Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8  

токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын 39 жана 39-1-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/9 «Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Илам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен иштеп жаткан коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды жана кредиттик союздарды, алардын бирикмелерин (ассоциацияларын), «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, «Ислам каржы ассоциациясы» ЮЖБсин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомуна 

тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/9 «Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 18-пунктунун үчүнчү абзацындагы «/аракеттенбей коюусунан» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Мурабаха келишиминде келишим предмети үчүн төлөө кыска жана узак мөөнөттүү негизде үзгүлтүксүз төлөө аркылуу жүргүзүлө тургандыгы каралышы мүмкүн. Эгерде кардар, кийин төлөп берүү шартында сатылган күрөө предмети үчүн кезектеги төлөмдү белгиленген мөөнөт ичинде төлөй албай калса, анда ал тараптар ортосунда макулдашылган өлчөмдө айыптык төлөмдү төлөөгө тийиш. Мында бүтүндөй келишимди колдонуу мезгили ичинде чегерилген кошумча төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоосу зарыл. Айыптык төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Айыптык төлөм түрүндө алынган акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдукту ФКМдин Шариат кеңеши камсыздоого тийиш.»; 

- 55-пункттун экинчи сүйлөмү алынып салынсын; 

- 1-тиркеменин: 

3.6 жана 6.3-пункттарындагы «/аракетсиздигинин» деген сөздөр алынып салынсын; 

7.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.2. Мударибдин күнөөсү боюнча же анын укукка жатпаган аракеттеринин кесепетинен келишим шарттарын бузууга жол берилгендиги үчүн Шариат стандарттарына ылайык айыптык төлөм өндүрүлгөн шартта, келишимдин бүтүндөй мөөнөтү ичинде чегерилген мындай төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Айыптык төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Мындай акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын ФКМдин Шариат кеңеши контролдукка алат.»; 

- 2-тиркеменин 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Кардар бөлүп төлөө шартында сатылган товар үчүн кезектеги төлөмдү графикте белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн шартта, ал каржылоо суммасынан ______% өлчөмдө айыптык төлөм төлөйт. Мында келишимдин бүтүндөй мөөнөтү ичинде чегерилген мындай төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Айыптык төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Мындай акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын ФКМдин Шариат кеңеши контролдукка алат.»; 

- 4-тиркеменин 1.4-пунктундагы «товарды берүү күнүнө чейин төлөмдөр графигине ылайык» деген сөздөр алынып салынсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобонун: 

- 11-пункттун экинчи абзацындагы «/аракеттенбей коюусунан» деген сөздөр алынып салынсын;  

- 18-пункттун алтынчы абзацындагы «аракеттенүүсү/аракеттенбей коюусунан» деген сөздөр «аракеттеринин кесепетинен» дегенге алмаштырылсын; 

- 65-пунктундагы «кардардын билдирмеси боюнча» деген сөздөр «же кардар кайрылган учурда ФКМдин менчигинде турган» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 67-пункттагы «белгилүү бир берүүчүдөн мүлктү сатып алуу жөнүндөгү» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 153-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«153. ФКМ салам бүтүмдөрүндө буйрутмачы-кардар тарабынан аныкталган товарды кийинчерээк кардарга ФКМдин үстөк баасын камтыган баада сатуу ниетинде сатып алат.»; 

- 154-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин алгачкы долбоордун алкагында ишке ашыруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында ислам каржылоонун принциптерин алгачкы долбоордун алкагында ишке ашыруу жөнүндө» жобонун: 

- 2.7-главасынын: 

7-пункту төмөнкүдөй жаңы редакцияда берилсин: 

«7. Кардар негизги карыз суммасынын ордун банкка толуктап берген шартта гана банк, кардардын финансылык милдеттенмелери боюнча негизги карыз суммасы чегинде гарантияны сунуштайт.»; 

21-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Гарантиялык катты сунуштоо үчүн комиссиялык төлөм кармалбайт. Банк, мындай чыгашалар кызмат көрсөтүүлөр үчүн адатта кармалуучу комиссиялык төлөмдөн ашпаган шартта, гарантиялык кат үчүн административдик чыгашанын төлөнүшүн өтүнүч ээсинен талап кылууга укуктуу. Банктын ички документтеринде административдик чыгашалар түзүмү чечмеленип берилүүгө тийиш.».  

4. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге карата талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1.5.2-пунктунун үчүнчү абзацындагы «/аракетсиздигинин» деген сөз алынып салынсын; 

- 1-тиркемесинин: 

3.6 жана 6.3 пункттарындагы «/аракетсиздигинин» деген сөз алынып салынсын; 

7.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.2. Мударибдин күнөөсү боюнча же анын укукка жатпаган аракеттеринин кесепетинен келишим шарттарын бузууга жол берилгендиги үчүн Шариат стандарттарына ылайык айыптык төлөм өндүрүлгөн шартта, келишимдин бүтүндөй мөөнөтү ичинде чегерилген мындай төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Айыптык төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Мындай акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын банктын Шариат кеңеши контролдукка алат.»; 

9.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9.3. Келишим Мударибдин демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулган шартта ал ушул келишимдин 2.1, 2.2 жана 2.5-пункттарын эске алуу менен ошол күнгө карата банк тарабынан инвестицияланган сумманы банкка кайтарып берип, ________________ сом өлчөмүндө айыптык төлөм төлөйт. Мында келишимдин бүтүндөй мөөнөтү ичинде чегерилген мындай төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Айыптык төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Мындай акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын банктын Шариат кеңеши контролдукка алат.»; 

- 2-тиркеменин 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Кардар бөлүп төлөө шартында сатылган товар үчүн кезектеги төлөмдү графикте белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн шартта, ал каржылоо суммасынан ______% өлчөмдө айыптык төлөм төлөйт. Мында келишимдин бүтүндөй мөөнөтү ичинде чегерилген мындай төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Айыптык төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Мындай акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын банктын Шариат кеңеши контролдукка алат.»; 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун: 

- 2.1.1-пунктунун үчүнчү абзацындагы «/аракеттенбей коюусунан» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 2.1.8-пунктунун жетинчи абзацындагы «аракетенүүсү/аракеттенбей коюусунан» деген сөздөр алынып «аракеттеринин кесепетинен» дегенге алмаштырылсын; 

- 2.4.1-пунктундагы «кардардын билдирмеси боюнча» деген сөздөр «же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.4.3-пунктундагы «белгилүү бир берүүчүдөн мүлктү сатып алууга» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 2.7.7-пункту төмөнкүдөй жаңы редакцияда берилсин: 

«2.7.7. Кардар негизги карыз суммасынын ордун банкка толуктап берген шартта гана банк, кардардын финансылык милдеттенмелери боюнча негизги карыз суммасы чегинде гарантияны сунуштайт.»; 

- 2.7.21-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.7.21. Гарантиялык катты сунуштоо үчүн комиссиялык төлөм кармалбайт. Банк, мындай чыгашалар кызмат көрсөтүүлөр үчүн адатта кармалуучу комиссиялык төлөмдөн ашпаган шартта, гарантиялык кат үчүн административдик чыгашанын төлөнүшүн өтүнүч ээсинен талап кылууга укуктуу. Банктын ички документтеринде административдик чыгашалар түзүмү чечмеленип берилүүгө тийиш.».  

- 2.8.39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.8.39. Банк салам бүтүмдөрүндө буйрутмачы-кардар тарабынан аныкталган товарды кийинчерээк кардарга банктын үстөк баасын камтыган баада сатуу ниетинде сатып алат.»; 

- 2.8.40-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын.