Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Административдик-процесстик кодекске, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна карата 

маалымдама-негиздеме 

Мыйзам долбоору Улуттук банктын ишин оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан. 

Алсак, долбоордо Улуттук банктын башкаруу системасына, Төраганын орун басарларынын жана Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн санына тиешелүү түзөтүүлөрдү, банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын тактоо сунушталган.  

Долбоордо ошондой эле Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигинин алкагында башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Улуттук банктын кредиттөөсү тиешелүү жоболорун алып салуу сунушталууда.  

Мыйзамда каралган чаралардын банктарга карата натыйжалуу колдонулушу, коммерциялык банктардын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон көйгөйлөрдү алдын ала аныктап, алар боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алуу, аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарын коргоо максатында, сот тарабынан алар анык эмес деп таанылган шартта Улуттук банктын чечимдери жөнүндө жоболорду тактоо боюнча ченемдер сунушталууда. 

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы эч кандай экологиялык, гендердик, социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана колдонуудагы мыйзамдарга да каршы келбейт.  

Юридикалык күчүнө киргенден кийин мыйзам талабын аткарууда республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылбайт.