Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 26-апрелиндеги  

№ 17/13 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин: 

-  Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча» нускоону бекитүү тууралуу» токтому. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 26-апрелиндеги  

№ 17/13 токтомуна тиркеме 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр» 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча» нускоонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

аталышындагы «жаңы редакциясын» деген сөздөр алынып салынсын; 

1-пунктундагы «нускоонун жаңы редакциясын» деген сөздөр «нускоону» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча» нускоонун: 

- 4.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3. Баланстык активдер кредиттик тобокелдик деңгээлине, ошондой эле айрым өнөктөштөрдүн/контрагенттин түрүнө жараша төмөнкү категорияларга бөлүнөт: 

1) 1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 0%):   

а) Кыргыз Республикасынын, ОЭСРге жана ЕАЭСке мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин жана «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ мамлекеттердин же банкноттору жана монеталары;  

Эскертүү: ОЭСР  Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму. Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө-мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org расмий сайтында жайгаштырылган. 

б) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карата талаптар;   

в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар);   

г) «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарына карата талаптар;   

д) «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин өкмөттөрүнө карата талаптар (өкмөттөр тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар);   

е) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында туюндурулган жана өзүнчө депозиттик эсепте турган камсыздоосу менен активдер (же алардын бир бөлүгү);  

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы   № 18/3 токтому менен бекитилген  «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык; 

ж) ОЭСРге жана ЕАЭСке мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин жана «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ мамлекеттердин валютасы түрүндө туюндурулган жана өзүнчө депозиттик эсепте турган камсыздоосу менен активдер (же алардын бир бөлүгү).     

2-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 10%):   

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган утурумдук рыноктук баа боюнча баалуу кагаздар менен камсыздандырылган активдер (же алардын бир бөлүгү);   

б) «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган утурумдук рыноктук баа боюнча камсыздандырылган активдер (же алардын бир бөлүгү).   

  3-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 20%):   

а) Кыргыз Республикасынын банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүдө акча активдери;   

б) алтын жана стандарттуу куймалардагы сертификатталган баалуу металлдар;   

в) «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүдөгү акча активдери;   

г) Кыргыз Республикасынын банктарына жана башка финансы-кредит мекемелерине карата талаптар жана аталган институттардын кепилдиктеринде негизденген бардык активдер;   

д) «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан же болбосо отчет берип жаткан банкка карата аффилирленген жак болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана аталган институттардын кепилдиктеринде негизденген бардык активдер;    

  4-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 50%):   

а) жеке адамдарга бир үй-бүлөгө турак-жайды сатып алуу же куруу үчүн жана ушундай турак-жай боюнча биринчи күрөө менен камсыздандырылган кредиттер. Бул категорияга ошол үйдө же батирде жашоого ниеттенген, башкача айтканда, бул турак-жайды (же анын бөлүгүн) башка максаттар үчүн (сатуу, ижарага берүү ж.б.) пайдаланылбаган адамдарга берилген ушундай ссудалар гана кирет.  

Эгерде бул кредиттердин мөөнөтү 30 күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе, реструктуризацияланган же чегерилбеген статуска өткөн болсо, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт.    

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги  № 11/2 токтому менен бекитилген Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүү тартибине ылайык.  

б) алтын жана башка сертификатталган өлчөнгөн куймалардагы баалуу металлдар.      

5-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 100%):   

а) 1-категорияга кирбеген банкноттор жана монеталар;   

б) «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болгон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (ушул мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар);   

в) «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болгон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдар менен эсептешүүдөгү акча активдери;   

г) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөтүү эгемендүү кредиттик рейтингине ээ мамлекеттердин же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ушундай эле деңгээлдеги рейтинг ыйгарылган же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан же болбосо отчет берип жаткан банкка карата аффилирленген уюм болуп саналган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар;   

д) «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болгон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар;   

е) жеке секторго карата талаптар (3-4-категорияларда белгиленгендерден башка коммерциялык, керектөө, ипотекалык жана башка кредиттер);   

ж) негизги каражаттар жана банктын башка менчиги;   

з) 3.9-пункттун б пунктчасында каралган эсептен алып салууларды минуска чыгаруу менен инвестициялар жана финансылык катышуу;  

и) мурдагы категорияларга кирбеген бардык башка активдер.».  

- 8.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8.3. Акциялар боюнча дивиденддер финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча чегерилет жана төлөнүп берилет. 

Эскертүү: Финансылык жыл 1-январынан тартып 31-декабрды кошо алгандагы аралык саналат.». 

- нускоого карата эскертүү күчүн жоготкон катары таанылсын. 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/4 «Ислам  

банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча кездешкен «мекемелер» деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү «уюмдар» дегенге сөзгө алмаштырылсын; 

- 20-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Ушул нускоонун чегинде капиталдын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү кредиттик тобокелдикке карата жүргүзүлөт, башкача айтканда активдердин ар кандай түрлөрүнө тиешелүү жана кардардын активдерди толугу менен же жарым-жартылай кайтарып берүүнү камсыз кылуу мүмкүн эместигинде камтылган тобокелдик.»;  

- 22-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22. Баланстык активдер кредиттик тобокелдик деңгээлине жараша ушул нускоонун 24-пунктуна ылайык беш категорияга бөлүнөт. Мында, баланстык активдер ага ылайык тигил же бул категорияга чегерилген, кредиттик тобокелдиктин негизги критерийлеринен болуп төмөнкүлөр саналат: контрагенттин түрү, трансферттик тобокелдик көз карашынан өнөктөштүн өлкөлүк тиешелүүлүгү, активди камсыздоо, гарантиялар жана активдин колдонуу мөөнөтүнүн узактыгы.”; 

