Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 6-июлундагы  

№ 2017-П-12/30-3-(НПА) 

токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 20, 68 жана 136-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 6-июлундагы  

№ 2017-П-12/30-3-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

 Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө” жобонун: 

- 1.1-пунктундагы “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын; 

- жобонун бүтүндөй тексти боюнча кездешкен “ФКМ” деген кыскартылган сөздөр “ФКУ” дегенге алмаштырылсын; 

- 2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2.1. Комитет белгилүү бир банкка жана/же башка ФКУларга карата төмөнкүдөй таасир чараларын колдонуу жөнүндө жана таасир этүү чараларын токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат: 

а) жол берилген кемчиликтерди четтетүү тууралуу жазма буйрук; 

б) ишти талапка ылайык келтирүү боюнча жазма буйрук; 

в) белгилүү бир ишти аткаруу тууралуу жазма буйрук; 

г) банкка жана/же башка ФКУга, алардын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө

д) банктын жана башка ФКУнун финансылык абалын чыңдоо, реструктуризациялоо жана кайра өзгөртүп түзүү боюнча чараларды көрүүнү талап кылуу; 

е) банкта жана башка ФКУда кайталап/атайы тышкы аудитти жүргүзүү талабын коюу; 

ж) Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде акциялардын сатылышын талап кылуу; 

з) банктын административдик чыгашаларын кыскартуу талабын коюу; 

и) банктын уюштуруу түзүмүн өзгөртүү талабы; 

к) саясаттарды, жоболорду, жол-жоболорду жана башка ички ченемдик документтерди өзгөртүүнү талап кылуу; 

л) банктын фирмалык (расмий) аталышын алмаштыруу талабы; 

м) экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу; 

н) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамда каралган чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөө

о) кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органын алмаштыруу; 

п) тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү

р) кредиттик союзга убактылуу администрацияны киргизүү

с) кредиттик союздун лицензиясынын аракетин токтотуу жана/же кайтарып алуу; 

т) ФКУнун айрым банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясын кайтарып алуу; 

у) МКК/МКАнын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин токтотуу жана/же кайтарып алуу. 

Комитет, Улуттук банк Башкармасы тарабынан тапшырылган башка маселелерди да кароого алат.  

Комитет банктарга жана башка ФКУларга карата таасир этүү чараларын колдонуу чечиминин натыйжалуулугуна баа берет жана жарым жылда бир жолу жыйынтыкталган маалыматты Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштайт.  

Комитеттин төмөнкү маселелер боюнча чечимдери милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш: 

- кредиттик союзга убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө

- ФКУнун лицензиясынын аракетин токтотуу/чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө

- ФКУнун лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө

- банктардын же башка ФКУнун кызмат адамдарын макулдашуу жөнүндө

- банктардын же башка ФКУнун аталышын /алмаштырылган аталышын макулдашуу жөнүндө

- МКК/МКАнын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин токтотуу жана/же кайтарып алуу жөнүндө.”; 

- 2.1-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2.1-1. Комитет ар айлык негизде төмөнкүлөрдү кароого алат: 

- иш багыты жана банктар боюнча көзөмөлдүк стратегиясын аткарылышы жөнүндө отчетту (ар бир айда эки банк боюнча отчетту); 

- инспектордук текшерүүнүн жана тышкы көзөмөлдүктүн жыйынтыгы боюнча ФКУ тарабынан экономикалык ченемдердин, талаптардын сактагалгандыгы/сактабагандыгы, ошондой эле ФКУ карата жөнгө салуучу көзөмөлдүк чараларын колдонуунун натыйжалары боюнча маалыматты.”; 

- 2.1-2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2.2. Комитет төмөнкү маселелерди кароого алат жана алар боюнча чечим кабыл алат: 

а) банктык көзөмөл жана ФКУларда көзөмөлдүктү жүргүзүү саясатын аныктоо; 

б) банктарга жана башка ФКУларга карата жөнгө салуучу көзөмөлдүк чараларын кабыл алуу; 

в) Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагаларын жана мүчөлөрүн; Башкарманын төрагасын; төраганын кредиттөө иши жана ислам каржылоо принциптери боюнча иш үчүн жооп берген орун басарларын жана Башкарманын мүчөлөрүн; Аудит боюнча комитеттин төрагасын; ички аудит кызматынын жетекчисин; банктын башкы бухгалтерин макулдашуу; 

г) банктын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын 50 (элүү жана андан көп, 67 (алтымыш жети) жана андан көп пайызын сатып алууга макулдук берүү

д) банктын жаңы аталышын алдын ала макулдашуу; 

е) банктын жана башка ФКУнун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча зарылчылык келип чыккан шартта, андан ары көзөмөлдүк чараларын аныктоо; 

ж) Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жөнгө салуу жана көзөмөлдүк жагында өз ара иш алып баруусун координациялоо; 

з) өлкө ичинде сыяктуу эле, чет өлкө көзөмөл органдары менен иш алып барууну координациялоо жана күчөтүү

и) Комитет тарабынан чечим кабыл алынган маселелер боюнча тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүү тууралуу чечим; 

к) банк жана башка ФКУ тарабынан мыйзам талаптарын бузууга жол берүү фактылары тууралуу коомчулукка маалымдоо; 

л) банк ишинин маанилүүлүгү боюнча колдонулуп жаткан чектүү критерийлерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана/же жаңыларын иштеп чыгуу; 

м) банктардын жана башка ФКУлардын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун зарылчылык болгон кезде кароого алуу; 

н) монополияга каршы жөнгө салуу, банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоо жана мында атаандаштыкты өнүктүрүү (баа түзүү тартибин, анын ичинде өзүм билемдикке салып кыйла жогорулатылган (төмөндөтүлгөн) бааны белгилөө, аларды колдоо, банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуу абалды ээлөөдөн кыянаттык менен пайдалануу маселелерин кошо алганда); 

о) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берүү фактыларын аныктоо; 

п) Улуттук банк Башкармасы тарабынан Комитетке ыйгарылган башка маселелер.»; 

- 2.6-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын кызматкери Комитеттин катчысы болуп дайындалат»; 

- 3.3-пункттагы «Комитеттин төрт мүчөсүнүн» деген сөздөр «Комитет мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен».