Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12\23-2-(НПА) 

токтому 

 

 

“Чет өлкө банкынын өз филиалына капитал катары акча каражатын бөлүү тартиби жөнүндө”жобону бекитүү тууралуу 

 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзам талабына ылайык келтирүү максатында жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасытоктом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган "Чет өлкө банкынын өз филиалына капитал катары акча каражатын бөлүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 10-июнундагы №31/1 «Банк-резидент эместин өз филиалына капитал бөлүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, коммерциялык банктарды жана чет өлкө банкынын филиалын таныштырсын. 

6. Тышкы көзөмөл башкармалыгы токтом күчүнө киргенден кийинки 30 (отуз) күн ичинде Улуттук банк менен Пакистан Улуттук банкы ортосунда түзүлгөн акча каражаттарын байланыштуу депозит катары Улуттук банкта жайгаштыруу жөнүндө келишимди ушул токтом менен бекитилген "Чет өлкө банкынын өз филиалына капитал катары акча каражатын бөлүү тартиби жөнүндө" жоботалабына ылайык келтирсин.  

7. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын “8”июнундагы 

№ 2017-П-12/23-2-(НПА)  

токтомуна тиркеме 

 

 

"Чет өлкө банкынын өз филиалына капитал катары акча каражатын бөлүү тартиби жөнүндө

ЖОБО  

 

1. Бул жободо чет өлкө банктарынын Кыргыз Республикасынын аймагында ачылган жана каттоодон өткөн филиалдарына акча каражаттарын бөлүп берүү жол-жобосун ишке ашыруу тартиби аныкталган. 

2. Кыргыз Республикасынын аймагында филиал ачууга уруксат алуу үчүн чет өлкө банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары - Улуттук банк) тиешелүү документтерди берүүгө тийиш.  

3. Чет өлкө банкы Кыргыз Республикасынын аймагында ачылган филиалына Улуттук банктын банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарына ылайык келген өлчөмдө кайтарылып алынгыс жана мөөнөтсүз акча каражаттарын бөлүп берет, ал чет өлкө банкынын филиалынын капиталы жана экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн негиз болуп саналат.  

Экономикалык ченемдер жана аларды эсептөө тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана ушул жобого ылайык белгиленет. 

4. Чет өлкө банкы Кыргыз Республикасынын аймагында ачылган өз филиалына бөлүп берген акча каражаттар Улуттук банктагы байланыштуу депозитте милдеттенмелер жүктөлбөгөн карыз катары жайгаштырылууга тийиш.  

Ушул жобонун максатында чет өлкө банкынын эч кандай пайыздарды төлөөсүз Улуттук банкта жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы акча каражаттары байланыштуу депозит болуп саналат. 

5. Кыргыз Республикасынын аймагында өз филиалын ачуу ниетин билдирген чет өлкө банкы Улуттук банкта байланыштуу депозит катары акча каражаттарын жайгаштыруу үчүн Улуттук банк менен келишим түзүүгө тийиш. Мыйзамдарда белгиленген шарттар менен бирге келишимде төмөнкү жоболор да камтылышы зарыл:  

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы байланыштуу депозит суммасынын өлчөмү;  

- ушул байланыштуу депозит чет өлкө банкынын филиалы үчүн капитал болуп саналаары, филиалдын кредиторлор алдында милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кыла тургандыгы жана депозитке кандайдыр бир башка милдеттенмелер жүктөлбөй тургандыгы; 

- Улуттук банктагы байланыштуу депозиттин эсебинен мамлекеттик казына векселдерин жана мамлекеттик казына облигацияларын сатып алууга жумшалуучу акча каражаттарынын өлчөмү.  

6. Чет өлкө банкынын филиалы байланыштуу депозит катары жайгаштырылган акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин жана мамлекеттик казына облигацияларын сатып алуу үчүн гана пайдаланууга укуктуу. Мамлекеттик казына векселдерин жана мамлекеттик казына облигацияларын сатып алуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн болгон байланыштуу депозиттин өлчөмү  Улуттук банк менен чет өлкө банкы ортосунда макулдашылып, ал байланыштуу депозит катары акча каражаттарын Улуттук банкта жайгаштыруу келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.  

Улуттук банкта байланыштуу депозит катары жайгаштырылган акча каражаттарынын эсебинен сатылып алынган мамлекеттик казына векселдери жана мамлекеттик казына облигациялары ликвиддүүлүк боюнча экономикалык ченемден башка милдеттүү экономикалык ченемдерди эсептөөдө камтылат.  

Ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө байланыштуу депозиттин жайгаштырылбаган бөлүгү камтылбайт.  

Чет өлкө банкынын филиалына Улуттук банкта байланыштуу депозит катары жайгаштырылган акча каражаттарынын эсебинен сатылып алынган мамлекеттик казына векселдери жана мамлекеттик казына облигациялары боюнча РЕПО келишимин түзүүгө тыюу салынат.  

7. Эгерде чет өлкө банкы ушул жобонун талаптарын бузууга жол берсе Улуттук банк лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, Кыргыз Республикасынын аймагында каттоодон өткөн чет өлкө банкынын филиалына карата Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

8. Байланыштуу депозит катары жайгаштырылган акча каражаттары чет өлкө банкынын филиалын жабуу чечими кабыл алынганга чейин жана чет өлкө банкынын филиалынын кредиторлор алдында карызы жоктугун тастыктаган анын жоюу балансы бекитилгенге чейин кайтарылып алынбайт жана алар чет өлкө банкынын филиалынын кредиторлор алдында милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кылат.