Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-9-(НПА) 

токтому 

 

 

«Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/7 «Убактылуу жетекчилик, консервация жана банкроттоо жол-жобосун киргизүү учурунда Кыргыз Республикасынын банктарында айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо тууралуу» токтому; 

- Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 39-пункту; 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет: 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы 

№ 2017-П-12/25-9-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө  

 

ЖОБО  

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Жободо айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби, ошондой эле коммерциялык банкка же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына Убактылуу администрация режими киргизилген же анда жоюу жол-жобосу башталган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) банктын тоорук жана/же төлөм системасына акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды которууга тапшырмасын кайтарылгыс катары таануу шарттары аныкталган. 

2. Бул жобонун талаптары, алар банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонгон атайын терминдерди эске алуу менен Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктардын, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган же “ислам терезесине” ээ коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары - банктар), алардын кардарларынын, Кыргыз Республикасынын тоорук жана төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишине таркатылат. 

3. Жобонун талаптарынын өз убагында аткарылышын, тоорук жана төлөм системаларынын иш үзгүлтүксүздүгүн жана иш ыргагынын сакталышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик банктарга, система операторлоруна жана катышуучуларына, ошондой эле депозитарийлерге жана субдепозитарийлерге жүктөлөт. Төлөм жана тоорук системаларынын операторлорунун жана/же катышуучуларынын жоопкерчиликтери система операторлору менен катышуучулары ортосунда, ошондой эле депозитарийлер менен субдепозитарийлер ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдерде/макулдашууларда белгиленген. 

 

2-глава. Негизги түшүнүктөр 

 

4. Ушул жобонун алкагында төмөнкүлөр белгиленген: 

1) Улуттук банк тарабынан таанылган, банк тоорук жана/же төлөм системасына өткөрүп берген акча каражаттарын же баалуу кагаздарды которууга кайтарылгыс тапшырмалары юридикалык күчкө ээ жана Убактылуу администрация режими киргизилген же жоюу жол-жобосу башталган учурда үчүнчү жактар тарабынан да милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш; 

2)  банк тоорук жана/же төлөм системасына акча каражаттарын же баалуу кагаздарды которууга кайтарылгыс тапшырманы Убактылуу администрация режими киргизилгенден кийин же банк жоюлгандан кийин берген шартта, эгерде Убактылуу администратор же жоюучу система операторуна Убактылуу администрация режимин киргизүү же банкты жоюу жөнүндө которууга тапшырмалар кайтарылгыс катары таанылганга чейин эле маалымдалгандыгын далилдей алса, тапшырма юридикалык күчкө ээ болбойт жана ал үчүнчү жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш эмес.  

5. Убактылуу администрация киргизилгенге чейин же жоюу жол-жобосу башталганга чейин кийинкиге калтыруу шартында түзүлгөн контракттар жана бүтүмдөр мындай режим киргизилгендигинен же банк жоюлгандыгынан улам, Улуттук банк тарабынан таанылган, тоорук жана/же төлөм системасы аркылуу ишке ашырылган клиринг жыйынтыктарын жокко чыгарууга алып келбейт. 

6. Система оператору, катышуучу, эсептешүүлөрдөгү ортомчу жана клиринг борбору Убактылуу администрация режими киргизилгендиги же банкты жоюу жол-жобосу башталгандыгы тууралуу аларга маалым болгон учурдан тартып акча каражаттарынын же баалуу кагаздардын тоорук жана/же төлөм системасына которулушуна жол бербөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш. 

7. Ушул жобонун максаттарында төмөнкүдөй аныктамалар кошумча пайдаланылат: 

Убактылуу администратор банкта Убактылуу администрацияны жүргүзүү максатында Улуттук банк тарабынан Убактылуу администратор же Убактылуу администрациянын жетекчиси катары дайындалган адам; 

банкноттук операциялар - проблемалуу банкта башка банк үчүн ачылган («Лоро» түрүндөгү эсеп), же проблемалуу банктын атынан башка банкта ачылган («Ностро» түрүндөгү эсеп) корреспонденттик эсепке нак акча каражаттарын чегерүү боюнча операциялар; 

банктык төлөм карты (төлөм карты) - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу операцияларын жүргүзүү, терминал же башка жабдуулар аркылуу улуттук жана чет өлкө валюталарында нак акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгүн берген төлөм инструменти, ошондой эле анын ээсине банктык эсептеги акча каражаттарын тескөөгө алуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана карт ээси менен эмитент ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, эмитентте ачылган ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебинде жайгаштырылган баалуу металл менен операцияларды эсепке алуу жана ишке ашыруу үчүн банктык эсепке кирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган каражат; 

банктык эсепти ачуусуз акча которуу - бул, акча каражаттарын которуу, банк жеке адамдан улуттук же чет өлкө валютасында акча каражаттарын кабыл алып, андан ары Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары башка жеке адамга (алуучуга) акча которуу системасы аркылуу жөнөтүү менен ишке ашырган банктык операция. 

