын Улуттук банкынан лицензия  

алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган  

башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү 

жүргүзүү жөнүндө нускоого карата 3-1-тиркеме  

Адистештирилген финансы-кредит мекемелери тарабынан текшерүү үчүн сунушталуучу документтердин жана маалыматтардын 

 

ТИЗМЕГИ  

 

I. Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салган документтер жана башка мааалыматтар: 

1. Уюштуруу документтери: Уюштуруу келишими, Устав. 

2. Капиталдын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтар. 

3. Улуттук банктын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк. 

4. Катышуучулардын текшерүү жүргүзүлгөн күнгө карата абал боюнча реестри. 

5.  Уставдык капиталга карата пайыздык катышта ээлик кылуу суммасын жана үлүшүн көрсөтүү менен негизги катышуучулардын тизмеги. 

6. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ишин жөнгө салган ченемдик документтердин реестри. 

7. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ишин жөнгө салган жана анын саясатын аныктаган документтердин топтому: ички саясат, нускоолор, жоболор, жол-жоболор, көрсөтмөлөр, каттар жана тобокелдиктерди тескөө саясаттары же адистештирилген финансы-кредит мекемеси тобокелдиктерди (кредиттик, рыноктук, операциялык, ликвиддүү ж.б) кандайча идентификациялоону, баа берүүнү, көз салууну, контролдукка алууну жүзөгө ашыруусун чагылдыруу.  

9. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин акционерлеринин/ катышуучуларынын, Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын, Аудит боюнча комитетинин, Башкармасынын/Аткаруу органынын отурумдарынан толтурулган протоколдор (бардык материалдарды жана отчетторду кошо тиркөө менен). 

10. Иштеген мөөнөтүн жана ордун көрсөтүү менен адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын мүчөлөрүнүн анкеталары. 

11. Ээлеген кызматын, милдеттерин көрсөтүү менен адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Башкармасынын/Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, Башкарманын/Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн өздүк көктөмөлөрү

12. Түздөн-түз тескөөгө алган маселелердин жана милдеттеринин тизмесин көрсөтүү менен адистештирилген финансы-кредит мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тизмеси. 

13. Ар бир ыкчам маалымат алуу бөлүмүнүн, департаменттин жана функционалдык топтун телефон номерлерин көрсөтүү менен биринчи кезекте байланышуучу кызматкерлердин тизмеси. 

14. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уюштуруу түзүмү

15. Адистештирилген финансы-кредит мекемесин стратегиялык өнүктүрүү планы, өткөн жылдарга жана өтүп жаткан жылга карата бизнес-план. 

16. Капиталды калыптандыруу боюнча туруктуу сактоодо турган көктөмөлөр. 

17. Өткөн эки жыл үчүн мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор жана экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу маалыматтар. 

18. Ликвиддүүлүктүн бардык аспекттерин, активдердин жана пассивдердин жана бардык финансылык тобокелдиктердин (пайыздык, валюталык ж.б.) тескөөгө алынышына мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулуучу негизги башкаруучулук отчетторунун көчүрмөлөрү

19. Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар менен кат алышуулар. 

20. Өздүк курам жана негизги иш багыты боюнча буйруктар. 

21. Филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин тизмеси. 

22. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин штаттык тизими. 

23. Өткөн текшерүү боюнча берилген жазма буйруктардын/сунуш-көрсөтмөлөрдүн аткарылышы боюнча отчеттор. 

24. Туунду, караштуу же байланыштуу компаниялар жөнүндө маалыматтар. 

II. Бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана аудит боюнча маалыматтар: 

1. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин 20__-жылдын «01» ______________ карата бухгалтердик балансы. 

2. Баланстын бардык статьяларын жана түшкөн пайда жана кеткен чыгым жөнүндө отчетту чечмелөөлөр. 

4. Коммерциялык банктар менен төлөөлөр жана кассалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн келишимдер. 

5. Инсайдерлер жана аффилирленген компаниялар менен операциялар боюнча маалымат. 

6. 20__-жылдын «01» ______________, 20__-жылдын «01» ______________, 20__-жылдын «01» ______________, 20__-жылдын «01» ______________ карата мезгил-мезгили менен берилүүчү отчет. 

