Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-7-(НПА) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын ”Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/3 ”Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 ”Коммерциялык банктарда Аудит боюнча комитетти түзүүгө карата негизги талаптар тууралуу” токтомуна; 

2. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмесин”, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-7-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

токтомдун аталышында, баш сөзүндө жана 1-пунктунда “финансы-кредит мекемелеринде” деген сөздөр “финансы-кредит уюмдарында” дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- жобонун аталышында жана бул жобого карата 1-тиркемеде “финансы-кредит мекемелеринде” деген сөздөр “финансы-кредит уюмдарында” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Жободо коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары - банктар) тарабынан рыноктук тобокелдикти тескөөгө карата минималдуу талаптар белгиленген.»;  

- 1.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Жободо алгылыктуу банктык тажрыйбанын стандарттарына ылайык рыноктук тобокелдикти тескөөнүн негизги элементтери жана принциптери аныкталган жана бул банктар үчүн тобокелдикти тескөө системасына карата минималдуу талаптар боюнча кошумча колдонмо болуп саналат (1-тиркемени кара) аларга, эң аз дегенде төмөнкүлөр кирет:  

- рыноктук тобокелдикти тескөөнүн максаты жана милдети; 

- рыноктук тобокелдиктин алгылыктуу деңгээлин аныктоо, баа берүү жана  

рыноктук тобокелдик деңгээлине, анын ичинде консолидацияланган негизде мониторинг жүргүзүү тартиби; 

- тобокелдикти контролдоону жана/же минималдаштырууну кошо алганда, рыноктук тобокелдиктин тийиштүү деңгээлин колдоо боюнча чара көрүү

- рыноктук тобокелдик маселеси боюнча маалымат менен камсыз кылуу тартиби (бөлүмдөр менен кызматкерлер ортосунда маалымат алмашуу тартиби, рыноктук тобокелдикти тескөө маселеси боюнча отчетту жана башка маалыматты сунуштоо тартиби жана мезгилдүүлүгү); 

• финансылык инструменттер түзүмү, алардын саны жана нарктык көрсөткүчтөрү өзгөргөн шартта, рыноктук тобокелдикти тескөө тартиби, жаны технологияларды, банктык операцияларды жана башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу шарттарын, жаңы рыноктон орун алууда башка финансылык инновацияларды жана технологияларды иштеп чыгуу жана аларды ишке киргизүү тартиби; 

• рыноктук тобокелдикти тескөөнүн негизги принциптерин ишке ашыруу жагында Директорлор кеңеши, аткаруу органдары, бөлүмдөр жана кызматкерлер ортосунда ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү

• рыноктук тобокелдикти эффективдүү тескөө үчүн контролдоону жүзөгө ашырүү тартиби.»; 

- 1.2-пунктка карата 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1-эскертүү. Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого ылайык”.; 

- 2.2-пункт төмөнкү мазмундагы 2.2.4-пункт менен толукталсын: 

“2.2.4. Кыйыр кирешелүүлүк тобокелдиги бул ордун жабуу мөөнөтүнө чейин пайыздык чендин өзгөрүүсүнүн натыйжасында келип чыккан тобокелдик. Ал ошол эле индекстин же рыноктун ар кандай төлөө мөөнөтүндөгү пайыздык чендер ортосундагы катыштын өзгөрүүлөрүнө алып келет. 

Кыйыр кирешелүүлүктүн өзгөрүүсү мөөнөттөрдүн дал келбей калуу эффектисин күчөтүү менен банк позициясынын тобокелдигин белгилейт.”; 

- “6-эскертүү. Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясы жана баалуу металлдардагы ачык позиция лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоого ылайык”. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

токтомдун аталышында, баш сөзүндө жана 1-пунктунда “финансы-кредит мекемелеринде” деген сөздөр “финансы-кредит уюмдарында” дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

жобонун аталышында “финансы-кредит мекемелеринде” деген сөздөр “финансы-кредит уюмдарында” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1.1. Жободо коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары - банктар) тарабынан өлкөлүк тобокелдикти тескөөгө карата минималдуу талаптар белгиленген.”;  

- 1.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1.2. Банктарда которуу тобокелдигин (трансферттик тобокелдик) жана суверендүүлүк тобокелдигин кошо алганда, өлкөлүк тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын жөнгө салуу үчүн каралган саясаттарга, жол-жоболорго жана ички контролдукка карата минималдуу талаптарды белгилөө ушул жобонун максатынан болуп саналат жана ал өзүндө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

