Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 21-апрелиндеги  

№ 16/3 токтому 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 25-январындагы №6/7 

«Казыналык системасынын Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен эсептешүүлөрүн уюштуруу жөнүндө» жобо тууралуу»  

токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таануу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 25-январындагы №6/7 «Казыналык системасынын Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен эсептешүүлөрүн уюштуруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2.  Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы бул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигин тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага                                                                             Т. Абдыгулов