Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 27-октябрындагы № 43/7 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

 

 

Төлөм системалары башкармалыгы тарабынан сунушталган маалыматты карап көрүп, нак эмес төлөмдөр үлүшүн көбөйтүү, ошондой эле электрондук акча менен иш алып барууга байланыштуу ишти колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү  киргизилсин: 

- токтом төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: 

“3-1. Жобонун 69-пунктунун талабы 2017-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет”.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү бул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы бул токтом менен республиканын иштеп жаткан коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана эл аралык электрондук акча системаларын тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага                                                                             Т. Абдыгулов