Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү 

киргизүү жөнүндө (Административтик-процесстик кодексине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) 

 

1 берене. 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 2016-жылдын 21-декабры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

1.  18-берененин 1-бөлүгүндө

1) 11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 

2) 12-пункт күчүн жоготту деп таанылсын. 

 

2.  47-беренин 2-бөлүгүндөгү «Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен бирдикте түзүүчү эл аралык уюмдарга,» деген сөздөр алынып салынсын. 

 

3.  58-берененин 3-бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмүндөгү «Улуттук банктын Башкармалыгынын» деген сөздөрдөн кийин «Улуттук банктын администрациясына кирбеген» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

4.  61-беренеде: 

1) 3-бөлүгүндөгү «үч орун басары» деген сөздөр «эки орун басары» деген сөздөргө алмаштырылсын жана «үч мүчөсү» деген сөздөр «төрт мүчөсү» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) төмөнкү мазмундагы төртүнчү жана бешинчи бөлүктөр менен толукталсын: 

«4. Улуттук банктын төрагасы жана төраганын орун басарлары Улуттук банктын администрациясын түзүшөт жана аларга администрациялык-башкаруу ыйгарым укуктары берилет. Улуттук банктын төрагасы банк ишин оперативдүү күндөлүк жетектейт. 

5. Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү Улуттук банктын администрациясына киришпейт жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ички контроль системасынын натыйжалуулугун жана шайкештигин, ачык-айкындыгын, өз убагындалыгын камсыздоо, тобокелдерди минималдаштыруу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо максатында Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйындарына катышуу, менеджмент жана Улуттук банктын Башкармалыгынын чечимдерин аткаруу процессине (анын ичинде адам ресурстарына жана эмгек акыга) баа берүү жана мониторингдөө аркылуу ишке ашырышат.». 

 

5. 169-берене төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: 

«Улуттук банктын банкты реструктуризациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү, Убактылуу администрацияны киргизүү жана/же банктын лицензиясын кайтарып алууга тиешелүү, сот ошол чечимдерди жараксыз деп тааныган учурларда, алар боюнча иш-аракеттер күчүндө калып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жараксыздыгынын кесепеттерии аларга таркатылбаган чечимдерин эске албаганда, Улуттук банктын сот жараксыз деп тааныган чечимдери күчүн жоготот.».  

 

2-берене. 

Кыргыз Республикасынын Административдик процессуалдык кодексине (“Эркин Тоо” гезити, 2017-жылдын 1-февралы, № 10-11) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

1.  116-беренени төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 пункт менен толукталсын: 

«2-1.   Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, банктын лицензиясын кайтарып алуу, Убактылуу администрация режимин киргизүү боюнча жана банкты реструктуризациялоо жагында чараларды көрүү боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кабыл алган учурларда сот мындай чечимдерге даттануу боюнча доону камсыздоо чараларын колдонбойт.». 

 

3-берене. 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

  

 

Кыргыз Республикасынын Президенти