Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 

токтому 

 

 

 

 

өлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүүтууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын "КыргызРеспубликасынынУлуттукбанкыжөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелеринеылайык,КыргызРеспубликасынынУлуттукбанкБашкармасытоктомкылат: 

 

1. Кароого сунушталган "Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордун текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө"нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/11 "Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу"" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын. 

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 токтомуна 

тиркеме 

 

 

 

Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө 

 

 

НУСКОО  

 

1-ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР  

 

1. "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө"нускоо (мындан ары - Нускоо) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Администрациялык ишкердик жана администрациялык жол-жоболор жөнүндө" жана "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  

2. Нускоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) төмөнкү ишкердикти жүзөгө ашырууга укук чегерген лицензиясына ээ төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын (мындан ары көзөмөлгө алынган уюмдар) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу максаты, түрлөрү жана тартиби белгиленген:  

- маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына, ошол процессинг жана клиринг борборуна берүү боюнча кызматтарды сунуштоо.  

3. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берген шартта аларга карата таасир этүү чараларын колдонуу, Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан ошол талаптарды сактоосуна көзөмөлдүктү жүргүзүү ишинин бир бөлүгүн түзөт. 

4. Көзөмөлгө алынган уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруусуна көзөмөлдүк Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын коопсуздугун, натыйжалуулугун жана иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн уюштурулат жана жүзөгө ашырылат. 

5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүргүзүүдө өз милдеттерин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюмдардын, анын ичинде агенттердин ишине тиешелүүкандай болбосун маалыматты, ошондой эле отчетторду талап кылууга, алууга жана алынган  

маалымат боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга укуктуу. Талап кылынган маалымат Улуттук банктын талабында көрсөтүлгөн тиешелүү мөөнөткө ылайык сунушталууга тийиш.  

6. Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмдар менен өз ара иш алып баруусу жана маалымат алмашуусу текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду кароодо расмий сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар түрүндө жана башка кат жүзүндө документтерди сунуштоо аркылуу ишке ашырылат.  

 

2-ГЛАВА. ИНСПЕКТОРДУК ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ МАКСАТТАРЫ  

 

7. Көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарынан болуп төмөнкүлөр саналат:  

- көзөмөлгө алынган уюмдун жалпы финансылык абалына жана башкаруу процессинин сапатына баа берүү;  

- көзөмөлгө алынган уюмдарда төлөм системасынын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишине коркунуч жаратышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо;  

- көзөмөлгө алынган уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн жана алардын сакталышын аныктоо;  

- көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан Улуттук банкка сунушталган финансылык жана башка отчеттордун тактыгына жана аныктыгына баа берүү;  

- аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана кемчиликтерди четтетүү, көзөмөлгө алынган уюмдардын абалын жакшыртуу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу, ал эми зарыл учурларда эскертүү чараларын иштеп чыгуу;  

- көзөмөлгө алынган уюмдун мурдагы текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруусуна баа берүү.  

 

3-ГЛАВА. ИНСПЕКТОРДУК ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮН ТҮРЛӨРҮ  

 

8. Инспектордук текшерүүлөр алдыга коюлган маселеге жараша комплекстүү жана максаттуу болушу мүмкүн.  

9. Комплекстүү текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюмдун жалпы финансылык абалы, менеджментинин сапаты, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун туруктуулугуна коркунуч жараткан мүмкүн болуучу тобокелдиктер, кемчиликтер жана чабал жерлер аныкталат. 

10. Максаттуу текшерүүдө көзөмөлгө алынган уюмдун бир же бир нече ишкердик түрү текшерүүгө алынат (мисалы, процессинг, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу, электрондук акча ж.б.у.с.). 

11. Билдирүү тартибине жараша текшерүүлөр план чегинде (төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына алдын ала маалымдоо менен) жана күтүүсүз (текшерүү жөнүндө алдын ала билдирүүсүз) жүргүзүлүшү мүмкүн. 

12. Максаттуу текшерүүлөр күтүүсүз жүргүзүлүшү ыктымал. Күтүүсүз текшерүүнү жүргүзүүдө текшерүүгө жолдомо текшерүү тобу көзөмөлгө алынган уюмга келген учурда сунушталат.  

13. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүү жолдомосуна төмөнкүлөр кол коюуга укуктуу: 

- Улуттук банктын Төрагасы же аны алмаштырган адам; 

- Улуттук банктын Төрагасынын төлөм системаларын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин аткарган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Башкарманын мүчөсү же аны алмаштырган адам; 

- көзөмөлгө алынган уюм жайгашкан жер боюнча Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси же аны алмаштырган адам. 

14. Күтүүсүз максаттуу инспектордук текшерүүлөр төмөнкү жагдайлар орун алган учурда Улуттук банктын Төрагасынын чечиминин же Төраганын төлөм системаларын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин аткарган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын/Башкарма мүчөсүнүн же болбосо алардын милдетин аткарган башка кызмат адамынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн:  

- төлөм системасынын үзгүлтүксүз иши бузууга жол берилсе;  

- көзөмөлгө алынган уюмдар алдамчылыкка жол берсе, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз ишкердикти жүргүзүү фактылары орун алса же болбосо жарандардын, уюмдардын кайрылуусу боюнча;  

- сунушталган отчеттун негизинде, көзөмөлгө алынган уюмдун финансылык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн болгон терс тенденциялар табылса;  

- көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жагдайлар орун алса; 

- Улуттук банктын талаптары жана/же чечимдери аткарылбаса; 

- көзөмөлгө алынган уюм аларды аткаруусун текшерүү максатында Улуттук банк тарабынан жазма буйрук жөнөтүлсө.  

 

4-ГЛАВА. ИНСПЕКТОРДУК ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ  

 

15. Улуттук банк көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине план чегинде инспектордук текшерүүлөрдү Төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын төлөм системаларын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан бекитилген инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү планына ылайык эки жылда бир гана жолу жүргүзөт.  

16. План чегинде инспектордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн кеминде эки адамдан турган текшерүү тобу түзүлөт, ага Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана/же областтык башкармалыгынын/өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү кириши мүмкүн, мында текшерүү тобунун жетекчиси жана анын мүчөсүүчөлөрү дайындалат (мындан ары Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү). Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмга инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укугун тастыктаган документке (мындан ары - текшерүүнү жүргүзүүгө жолдомо) ушул нускоонун 13-пунктунда белгиленген Улуттук банктын кызмат адамынын кол тамгасы коюлат жана ыйгарым укуктуу өкүлдөргө тапшырылат. 

17. Инспектордук текшерүү жыйырма жумуш күнү ичинде жүргүзүлүүгө тийиш.  

18. Зарыл учурларда, Улуттук банктын Төрагасынын (же анын милдетин аткарган адамдын) же болбосо Төраганын төлөм системаларын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын/Башкарма мүчөсүнүн (же анын милдетин аткарган адамдын) чечими боюнча инспектордук текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү он жумуш күнүнө чейин узартылышы мүмкүн. 

19. Текшерүүнү жүргүзүүгө жолдомо Улуттук банк тарабынан ушул нускоого карата 1-тиркемеге ылайык эки нускада таризделип, ага нускоонун 13-пунктунда белгиленген Улуттук банктын кызмат адамынын кол тамгасы коюлат. 

20. Текшерүүнү жүргүзүүгө жолдомодо текшерүүнү баштоо жана аяктоо күнү, текшерилүүгө тийиш болгон маселелер (комплекстүү текшерүүдөн тышкары), текшерүү мезгили, ошондой эле Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жеке курамы жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.  

21. Эгерде текшерүү план чегинде жүргүзүлө турган болсо, текшерүүнүн жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмга зарыл документтердин тизмесин кошо тиркөө менен (2-тиркеме) текшерүү башталганга чейинки беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен билдирүү катын жөнөтүүгө тийиш, ал эми жолдомо уюмга келген учурда көрсөтүлөт.  