мамлекеттик баалуу кагаздар депозитарийи мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алууну жана сактоону, өткөрүп берүүнү каттоону жана мамлекеттик баалуу кагазга менчикке укукту тастыктоону жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы; 

субдепозитарий Улуттук банк менен мамлекеттик баалуу кагаздардын жылышын эсепке алуу милдетин аткарууга келишим түзгөн жана мамлекеттик баалуу кагаздар депозитарийинде “депо” эсебине ээ депозитарий; 

депо-эсеп мамлекеттик баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо максатында ар бир мамлекеттик баалуу кагаздар үчүн түзүлгөн жазуу (же жазуулар жыйындысы); 

депозиттик операция Улуттук банктын улуттук валютадагы акча каражаттарын кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөттүүлүк шарттарында убактылуу алуу операциясы; 

жыйынтыктоочу операциялар - банкка Убактылуу администрация режими киргизилген учурга же жоюу жол-жоболору башталган учурга карата аткарылбай калган, бирок ушул жободо белгиленген тартипте кайтарылгыс катары таанылып, милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон операциялар; 

кардар: 

1) банктар өз ара иш алып барууда проблемалуу банк менен бүтүмгө келишкен банк кардар болуп саналат; 

2) банк башка жактар менен иш алып барууда проблемалуу банк менен бүтүмгө келишкен жак кардар болуп саналат; 

конверсиялык операциялар - бир валютаны башка бир валютага алмаштыруу менен сатып алуу/сатууга байланыштуу валюталык операциялар; 

корреспонденттик эсеп - бул банктык эсеп, анда бир банк келишимдин негизинде башка жактын тапшырмасы боюнча жана башка жактын эсебинен ишке ашырган эсептешүүлөрү чагылдырылат. 

«клиринг» которууга тапшырмалардан келип чыккан талаптардын жана милдеттенмелердин бир таза талапка же бир таза милдеттенмеге өзгөртүлүп түзүлүшүн билдирет, мында натыйжада бир таза талап же бир таза милдеттенме гана калгандай кылып, эсептешүүлөр тутумунун бир же бир нече катышуучулары аларды ушул тутумдун бир же бир нече башка катышуучуларына сунушташат же алардан алышат. 

банктар аралык кредит - башка банк менен келишилген бүтүм боюнча проблемалуу банк тарабынан берилген же алынган кредит; 

Улуттук банктын кайра каржылоо операциясы Улуттук банктын акча-кредит саясатынын инструменттери, мында банк Улуттук банктын кайра каржылоо кредитин алууга карата талаптарына жооп берген шартта, банкка мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында кредиттик ресурстар берилет; 

активдер менен алмашуу - банктар ортосунда ишке ашырылган, нак акчага айландыруу (нак эмес акча каражаттарын нак акчанын ордуна берүү) же нак эмес акчага айландыруу (нак акча каражаттарын нак эмес каражаттардын ордуна берүү) боюнча операциялар; 

жыйынтыктап эсептешүү финансы-кредит уюмдарынын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча жүргүзүлгөн эсептешүү, ал айкын убакыт ыргагында гросстук эсептешүү системасы аркылуу ишке ашырылат. Жыйынтыктап эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат; 

төлөм системасынын оператору - төлөм системасынын түрүнө жана категориясына жараша Улуттук банктан лицензия алган/каттоодон өткөн, төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылган жана катышуучулар менен төлөм системасында катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ага ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет. 

тоорук системасынын оператору - тоорук системасынын иш ыргагына, ошондой эле ишке ашырылып жаткан операциялардын Улуттук банктын тоорук системасынын эрежелерине ылайык келиши үчүн жооп берген Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү

которууга тапшырма - банктын тоорук жана/же төлөм системасына которууга берилген тапшырма ушул системада белгиленген тартипте кайтарылгыс катары таанылат; 

проблемалуу банк - Убактылуу администрация киргизилген же жоюу жол-жобосу башталган банк (мындан ары - банк); 

редисконттук операция - мамлекеттик баалуу кагаздардын баасы жана төлөө мөөнөтү белгиленгенге чейин Улуттук банктын экинчилик рынокто банктардан мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу операциясы; 

чекене төлөмдөр - мөөнөттүү эмес жана/же утурумдук болуп саналган майда жана орто суммадагы төлөмдөр. Чекене жана утурумдук төлөмдөр суммасынын өлчөмү Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларында аныкталат; 

репо-операция - мамлекеттик баалуу кагаздарды келечекте белгиленген күнү, мурда сүйлөшүлгөн баада кайра сатып алуу/сатуу милдеттенмеси менен аларды экинчилик рынокто сатып алуу/сатуу операциясы; 

своп-операция алдын ала сүйлөшүлгөн мөөнөттө негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды кайра алмаштыруу милдеттенмеси менен бир валютаны башка валютадагы эквиваленттүү суммага алмаштыруу операциясы; 

спот-операция - финансылык активдерди сатып алуу/сатуу операциялары, алар боюнча эсептешүүлөр бир-эки жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат; 

Коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелери, финансылык эмес кредиттик уюмдар жана төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калкка төлөм кызматтарын сунуштаган уюмдар төлөм системасынын катышуучусу (мындан ары - Катышуучу) болуп саналат; 

тоорук системасынын катышуучусу (мындан ары - Катышуучу) Улуттук банктын тоорук системаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана Улуттук банкта корреспонденттик (күндөлүк) эсепке ээ банк; 

форварддык операциялар форварддык контрактты түзүүдө макулдашылган баа боюнча келечекте кайсыл бир күнү валютаны сунуштоо каралган валюталык операциялар. 

 

3-глава. Банкка Убактылуу администрация режими 

киргизилген учурда айрым банктык операцияларды 

жүзөгө ашыруунун жалпы шарттары 

 

8. Банкка Убактылуу администрация режимин киргизүү чечими Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынат. 

9. Проблемалуу банктын иш ыргагы Убактылуу администрация режими киргизилген же алар жүзөгө ашырылып жаткан учурдан тартып, Улуттук банктын тиешелүү чечиминде белгиленет. Эгерде, Улуттук банктын чечиминде иш ыргагы көрсөтүлбөсө, операциялар ушул жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

10. Убактылуу администрация режими киргизилген учурдан тартып Улуттук банк зарылчылыкка жараша төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү бир тараптуу тартипте жүргүзүү үчүн Катышуучунун корреспонденттик (күндөлүк) эсебин токтотууга же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу. Катышуучунун төлөмдөрүн ишке ашыруу жана жыйынтыктап эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби ушул жободо же Улуттук банктын чечимине ылайык белгиленет. 

11. Улуттук банктын чечиминин негизинде төлөм жана тоорук системасынын операторлору алдын ала билдирүүсүз бир тараптуу тартипте Катышуучуну, анын системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жана кийинчерээк калган Катышуучуларга маалымдоо менен пайдалануучунун системадагы кол тамга сертификатын блокировкалайт. 

12. Улуттук банк, банк жана төлөм системаларынын туруктуу ишин камсыз кылуу, ошондой эле банк аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыгында активдерди сактап калуу максатында, эгерде банкта активдер жетиштүү болсо, биринчи кезекте, жыйынтык операцияларды жүргүзүүдөн тышкары, аманатчы - жеке адамдар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банкка бардык банктык операцияларды же анын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырууга уруксат берүүгө укуктуу. 

13. Проблемалуу банкка Улуттук банк менен своп жана репо операцияларын, улуттук валютада депозиттик операцияларды, редисконттук жана конверсиялык операцияларды, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздардын биринчилик жана экинчилик рынокторунда операцияларды жүргүзүү укугу Улуттук банктын тиешелүү чечиминин негизинде берилет. 

14. Активдерди сактап калуу максатында Улуттук банктын чечими менен проблемалуу банкка карата валюта рыногунда операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырууга тыюу салуу белгилениши мүмкүн. 

15. Эгерде, банктын активдери аманатчы-жеке адамдар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жетишсиз болсо, Улуттук банктын чечимине ылайык банкка жыйынтык операцияларды же алардын айрым бир түрлөрүн гана жүргүзүүгө уруксат берилет. 

 

4-глава. Жыйынтык операцияларды кайтарылып 

алынгыс катары таануу шарттары 

 

16. Улуттук банк Улуттук банкта ачылган корреспонденттик/күндөлүк эсеп аркылуу жүзөгө ашырылган эсептешүү операцияларын кайтарылып алынгыс катары тааныйт. 

17. Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептен тышкары ишке ашырылган эсептешүүлөр боюнча операциялар соттук тартипте төмөнкү учурларда кайтарылып алынгыс катары таанылат: 

1) эгерде мындай операция боюнча эсептешүү Убактылуу администрация режими киргизилгенге чейин же Убактылуу администрация киргизилгендиги жөнүндө эсептешүү системасына маалымдалганга чейин толугу менен ишке ашырылган болсо; 

2) эгерде мындай операция боюнча эсептешүү толугу менен жүргүзүлбөсө, бирок ал боюнча талаптар жана тапшырмалар, эсептешүүлөрдү автоматтык режимде ишке ашырган жана аны бул системада проблемалуу банк үчүн же операцияны жүргүзүүнү талап кылган же болбосо тапшырма берген жак үчүн жокко чыгаруу каралбаган эсептешүү системасына өткөрүлүп берилсе. 

18. Операциялар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын негизинде жыйынтык жана кайтарылып алынгыс катары таанылат.  

19. Ушул жобонун максаттарында төмөнкүлөр жыйынтык операция болуп эсептелинет: 

1) оператор билдирме алган жана банкка Убактылуу администрация режими киргизилген учурга чейин тоорук жана/же төлөм системасына өткөрүлүп берилген Катышуучунун акча каражаттарын же баалуу кагаздарын, ошондой эле башка катышуучулардын банктын пайдасына акча каражаттарын же баалуу кагаздарын которууга тапшырмасын аткаруу. Мындай тапшырмалар кайтарылып алынгыс катары таанылат жана алар доо коюу күчүнө ээ, ошондой эле алар үчүнчү жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Системанын операторлору бүтүмдү жыйынтыктап, жогоруда көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар боюнча жыйынтык эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

2) эгерде картты пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар Убактылуу администрация режими банкка киргизилген учурга чейин ишке ашырылып, алар кайтарылып алынгыс катары таанылса, банктык төлөм карттар менен эсептешүү системасынын алкагында башка катышуучулар менен эсептешүүлөр. Катышуучу башка катышуучулар менен эсептешүүнү милдеттүү түрдө банктык төлөм карттары менен эсептешүү системасында белгиленген мөөнөттө жүргүзөт; 

3)  чекене төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр, анын ичинде алар төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат банкка Убактылуу администрация режими киргизилген учурга чейин келип түшкөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана/же Мамлекеттик салык кызматы, мамлекеттик бюджет, ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын сунуштаган уюмдардын төлөмдөрү. Мындай төлөмдөр кайтарылып алынгыс болуп таанылат жана алар боюнча эсептешүүлөр банктар аралык төлөм системасынын иш регламентинде белгиленген мөөнөт ичинде ишке ашырылат; 

4) эгерде төлөмдөр банкка Убактылуу администрация режими киргизилген учурга чейин ишке ашырылып, кайтарылып алынгыс катары таанылса, ал эми эсептешүү күнү банкка Убактылуу администрация режими киргизилген мезгилге дал келсе, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр. Катышуучу алар боюнча эсептешүүлөрдү милдеттүү түрдө жүргүзөт. Банкка Убактылуу администрация режими киргизилген учурда чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү бул системанын оператору жана банк-корреспонденти менен тиешелүү келишимде белгилениши зарыл; 

5) эгерде мындай бүтүмдөр банкка Убактылуу администрация режими киргизилгенге чейин келишилген болсо, башка катышуучулар менен своп жана репо операциялары, кайра каржылоо операциялары, "активдер менен алмашуу" операциялары боюнча, конверсиялык бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу боюнча эсептешүүлөр; 

6) электрондук акчаларды колдонуу менен операция банкка Убактылуу администрация режими киргизилгенге чейин ишке ашырылып, алар кайтарылып алынгыс катары таанылса, электрондук акча менен эсептешүү системасынын алкагында башка катышуучулар менен эсептешүүлөр. Катышуучу милдеттүү түрдө башка катышуучулар менен эсептешүүнү электрондук акча менен эсептешүү системасынын эрежелеринде белгиленген мөөнөт ичинде жүзөгө ашырат; 

7) ушул жобонун талаптарына ылайык ишке ашырылган башка банктар аралык операциялар боюнча эсептешүүлөр. 

 

5-глава. Банкка Убактылуу администрация режимин 

киргизүүдө «своп», «репо», улуттук валютада депозиттик операцияларды, «форвард», активдер менен алмашуу операцияларын (конверсиялык операцияларды)  

ишке ашыруу өзгөчөлүктөрү 

 

20. Эгерде, Убактылуу администрация режими киргизилген учурда, банктын репо жана своп-операциялары, Улуттук банк алдындагы улуттук валютадагы депозиттик операциялары боюнча милдеттенмелерин төлөө мөөнөтү келип жетсе, эгерде Улуттук банктын чечиминде же башка ыйгарым укуктуу органдардын чечиминде башкасы белгиленбесе, анда мындай милдеттенмелер түзүлгөн келишимдерге (же ага теңдештирилген башка документтерге) ылайык толук көлөмдө аткарылууга тийиш. Банк своп жана репо-операциялары, улуттук валютадагы депозиттик операциялар, ошондой эле активдер менен алмашуу операциялары (конверсиялык операциялар) боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай койсо же талаптагыдай аткарбаган болсо, Улуттук банк банктын корреспонденттик эсебинен аткарылбай калган милдеттенмелердин өлчөмүндө акча каражаттар суммасын акцептсиз тартипте (талашсыз) алып салуу укугуна ээ. Банк своп жана репо-операциялары, улуттук валютадагы депозиттик операциялар жана конверсиялык операциялар боюнча акча каражаттарын кайтаруу милдеттенмесин аткарбай койгон жагдай келип чыкса жана Улуттук банк анын корреспонденттик эсебинде жетиштүү көлөмдөгү акча каражаттары жоктугунан улам аткарылбай калган милдеттенме өлчөмүндөгү акча каражаттар суммасын акцептсиз тартипте эсептен алуу мүмкүн эмес болсо, тараптар ортосундагы талаш маселе Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жөнгө салынууга тийиш. 

21. Эгерде, банкка Убактылуу администрация режимин киргизүү учурунда ушул жобонун 9-пунктуна ылайык банктын «спот», «своп», «форвард», «репо», «банктар аралык кредит», «активдер менен алмашуу» (конверсиялык операциялар) милдеттенмелери боюнча төлөө мөөнөтү келип жетсе жана бул багытта Улуттук банктын өзгөчө көрсөтмө берген чечими жок болсо, банк төмөнкү шарттарды аткарган учурда ошол банктар аралык бүтүмдөрдү белгиленген мөөнөт ичинде аяктоого укуктуу: 

1) операция проблемалуу банк болуп саналбаган банк менен же болбосо проблемалуу банк менен байланыштуу жак менен ишке ашырылса; 

2) операция мыйзамдарда жана Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген бейтараптык принциптерин бузбаса; 

3) бүтүм шарттары боюнча проблемалуу банк акча каражаттарын башка банкка которуп жиберсе же проблемалуу банкка акча каражаттары келип түшкөн болсо; 

4) операциянын жыйынтыгында банкта юридикалык жактан жана иш жүзүндө актив валютасын алмаштыруу гана ишке ашырылат. 

22. Убактылуу администрация режимин киргизүүдө кардар проблемалуу банкка акча каражаттарын сунуштабаса, проблемалуу банк кардарлар менен (банктардан тышкары) «своп» жана «репо» контракттары боюнча жыйынтык операцияларды жүргүзбөйт. 

23. Банкка Убактылуу администрация режими киргизилген учурда, эгерде кардар акча каражаттарын банкка которуп жиберсе, ага карата операцияларды ишке ашырууга тыюу салган башка талаптар белгиленбеген же укук коргоо органдары тарабынан кине коюулбаган, банк менен байланыштуу болбогон жактардан болгон шартта, банкка «своп» жана «репо» контракттары боюнча жыйынтык операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилет. 

24. Убактылуу администратор, операциялардын мыйзам чегинде жүргүзүлгөндүгүн жана ушул жобонун талаптарынын аткарылгандыгын текшерүү максатында, ушул жобонун 22-23-пункттарында көрсөтүлгөн операциялардын аткарылышын 7 жумуш күнүнө чейинки мөөнөткө токтотууга укуктуу. 