- 23-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Баланстык активдер кредиттик тобокелдик деңгээлине, ошондой эле айрым өнөктөштөрдүн/контрагенттин түрүнө жараша төмөнкү категорияларга бөлүнөт: 

1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 0%):  

а) Кыргыз Республикасынын, ОЭСРге жана ЕАЭСке мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин, ошондой эле «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings» «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» и «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ мамлекеттердин же банкноттору жана монеталары;  

Эскертүү: ОЭСР Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму. ОЭСРге мүчө-мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org расмий сайтында жайгаштырылган; 

б) Улуттук банкка карата талаптар;  

в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган ислам баалуу кагаздар жана башка талаптар);  

г) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарына карата талаптар;  

д) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин өкмөттөрүнө карата талаптар (ислам баалуу кагаздар жана башка талаптар); 

е) Кыргыз Республикасынын валютасында туюндурулган жана өзүнчө эсепте турган, камсыздоосу бар активдер (же алардын бөлүгү);  

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы  

№ 51/6 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык. 

ж) ОЭСРге жана ЕАЭСке мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин, ошондой эле «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings» «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ мамлекеттердин валютасында туюндурулган жана өзүнчө эсепте турган, камсыздоосу бар активдер (же алардын бөлүгү).  

2-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 10%):  

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган утурумдук рыноктук нарк боюнча ислам баалуу кагаздар менен камсыз кылынган активдер (же алардын бөлүгү);  

б) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган утурумдук рыноктук нарк боюнча ислам баалуу кагаздар менен камсыз кылынган активдер (же алардын бөлүгү).  

3-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 20%);  

а) Кыргыз Республикасынын банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;  

б) Ислам финансылык институттары үчүн Бухгалтердик эсеп жана аудит уюму (мындан ары текст боюнча - AAOIFI) тарабынан бекитилген, Шариат стандарттары тарабынан тыюу салынбаган алтын жана сертификатталган стандарттык куймалардагы башка баалуу металлдар;  

в) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings» «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;  

г) Кыргыз Республикасынын банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана ушул уюмдардын гарантияларына негизделген бардык активдер;  

д) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан же болбосо отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана ошол уюмдардын гарантияларына негизделген бардык активдер;  

4-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 50%):  

а) жеке адамдарга бир үй-бүлөгө турак жай сатып алуу же куруу үчүн, сунушталган, ошол турак жай боюнча баштапкы күрөө менен гарантияланган каржылоо. Бул категорияга ошол үйдө же батирде жашоого ниеттенген, башкача айтканда бул турак жайды (же анын бөлүгүн) башка максаттар үчүн пайдаланбаган (сатуу, ижарага берүү ж.б.) адамдарга берилген активдер гана кирет.   

Эгерде бул кредиттердин мөөнөтү 30 күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе, реструктуризацияланган же чегерилбеген статуска өткөн болсо, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт.  

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги  № 11/2 токтому менен бекитилген Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүү тартибине ылайык.  

б) Ислам финансылык институттары үчүн Бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (мындан ары текст боюнча - AAOIFI) Шариат стандарттары тарабынан тыюу салынбаган алтын жана сертификатталган өлчөнгөн куймалардагы башка баалуу металлдар.  

5-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 100%):  

а) 1-категорияга кирбеген банкноттор жана монеталар;  

б) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болгон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (ошол мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар); 

в) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болгон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings» «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;  

г) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings» «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан же болбосо отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналган мамлекеттердин банктарына жана финансы-кредит уюмдарына карата талаптар;  

д) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings» «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана финансы-кредит уюмдарына карата талаптар; 

е) жеке секторго карата талаптар (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер): 

- мудараба, мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер. Мында, ушул келишимдер боюнча камсыздоо катары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөрдө сатып өткөрүүгө тийиш болгон күрөө (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк) колдонулат. Сатып өткөрүү учурунда күрөө наркы каржылоонун негизги суммаларын жана күрөөнү сатып өткөрүүгө байланыштуу мүмкүн болуучу чыгымдарды банкка төлөө үчүн жетиштүү болуусу зарыл.  

Күрөө наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин бардык субъекттери тарабынан милдеттүү түрдө колдонулуучу мүлктү баалоо стандарттарына ылайык, көз карандысыз баалоочунун корутундусу менен тастыкталууга тийиш. Күрөөлүк мүлккө жыл сайын көз карандысыз баа берүү, ушул категорияга активдерди чегерүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат. Камсыздоонун наркы төмөндөп, сапаты начарлаган жагдайлар күрөөнү сатып өткөрүүдө кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон учурда мудараба, мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер 400% тобокелдик деңгээли менен 6-категорияда көрсөтүлөт. Банктын мудараба, мушарака келишимдери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу тажрыйбаларына жараша Улуттук банк, мындай операцияларды жүзөгө ашырууда, анын ичинде күрөөлүк камсыздоого карата кошумча талаптарды жана чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.   

- 3, 4 жана 6-категорияларда көрсөтүлгөн активдерди эске албаганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган башка активдер.  

д) банктын негизги каражаттары жана башка менчиги;  

е) ушул нускоонун 18-пунктунун “б” пунктчасында каралган алып салууларды минуска чыгаруу менен инвестициялар жана финансылык катышуу;  

ж) мурдагы категорияларга кирбеген жана башка активдер.  

6-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 400%):  

- 1-5-категорияларда көрсөтүлгөн активдерди эске албаганда, мудараба, мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер.».