Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 26-апрелиндеги  

№ 17/3 токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/10 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо- операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютадагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/14 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан экинчилик рыногунда аутрайт шарттарында (редисконттук операция) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/16 «Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/17 « Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2014-жылдын 29-январындагы № 2/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2015-жылдын 19-августундагы № 45/1 «Кыргыз Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин алкагында башка мамлекеттер менен биргеликтетүзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн номиналы чет өлкө валютасында көрсөтүлгөн мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу. 

2. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун, Социалдык фондко караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондусун, Кыргыз Республикасында Депозиттерди коргоо агенттигин, «Борбордук депозитарий» ЖАКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 26-апрелиндеги  

№ 17/3 токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/10 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун жана анын 1-тиркемесинин бүтүндөй тексти боючна ар башка жөндөмөдө кездешкен «Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамы» дегенге алмаштырылсын; 

- 2 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Улуттук банк репо-операцияларын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык жүзөгө ашырат.»; 

- 16-пунктун алтынчы абзацында «(консервациялоо, санациялоо, реабилитациялоо, өз эрки менен жана мажбурлап жоюу, түзүмүн өзгөртүү жана кайра өзгөртүп түзүү)» деген сөздөр «(Убактылуу администрация, банкты жоюу)» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин 9.5. пунктунун: 

үчүнчү абзацындагы «дайындалган убактылуу жетекчилик» деген сөздөр «дайындалган Убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Катышуучунун сот тарабынан банкрот деп таанылышы;». 

2.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютадагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютадагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун жана анын 1-тиркемесинин бүтүндөй тексти боюнча ар башка жөндөмөдө кездешкен «Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамы деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамы» дегенге алмаштырылсын; 

- 2 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Улуттук банк улуттук валютадагы депозиттик операцияларды (мындан ары депозиттик операция) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык жүзөгө ашырат.»; 

- 14-пункттун бешинчи абзацында «(консервациялоо, санациялоо, реабилитациялоо, өз эрки менен жана мажбурлап жоюу, түзүмүн өзгөртүү жана кайра өзгөртүп түзүү)» деген сөздөр «(Убактылуу администрация, банкты жоюу)» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин 8.5. пунктунун: 

үчүнчү абзацындагы «дайындалган убактылуу жетекчилик» деген сөздөр «дайындалган Убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Катышуучунун сот тарабынан банкрот деп таанылышы;». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» жобонун жана анын 1-тиркемесинин бөтүндөй тексти боюнча ар башка жөндөмөдө кездешкен «Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамы деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамы» дегенге алмаштырылсын; 

- 2 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Улуттук банк валюталык своп-операцияларын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык жүзөгө ашырат.»; 

- 16-пункттун жетинчи абзацындагы «(консервациялоо, санациялоо, реабилитациялоо, өз эрки менен жана мажбурлап жоюу, түзүмүн өзгөртүү жана кайра өзгөртүп түзүү)» деген сөздөр «(Убактылуу администрация, банкты жоюу)» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин 8.5. пунктунун: 

үчүнчү абзацындагы «дайындалган убактылуу жетекчилик» деген сөздөр «дайындалган Убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Катышуучунун сот тарабынан банкрот деп таанылышы;». 

4.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/14 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экинчилик рыногунда аутрайт шарттарында (редисконттук операция) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экинчилик рыногунда аутрайт шарттарында (редисконттук операция) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун жана анын 1-тиркемесинин бүтүндөй тексти боюнча ар башка жөндөмөдө кездешкен «Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамы деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамы» дегенге алмаштырылсын; 

- 2- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Улуттук банк редисконттук операцияларды Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык жүзөгө ашырат.»; 

- 11-пункттун биринчи абзацындагы «(консервациялоо, санациялоо, реабилитациялоо, өз эрки менен жана мажбурлап жоюу, түзүмүн өзгөртүү жана кайра өзгөртүп түзүү)» деген сөздөр «(Убактылуу администрация, банкты жоюу)» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин 8.5. пунктунун: 

үчүнчү абзацында «дайындалган убактылуу жетекчилик» деген сөздөр «дайындалган Убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Катышуучунун сот тарабынан банкрот деп таанылышы;». 

5.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелеринин: 

- 2- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Улуттук банк чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курсун Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык аныктайт.» 

6.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/16 «Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелеринин жана анын, тышкы токтому менен бекитилген: 

-  1-тиркемесинин бүтүндөй тексти боюнча ар башка жөндөмөдө кездешкен «Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамы» дегенге алмаштырылсын; 

- 14 пункттун тогузунчу абзацындагы «(консервациялоо, санациялоо, реабилитациялоо, өз эрки менен жана мажбурлап жоюу, түзүмүн өзгөртүү жана кайра өзгөртүп түзүү)» деген сөздөр «(Убактылуу администрация, банкты жоюу)» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин 10.5. пунктунун: 

үчүнчү абзацындагы «дайындалган убактылуу жетекчилик» деген сөздөр «дайындалган Убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Катышуучунун сот тарабынан банкрот деп таанылышы;». 