25. Эгерде банкноттор менен операцияларды жүргүзүү учурунда, проблемалуу банк чет өлкө банкы үчүн "лоро" эсебин ачып, ошол эсепке чегерүү үчүн нак акча каражаттарын алууга үлгүргөн болсо, Убактылуу администратор, төмөнкү шарттарды сактоо менен операцияларды токтотууга жана каражаттарды банк-корреспондентке кайтарып берүүгө укуктуу: 

1) нак акча каражаттары проблемалуу банктын имаратына келип түшкөндүгүнө карабастан, банкка Убактылуу администрация режими киргизилгенге чейин каражаттар чегерилбесе; 

2) ушул жобонун 9-пунктуна ылайык Улуттук банктын тиешелүү чечими болгон болсо; 

3) банк-корреспондент, акча каражаттары проблемалуу банктын имаратына келип түшкөндүгүнө карабастан, ошол бүтүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылса жана 1 жумуш күнү ичинде бардык уюштуруу маселелерин чечүү, анын ичинде тиешелүү чыгашаларды төлөө, проблемалуу банктын имаратынан акча каражаттарын кайтара алып кетүүгө жана транспортировкалоого милдеттенсе. 

Жогоруда белгиленген шарттар аткарылбаган учурда Убактылуу администратор каражаттарды банктын "лоро" эсебине чегерүүгө укуктуу. 

26. Эгерде, ошол банк үчүн Улуттук банктын же башка ыйгарым укуктуу органдын чечими менен башкасы белгиленбесе, акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо тигил же бул валютаны конвертациялоо, алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн белгиленген банктын ички жол-жоболоруна жана тарифтерине ылайык жүргүзүлөт. 

 

6-глава. Банкка Убактылуу администрация режими 

киргизилген учурда Улуттук банктын кайра каржылоо операцияларды 

жүргүзүү өзгөчөлүктөрү 

 

27.  Убактылуу администрация режимин киргизүү учуруна проблемалуу банктын Улуттук банк алдында кайра каржылоо операциясы боюнча төлөө мөөнөтү келип жетсе, эгерде Улуттук банктын чечиминде, сот актысында же тергөөчүнүн токтомунда башкасы белгиленбесе, мындай милдеттенмелер Башкы келишимге жана/же башка келишимдер/макулдашуулар боюнча кредит каражаттарын алууга билдирмеге ылайык толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 

28.  Убактылуу администрация режимин киргизүү учуруна карата банк Улуттук банкка кайра каржылоо операциясы боюнча кредиттери төлөөнү жүзөгө ашыра албаса (корреспонденттик эсебинде акча каражаттары жок болсо), анда Улуттук банк кредиттик ресурстардын ордун аткарылбаган милдеттенмелер өлчөмүндөгү акча каражаттар суммасын банктын корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте (талашсыз) алуу жана күрөө предметинен өндүрүүнү жүрүзүүнүн эсебинен ордун жабууга укуктуу. Мында Улуттук банк алдын ала үч жумуш күнү ичинде банкка өз милдеттенмелерин мөөнөтүндө аткарбагандыгы тууралуу кат жүзүндө маалымдап, күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы тууралуу билдирет. 

 

7-глава. Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү өзгөчөлүктөрү 

 

29. Банкка Убактылуу администрация режими киргизилген учурда мамлекеттик баалуу кагаздардын биринчилик жана экинчилик рынокторунда операцияларды жүзөгө ашыруу укугу Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде берилиши мүмкүн. 

30. Эгерде банк, Убактылуу администрация режими киргизилгенге чейин мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга билдирме берип, жеңишке ээ болсо, анда бул билдирме кайтарылып алынгыс жана акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн милдеттүү болуп саналат. Ал эми банк, аукциондо жеңип алган билдирме боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзө албаса (корреспонденттик эсепте акча каражаттары болбосо), анда ал билдирме жокко чыгарылат жана банк Улуттук банк тарабынан өзүнчө чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттик баалуу кагаздардын биринчилик жана экинчилик рынокторунда андан ары катышуудан четтетилет. 

31.  Мамлекеттик баалуу кагаздардын (мамлекеттик казына векселдеринин, мамлекеттик казына облигацияларынын, ноталардын) ээси болгон банкка Убактылуу администрация режимин киргизүү учурунда мамлекеттик баалуу кагаздарды же купондук төлөөлөрдү төлөө мөөнөтү келип жеткен болсо, анда Улуттук банк орду жабылып жаткан мамлекеттик баалуу кагаздар же купондук төлөөлөр боюнча акча каражаттарын банктын Улуттук банкта ачылган кореспонденттик эсебине чегерет. 

32.  Убактылуу администрация режими киргизилген күнгө карата банктын портфелинде анын кардарларына тиешелүү, төлөө мөөнөтү келип жеткен мамлекеттик баалуу кагаз болгон болсо, анда банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жана Улуттук банктан мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуу эсебине алынган акча каражаттарын мамлекеттик баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын ошол банктагы эсебине чегерүүнү жүргүзөт же кардарлардын каалоосу боюнча (Улуттук банк тарабынан кайсы бир операцияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынган банктын кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздарын эске албаганда) аларга акча каражаттарын банктын кассасы аркылуу накталай төлөп берет. 

33. Убактылуу администрация режими киргизилген күнгө карата банктын кардарына тиешелүү мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жетпесе, анда банк өз кардарларынын баалуу кагаздарын башка банкка өткөрүп бере алат. Мында Улуттук банк, тарабынан аларга кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөр белгиленген банктын кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздары эске алынбайт. 

34. Банктын Убактылуу администратору проблемалуу банктын мамлекеттик баалуу кагаздарга ээлик кылган кардарларына банкка Убактылуу администрация режими киргизилгендиги жана алардын мамлекеттик баалуу кагаздарын башка банкка өткөрүп берүү укугу жөнүндө Убактылуу администрация режими киргизилгенден кийинки 2 жумуш күнүнөн кечиктирбестен маалымдоого тийиш. Мында, проблемалуу банктын кардары мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуунун эсебинен акча каражаттарын башка банктан алуу ниетин билдирсе, анда ал мамлекеттик баалуу кагаздар өткөрүлүп бериле турган банктын аталышын жана башка банкка которулуучу мамлекеттик баалуу кагаздардын чыгарылышынын тизмесин көрсөтүү менен аларды башка банкка өткөрүп берүү жөнүндө кат жүзүндөгү арызын проблемалуу банкка берүүгө тийиш. Проблемалуу банктын кардарлары - мамлекеттик баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын тизмесин аныктоо жана алардан арыздарды кабыл алуу жоопкерчилиги банктын Убактылуу администраторуна жүктөлөт. 

35. Проблемалуу банктын кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздарын башка банкка өткөрүп берүү учурунда Убактылуу администрация режими киргизилген банк кардардын кат жүзүндөгү арызында көрсөтүлгөн банк менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейинки кеминде эки күн мурда кардардын мамлекеттик баалуу кагаздарын өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү документтерди Улуттук банкка сунуштоого тийиш: 

1) проблемалуу банк менен мамлекеттик баалуу кагаздар өткөрүлүп берилүүчү банк ортосунда түзүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим; 

2) мамлекеттик баалуу кагаздарга ээлик кылуучунун баалуу кагаздарды башка банкка которуу тууралуу кат жүзүндөгү арызынын көчүрмөсү

3) проблемалуу банктын банк кардарларынын баалуу кагаздарын башка банкка өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч каты; 

4) ошол банктардын ченемдик укуктук актыларга ылайык таризделген мамлекеттик баалуу кагаздарды өткөрүп берүү/кабыл алууну жүзөгө ашырууга тапшырмасы. 

36. Улуттук банк көрсөтүлгөн документтерди кабыл алгандан кийин мамлекеттик баалуу кагаздарды проблемалуу банктан башка банкка депозитарийге өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат. 

37. Эгерде, проблемалуу банктын кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда Убактылуу администратор проблемалуу банктардын мамлекеттик баалуу кагаздарын башка банкка өткөрүп бербесе, анда проблемалуу банктын кардарларынын төлөнүүчү мамлекеттик баалуу кагаздар же купондук төлөмдөр боюнча акча каражаттары банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебине чегерилет. Банк, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жана Улуттук банктан мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуу эсебине алынган акча каражаттарын мамлекеттик баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын ошол банктагы эсебине чегерүүнү жүргүзөт же кардарлардын каалоосу боюнча (Улуттук банк тарабынан кайсы бир операцияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынган банк кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздарын эске албаганда) аларга акча каражаттарын банктын кассасы аркылуу накталай төлөп берет. 

38. Эгерде, банкты банкрот катары таануу жөнүндө арыз сотко берилип, кардарлардын эсептеринде мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө эсебине алынган акча каражаттары болгон болсо, банк ошол акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине чегерүүгө милдеттүү. Мында, банк кардарларга акча каражаттарын башка банкка которуу жөнүндө арыз берүү зарылчылыгы тууралуу маалымдоого тийиш. 

39. Чегерилген акча каражаттары проблемалуу банктан төмөнкү документтерди алганга чейин Улуттук банктын эсебинде турат: 

1) кардардын акча каражаттарын Улуттук банктагы эсептен кардардын башка банктагы эсебине которуу жөнүндө өтүнүч каты. Ал катта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: кардардын аты-жөнү/аталышы, мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу номери, мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө күнү, төлөнгөн мамлекеттик баалуу кагаздардын саны, төлөнгөн мамлекеттик баалуу кагаздардын номиналдык наркы, купондук төлөмдөрдүн суммасы, төлөнгөн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча акча каражаттарын которуу жүзөгө ашырылган банктын аталышы, кардардын эсебинин номери жана башка зарыл маалыматтар; 

2) кардардын башка банкта ачылган эсебинин реквизиттерин көрсөтүү менен кат жүзүндөгү арызы; 

3) кардарга эсеп ачылгандыгы тууралуу, анын эсеп номерин, БИК жана банктын дарегин көрсөтүү менен банктын/банктын филиалынын тастыктоосу. 

40. Улуттук банк, зарыл документтерди алгандан кийин өз эсебинен, кардардын банктын өтүнүч катында жана банк кардарынын арызында көрсөтүлгөн башка банктагы эсебине акча каражаттарды которууну жүзөгө ашырат. 

41. Банктын Убактылуу администратору мамлекеттик баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын банктын реестринде көрсөтүлгөн укуктарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат жана жооп берет. 

 

8-глава. Банкка Убактылуу администрация режимин киргизүү учурунда башка банктык операцияларды жүргүзүү өзгөчөлүктөрү 

 

42. Банктын Убактылуу администратору банк менен байланыштуу жана аффилирленген жактардан болушкан, ошондой эле алар менен жалпы кызыкчылыкта байланыштуу болгон адамдарды жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын тиешелүү токтомдорунда көрсөтүлгөн башка жактарды эске албаганда, өз кардарлары үчүн төмөнкү операцияларды жүргүзө алышат: 

1) Кыргыз Республикасынын резиденттеринен болушкан жеке адамдар үчүн - эгерде белгилүү бир банкка карата Улуттук банктын же ыйгарым укук чегерилген башка органдардын чечими менен башкасы белгиленбесе, банктык операцияларды (кредиттерди жана ага теңдеш активдерди берүүнү, капиталга, мамлекеттикти эске албаганда, баалуу кагаздарга инвестицияларды, ошондой эле негизги каражаттарга жана материалдык эмес активдерге салымдарды кошпогондо) толук көлөмдө жүзөгө ашырууга; 

2) Кыргыз Республикасынын резиденттеринен болушкан юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактардын эсептешүү эсептеринен алардын кызматкерлеринин эмгек акыларын төлөө, эгерде, белгилүү бир банкка карата Улуттук банктын же ыйгарым укук чегерилген башка органдардын чечими менен башкасы белгиленбеген болсо, ошол юридикалык жактардын Социалдык фонд, бюджет, коммуналдык уюмдар, байланыш операторлору, КММ берүүчүлөр алдындагы жеке милдеттенмелерин кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын эсептешүү документтеринде (эсеп-квитанциясы, эсеп-фактура) көрсөтүлгөн суммада толук көлөмдө төлөө үчүн операцияларды жүзөгө ашырууга; 

3) Кыргыз Республикасынын резидент эместеринен болушкан жеке адамдар жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын резиденттеринен жана резидент эместеринен болушкан жеке ишкерлер үчүн - операцияларды белгилүү бир банкка карата Улуттук банктын же ыйгарым укук чегерилген башка органдын чечими менен белгиленген чекте жүзөгө ашырууга. 

43. Банктын Убактылуу администратору Улуттук банктын чечимине ылайык, банктын ички эсептешүүлөрүн эске албаганда, кардардын банк алдындагы кайсы болбосун милдеттенмесин төлөөгө багытталган төлөмдөрүн кабыл алууну, бюджеттик төлөмдөрдү, социалдык чегерүүлөрдү, эмгек акыны, кредиттерди жана алар боюнча пайыздарды төлөө, юридикалык жактар тарабынан ачылган транзиттик эсептер аркылуу келип түшкөн суммаларды пенсияларды жана эмгек акыларды төлөө үчүн банк аманатчыларынын эсебине чегерүү максатында юридикалык жактардын эсебинен конвертациялоону жүргүзө алат. 

44. Банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана/же Мамлекеттик салык кызматы, мамлекеттик бюджет, ошондой эле Улуттук банктын чечиминин негизинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн сунушташкан уюмдар менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн. 

45. Банк кардарларга даректүү акча которууларды төлөшү мүмкүн. Акча которуулар системасы боюнча акча каражаттарын кабыл алуу жана которуу Улуттук банктын тиешелүү чечиминин негизинде гана жүзөгө ашырылат. 

46. Убактылуу администрация режими киргизилген банк, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөм системасынын алкагында нак акчага айландыруу жана өз кардарларынын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө боюнча операцияларды өзүнүн аралыкта орнотулган жабдуулары (банкоматтар жана терминалдар) аркылуу жана өзүнүн бардык бөлүмдөрүндө жүзөгө ашыра алат. Башка банктардын кардарларынын төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө Улуттук банктын тиешелүү чечиминин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

47. Банктын Убактылуу администраторуна Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алганга чейин эл аралык төлөм системалары (Visa, MasterCard, Золотая Корона, American Ехрress, Diners Club ж.б.) аркылуу кардарлардын төлөмдөрүн өткөрүүгө тыюу салынат. 

48. Банктын Убактылуу администратору Улуттук банктын эл аралык төлөм системалар аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө тиешелүү чечимин алгандан кийин, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүүгө, акча которууларга жана башка банктык кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү келишим түзүлгөн, төлөм системаларынын чет өлкө операторлоруна бул тууралуу токтоосуз маалымдоого тийиш. 

49. Банктын Убактылуу администраторуна Улуттук банк тиешелүү чечим кабыл алганга чейин SWIFT, банк-кардар жана альтернативалуу башка байланыш каналдары аркылуу чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү өткөрүүгө жол берилбейт. 

50.  Улуттук банк тарабынан мындай чечим кабыл алынган шартта, Улуттук банк алдын ала билдирүүсүз бир тараптуу тартипте катышуучунун SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнүнөн (ЖПТ) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектеши мүмкүн. 

 

9-глава. Банкты жоюу жол-жобосу башталган учурда тоорук жана/же төлөм системаларында жыйынтыктап эсептешүүнү жүргүзүү 

 

51.  Банкка карата жоюу жол-жобосун баштоо чечими күчүнө кирген учурда Улуттук банк бардык төлөм системасынын операторлоруна (айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системас, майда жана чекене төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы, "Элкарт" улуттук эсептешүү системасынын банктык карттары, SWIFT Жамааттык пайдалануу түйүнү жана башка) жана соода системасынын операторлоруна өз убагында соттун мындай чечими/жарыялоосу жөнүндө төлөм депозитарийге дароо маалымдоого, ошондой эле банктарга, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун операторлоруна жана соода багытында иш алып барган операторлоруна өз убагында маалымдоого тийиш. 

52. Улуттук банк, маалымдоо процессин тездетүү жана бардык кызыкдар жактардын тиешелүү маалымат алуу убактысын жана күнүн белгилөө максатында, расмий билдирүүнүн сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн, кийинчерээк билдирүүнүн кагаз жүзүндөгү вариантын жөнөтүү менен ушул жобонун 51-пунктунда көрсөтүлгөн системалардын расмий электрондук дарегине жөнөтүүнү жүзөгө ашырат. 

53. Төлөм (эсептешүүлөрдүн гросстук системасы, пакеттик клиринг системасы, «Элкарт» улуттук эсептешүү системасынын банктык карттары, SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү жана башкалар) жана соода системаларынын операторлору катышуучуну банкрот катары таануу жана банкроттук жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө сотт актысы тууралуу билдирүүнү алгандан кийин ошол катышуучуну өз системасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн блокировкалоого тийиш. 

54. Банкты жоюучу банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү, акча которууларды өткөрүүгө жана башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого тиешелүү келишимдер түзүлгөн эл аралык төлөм системаларынын операторлоруна жоюу жөнүндө маалымдоого тийиш. 

55. Катышуучунун акча каражаттарды же баалуу кагаздарды которууга тапшырмасы, ошондой эле анын пайдасына башка Катышуучулардын акча каражаттарын же баалуу кагаздарын которууга тапшырмасы оператор банкроттук процесси тууралуу билдирүүнү алганга чейин кайтарылып алынгыс жана жыйынтыктоочу болуп саналып, доо күчүнө ээ болот жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат. Бул учурда, системанын операторлору бүтүмдөргө келишүүнү аяктоого жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

56. Банктын акча каражаттарды же баалуу кагаздарды которууга тапшырмасы, ошондой эле анын пайдасына башка Катышуучулардын акча каражаттарын же баалуу кагаздарын тоорукка жана же төлөм системасына которууга тапшырмасы, оператор банкроттук процесси тууралуу билдирүүнү алгандан кийин кайтарылып алынууга тийиш жана ал доо күчүнө ээ эмес жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү эмес. 

57. Эсептешүүлөр системасын колдонуу менен башка катышуучулар менен төлөмдөр, Улуттук банктын чечимине ылайык, башка катышуучуда ачылган, атайын эсеп аркылуу банктын жоюучу тарабынан жүзөгө ашырылат. 

58. Төлөө мөөнөтү келип жете элек мамлекеттик баалуу кагаздарга ээ кардарларга банкты банкрот катары таанууда, банк өз кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздарды башка банкка өткөрүп берүүгө тийиш, мында Улуттук банк тарабынан кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөр белгиленген банктын кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздары эске алынбайт. Банктын жоюучусу банкроттук процессин козгоо жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийинки 2 жумуш күнүнөн кечиктирбестен, бул тууралуу жана алардын өздүк мамлекеттик баалуу кагаздарын башка банкка өткөрүп берүүгө укугу тууралуу өз кардарларына - мамлекеттик баалуу кагаздарга ээлик кылуучуларга маалымдоого тийиш. Мында, проблемалуу банктын кардары мамлекеттик баалуу кагаздар өткөрүлүүчү банктын аталышын жана башка банкка которулууга тийиш болгон мамлекеттик баалуу кагаздардын чыгарылышынын тизмесин көрсөтүү менен мамлекеттик баалуу кагаздарды башка банкка өткөрүп берүү тууралуу кат жүзүндө арызын проблемалуу банкка берүүгө тийиш. Проблемалуу банктын кардарларынын - мамлекеттик баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын тизмесин аныктоо жана алардан арыздарды кабыл алууга банктын жоюучусу жооп берет. Проблемалуу банктын кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздарын башка банкка өткөрүп берүү жана Улуттук банктын аракети ушул жобонун 59-61-пункттарын эске алуу менен Убактылуу администрация режими киргизилген тартипте эле жүзөгө ашырылат. 

59. Эгерде, банк кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда жоюучу проблемалуу банктын кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздарын башка банкка өткөрүп бербесе, анда проблемалуу банктын кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздар же купондук төлөмдөр боюнча төлөнүүчү акча каражаттары Улуттук банктын эсебине чегерилет. 

60. Чегерилген акча каражаттары проблемалуу банктан төмөнкү документтерди алганга чейин Улуттук банктын эсебинде турат: 

1) кардардын акча каражаттарын Улуттук банктагы эсептен кардардын башка банктагы эсебине которуу жөнүндө өтүнүч кат. Ал катта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: кардардын аты-жөнү/аталышы, мамлекеттик баалуу кагаздар чыгарылган номер, мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө күнү, төлөнгөн мамлекеттик баалуу кагаздардын саны, төлөнгөн мамлекеттик баалуу кагаздардын номиналдык наркы, купондук төлөмдөрдүн суммасы, төлөнгөн мамлекеттик баалуу кагазар боюнча акча каражаттарын которуу жүзөгө ашырылган банктын аталышы, кардардын эсебинин номери жана башка зарыл маалыматтар; 

2) кардардын башка банкта ачылган эсебинин реквизиттерин көрсөтүү менен кат жүзүндөгү арызы; 

3) кардарга эсеп ачылгандыгы тууралуу, анын эсеп номерин, БИК жана банктын дарегин көрсөтүү менен банктын/банктын филиалынын тастыктоосу. 

61. Улуттук банк зарыл документтерди алгандан кийин өз эсебинен кардардын банктын өтүнүч катында жана банктын кардарынын арызында көрсөтүлгөн башка банктагы эсебине акча каражаттарды которууну жүзөгө ашырат.