7. Акыркы эки жыл жана өтүп жаткан жыл ичинде маанилүү багыттар боюнча айкын отчетторго салыштыруу менен кирешелер жана чыгашалар, ошондой эле бюджет жөнүндө отчеттордун көчүрмөлөрү

III. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук жөнүндө маалымат: 

1. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кардарларды идентификациялоо, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү боюнча ички документтери (саясаттары, жол-жоболору ж.б). 

2.  Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү максатында, компаниянын ички контролдук саясатынын ишке ашырылышына жоопкерчиликтүү болгон тобокелдик-менеджеринин жана кызматкеринин отчеттору. 

3. CARE жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы ортосунда кат алышуулар. 

4. Кардарлардын тизмеси: 

- жогорку категориядагы тобокелдикке ээ; 

- оффшордук аймактарда катталган; 

- эркин экономикалык аймакта катталган; 

- жүгүртүүлөрү отчеттордо көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн ашкан эсептер боюнча. 

5.  Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн тизмеси. 

6.  Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүлгөн маалыматтарды каттоо журналы. 

7. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү саясатын жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлерди тиешелүү окутуудан өткөрүү тууралуу маалымат. 

8. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү максатында, ички аудитордун/Ревизиялык комиссиянын/ички аудит функцияларын аткарган органдын ички контролдук системасын текшерүү боюнча отчеттору».  

 

 

  

Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого карата 3-2-тиркеме 

Кредиттик бюролор тарабынан текшерүү үчүн сунушталуучу документтердин жана маалыматтардын тизмеги 

 

1№ 

Иш чөйрөсү 

Документтер 

11 

Катталгандыгы/лицензия алгандыгы тууралуу маалымат 

Уюштуруу документтери: Уюштуруу келишими, Устав. 

12 

Башкаруу түзүмү 

1. Байкоо органынын, жетекчисинин, уюштуруучуларынын тизмеси.  

2. Жетекчинин тиешелүү квалификациясын жана тажрыйбасын кыскача чагылдыруу. 

33 

Байкоо органынын акыркы 12 ай ичинде өткөрүлгөн отурумдарынан толтурулган протоколдор 

Директорлор кеңешинин акыркы 12 ай ичинде өткөрүлгөн отурумдарынан толтурулган протоколдор 

44 

Комитеттер жана алардын ыйгарым укуктары 

Аудит боюнча комитет же кредиттик бюролор тарабынан ченемдик талаптардын сакталышы боюнча маселелерге жооп берген башка комитеттер жөнүндө жобо 

55 

Ички аудит 

Ички аудитти жүргүзүү жол-жоболору/эрежелери 

66 

Тышкы аудит 

Тышкы аудитти жүргүзүү жол-жоболору/эрежелери 

77 

Стратегиялык план жана бюджеттер 

Стратегиялык пландын жана бюджеттин көчүрмөлөрү 

88 

Штаттык тизим 

1. Аты-жөнү, кызматтык нускоолор жана тиешелүү башкаруу тажрыйбасы. 

2. Бул кызмат ордунда иштеген мезгили. 

3. Калган кызматкерлердин тизмеси, алардын квалификациясы. 

99 

Саясаттар жана жол-жоболор: 

1. Маалыматтарды алуу жана алардын тактыгын текшерүү боюнча; 

2. Маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча; 

3. Маалыматтардан, отчеттордон жана суроо-талаптардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү боюнча; 

4. Маалымат субьектилеринин кайрылууларын карап чыгууну уюштуруу боюнча; 

5. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча; 

6. Үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуу боюнча (авариялык жагдайдын кайра калыбына келтирилишин кошо алганда) 

Негизги тармактарда талаптардын сакталышын көзөмөлдөө жол-жоболору жана механизмдери кыскача баяндалган негизги саясаттардын жана жол-жоболордун көчүрмөлөрү

110 

Кызмат көрсөтүүлөр тууралуу келишимдер 

Кызмат көрсөтүүлөр боюнча келишимдердин көчүрмөлөрү 

111 

Программалык камсыздоо жана программалык камсыздону колдоого алуу (колдонмо программалар, программаларды түзүү, модификациялоо жана колдоого алуу үчүн жоопкерчилик тартуу. Сертификациялоо) 

Программалык камсыздоолор жана тиркемелер, ошондой эле негизги саясаттар жөнүндө кыскача маалымат 

112 

Үзгүлтүктөр жана кемчиликтер тууралуу отчеттор 

Өткөн жыл ичинде орун алган үзгүлтүктөр жана кемчиликтер тууралуу отчеттор 

113 

Маалымат сунуштоочулар 

Бардык маалымат сунуштоочулардын тизмеги, анын ичинде: 

- ар бир акыркы 3 ай ичинде сунушталган жазуулардын саны; 

- ар бир ай ичинде четке кагылган жазуулардын саны; 

- четке кагылган жазууларда дал келбөөчүлүктөрдү четтетүү үчүн көрүлгөн чаралар  

114 

Маалыматтан пайдалануучулар 

Бардык маалымат пайдалануучулардын тизмеги: 

- ар бир акыркы 3 ай ичинде келип түшкөн суроо-талаптардын саны; 

- акыркы 3 айдын ар бири үчүн натыйжалуу издөө коэффициенти. 

115 

Тактыгын жана тууралыгына баа берүү  

Тактыкка жана тууралыгына тиешелүү болгон саясаттардын жана жол-жоболордун көчүрмөлөрү, маалыматтарды текшерүү эрежелеринин көчүрмөлөрү 

116 

Керектөөчүлөрдүн жазуулардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү, купуялуулукту сактоо жана санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алдын алуу 

Керектөөчүлөрдүн жазуулардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн, анын ичинде маалыматтардан санкциясыз пайдалануусун алдын алуу үчүн идентификациялоону жана жол-жоболордун негизги атрибуттарын чагылдыруу 

117 

Керектөөчүлөрдүн даттанууларын кабыл алуу жана карап чыгуу 

Керектөөчүлөрдүн даттанууларын кабыл алуу, текшерүү жол-жоболору жана саясаты. 

1. Акыркы 3 ай ичинде керектөөчүлөрдөн келип түшкөн даттануулардын статистикасы: 

- кабыл алынган даттануулардын саны; 

- жөнгө салынган даттануулардын саны; 

- даттанууларды жөнгө салууга кеткен орточо убакыт; 

- жөнгө салынбаган даттанууларды кароо мөөнөтү

- «бир нече ирет даттануу менен кайрылган мекемелердин» тизмеги. 

2. Даттанууларды мазмунуна жараша бөлүштүрүү

3. Даттануулар менен иш алып барган кызматкерлердин саны. 

118 

Бухгалтердик баланс  

Кредиттик бюронун 20__-жылдын “01” __________ карата бухгалтердик балансы. 

Киреше жана чыгашалар тууралуу баланстын жана отчеттун бардык статьяларын чечмелөө

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Микрофинансылык уюмдар жөнүндө» жана «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана ал мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга жана микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банктар) таркатылат.»;  

- 34-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- кардарга/өнөктөшкө мүнөздөмө. Банк, кардар/өнөктөш каржылоону алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардар/өнөктөш ушул банкта же башка финансы-кредит мекемесинде буга чейин кредиттерден (насыядан) же өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик өңүттө сыяктуу эле, жалпы инсандык маанидеги беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка мекемелерден алган өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу зарыл. Мындан тышкары, кардар/өнөктөштүн макулдугу боюнча бир же бир нече кредиттик бюролордон ал тууралуу маалымат (кредиттик отчет) талап кылынат. 

Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш. 

Банк, кредиттик бюродон алынган отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат.»;  

- жобо төмөнкү мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын:  

«34-1. Банк, каржылоо боюнча бүтүмдөргө келишүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого банкта сакталган кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Кредиттик маалымат анык жана актуалдуу, айкын маалыматтарга негизденген, ошондой эле банк менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.  

Банктын кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары, ошондой эле кредиттик бюро менен маалымат алмашуу жөнүндө келишимди түзүүдө банктын укуктары жана милдеттери, анын ичинде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу; 

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан банк жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу

- кредиттик бюрого банк жоопкерчилик тарткан кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү

- кредиттик маалымат субъектисинин талабын кошо алганда, сунушталган маалымат бурмаланган учурларда, кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу. 

Банк, бардык кардарлар/өнөктөштөр боюнча маалыматты кошо алганда, кредиттик бюрого берилүүчү кредиттик маалыматтын бурмаланышы, маалыматтын толук жана өз убагында берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.».