"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

(Административтик-процесстик кодексине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана 

банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)” Мыйзам долбооруна салыштырма таблицасы 

Колдонулуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

18-берене. Улуттук банктын негизги операциялары 

1. Иш максатына жетүү жана негизги милдеттерди аткаруу үчүн Улуттук банк төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө укуктуу: 

1) ушул Мыйзамга ылайык банктарга насыяларды берүүгө

2) экинчилик рынокто чектерди, жөнөкөй жана которулма векселдерди сатып алууга жана сатууга; 

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды экинчилик рынокто сатып алууга жана сатууга; 

4) Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды жана Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга; 

5) баалуу металлдарды жана валюталык байлыктардын башка түрлөрүн сатып алууга жана сатууга; 

6) чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга; 

7) чет өлкөлүк уюмдарды кошо алганда, банктардан, башка финансылык уюмдардан депозиттерди кабыл алууга; 

8) банктарда жана башка финансы уюмдарында эсептерди ачууга; 

9) банктарда, анын ичинде чет өлкөлүк банктарда корреспонденттик эсептерди ачууга; 

10) ар кандай программаларды каржылоо үчүн эл аралык финансылык институттар тарабынан берилген каражаттарга байланыштуу бүтүмдөр боюнча ортомчу катары иш алып барууга; 

11) Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдар менен алардын Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген шарттарда каржылоого багыттаган каражаттарына, аларды кайра сатуу милдеттенмеси менен чет өлкөлүк валютаны сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууга; 

12) Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген шарттарда каржылоонун алар жүзөгө ашырып жаткан долбоорлору жана программалары боюнча чет өлкөлүк валюта менен камсыздоо алдында төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө жана кайтарымдуулук шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын берүүгө

13) Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тутумунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Улуттук банктын Башкармалыгы аныктаган шарттарда улуттук валютадагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берүүгө

14) өлкөгө баалуу металлдарды жана валюталардын кандай гана түрү болбосун өлкөгө алып келүүгө жана өлкөдөн алып чыгууга; 

15) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык башка банк операцияларын жүргүзүүгө

2. Улуттук банк акы төлөнүүчү негизде айрым банк операцияларын жүргүзөт жана кызматтарды көрсөтөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн жана акынын өлчөмүн Улуттук банк, ушул Мыйзамдын 14-беренесинин жоболорун эске алуу менен өз алдынча аныктайт. 

3. Улуттук банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн операцияларды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу. 

18-берене. Улуттук банктын негизги операциялары 

1. Иш максатына жетүү жана негизги милдеттерди аткаруу үчүн Улуттук банк төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө укуктуу: 

1) ушул Мыйзамга ылайык банктарга насыяларды берүүгө

2) экинчилик рынокто чектерди, жөнөкөй жана которулма векселдерди сатып алууга жана сатууга; 

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды экинчилик рынокто сатып алууга жана сатууга; 

4) Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды жана Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга; 

5) баалуу металлдарды жана валюталык байлыктардын башка түрлөрүн сатып алууга жана сатууга; 

6) чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга; 

7) чет өлкөлүк уюмдарды кошо алганда, банктардан, башка финансылык уюмдардан депозиттерди кабыл алууга; 

8) банктарда жана башка финансы уюмдарында эсептерди ачууга; 

9) банктарда, анын ичинде чет өлкөлүк банктарда корреспонденттик эсептерди ачууга; 

10) ар кандай программаларды каржылоо үчүн эл аралык финансылык институттар тарабынан берилген каражаттарга байланыштуу бүтүмдөр боюнча ортомчу катары иш алып барууга; 

11) күчүн жоготкон катары деп таанылган 

12) күчүн жоготкон катары деп таанылган  

13) Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тутумунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Улуттук банктын Башкармалыгы аныктаган шарттарда улуттук валютадагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берүүгө

14) өлкөгө баалуу металлдарды жана валюталардын кандай гана түрү болбосун өлкөгө алып келүүгө жана өлкөдөн алып чыгууга; 

15) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык башка банк операцияларын жүргүзүүгө

2. Улуттук банк акы төлөнүүчү негизде айрым банк операцияларын жүргүзөт жана кызматтарды көрсөтөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн жана акынын өлчөмүн Улуттук банк, ушул Мыйзамдын 14-беренесинин жоболорун эске алуу менен өз алдынча аныктайт. 

3. Улуттук банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн операцияларды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу. 

47-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө насыя берүүгө жана финансылык жардам көрсөтүүгө тыюу салуу 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө насыя берүүгө, анын ичинде республикалык бюджеттин тартыштыгын каржылоо үчүн насыяларды жана кепилдиктерди берүүгө Улуттук банкка тыюу салынат. 

2. Ушул Мыйзамга ылайык банктарга, Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен бирдикте түзүүчү эл аралык уюмдарга, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине жана Улуттук банктын кызматчыларына берилүүчү насыяларды копшогондо, Улуттук банк мамлекеттик органдарга, кайсыл болбосун жеке жана юридикалык жактарга кандай формада жана кайсыл максаттарга болбосун насыяларды же башка финансылык же болбосо материалдык жардамдарды көрсөтүүгө укугу жок. 

47-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө насыя берүүгө жана финансылык жардам көрсөтүүгө тыюу салуу 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө насыя берүүгө, анын ичинде республикалык бюджеттин тартыштыгын каржылоо үчүн насыяларды жана кепилдиктерди берүүгө Улуттук банкка тыюу салынат. 

2. Ушул Мыйзамга ылайык банктарга, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине жана Улуттук банктын кызматчыларына берилүүчү насыяларды копшогондо, Улуттук банк мамлекеттик органдарга, кайсыл болбосун жеке жана юридикалык жактарга кандай формада жана кайсыл максаттарга болбосун насыяларды же башка финансылык же болбосо материалдык жардамдарды көрсөтүүгө укугу жок. 

58-берене. Улуттук банктын Аудит боюнча комитети 

1. Улуттук банкта Аудит боюнча комитет иштейт. Аудит боюнча комитеттин ишинин негизги максаты болуп Улуттук банктын Башкармалыгына ички контролдун талаптагыдай тутумун камсыз кылууга, ошондой эле Улуттук банктын бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетту даярдоо жол-жоболоруна контролду камсыз кылууга көмөктөшүү эсептелет. 

2. Аудит боюнча комитеттин негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр: 

1) ички контроль, тобокелдерди башкаруу жана корпоративдик башкаруу тутумдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүү

2) ички аудит кызматын көзөмөлдөө

3) бухгалтердик эсептин стандарттарынын адекваттуу колдонулушун камсыздоо, финансылык отчеттуулуктун сапатына байкоо жүргүзүү

4) тышкы аудиторду бекитүү жагынан Улуттук банктын Башкармалыгына сунуштамаларды берүү жана тышкы аудитордун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стандарттарга ылайык келишине баа берүү

3. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө, алардын санына, статусуна, компетенциясына жана иш регламентине карата талаптарды Улуттук банктын Башкармалыгы аныктайт. Комитеттин мүчөлөрүн Улуттук банктын Башкармалыгы дайындайт. Аудит боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү, ошондой эле көз каранды эмес эксперттер кириши мүмкүн. 

4. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө карата ушул Мыйзамда Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү үчүн белгиленген чектөөлөр колдонулат. 

58-берене. Улуттук банктын Аудит боюнча комитети 

1. Улуттук банкта Аудит боюнча комитет иштейт. Аудит боюнча комитеттин ишинин негизги максаты болуп Улуттук банктын Башкармалыгына ички контролдун талаптагыдай тутумун камсыз кылууга, ошондой эле Улуттук банктын бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетту даярдоо жол-жоболоруна контролду камсыз кылууга көмөктөшүү эсептелет. 

2. Аудит боюнча комитеттин негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр: 

1) ички контроль, тобокелдерди башкаруу жана корпоративдик башкаруу тутумдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүү

2) ички аудит кызматын көзөмөлдөө

3) бухгалтердик эсептин стандарттарынын адекваттуу колдонулушун камсыздоо, финансылык отчеттуулуктун сапатына байкоо жүргүзүү

4) тышкы аудиторду бекитүү жагынан Улуттук банктын Башкармалыгына сунуштамаларды берүү жана тышкы аудитордун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стандарттарга ылайык келишине баа берүү

3. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө, алардын санына, статусуна, компетенциясына жана иш регламентине карата талаптарды Улуттук банктын Башкармалыгы аныктайт. Комитеттин мүчөлөрүн Улуттук банктын Башкармалыгы дайындайт. Аудит боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын Башкармалыгынын Улуттук банктын администрациясына кирбеген мүчөлөрү, ошондой эле көз каранды эмес эксперттер кириши мүмкүн. 

4. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө карата ушул Мыйзамда Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү үчүн белгиленген чектөөлөр колдонулат. 

61-берене. Башкаруу органдары 

1. Улуттук банктын башкаруу органы болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) Улуттук банктын Башкармалыгы - жогорку башкаруу органы; 

2) Улуттук банктын төрагасы - жогорку аткаруучу кызмат адамы. 

2. Улуттук банктын Башкармалыгы - Улуттук банктын ишинин негизги багыттарын аныктоочу жана Улуттук банктын ишине жалпы жетекчилик кылуучу коллегиялуу орган. 

3. Улуттук банктын Башкармалыгынын курамына Улуттук банктын төрагасы, төраганын үч орун басары жана Улуттук банктын Башкармалыгынын үч мүчөсү кирет. Улуттук банктын Башкармалыгы туруктуу негизде иштейт. 

61-берене. Башкаруу органдары 

1. Улуттук банктын башкаруу органы болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) Улуттук банктын Башкармалыгы - жогорку башкаруу органы; 

2) Улуттук банктын төрагасы - жогорку аткаруучу кызмат адамы. 

2. Улуттук банктын Башкармалыгы - Улуттук банктын ишинин негизги багыттарын аныктоочу жана Улуттук банктын ишине жалпы жетекчилик кылуучу коллегиялуу орган. 

3. Улуттук банктын Башкармалыгынын курамына Улуттук банктын төрагасы, төраганын эки орун басары жана Улуттук банктын Башкармалыгынын төрт мүчөсү кирет. Улуттук банктын Башкармалыгы туруктуу негизде иштейт. 

4. Улуттук банктын төрагасы жана төраганын орун басарлары Улуттук банктын администрациясын түзүшөт жана аларга администрациялык-башкаруу ыйгарым укуктары берилет. Улуттук банктын төрагасы банк ишин оперативдүү күндөлүк жетектейт. 

5. Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү Улуттук банктын администрациясына киришпейт жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ички контроль системасынын натыйжалуулугун жана шайкештигин, ачык-айкындыгын, өз убагындалыгын камсыздоо, тобокелдерди минималдаштыруу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо максатында Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйындарына катышуу, менеджмент жана Улуттук банктын Башкармалыгынын чечимдерин аткаруу процессине (анын ичинде адам ресурстарына жана эмгек акыга) баа берүү жана мониторингдөө аркылуу ишке ашырышат. 

169-берене. Соттук териштирүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү 

Улуттук банктын чечимин даттанылып жаткан чечимди кабыл алуу үчүн мыйзамдуу негиздер жок болгон учурда сот тарабынан анык эмес деп таанылышы же жокко чыгарылышы мүмкүн. 

Улуттук банктын банкты реструктуризациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү, Убактылуу администрацияны киргизүү жана/же банктын лицензиясын кайтарып алууга тиешелүү, сот ошол чечимдерди жараксыз деп тааныган учурларда, алар боюнча иш-аракеттер күчүндө калып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жараксыздыгынын кесепеттерии аларга таркатылбаган чечимдерин эске албаганда, Улуттук банктын сот жараксыз деп тааныган чечимдери күчүн жоготот. 

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси 

116-берене. Доону камсыз кылуу 

1. Сот доогердин жүйөлөнгөн өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси менен доону камсыз кылуу боюнча чараларды көрө алат. Эгерде камсыз кылуу чараларын кабыл албоо соттун чечимин аткарууну кыйындатса же аткарылышын мүмкүн эмес кылса же, эгерде административдик актынын, административдик органдын аракетинин (аракетсиздигинин) укукка жат экендигинин белгилери айкын болсо, сот өндүрүшүнүн кандай болбосун баскычында доону камсыз кылууга жол берилет. 

2. Доонун талаптарын камсыз кылуу чаралары төмөнкүлөр болушу мүмкүн: 

1) жоопкерге жана башка жактарга айрым аракеттерди жасоого тыюу салуу; 

2) жоопкерге жана башка жактарга айрым аракеттерди жасоо милдетин жүктөө

3) талашылып жаткан административдик актынын колдонулушун токтото туруу. 

2-1.   Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, банктын лицензиясын кайтарып алуу, Убактылуу администрация режимин киргизүү боюнча жана банкты реструктуризациялоо жагында чараларды көрүү боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кабыл алган учурларда сот мындай чечимдерге даттануу боюнча доону камсыздоо чараларын колдонбойт.