Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 22-февралындагы № 6/3 

токтому 

 

 

 

Адистеширилген финансы-кредиттик мекемеси  

«Кредиттик союздардын финансылык компаниясы»  

ААКсынын уставдык капиталынын  

минималдуу өлчөмү жөнүндө 

 

 

Адистеширилген финансы-кредиттик мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын («КСФК» ААКсы) туруктуу жана натыйжалуу иш алып барып, өнүгүүсүн камсыз кылуу, кредиттик союздар системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын 11 жана 39-1-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «КСФК» ААКсынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 2025-жылдан тартып кеминде 300 млн. сом өлчөмүндө белгиленсин. 

2. «КСФК» ААКсынын Директорлор кеңеши: 

- 2017-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн этап боюнча көбөйтүүнү караган 2017-2025-жылдарга иш-чаралар планын иштеп чыгып, Улуттук банктын кароосуна сунуштасын; 

- 2017-жылдан тартып, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү ченемин ушул пунктта көрсөтүлгөн Пландын ченемдерине ылайык келтирүү боюнча маалыматтарды жыл сайын жылдык отчет менен бирге сунуштап турсун. 

3. «КСФК» ААКсына ушул токтомдун 1-пунктунун талабы толук аткарылганга чейин жыл жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданын кеминде 75 пайызын жыл сайынуставдык капиталды көбөйтүүгө багыттап турууга көрсөтмө берилсин. 

4.  Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-декабрындагы № 48/9 «Адистеширилген финансы-кредиттик мекемеси - «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.  

5. Тышкы көзөмөл башкармалыгы 5 (беш) жумушчу күнү ичинде ушул токтом менен «КСФК» ААКсын тааныштырсын. 

6. Юридика башкармалыгы 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялагандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

7. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

8. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш