Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 22-февралындагы № 6/5 токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1  

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондусун, Кыргыз Республикасында Депозиттерди коргоо агенттигин, «Борбордук депозитарий» ЖАКты, ошондой эле Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 22-февралындагы № 6/5 токтомуна 

тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун: 

- 21-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна караштуу Мамлекеттик топтоо пенсиялык фондусу» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 31-пунктундагы: 

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна» деген сөздөр «, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна караштуу Мамлекеттик топтоо пенсиялык фондусуна» деген сөздөр менен толукталсын; 

«Улуттук банк менен мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып барууга келишим түзгөн Институционалдык инвестор» деген сөздөрдөн кийин «(ушул жобого карата 1-1-тиркеме)» деген сөздөр менен толукталсын;  

- 8-глава төмөнкү мазмундагы 91, 92, 93-пункттар менен толукталсын: «91. Автоматташтырылган тоорук системасында аукцион өткөрүү мүмкүн болбогон жагдайда (системанын ишинде техникалык мүнөздөгү үзгүлтүктөр келип чыккан жана/же башка себептерден улам) Улуттук банк тике катышуучуларга аукцион өткөрүү мүмкүн эместиги туралуу маалымдайт. Мындай учурда мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу/кошумча жайгаштыруу боюнча аукцион, тике катышуучунун жетекчиси кол койгон, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү билдирмесинин негизинде EXCEL программалык камсыздоосу аркылуу ишке ашырылат (ушул жобого карата 3-тиркемеси);  

92. Конвертке салынган кагаз жүзүндөгү билдирме аукцион өткөрүлүүчү күнү саат 12:00гө чейин Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Билдирмелер Улуттук банктын Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 1-кабатындагы 117-бөлмөнүн жанында жайгаштырылган «мамлекеттик баалуу кагаздар аукционуна билдирмелер үчүн» деп жазылган үкөккө салынышы зарыл. Билдирмелер атайы каралган журналда катталат; 

93. Аукциондун жыйынтыгы (ушул жобого карата 4-тиркеме) анын тике катышуучуларына факсимиль байланышы аркылуу, ал эми кагазга чыгарылган варианты Улуттук банктын экспедициясы аркылуу жөнөтүлөт.» 

- жобо төмөнкү мазмундагы 1-1, 3, 4- тиркемелер менен толукталсын: 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу» токтомуна карата  

1-1-тиркеме   

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда институционалдык инвестор _________________________________________ иш алып баруусу тууралуу №_____ келишим 

  

Бишкек шаары 20__-ж. "____" ________   

 Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдын жана 20__-жылдын "___"_______ №___ буйруктун негизинде иш алып барган, Улуттук банктын Төрагасынын орун басары ________________________________ бир тараптан, мындан ары "Кардар" деп аталуучу, уставдын негизинде иш алып барган ___________________________________ атынан _______________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар, Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого (мындан ары жобого) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү:  

 

1. Келишим предмети 

 

1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жобого ылайык Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар (мындан ары - МБК) рыногунда тике катышуучу катары Кардардын иш алып баруусу, келишим предметинен болуп саналат.  

 

2. Кардардын укуктары 

 

Кардар төмөнкүлөргө укуктуу:  

 

2.1. Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу МБКны өз атынан жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу, кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу аукциондоруна түздөн-түз катышууга.  

2.2. Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу МБКнын экинчилик рыногунда өз атынан операцияларды жүргүзүү

2.3. МБКны жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу, кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу аукциондорунун параметрлери жана анын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды алуу.  

 

3. Кардардын милдеттери 

 

Кардар төмөнкүлөргө милдеттүү:  

3.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык МБК рыногунда иш алып барууга.  

3.2. МБК аукционунда утушка ээ болгон билдирмелер эмиссиясы күнү жана/же МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу да төлөө үчүн күндөлүк эсепте жетиштүү көлөмдө акча каражаттарынын болушун камсыз кылууга. Күндөлүк эсепте акча каражаттары жетишсиз болуп калган шартта билдирме жокко чыгарылып, Кардар утушка ээ болгон билдирмеде көрсөтүлгөн МБКнын номиналдык наркынын бир пайыз өлчөмүндө айыптык төлөм төлөөгө тийиш. Айыптык төлөмдү төлөгөнгө чейин Кардарга кийинки аукциондорго катышууга жана МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруусуна жол берилбейт.  

3.3. Улуттук банк тарабынан белгиленген форматта отчетторду, ошондой эле тике катышуучу катары Кардардын иш алып баруусуна тиешелүү башка маалыматтарды Улуттук банктын жана/же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары Финансы министрлиги) талабы боюнча өз учурунда сунуштап турууга.   

3.4. Ушул келишимге кол коюлгандан кийинки эки жумуш күнү ичинде МБК аукционуна катышууга жана/же аларды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууга билдирмеге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдарга берилген ишеним катты жана алардын тизмесин Улуттук банкка берүүгө. Ушул пунктта көрсөтүлгөн ыйгарым укук башка адамдарга чегерилсе, андан кийинки эки жумуш күнү ичинде ишеним катты жана жаңы тизмени Улуттук банкка сунуштоого.  

3.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде жогоруда аталган жобого, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/18 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө" жобого ылайык, МБКлар менен жарандык-укуктук бүтүмдөргө келишүүгө.  

 

4. Улуттук банктын укуктары 

 

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

4.1. Кардардын МБК рыногунда иш алып баруусуна көзөмөлдүктү жүргүзүүгө, анын ичинде жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу көзөмөлдүккө алууга. 

4.2. МБКнын Башкы депозитарийи катары иш алып барууга.  

4.3. МБК аукционуна катышууга жана/же аларды кошумча жайгаштырууга канааттандырылган (толук көлөмдө же алардын бир бөлүгү өлчөмүндө) билдирмелердин негизинде Кардардын күндөлүк эсебинен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Улуттук банктагы күндөлүк эсебине акча каражаттарын которууга.   

4.4. Белгиленген формадагы отчеттордун, ошондой эле Улуттук банкка жана/же Финансы министрлиги талап кылган болгон, Кардардын ишине байланыштуу башка маалыматтардын өз учурунда берилишин талап кылууга.  

4.5. Кардарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чараларды колдонууга.   

 

5. Улуттук банктын милдеттери 

 

Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү:  

5.1. Жүгүртүүдөгү МБКны так жана толук эсепке алынышын камсыз кылууга.  

5.2. МБК аукциондорунун параметрлерин жана аларды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу боюнча маалыматтарды жарыялап, Улуттук банктын сайтында жайгаштырууга.  

5.3. МБК аукциондору өткөрүлүп жана/же аларды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырылгандан кийин алардын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды белгиленген тартипке ылайык Кардарга сунуштоого.   

5.4. МБК төлөнгөн күнү Жобонун 87-пунктунун негизинде Финансы министрлиги тарабынан төлөнгөн МБК эмиссиясынын Кардардын депо-эсебинде эске алынган номиналдык наркын чегерүүгө.  

5.5. Финансы министрлиги тарабынан Жобонун 87-пунктуна ылайык МБК боюнча купондук төлөмдөр төлөнгөн күнү, Кардардын депо-эсебинде эсепке алынган, МБКнын санына дал келген купон боюнча төлөө суммасын Кардардын Улуттук банктагы эсебине чегерүүгө.  

5.6. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, маалыматтарды чечмеленип берилиши жагдайын эске албаганда, Кардардын МБК менен операциялары боюнча маалыматтардын купуя сакталышын камсыз кылууга.  

 

6. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерди чечүү тартиби 

 

6.1. Кардардын эсебинен каражаттардын туура эмес эсептен алынып салынышы, ошондой эле тиешелүү суммалардын Улуттук банк тарабынан кечиктирилип же туура эмес чегерилиши учурунда, Улуттук банк Кардардын пайдасына ар бир кечиктирилген күн үчүн чегерилбей калган суммадан (же ашыкча алынып коюлган суммадан) 0,1% өлчөмүндө туум төлөөгө тийиш.  

6.2. Кардар жаңылыш чегерилген суммалар тууралуу маалымдап, аларды Улуттук банкка кайтарып берүүгө милдеттүү. Жаңылыш чегерилген суммалар кайтарылып берилбесе, Кардар ошол суммадан 0,1% өлчөмүндө ар бир күн үчүн туум төлөйт.  

6.3. Тараптар өз милдеттерин аткарбай койгондугу же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.   

6.4. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.  

6.5. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилиши зарыл.  

6.6. Бул жагдай Финансы министрлиги тарабынан эмитирлеген МБК боюнча милдеттенмелердин же Жобонун 85 жана 88-пунктарынын ал тарабынан аткарылбай калышынан улам келип чыкса, Улуттук банк милдеттенмелердин аткарылбай калышы үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

 

7. Келишимди колдонуу мөөнөтү жана аны токтотуу тартиби 

 

7.1. Келишим ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонулат.  

7.2. Эгерде, тараптардын бири келишим мөөнөтү бүткөнгө чейинки 30 календардык күн мурда келишимди токтотуу ниетин кат жүзүндө билдирбесе, келишим ар бир кийинки календардык жылга дароо узартылган катары эсептелинет.  

7.3. Келишим Улуттук банктын сыяктуу эле, Кардардын демилгеси боюнча да токтотулушу мүмкүн.  

7.4. Кардар келишим боюнча өз милдеттерин аткарбай койсо же талаптагыдай аткара албай калса, Улуттук банк ага бул тууралуу алдын ала маалымдоосуз эле, келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. 

 

8. Башка шарттар 

 

8.1. Жобонун 31-пунктуна ылайык, Кардар Келишим түзүлгөндөн кийин жана ал автоматташтырылган тоорук системасына туташкан шартта, ага «тике катышуучу» статусу ыйгарылат. 

8.2. МБК аукциондоруна катышуусунун жана/же МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруусунун жыйынтыгы боюнча анын Улуттук банктагы эсебинен акча каражаттарын акцептсиз тартипте эсептеп алып коюуга Кардар Улуттук банкка укук чегерет.  

8.3. Келишим шарттарына тараптардын өз ара макулдугунун негизинде өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилиши мүмкүн.  

8.4. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип же анын жаңы редакциясы кабыл алынган учурда, анын шарттары кайрадан каралууга тийиш.  

8.5. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар кат жүзүндөгү кошумча келишим аркылуу тариздетилет жана ага тараптар кол коюуга тийиш. Кошумча келишим ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

8.6. Келишим ар бир тарап үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ, мамлекеттик жана расмий тилде эки нускада түзүлгөн.  

 

Тараптардын реквизиттери: 

 

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банкы  

 

____________________________ 

720001, Бишкек шаары,  

Чүй проспекти, 168  

 

(Кызмат орду) 

(Аты-жөнү

 

 

_______________________ М.О 

(Почта индекси, дареги)  

 

 

(Кызмат орду) 

(Аты-жөнү

 

 

_______________________ М.О 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу» токтомуна карата 3-тиркеме   

 

МКВ/МКО аукционуна катышууга билдирме 

Мындан ары - "Катышуучу" деп аталуучу [Аукциондун тике катышуучунун аталышы/аты-жөнү] ушул аркылуу төмөнкү шарттарда өткөрүлүүчү аукциондо [аукцион өткөрүлгөн күнү] __________________ каттоо номериндеги МКВ/МКОну сатып алуу ниетин билдирет. 

өз атынан: 

Өзүнүн билдирмеси 

Атаандаштык билдирмеси 

Лот № 

Сатып алуу баасы 

МКВ/МКОнун саны (даанада)  

Сатып алуу наркы  

4=2*3 

 

 

 

 

 

 

 

 

Атаандаштык эмес билдирме 

МКВ/МКОнун саны 

 

 

өз кардарларынын атынан: 

Өзүнүн билдирмеси 

Атаандаштык билдирме 

Лот № 

Сатып алуу баасы 

МКВ/МКОнун саны (даанада)  

Сатып алуу наркы  

4=2*3 

 

 

 

 

Атаандаштык эмес билдирме 

МКВ/МКОнун саны 

 

Катышуучу аукцион өткөрүү эрежелери менен таанышып чыккан жана андан улам келип чыккан милдеттенмелерди кабыл алат. 

 

_______________ _____________ __________________ ____________ 

(кызмат орду) (кол тамгасы) (аты-жөнү) Күнү 

26 - июнундагы № 20/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" жобого карата 4-тиркеме   

 

 

_______________________ 

(Катышуучунун аталышы/аты-жөнү

 

 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул аркылуу, 20__ж. «____» ___________ өткөрүлгөн МКВ/МКОну сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгына ылайык, Сиздин билдирмеңиз төмөнкү көлөмдө канааттандырылгандыгын маалымдайт.  

 

 

Каттоо  

номери 

Атаандаштык билдирме 

Атаандаштык эмес билдирме 

Бардыгы болуп 

МКВ/МКОнун саны (даанада) 

Суммасы  

МКВ/МКОнун саны (даанада) 

Суммасы  

МКВ/МКОнун саны (даанада) 

Суммасы  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20___ж. «____» ___________ өткөрүлгөн МКВ/МКО боюнча АУКЦИОНДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ  

 

 

Каттоо  

номери 

 

Жарыяланган көлөм 

Суроо-талап көлөмү 

 

Сатуу көлөмү 

Баасы  

Киреше-лүүлүгү 

(%) 

Каты-шуучу-лардын саны 

Бардыгы болуп 

анын ичинде, атаанд. эмес 

Бардыгы болуп 

анын ичинде, атаанд. эмес 

макс. 

орто 

мин. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кайра каржылоо жана баалуу  

кагаздарды жайгаштыруу бөлүмүнүн начальниги  

______________ _____________ 

(кол тамгасы) (аты-жөнү) »