22. Инспектордук текшерүүнү баштоо күнү катары жолдомодо көрсөтүлгөн күн же текшерүү тобу көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнө инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө жолдомону тапшырган күн саналат.  

23. Тапшырылган күнү жана убактысы көрсөтүлгөн, көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн жолдомонун бир нускасы Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүндө калат, ал эми экинчиси көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылат.  

24. Текшерүүгө келгенден кийин текшерүү тобунун жетекчиси төмөнкү максаттарда көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси (же анын милдетин аткарган адам) менен жолугушат:  

- жолдомону тапшырууга, ошондой эле текшерүү чөйрөсү жана милдеттери жөнүндө билдирүүгө;  

- текшерүүнү жүргүзүү процессин талкуулоого;  

- анын/алардын иш чөйрөсүн белгилөө менен текшерүү тобунун мүчөсүүчөлөрү менен тааныштырууга;  

- көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги жана кызматкерлери менен өз ара иш алып баруу ыкмаларын аныктоого;  

- көзөмөлгө алынган уюмдун суроолоруна жооп берүүгө.  

25. Алгачкы эле текшерүү күнү көзөмөлгө алынган уюм билдирүү катына тиркелген тизмеде (ушул нускоонун 21-пункту) белгиленген бардык документтерди сунуштоого жана талаптагыдай жумуш орду менен өзүнчө жай бөлүп берүүгө милдеттүү. Документтер жок болсо ал өзүнчө акт менен таризделип, ага текшерүү тобунун жетекчиси жана көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү кол тамга коет. Өзүнчө бөлүнүп берилген жайда аудио/видео жаздыруучу каражаттар болбоого тийиш. 

26. Эгерде Улуттук банктын айрым ыйгарым укуктуу өкүлдөрү алмаштырылса/кошулса, инспектордук текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү узартылса же текшерүүгө кошумча маселелерди киргизүү зарылчылыгы келип чыкса, жолдомого тиешелүү кошумчалар тариздетилип, алар күчүнө киргенге чейинки бир жумуш күнү мурда көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылат. Текшерүүнү жүргүзүүгө жолдомого карата кошумчалар аны ишке ашыруу тапшырмасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

27. Көзөмөлгө алынган уюм документтердин түп нускасын сунуштайт. Өзгөчө учурларда гана, объективдүү себептер боюнча анын түп нускасын сунуштоо мүмкүн эмес болгон учурларда, көзөмөлгө алынган уюм анын кызмат адамынын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн сунуштайт.  

28. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүү учурунда көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги жана анын персоналы текшерүү тобуна ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө тийиш.  

29. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:  

- көзөмөлгө алынган уюм ишкердикти жүзөгө ашырган жайларга эркин кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;  

- көзөмөлгө алынган уюмдун документтерин жана маалыматтарын өз убагында алууга жана текшерүүгө, анын ичинде көзөмөлгө алынган уюмдун агенттеринин ишин текшерүүгө укуктуу. Бул учурда көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобунун агенттен маалыматтарды алуу, жайларга жана системаларга кирүү, ошондой эле маалыматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш;  

- зарыл учурларда инспектордук текшерүүнүн материалдарына кошо тиркөө үчүн, көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы жана уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн алууга;  

- уюмдун ишине тиешелүү маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү алууга;  

- уюмдун маалымат системаларын кароо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;  

- уюмдун маалымат системаларынан электрондук түрдө маалымат алууга;  

- көзөмөлгө алынган уюмдан жана төлөм системасынын катышуучуларынан төлөм системасынын ишине тиешелүү маселелер боюнча маалыматтарды талап кылууга.  

30. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү инспектордук текшерүүнү жүргүзүү учурунда төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча чараларга баа берүү үчүн көзөмөлгө алынган уюмдан документтерди жана маалыматтарды талап кылууга укуктуу.  

31. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү иштин жүрүшүндө келип чыккан маселелерди жетекчиликке алдын ала маалымдоосуз эле аткаруучулар менен түздөн-түз талкуулашы мүмкүн.  

32. Көзөмөлгө алынган уюм Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө уюмдун иши жүзөгө ашырылуучу жайларга тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылбаса, талап кылынган маалыматтарды жана документтерди, анын ичинде алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле уюмдун ишине тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү, уюмдун маалымат системаларын кароо мүмкүнчүлүгүн жана маалымат системаларынан маалыматтарды электрондук түрдө сунуштоодон баш тарткан учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул нускоонун 3-тиркемесине ылайык Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден - эки нускада инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысын түзөт.  

33. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысына Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол тамга коет. Ал эми бул актыга көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү кол коюудан баш тарткан учурда, бул тууралуу актыга чагылдырылат жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (текшерүү тобунун жетекчисинин жана анын мүчөлөрүнүн) кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт. 

34. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысында белгиленген фактылар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, көзөмөлгө алынган уюмга карата таасир этүү чараларын жана башка чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат.  

 

5-ГЛАВА. КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНГАН УЮМДУН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН АЛДЫН АЛА ЖАНА АНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА ЖОЛУГУШУУ  

 

35. Текшерүүнүн акыркы жумасында текшерүү тобунун жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги менен алдын ала жолугушуу өткөрөт, анда алдын ала текшерүү ишинин жыйынтыгы, аныкталган бузууга жол берүүлөр жөнүндө маалымдалат, ошондой эле тыянактар жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон талаптар талкууланат. Бул жолугушуунун алкагында көзөмөлгө алынган уюмга текшерүү тобунун мүчөлөрү тарабынан белгиленген иш чөйрөсүнө тиешелүү тигил же бул маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү же чечмелөөлөрдү берүү үчүн мүмкүндүк берилет. 

36. Алдын ала жолугушуу көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине кооптонууну жараткан маселелер боюнча жагдайды такташтыруу, орун алган проблемалар боюнча түшүндүрмө алуу, ошондой эле текшерүү тобунун мүчөлөрүнө суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.  

37. Алдын ала жолугушуунун жыйынтыгында кыскача протокол толтурулат, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн кийинки беш жумуш күнү ичинде кол коюлууга тийиш. Көзөмөлгө алынган уюм жолугушуунун жыйынтыгында түзүлгөн протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, көзөмөлгө алынгын уюм протоколго кол коюудан баш тартуу негиздемесин чагылдыруу менен Улуттук банкка кат жөнөтөт.  

38. Текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү иши аяктагандан кийинки он беш жумуш күнү ичинде тыянактарды жана текшерүү жыйынтыктарын талкуулоо үчүн көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги менен жыйынтык жолугушууну өткөрүүгө тийиш. Жолугушууда Улуттук банктын төлөм системаларын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги, зарылчылык келип чыккан учурда - Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/ошол башкармалыктын ишин түздөн-түз тескөөгө алган Башкарманын мүчөсү катышууга тийиш.  

39. Жыйынтыктап жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган тыянактарды маалымдайт, анда төмөнкүлөр камтылат:  

- инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузууга жол берүүлөр; 

- колдонуудагы эсепке алуу жана отчеттуулук системасына, маалымдоо жана ички контролдук системаларына баа берүү;  

- тобокелдиктерди тескөөгө баа берүү.  

40. Жыйынтыктап жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине аныкталган бардык кемчиликтерди четтетүү зарылчылыгын маалымдайт, ошондой эле бул проблемаларды чечүүнүн алгылыктуу жолдору боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берет жана аны аткаруу мөөнөттөрүн белгилейт.  

41. Жыйынтыктап жолугушуудан кийинки беш жумуш күн ичинде протокол түзүлүп, анда бардык талкууланган маселелер чагылдырылат жана ага текшерүү тобунун жетекчиси, көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү, ал жок учурда - анын милдетин аткарган адам кол тамга коет.  

 

6-ГЛАВА. ИНСПЕКТОРДУК ТЕКШЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

 

42. Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан инспектордук текшерүү отчету түрүндө Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден - эки нускада таризделет.  

43. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетто текшерүү жыйынтыгы жазуу жүзүндө көзөмөлгө алынган уюмдун башкармалыгынын коллегиалдуу аткаруу органы үчүн чагылдырылат. 

44. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетто бардык олуттуу тобокелдиктерди жана/же кемчиликтерди, проблемаларды жана көрүлүүчү зарыл чараларды кошо алганда, текшерүүнүн негизги тыянактары жана корутундулары маалымдалат, ошондой эле жагдайды турукташтыруу жана/же жакшыртуу үчүн көзөмөлгө алынган уюм милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар жана милдеттенмелер чагылдырылат.  

45. Бузууга жол берүү фактылары жөнүндө маалымат камтылган документтердин көчүрмөлөрүнө көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы коюлуп, уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлүп, инспектордук текшерүүнүн отчетуна кошо тиркелет. Бузууга жол берүү фактылары жөнүндө маалымат камтылган документтердин көчүрмөлөрү инспектордук текшерүү отчетунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

46. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана Улуттук банктын уруксаты болгон шартта гана отчетту үчүнчү жакка сунуштоого жол берилет. Көзөмөлгө алынган уюмдар инспектордук текшерүү жөнүндө отчеттун сакталышын камсыз кылууга жана анын кагаз же электрондук түрдө жайылтылышына жол бербөөгө тийиш.  

47. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетко Улуттук банктын текшерүүнү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол тамга коюшат. Көзөмөлгө алынган уюм отчетко кол коюудан баш тарткан учурда, ал актка чагылдырылат жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (текшерүү тобунун жетекчиси жана анын мүчөлөрү) кол тамгалары менен күбөлөндүрүлөт.  

48. Отчетто чагылдырылган инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен макул эмес болгон шартта, көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү отчетко кол коюу учурунда ага макул эместигин же сын-пикирлерин чагылдырууга укуктуу. Макул эместиги жана сын-пикирлери жазуу жүзүндө таризделип, ага көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы коюлуп, уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Инспектордук текшерүү отчету менен макул эместиги жана/же ал боюнча сын-пикирлер, ошондой эле аларды негиздеген документтер же алардын көчүрмөлөрү ушул отчетко кошо тиркелип түзүлүүгө тийиш.  

 

7-ГЛАВА. ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ 

 

49. Көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде кемчиликтер табылса жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталса, текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөлгө алынган уюмга карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдайт.  

50. Көзөмөлгө алынган уюмга карата таасир этүү чараларын колдонуу чечими белгиленген тартипте Улуттук банктын ченемдик документтерине ылайык мындай чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укук чегерилген Улуттук банктын тиешелүү кызмат адамдары жана органдары тарабынан кабыл алынат.  

 

8-ГЛАВА. ТЕКШЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ МЕНЕН ТААНЫШТЫРУУ  

 

51. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет көзөмөлгө алынган уюм менен жыйынтыктап жолугушуу өткөрүлгөн учурдан кийинки он жумуш күнүнөн кечиктирилбестен коштомо кат менен бирге көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине жөнөтүлөт. Отчеттун жеткирилип берилгендигин тастыктоо үчүн отчетту алган адамдын аты-жөнү жана берилген күнү милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.  

52. Коштомо катта төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- көзөмөлгө алынган уюм отчетто камтылган сунуш-көрсөтмөлөргө ылайык, аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүсү;  

- инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин ушул нускоонун 4-тиркемесине ылайык анын кол тамга коюлган барагына (барактарына) кол коюу зарыл, ошол эле учурда отчетто камтылган тыянактар жана корутундулар менен макул эместик анын ар бир барагына кол коюудан баш тартууга негиз болуп саналбайт.  