7.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу эрежелеринин жана анын 1-тиркемесинин бүтүндөй тексти боюнча ар башка жөндөмөдө кездешкен «Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамы» дегенге алмаштырылсын; 

- 15-пункттун сегизинчи абзацындагы «(консервациялоо, санациялоо, реабилитациялоо, өз эрки менен жана мажбурлап жоюу, түзүмүн өзгөртүү жана кайра өзгөртүп түзүү)» деген сөздөр «(Убактылуу администрация, банкты жоюу)» дегенге алмаштырылсын. 

8.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 5- жана 28-статьяларына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 18 жана 53-беренелерине» дегенге алмаштырылсын; 

- 15-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Убактылуу администрация режиминде болбоо. Убактылуу администрация режиминде турган банкка Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта гана «овернайт» кредити берилиши мүмкүн; 

- 1-тиркеменин баш сөзүндөгү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын (жана_________№_____ буйругунун)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____-жылдын __________ №____ буйругунун» дегенге алмаштырылсын; 

9.3-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Банктын сот тарабынан банкрот деп таанылышы;». 

«Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери» деп аталган 10-бөлүктөгү «720040 Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары Т. Үмөталиев атындагы көчө 101” деген сөздөр «720001, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 168» дегенге алмаштырылсын. 

9.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 5 жана 28-статьяларына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын 18 жана 53-беренелерине» дегенге алмаштырылсын; 

- 17-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Убактылуу администрация режиминде болбоо. Убактылуу администрация режиминде турган банкка Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта гана бир күндүк кредит берилиши мүмкүн;» 

- 1-тиркеменин баш сөзүндөгү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын (жана_________№_____ буйругунун)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____-жылдын __________ №____ буйругунун» дегенге алмаштырылсын; 

8.4-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Банктын сот тарабынан банкрот деп таанылышы;». 

10.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги, эмитент) тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча операциялардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары -Улуттук банк) тарабынан ишке ашырылышы тартиби аныкталат.»; 

- 30-пункттагы «(убактылуу жетекчилик, консервация)» деген сөздөр «(Убактылуу администрация)» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин баш сөзүндөгү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын жана_________№_____ буйруктун негизинде иш алып барган Төраганын орун басары» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____ жылдын __________ №____,_____________________________» буйругунун негизинде иш алып барган» дегенге алмаштырылсын ; 

«Тараптардын реквизиттери» деп аталган бөлүктөгү

«Бишкек шаары, Т. Үмөталиев атындагы көчө, 101» деген сөздөр «720001, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 168» дегенге алмаштырылсын; 

«Төраганын орун басары» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 1-1-тиркеменин баш сөзүндөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдын жана 20__-жылдын «___»_______ №___ буйруктун негизинде иш алып барган Улуттук банктын Төрагасынын орун басары» деген сөздөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «___-жылдын «___»____________№___, «___________________________________» буйругунун негизинде иш алып барган __________________________» дегенге алаштырылсын; 

- 1-1-тиркеменин 6.2 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кардар, жаңылыш чегерилген суммалар тууралуу Улуттук банктан билдирме алгандан кийинки жумуш күнү ичинде ошолсуммаларды Улуттук банкка кайтарып берүүгө милдеттүү. Жаңылыш чегерилген суммалар кайтарылып берилбесе, Кардар ошол суммадан 0,1% өлчөмүндө ар бир күн үчүн туум төлөйт.» 

- 2-тиркеменин баш сөзүндөгү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын жана_________№_____ буйруктун негизинде иш алып барган Төраганын орун басары» деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____ жылдын __________ №____, «_____________________________» буйругунун негизинде иш алып барган» дегенге алмаштырылсын; 

«Тараптардын реквизиттери» деп аталган бөлүктөгү

«Бишкек шаары, Т. Үмөталиев атындагы көчө, 101» деген сөздөр «720001, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 168»дегенге алмаштырылсын. 

11.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун бүтүндөй текст боюнча кездешкен ар башка жөндөмөлөрдөгү «банктык эмес финансы-кредит мекемеси» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «банктык эмес финансы-кредит уюму» дегенге алмаштырылсын; 

- Жобонун жана анын тиркемелеринин бүтүндөй тексти боюнча кездешкен «БФКМ» деген сөздөр «БФКУ» дегенге алмаштырылсын; 

- 2-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 5, 20 жана 28-беренелерине» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын 18, 25 жана 53-беренелерине» дегенге алмаштырылсын; 

- 4-пункттагы «1 айдан 6 айга чейинки» деген сөздөр «Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталган» дегенге алмаштырылсын;  

- 18-пункттагы «- 6 ай» деген сөздөр «Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат» дегенге алмаштырылсын; 

- 22-пункттагы «- 3 ай» деген сөздөр «Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат» дегенге алмаштырылсын; 

- 24-пункттагы «өз инсайдерлери» деген сөздөр «Банкка байланыштуу» дегенге алмаштырылсын; 

- 29-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Убактылуу администрация, өз эрки менен жана мажбурлап жоюу режимине кабылбоого. Убактылуу администрация режиминде турган Банк, Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта гана мамлекеттик баалуу кагаздарды жана/же Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасынын күрөөсү алдында ликвиддүүлүктү колдоо үчүн өткөрүлгөн аукциондорго гана катыша алат»; 

- 36-пункттагы «Т. Үмөталиев атындагы көчө, 101» деген сөздөр «Чүй проспектиси 168» дегенге алмаштырылсын; 

- 61-пункттагы «кийинки жумуш күнү» деген сөздөр «кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен» дегенге алмаштырылсын; 

- 75-пункттагы «6 айдан ашпаган мөөнөткө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 76-пункттагы «6 айлык мөөнөткө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 79-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк тарабынан кредитти пайдалангандыгы үчүн кошуп эсептелген пайыздарды төлөө кредиттик келишимге ылайык ай сайын жүзөгө ашырылып турат.»; 

Жобонун 1-тиркемесиндеги: 

- Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимдин баш сөзүндө «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын жана 20 __-жылдын «__» _____________ № ______________ буйруктун» деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____ жылдын __________ №____ буйругунун» дегенге алмаштырылсын; 

- 2.6-пункттагы «өз инсайдерлери» деген сөздөр «Банкка байланыштуу” дегенге алмаштырылсын; 

- 2.17-пункттагы «кийинки жумуш күнү» деген сөздөр «кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен» дегенге алмаштырылсын; 

- 4.1-пунктун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк тарабынан кредитти пайдалангандыгы үчүн кошуп эсептелген пайыздарды төлөө кредиттик келишимге ылайык ай сайын жүзөгө ашырылып турат.»; 

- 6.1-пункттагы «6 айдан ашпаган мөөнөткө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 6.2-пункттагы «6 айлык мөөнөткө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- «Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери» деп аталган 11- бөлүктөгү «Т. Үмөталиев атындагы көчө, 101» деген сөздөр «Чүй проспектиси 168» дегенге алмаштырылсын . 

- Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимдин 4-тиркемесиндеги: 

Кредиттик келишимдин баш сөзүндө «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын жана 20 __-жылдын «__» _____________ № ______________ буйруктун» деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____ жылдын __________ №____ буйругунун» дегенге алмаштырылсын; 

2.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык чен Кредиттик келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүндөй мөөнөткө жылдык _________________ (жазуу жүзүндө) өлчөмүндө белгиленет. Кредитти пайдалангандыгы үчүн чегерилген пайыздарды төлөө, Банк тарабынан ушул Кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине ылайык (ушул Кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) ай сайын ишке ашырылып турат.» 

2.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.6. Пайыздар кредит берилген күндөн тартып (ошол күндү кошпогондо) кредит төлөнгөн күнгө чейин (ошол күндү кошо алуу менен) кредит боюнча карыздын айкын калдыгына, жыл ичиндеги 365 күн эсебинде жана ай ичиндеги күндөрдүн санына жараша чегерилет.» 

3.1-пунктунда «өз инсайдерлери» деген сөздөр «Банкка байланыштуу» дегенге алмаштырылсын; 

Кредиттик келишимдин «Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары» деген 6-бөлүгүндөгү «Т. Үмөталиев атындагы көчө, 101» деген сөздөр «Чүй проспектиси 168» дегенге алмаштырылсын; 

Кредиттик келишимге карата «Кредиттик аукциондордун алкагында Улуттук банктын каражат эсебинен берилген кредит портфелинин абалы жөнүндө отчет» деп аталган 3-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20___-жылдын «___»______№___   

Кредиттик келишимге карата   

3-тиркеме 

Ай сайын кийинки айдын бешине чейин  

 

 

 

 

 

Форма 2. Кредиттик аукциондордун алкагында Улуттук банктын каражат эсебинен берилген кредит портфелинин абалы жөнүндө отчет 

 

 

 

күнү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банк 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

сом/пайыз түрүндө 

 

 

 

 

 

Аукциондун коду 

Тармактар боюнча берилген кредиттердин жалпы көлөмү 

Бир мезгилдин башталышына карата орду жабылбаган кредиттердин калдыгы 

Бир мезгилдин акырына карата орду жабылбаган кредиттердин калдыгы 

Карыз алуучулардын төлөө көлөмү 

Банк тарабынан жаңы берилген кредиттин көлөмү 

Банктын Улуттук банкалдындагы карыздын көлөмү 

Улуттук банкка кайтарылган суммалар 

өнөр жайы 

айыл-чарбасы 

транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүү  

соода жана коммерция 

курулуш 

туризм 

БФКУну кредиттөө 

суммасы 

орточо салмактанып алынган чен 

суммасы 

орточо салмактанып алынган чен 

суммасы 

 

 

орточо салмактанып алынган чен 

суммасы 

орточо салмактанып алынган чен 

суммасы 

орточо салмактанып алынган чен 

суммасы 

орточо салмактанып алынган чен 

 

 

5 (3-4+6) 

8 (7-3-6) 

АК1 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

АК2 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

… 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

АКn 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

Ж 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банк жетекчисинин аты-жөнү  

  

  

 

 

 

 

 

 

кол тамгасы 

  

  

 

 

 

 

 

 

мөөрү» 

  

  

 

 

 

 

 

 

»

- Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимдин 5-тиркемесиндеги: 

Күрөө келишиминин баш сөзүндөгү «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын жана 20 __-жылдын «__» _____________ № ______________ буйруктун» деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____ жылдын __________ №____ буйругунун» дегенге алмаштырылсын; 

Күрөө келишиминин «Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары» деген 7-бөлүгүндөгү «Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101» деген сөздөр «Чүй проспектиси 168» деген алмаштырылсын; 

- Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимдин 6-тиркемесиндеги: 

Күрөө келишиминин баш сөзүндөгү «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын жана 20 __-жылдын «__» _____________ № ______________ буйруктун» деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____ жылдын __________ №____ буйругунун» дегенге алмаштырылсын; 

Күрөө келишиминин «Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары» деген 7-бөлүгүндөгү «Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101» деген сөздөр «Чүй проспектиси 168» дегенге алмаштырылсын; 

- Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимдин 7-тиркемесиндеги: 

Күрөө келишиминин баш сөзүндөгү «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын жана 20 __-жылдын «__» _____________ № ______________ буйруктун» деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____ жылдын __________ №____ буйругунун» дегенге алмаштырылсын; 

2.2-пункттун 1-пунктчасындагы «инсайдер болуп» деген сөздөр «Күрөө коюучуга байланышкан» дегенге алмаштырылсын; 

Күрөө келишиминин «Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары» деген 8-бөлүгүндөгү «Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101» деген сөздөр «Чүй проспектиси 168» дегенге алмаштырылсын. 

12.  Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 18 жана 53-беренелерине» дегенге алмаштырылсын ; 

- 12-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Убактылуу администрация режиминде болбоо. Убактылуу администрация режиминде турган банкка Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта гана жети күндүк кредит берилиши мүмкүн;”; 

1-тиркеменин баш сөзүндөгү «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын жана 20«__» _________ № буйруктун» деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____ жылдын __________ №____ буйругунун» дегенге алмаштырылсын; 

8.4-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Банктын сот тарабынан банкрот деп таанылышы;». 

«Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери» деа аталган 9-бөлүктөгү «720040, Бишкек шаары, Т. Үмөталиев атындагы көчө, 101» деген сөздөр «720001, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 168» дегенге алмаштырылсын. 

13.  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы № 45/1 «Кыргыз Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин алкагында башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

«Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 5 жана 33-беренелерине» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 18 жана 44 беренелерине» дегенге алмаштырылсын; 

- 8-пункттагы «андан ары пролонгациялоо мүмкүнчүлүгү менен 6 айга» деген сөздөр «Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталган мөөнөткө» дегенге алмаштырылсын; 

- 33-пункттагы «6 (алты) айдан ашпаган мөөнөткө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 34-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34. Пролонгациялоо шарттары, анын ичинде пролонгациялоо саны Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.»; 

жобонун 1 тиркемесиндеги:  

- Кыргыз Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин алкагында башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга кредит берүү жөнүндө башкы келишимдин баш сөзүтөмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Улуттук банктын 20___-жылдын «__»______ буйругунун негизинде иш алып барган _______________________ бир тараптан жана мындан ары «Уюм» деп аталуучу ___________________________атынан, уставдын негизинде иш алып барган _______________________________ экинчи тараптан, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, Улуттук банк Башкармасынын 20___-жылдын «__»______ №____ токтому менен бекитилген «го таянып, төмөнкүлөр боюнча ушул Башкы келишимди (мындан ары Башкы келишим) түзүштү:»; 

- 6.1-пункттагы «6 (алты) айдан ашпаган мөөнөткө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 6.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.2. Пролонгациялоо шарттары, анын ичинде пролонгациялоо саны Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.»; 

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга кредит берүү жөнүндө башкы келишимдин 1 тиркемесиндеги: 

- Кредиттик келишимдин баш сөзүндөгү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын жана 20____-жылдын «__»______ №_____буйруктун негизинде» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20____-жылдын «__»______ №_____ буйругунун негизинде» дегенге алмаштырылсын; 

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга кредит берүү жөнүндө башкы келишимдин 2 тиркемесиндеги: 

- Күрөө келишиминин баш сөзүндөгү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын жана 20____-жылдын «__»______ №_____буйруктун негизинде» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20____-жылдын «__»______ №_____буйругунун негизинде» дегенге алмаштырылсын; 

14.  Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн номиналы чет өлкө валютасында көрсөтүлгөн мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн номиналы чет өлкө валютасында көрсөтүлгөн мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул Жободо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын (мындан ары МКО(в)) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүү операцияларын жүзөгө ашыруу тартиби аныкталат»; 

- 2-пункттагы «жана Эмитенттин позициясын эске алат (Финансы министрлигинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 10-1-2/3009 каты)» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 21-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган процесстер жана жол-жоболор (Убактылуу администрация, банкты жоюу) ага карата колдонулбашы; 

- 25 жана 52-пункттардагы «Документ менен иш алып баруу башкармалыгынын Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн» деген сөздөр «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмүнүн» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин баш сөзүндөгү «20___-жылдын «____»________ №____ буйруктун негизинде иш алып барган Төраганын орун басары» деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____ жылдын __________ №____, «_____________________________» буйругунун негизинде иш алып барган» дегенге алмаштырылсын; 

«Банкка коюлуучу талаптар» деп аталган 2-бөлүктүн 2.1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган процесстер жана жол-жоболор (Убактылуу администрация, банкты жоюу) ага карата колдонулбашы; 

«Тараптардын реквизиттери» деп аталган бөлүктөгү «720040, Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101» деген сөздөр «720001, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 168» дегенге алмаштырылсын; 

- 5-тиркеменин баш сөзүндөгү «20___-жылдын «____»________ №____ буйруктун негизинде иш алып барган Төраганын орун басары» деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____ жылдын __________ №____, «_____________________________» буйругунун негизинде иш алып барган» дегенге алмаштырылсын; 

«Тараптардын реквизиттери» деп аталган бөлүктөгү «720040, Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101» деген сөздөр «720001, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 168» дегенге алмаштырылсын;; 

15. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бектитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобонун бүтүндөй текст боюнча кездешкен ар башка жөндөмөлөрдөгү «финансы-кредит мекемелери» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «коммерциялык банктар» дегенге алмаштырылсын;  

- 2 пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 5, 20, 21-беренелерине ылайык» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 18, 25, 26-беренелерине ылайык» дегенге алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 1, 2-тиркемелер менен толукталсын: 

 

«Улуттук Банк Башкармасынын 

2013-жылдын 28-мартындагы №10/6 

токтому менен бекитилген  

«Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын ноталарынын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөөжөнүндө»жобого карата  

1-тиркеме   

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталар рыногунда __________________________________________ коммерциялык банкынын 

иши жөнүндө№_______келишим   

  

Бишкек ш. 20___-ж. «____» _________   

  

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Улуттук банктын 20__-жылдын «__» ______________ №_____«________»буйругунун негизинде иш алып барган _____________________ бир тараптан жана __________________________ мындан ары «Коммерциялык банк» же «Банк» деп аталуучу, Уставдын негизинде иш алып барган __________________________ экинчи тараптан, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобого (мындан ары  Жобо) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү:  

 

1. Келишим Предмети 

1.1. Банктын Улуттук банктын ноталар рыногунда ишин ушул Жобого ылайык жөнгө салуу, келишим предметинен болуп саналат.   

 

2. Банктардын укуктары 

Банктар төмөнкүлөргө укуктуу:  

2.1. Улуттук банктын ноталарын өз атынан жана кардарлардын тапшыруусу боюнча АТС аркылуу жайгаштыруу жана кошумча жайгаштыруу боюнча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) аукциондорго түздөн-түз катышууга.  

2.2. Улуттук банктын ноталарынын экинчилик рыногунда өз атынан жана кардарларынын тапшыруусу боюнча операцияларды жүргүзүүгө.  

2.3. Өз атынан жана кардарларынын тапшыруусу боюнча сатылып алынган ноталар боюнча депозитардык ишти жүргүзүүгө.  

2.4. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу жана кошумча жайгаштыруу (аукциондон тышкары жайгаштыруу) боюнча алдыда турган аукциондордун параметрлери жана өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды алууга.  

 

3. Банктардын милдеттери 

 

Банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:  

3.1. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктын ноталары менен операцияларды ишке ашырууга;  

3.2. Аукциондо утушка ээ болгон билдирмелердин эмиссия күнү аларга төлөө жана ноталарды кошумча жайгаштыруу (аукциондон тышкары жайгаштыруу), ошондой эле ноталардын экинчилик рыногунда операцияларды ишке ашыруу үчүн корреспонденттик эсепте жетиштүү көлөмдөгү акча каражаттарынын болушун камсыз кылууга.  

3.3. Билдирмелер үчүн бөлүп төлөөгө жол берилбейт. Эгерде, Банк Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте сатылып алынган ноталарга толук көлөмүндө төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы жетиштүү көлөмдөгү акча каражатына ээ эмес болсо, анда бул билдирме жокко чыгарылат. Бул учурда Банк төлөнбөгөн ноталардын жалпы наркынан бир пайыз өлчөмүндө, бирок Банктын төлөнгөн уставдык капиталынын бир пайызынан ашпаган чекте айыптык төлөмдү (неустойка) номиналдык наркы боюнча Улуттук банкка төлөп берүүгө тийиш. Айыптык төлөмдү төлөгөнгө чейин мындай Банкка кийинки Улуттук банктын аукциондоруна катышуусуна уруксат берилбейт.   

3.4. Өз атынан жана кардарларынын тапшыруусу боюнча сатылып алынган ноталардын депозитардык эсебин жүргүзүүгө;  

3.5. Улуттук банктын ноталар рыногундагы операциялар боюнча отчетторду Улуттук банк тарабынан белгиленген формаларда өз учурунда берип турууга;   

3.6. Келишимге кол койгондон кийинки эки жумуш күнү ичинде Улуттук банктын ноталар аукциондоруна берилүүчү билдирмелерге жана экинчилик рыногунда ноталар менен операциялар боюнча тапшырууларга кол коюуга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын кол тамга үлгүлөрү менен тиешелүү тизмени жана ишеним катты Улуттук банкка берүүгө. Эгерде ушул пунктта көрсөтүлгөн ыйгарым укук башка адамга өткөн болсо, эки жумуш күнү ичинде жаңы тизмени жана ишеним катты Улуттук банкка берүүгө.  

4. Улуттук банктын укуктары 

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

4.1. Банктардын Улуттук банктын ноталар рыногундагы ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга, анын ичинде жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүүгө.  

4.2. Улуттук банктын ноталарынын башкы депозитарийи катары иш алып барууга.  

4.3. Улуттук банктын ноталар аукционуна берилген жана/же кошумча (аукциондон тышкары жайгашытырууга) жайгаштырууга берилген, канааттандырылган (толук же жарым-жартылай көлөмдө) билдирмелердин негизинде Банктардын корреспонденттик эсептеринен каражаттарды акцептсиз тартипте алып салууга.  

4.4. Банк катары иш алып барууга байланыштуу отчетторду, ошондой эле башка зарыл маалыматтарды белгиленген формада Улуттук банкка өз учурунда берилишин талап кылууга.  

4.5. Банктарга карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген чараларды колдонууга.   

 

5. Улуттук банктын милдеттери 

Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү:  

5.1. Улуттук банктын жүгүртүүдөгү ноталарын так жана толук эсепке алынышын камсыз кылууга.  

5.2. Улуттук банктын ноталар аукциондорунун параметрлерин жана аларды кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) жайгаштыруу шарттарын Улуттук банктын сайтында жайгаштырууга.  

5.3. Улуттук банктын ноталар аукциондорун өткөрүүдөн жана/же ноталарды кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) жайгаштыруудан кийин, аукциондордун жана кошумча жайгаштыруулардын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды белгиленген тартипке ылайык Банктарга берүүгө.  

5.4. Улуттук банктын ноталарынын орду жабылган күнү, Улуттук банктын Банктардын депо эсептеринде эсепке алынган ноталарынын Улуттук банк тарабынан төлөнгөн эмиссияларынын номиналдык наркын Банктардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептерине чегерүүгө.   

5.5. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, маалыматтардын чечмеленип берилиши талап кылынган учурларды эске албаганда, Банктардын ноталар менен операциялары боюнча маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга.  

 

6. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерди чечүү тартиби 

6.1. Банктардын эсептерине каражаттардын туура эмес эсептен алып салынышы, ошондой эле Улуттук банк тарабынан тиешелүү суммаларды өз учурунда эмес же туура эмес чегергендиги үчүн Улуттук банк Банктардын пайдасына ар бир кечиктирген күн үчүн чегерилбей калган (же ашыкча эсептен алынып салынган) суммадан 0,1% өлчөмүндө туум төлөөгө тийиш.  

6.2. Банктар жаңылыш чегерилген сумма тууралуу Улуттук банкка маалымдоого жана ага кайтарып берүүгө милдеттүү. Жаңылыш чегерилген суммалар кайтарылып берилбеген учурда Банктар, ар бир мөөнөтүндө кайтарылып берилбеген ар бир күн үчүн жаңылыш чегерилген сумманын 0,1% өлчөмүндө туумду Улуттук банкка төлөп берет.   

6.3. Тараптар өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткара албагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.   

6.4. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимге келишүү максатында, сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.  

6.5. Чечилбеген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгө салынат.   

 

7. Келишим колдонулган мөөнөт жана аны токтотуу тартиби 

7.1. Келишим ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонулат.  

7.2. Эгерде ушул Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки 30 календардык күндөн кечиктирбестен Тараптардын бири аны токтотуу ниетин кат жүзүндө билдирбесе, келишимдин аракети ар бир кийинки календардык жылга дароо узартылат.   

7.3. Келишим Улуттук банктын демилгеси боюнча сыяктуу эле, Банктардын демилгеси да токтотулушу мүмкүн.  

7.4. Улуттук банк төмөнкү учурларда алдын ала маалымдоосуз эле, бул Келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу:  

Банктар ушул Келишим боюнча милдеттерин аткарбай койсо же талаптагыдай аткарбаса;  

Банктарга карата Убактылуу администрлөө же жоюу жол-жобосу башталса;  

Банктардын банктык лицензиясы токтотулса же кайтарылып алынса.  

 

8. Башка шарттар 

8.1. Банктар, Улуттук банктын ноталар аукциондоруна жана/же аларды кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) жайгаштырууга катышуусунун жыйынтыгы боюнча Банктардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеринен акча каражаттарын акцептсиз тартипте алып салуу укугун Улуттук банкка ыйгарышат.  

8.2. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.  

8.3. Аталган Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип же Жобонун жаңы редакциясы кабыл алынган учурда, ушул келишим шарттары аларды Жобонун жаңы нормаларына ылайык келтирүү максатында кайрадан каралып чыгууга тийиш.   

8.4. Бул келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, алар кат жүзүндө толтурулуп, эки тарап тең койгон шартта гана анык болуп саналат.   

8.5. Келишим, Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада, кыргыз тилинде эки нускада жана орус тилинде эки түп нускада түзүлгөн. Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка эки нускасы Банкка берилет.  

 

Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери: 

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

720001, Бишкек шаары,  

Чуй проспектиси 168 

 

______________________ 

(Кызматорду)   (Аты-жөнү)     

__________________  

(Кол тамгасы)   

МО  

Банктын аталышы   

(Почта индекси, дареги)      

Улуттук банктагы корреспонденттик 

эсебинин № _____________________     

 

______________________ 

(Кызматорду)    (Аты-жөнү)   

________ __________  

(Кол тамгасы)    

МО».  

 

«Улуттук Банк Башкармасынын 

2013-жылдын 28-мартындагы №10/6 

токтому менен бекитилген  

«Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын ноталарынын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөөжөнүндө» жобого карата  

2-тиркеме   

  

_________________________________________ институционалдык инвестордун Улуттук банктын ноталар рыногундагыиши жөнүндө  

№________________________келишим   

  

Бишкек ш. 20___-ж. «____» _________   

  

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Улуттук банктын 20___-жылдын «__»___________ №____«_______________________________» буйругунун негизинде иш алып барган _________________________ бир тараптан жана _________________________ мындан ары «Кардар» деп аталуучу, _________________________ негизинде иш алып барган ____________________________ экинчи тараптан, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобого (мындан ары  Жобо) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү:  

1. Келишим Предмети   

1.1. Улуттук банктын ноталар рыногунда Кардардын ишин ушул Жобого ылайык жөнгө салуу келишим предметинен болуп саналат.   

  

2. Кардардын укуктары жана милдеттери  

 

Кардар төмөнкүлөргө укуктуу:  

2.1. Улуттук банктын ноталарын өз атынан АТС аркылуу жайгаштыруу жана кошумча жайгаштыруу боюнча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) аукциондорго түздөн-түз катышууга.  

2.2. Улуттук банктын ноталарынын экинчилик рыногунда өз атынан операцияларды жүргүзүүгө.  

2.3. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу жана кошумча жайгаштыруу (аукциондон тышкары жайгаштыруу) боюнча алдыда турган аукциондордун параметрлери жана өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды алууга.  

 Кардар төмөнкүлөргө милдеттүү:  

2.4. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктын ноталары менен операцияларды ишке ашырууга;  

2.5. Аукциондо утушка ээ болгон билдирмелердин эмиссия күнү аларга төлөө жана ноталарды кошумча жайгаштыруу (аукциондон тышкары жайгаштыруу), ошондой эле ноталардын экинчилик рыногунда операцияларды ишке ашыруу үчүн Улуттук банкта ачылган күндөлүк эсепте жетиштүү көлөмдөгү акча каражаттарынын болушун камсыз кылууга.  

2.6. Билдирмелер үчүн бөлүп төлөөгө жол берилбейт. Эгерде, Кардар Улуттук банктагы өз күндөлүк эсебинде сатылып алынган ноталарга толук көлөмүндө төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы жетиштүү көлөмдөгү акча каражатына ээ эмес болсо, анда бул билдирме жокко чыгарылынат. Бул учурда Кардар төлөнбөгөн ноталардын жалпы наркынан бир пайыз өлчөмүндө айыптык төлөмдү (неустойка) номиналдык наркы боюнча Улуттук банкка төлөп берүүгө тийиш. Айыптык төлөмдү төлөгөнгө чейин мындай Кардарга кийинки аукциондорго катышуусуна уруксат берилбейт.   

2.7. Улуттук банктын ноталар рыногундагы операциялар боюнча отчетторду Улуттук банк тарабынан белгиленген формаларда өз учурунда берип турууга;   

2.8. Келишимге кол койгондон кийинки эки жумуш күнү ичинде Улуттук банктын ноталар аукциондоруна берилүүчү билдирмелерге жана экинчилик рыногунда ноталар менен операциялар боюнча тапшырууларга кол коюуга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын кол тамга үлгүлөрү менен тиешелүү тизмени жана ишеним катты Улуттук банкка берүүгө. Эгерде ушул пунктта көрсөтүлгөн ыйгарым укук башка адамга өткөн болсо, эки жумуш күнү ичинде жаңы тизмени жана ишеним катты Улуттук банкка берүүгө.  

  

3. Улуттук банктын укуктары жана милдеттери  

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

3.1. Кардардын Улуттук банктын ноталар рыногундагы ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга, анын ичинде жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүүгө.  

3.2. Улуттук банктын ноталарынын башкы депозитарийи катары иш алып барууга.  

3.3. Улуттук банктын ноталар аукционуна берилген жана/же кошумча (аукциондон тышкары жайгаштырууга) жайгаштырууга берилген, канааттандырылган (толук же жарым-жартылай көлөмдө) билдирмелердин негизинде Кардардын Улуттук банкта ачылган күндөлүк эсептеринен каражаттарды акцептсиз тартипте алып салууга.  