өлкөлүк тобокелдикти тескөө милдети; 

өлкөлүк тобокелдиктин алгылыктуу деңгээлин аныктоо, баа берүү жана  

өлкөлүк тобокелдик деңгээлине, анын ичинде консолидацияланган негизде мониторинг жүргүзүү тартиби; 

• тобокелдикти контролдоону жана/же минималдаштырууну кошо алганда, өлкөлүк тобокелдиктин тийиштүү деңгээлин колдоо боюнча чара көрүү

өлкөлүк тобокелдик маселеси боюнча маалымат менен камсыз кылуу тартиби (бөлүмдөр менен кызматкерлер ортосунда маалымат алмашуу тартиби, өлкөлүк тобокелдикти тескөө маселеси боюнча отчетту жана башка маалыматты сунуштоо тартиби жана мезгилдүүлүгү); 

• финансылык инструменттер түзүмү, алардын саны жана нарктык көрсөткүчтөрү өзгөргөн шартта, рыноктук тобокелдикти тескөө тартиби, жаны технологияларды, банктык операцияларды жана башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу шарттарын, жаңы рыноктон орун алууда (кызмат көрсөтүүлөр, валюталар түрлөрү, аймактык (өлкөлүк) таандыгы боюнча) башка финансылык инновацияларды жана технологияларды иштеп чыгуу жана аларды ишке киргизүү тартиби; 

• рыноктук тобокелдикти тескөөнүн негизги принциптерин ишке ашыруу жагында Директорлор кеңеши, аткаруу органдары, бөлүмдөр жана кызматкерлер ортосунда ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү

• рыноктук тобокелдикти эффективдүү тескөө үчүн контролдоону жүзөгө ашырүү тартиби.»; 

- 2.3.2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2.3.2. Суверендүүлүк тобокелдиги бул чет өлкө өкмөтүнүн келишимдерде макулдашылган шарттарга ылайык өз милдеттенмелерининин ордун жабууга, карызын тейлөөгө жөндөмсүздүгүнүн же ниеттенбешинин натыйжасында банк же анын кайсыл болбосун туунду компаниясы тике же кыйыр түрдө жоготууларга учурап калышы ыктымалдыгы тобокелдиги. Суверендүүлүк тобокелдиги чет өлкө валютасынын жетишсидиги же өз мамлекеттик карызын тейлөөгө ниеттенбегендик натыйжасында келип чыгышы мүмкүн.”; 

- 4.10-пункттагы “мекемелер” деген сөз “уюмдар” дегенге алмаштырылсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун:  

- 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Жободо коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары - банктар) тарабынан операциялык тобокелдикти тескөөгө карата минималдуу талаптар белгиленген.”;  

- 2.2-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

“- форс-мажор жагдайы (суу ташкыны, жердин силкиниши, бороон-чапкын, өрттүн чыгышы ж.б. табигый же тегногенддик кырсыктар, техникалык кырсыктар, эпидемия, өзгөчө абалдын киргизилиши, массалык баш аламандык, талап-тоноочулук согуш аракеттери) келип чыккан шартта, иш жагдайын жөнгө салуучу жол-жобо, резервдик борбор (эгерде болгон болсо) ишин которуу жана системанын персоналынын өз ара иш алып баруу тартиби”; 

- төмөнкү мазмундагы 2.9-пункт менен толукталсын: 

“2.9. Операциялык тобокелдикти тескөө максатында, бардык банктар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ички маалымат системасынын ишин калыбына келтирүү үчүн чаралар топтомун камсыз кылууга тийиш.”. 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 “Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптар тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

- 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“ 1.1. Негизги талаптарда коммерциялык банктар, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар, “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары - банктар) рыноктук тобокелдикти тескөөнү уюштуруусуна карата аткарылышы милдеттүү болгон минималдуу талаптар белгиленген.”;  

- 3.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3.1. Комитет банк акционерлеринин жалпы жыйыны тарабынан дайындалган Директорлор кеңешинин кеминде үч мүчөсүнөн турууга тийиш. Анын ичинен экөөсү көз карандысыз мүчөлөрдөн болууга тийиш. Мында, төмөндөгүлөр Комитеттин мүчөлөрүнөн боло алышпайт: 

- банк Башкармасынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери; 

- банк акционерлеринин иш боюнча өнөктөштөрү

- Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана башка банктын акционерлери. 

Мында, Аудит боюнча комитеттин төрагасы милдеттүү түрдө Тобокелдиктер боюнча комитетти башкарбаган банктын Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн бири болууга тийиш”.