53. Көзөмөлгө алынган уюмдун Директорлор кеңеши/уюштуруучулары/ катышуучулары инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышып чыгып, макулдашуу баракчасына кол тамга коюуга тийиш. Коштомо кат тиркелген отчетту алган учурдан кийинки он жумуш күнү ичинде аны менен таанышып чыгуу зарыл. Бул мөөнөт өткөндөн кийин көзөмөлгө алынган уюмдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн/уюштуруучуларынын/катышуучуларынын кол тамгасы коюлган таанышуу баракчасы Улуттук банкка кайтарылып берилет.  

54. Көзөмөлгө алынган уюмдун Директорлор кеңешинин тигил же бул мүчөсү/уюштуруучусу/катышуучусу жок болсо жана/же отчет менен таанышып чыгуу үчүн белгиленген мөөнөт ичинде ал менен байланышуу мүмкүн эмес болсо, отчетту алган күндөн кийинки беш жумуш күнү ичинде көзөмөлгө алынган уюмдун Директорлор кеңешинин тигил же бул мүчөсү/уюштуруучусу/катышуучусу тарабынан кол тамга коюлбагандыгы себебин Улуттук банкка маалымдоосу зарыл. Мында көзөмөлгө алынган уюмдун Директорлор кеңешинин тигил же бул мүчөсүнүн/уюштуруучусунун/катышуучусунун кол тамгасы коюлбаган таанышып чыгуу баракчасы белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка кайтарылышы мүмкүн. 

55. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет боюнча даттануу менен кайрылууга жол берилбейт.  

56. Көзөмөлгө алынган уюм таасир этүү чаралары боюнча даттануу менен Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кайрылышы мүмкүн.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме 

______________________________________________________________  

өлөм системасынын операторунун /төлөм уюмунун толук аталышы) 

_________________________________________ ишин текшерүүгө  

 

ЖОЛДОМО  

 

Ушул аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү кызматкерлери:  

1. _________________________________________________________________________  

(аты-жөнү жана кызматы) 

2. _________________________________________________________________________  

(аты-жөнү жана кызматы) 

3. _________________________________________________________________________  

(аты-жөнү жана кызматы) 

4. _________________________________________________________________________  

(аты-жөнү жана кызматы) 

5. _________________________________________________________________________  

(аты-жөнү жана кызматы) 

20__-жылдын "___" ________________ тартып ________ жумуш күн мөөнөтүнө ___________ ______________________________ ишин текшерүүгө жөнөтүлдү. Текшерүү мезгил аралыгында күтүүсүз жагдайлар орун алган шартта текшерүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн.  

Текшерүү программасында төмөнкү багыттарды жана маселелерди текшерүү каралган:  

______________________________________________________________________ 

______________________________________________________________________ 

 

Төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү 

 

аты-жөнү 

 

 

 

 

2-тиркеме 

 

Көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине _______________  

 

БИЛДИРҮҮ  

 

Урматтуу ____________________ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 20___ -жылдын "___"________ тартып ___________________ (филиалдарын кошо алганда) төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун ишине пландык текшерүү жүргүзүлө тургандыгын Сизге маалымдайт.  

Текшерүү ишин натыйжалуу жүргүзүү, ошондой эле текшерүү убактысын үнөмдөө максатында, тиешелүү кызматкерлерге ушул катка кошо тиркелген тиркемеге ылайык документтерди жана маалыматтарды даярдап коюу көрсөтмөсүн берүүңүздү Сизден өтүнөм. Мында, жумушчу топ мүчөлөрү уюмга келген күнү уюмдун ишине тиешелүү документтерди жана маалыматтарды сунуштоону өтүнөм. Бардык документтер жана маалыматтар 20__ -жылдын "___" ________ карата абал боюнча даярдалып, текшерүүнүн жетекчисине сунушталууга тийиш.  

Эгерде көрсөтүлгөн документтерди даярдоонун жүрүшүндө уюмдун кызматкерлеринде кандайдыр бир суроолор пайда болсо, ошондой эле талап кылынган документтерди жана маалыматтарды даярдоо мүмкүнчүлүгү жок болсо, жогоруда көрсөтүлгөн инспектордук текшерүү күнү башталганга чейин алдын ала _____________ (аты-жөнү, кызматы, телефон номери) менен байланышуу зарыл.  

Инспектордук текшерүүдө ______ текшерүүчү катыша тургандыгы пландаштырылууда, ушуга байланыштуу ______ адамга техникалык каражаттар менен жабдылган (телефон байланышы, документтерди сактоо үчүн сейф, мүмкүнчүлүк болсо компьютер жана принтер) жумуш ордун даярдап коюу зарыл.  

Жумушчу топтун мүчөлөрүнө текшерүүгө байланыштуу бардык маселелер боюнча көмөк көрсөтүүнү, кызмат адамдарга жана кызматкерлерге суроо берүү, ошондой эле текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл маалымат булактардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууну Сизден өтүнөм.  

Тиркеме: Көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүүгө сунушталуучу документтердин жана маалыматтардын тизмеги ___ беттен турат.  

 

 

Ишиңизге ийгилик каалап, 

Төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү 

 

Аты-жөнү 

 

 

Көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүүгө сунушталуучу документтердин жана маалыматтардын  

 

ТИЗМЕГИ 

 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлгөн, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген уюштуруу келишими, устав.  

2. Уюмдун ишин жөнгө салган жана анын саясатын аныктаган документтердин топтому.  

3. Уюмдун текшерүүгө алынган мезгил ичинде уюштуруу түзүмү, анын штаттык тизими.  

4. Кызматтык милдеттерин көрсөтүү менен филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин/начальниктеринин тизмеги (кагаз жүзүндө/электрондук түрдө).  

5. Агенттердин тизмеги.  

6. Уюмдун бухгалтердик балансы.  

7. Коммерциялык банктар, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар, агенттер менен түзүлгөн келишимдер.  

8. Төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын тизмеги.  

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка мамлекеттик бийлик органдары менен кат алышуулар.  

10. Башка документтер (зарылчылык келип чыккан учурда). 

 

 

 

 

3-тиркеме 

 

Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү  

АКТЫСЫ 

______________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

______________________________________________________________________ 

(жайгашкан орду, дареги, телефону) 

20___-жылдын "___" _____________ __________________________ 

үзүлгөн жер) 

 

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери тарабынан ___________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү

төмөнкүлөр боюнча ушул акт түзүлгөн:  

_________________________________________________________________кызматкери  

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

___________________________________________________________________  

(төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун кызматкеринин аты-жөнү

 

уюмдун ишине текшерүүнү жүргүзүүдө төмөнкүдөй каршылык көрсөткөн: ___________________________________________________________________________  

(имаратка же жайга кирүүдө каршылык көрсөтүлгөн, жумушчу топтун мүчөлөрүнөн талап кылынган документтер сунушталган эмес, ж.б.) 

 

Улуттук банктын кызматкерлерине текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу 

___________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

кызматкерине төлөм уюмунун ишине текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчилик тартуу тууралуу эскертүү берилди.  

 

Акт түзгөн адам: 

__________________________________ 

__________ 

__________ 

 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

 

 

 

Таанышып чыктым: 

__________________________________ 

_________ 

__________ 

 

өзөмөлгө алынган уюмдун кызматкеринин аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

 

 

 

Акттын экинчи нускасын алдым: 

____________________________________ 

__________ 

__________ 

 

өзөмөлгө алынган уюмдун кызматкеринин аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

 

 

 

 

 

4-тиркеме 

 

 

АТКАРУУ ОРГАНЫНЫН КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Биз, төмөндө кол койгон коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрү, көзөмөлгө алынган уюмдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү (эгерде болгон болсо), ошондой эле уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери  

_________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун, төлөм уюмунун аталышы) 

 

ишине жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчет менен таанышып чыктык.  

 

20___-жылдын "___"_________  

(текшерүү жүргүзүлгөн күн)  

 

Кызмат орду 

 

Кол тамгасы 

_____________________________________________ 

 

______________________ 

_____________________________________________ 

 

______________________ 

_____________________________________________ 

 

______________________