3.4. Кардар катары иш алып барууга байланыштуу отчетторду, ошондой эле башка зарыл маалыматтарды белгиленген формада Улуттук банкка өз учурунда берилишин талап кылууга.  

3.5. Кардарга карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген чараларды колдонууга.  

 Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү:  

3.6. Улуттук банктын жүгүртүүдөгү ноталарын так жана толук эсепке алынышын камсыз кылууга.  

3.7. Улуттук банктын ноталар аукциондорунун параметрлерин жана аларды кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) жайгаштыруу шарттарын Улуттук банктын сайтында жайгаштырууга.  

3.8. Улуттук банктын ноталар аукциондорун өткөрүүдөн жана/же ноталарды кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) жайгаштыруудан кийин, аукциондордун жана кошумча жайгаштыруулардын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды белгиленген тартипке ылайык Кардарга берүүгө.  

3.9. Улуттук банктын ноталарынын орду жабылган күнү, Улуттук банктын Кардардын депо-эсептеринде эсепке алынган ноталарынын Улуттук банк тарабынан төлөнгөн эмиссияларынын номиналдык наркын Кардардын Улуттук банкта ачылган күндөлүк эсептерине чегерүүгө.   

3.10. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, маалыматтардын чечмеленип берилиши талап кылынган учурларды эске албаганда, Кардардын ноталар менен операциялары боюнча маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга.  

  

4. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерди чечүү тартиби  

4.1. Кардардын эсептерине каражаттардын туура эмес эсептен алып салынышы, ошондой эле Улуттук банк тарабынан тиешелүү суммаларды өз учурунда эмес же туура эмес чегергендиги үчүн Улуттук банк Кардардын пайдасына ар бир кечиктирген күн үчүн чегерилбей калган (же ашыкча эсептен алынып салынган) суммадан 0,1% өлчөмүндө туум төлөөгө тийиш.  

4.2. Кардар жаңылыш чегерилген сумма тууралуу Улуттук банкка маалымдоого жана ага кайтарып берүүгө милдеттүү. Жаңылыш чегерилген суммалар кайтарылып берилбеген учурда Кардар, ар бир мөөнөтүндө кайтарылып берилбеген ар бир күн үчүн жаңылыш чегерилген сумманын 0,1% өлчөмүндө туумду Улуттук банкка төлөп берет.   

4.3. Тараптар өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткара албагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.   

4.4. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимге келишүү максатында, сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.  

4.5. Чечилбеген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгө салынат.   

  

5. Келишим колдонулган мөөнөт жана аны токтотуу тартиби   

5.1. Келишим ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонулат.  

5.2. Эгерде ушул Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки 30 календардык күндөн кечиктирбестен Тараптардын бири аны токтотуу ниетин кат жүзүндө билдирбесе, келишимдин аракети ар бир кийинки календардык жылга дароо узартылат.   

5.3. Келишим Улуттук банктын демилгеси боюнча сыяктуу эле, Кардардын демилгеси боюнча да токтотулушу мүмкүн.  

  

6. Башка шарттар  

6.1. Кардар, Улуттук банктын ноталар аукциондоруна жана/же аларды кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) жайгаштырууга катышуусунун жыйынтыгы боюнча Кардардын Улуттук банкта ачылган күндөлүк эсептеринен акча каражаттарын акцептсиз тартипте алып салуу укугун Улуттук банкка ыйгарат.  

6.2. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.  

6.3. Аталган Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип же Жобонун жаңы редакциясы кабыл алынган учурда ушул келишим шарттары, аларды Жобонун жаңы нормаларына ылайык келтирүү максатында кайрадан каралып чыгууга тийиш.   

6.4. Бул келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, алар кат жүзүндө толтурулуп, эки тарап тең койгон шартта гана анык болуп саналат.   

6.5. Келишим, Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада, кыргыз тилинде эки нускада жана орус тилинде эки түп нускада түзүлгөн. Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка эки нускасы Кардарга берилет.  

  

Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери:  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

720001, Бишкек шаары,  

Чуй проспектиси 168 

 

______________________ 

(Кызматорду)   (Аты-жөнү)     

__________________  

(Кол тамгасы)   

МО  

Кардардын аталышы   

(Почта индекси, дареги)      

Улуттук банктагы корреспонденттик 

эсебинин № _____________________     

 

______________________ 

(Кызматорду)    (Аты-жөнү)   

________ __________  

(Кол тамгасы)    

МО».  

 

ФКМдын аталышы   

(Почта индекси, дареги)      

Улуттук банктагы корреспонденттик 

эсебинин № _____________________     

 

______________________ 

(Кызматы)    (Аты-жөнү)   

________ __________  

(Колу)    

МО  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

720001, Бишкек шаары,  

Чуй проспектиси 168 

 

______________________ 

(Кызматы)   (Аты-жөнү)     

__________________  

(Колу)   

МО  

ФКМдын аталышы   

(Почта индекси, дареги)      

Улуттук банктагы корреспонденттик 

эсебинин № _____________________     

 

______________________ 

(Кызматы)    (Аты-жөнү)   

________ __________  

(Колу)    

МО