Долбоор  

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

«Кыргыз Республикасынын банктык иш чөйрөсүнө тиешелүү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» 

 

1-берене. 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына («Эркин Тоо» газетасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы №113-114 чыгарылышы) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1. 158-берененин 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Өзгөчө учурларда гана Улуттук банктын чечими боюнча Убактылуу администратордун жана ал тарабынан ишке тартылган, Улуттук банктын кызматчысы болуп саналбаган адистердин эмгек акысына төлөөлөр Улуттук банктын эсебинен жүргүзүлөт жана аларга кеткен чыгашалар андан ары Убактылуу администратор дайындалган банктын сарптоолоруна чегерилет. »

2. 176-берененин: 

1) 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү алынып салынсын; 

2) 5-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Жоюучуга сый акы сот тарабынан Улуттук банкка макулдашуунун негизинде, жоюлуп жаткан банктын иш жагдайынын татаалдыгына жараша белгиленет, бирок Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайтарылып алынганга чейинки акыркы жыл ичинде жоюлуп жаткан банктын башкармасынын төрагасына чегерилген орточо айлык эмгек акыдан же банкты жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу күнүнө чейин өз ишин аткарып жаткан Убактылуу администраторго белгиленген сый акы өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Жоюучу ишке тартылган кызматкерге жоюучунун сый акысынан ашпаган өлчөмдө сый акы белгилейт. »;  

3. 177-берененин 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Жоюу жол-жобосун башынан кечирип жаткан банктын таламында сотко доо арызы менен кайрылган шартта, жоюучу бардык иштер боюнча доочу жана жооп берүүчү катары бардык соттордо мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулат. »; 

4. 183-берененин: 

1) расмий тилдеги биринчи абзац «1» деген цифра деп таанылсын жана биринчи бөлүк болуп эсептелсин;  

2) төмөнкү мазмундагы экинчи-алтынчы бөлүктөр менен толукталсын: 

«2. Өзгөчө учурларда банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүүгө кеткен административдик чыгашалар жоюучунун негиздүү кайрылуусу боюнча Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн. 

3. Улуттук банк административдик чыгашалардын ордун жабууга акча каражаттарды банктын жоюучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде сунуштайт. 

4. Каражаттарды сунуштоо тартиби жана Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу административдик чыгашалардын түрлөрү Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

5. Улуттук банк жоюу жол-жобосун жүргүзүүгө акча каражаттарын ушул Мыйзамдын 182-беренесине ылайык жоюучу тарабынан ачылган атайы эсепке чегерет. 

6. Улуттук банк тарабынан банктын жоюучусуна административдик чыгашалар үчүн берилген акча каражаттары жоюу массасына кирбейт жана ушул Мыйзамдын 188-беренесине ылайык жоюучунун административдик чыгашаларына чегерилип, жоюучу тарабынан мыйзамда белгиленген кредиторлор талабынын ордун жабууга карабастан, кезексиз төлөнүүгө тийиш.». 

 

2-берене. 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамына («Эркин Тоо» газетасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы №113-114 чыгарылышы) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

3-берененин 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Атайын администрациялоо жол-жобосу жоюу жол-жобосуна өзгөртүлүп, ал эми атайын администратор жоюучу статусуна ээ болот. Мында, өзгөртүп түзүү/статустун өзгөрүшүнө тиешелүү соттук актылар, Улуттук банктын чечими талап кылынбайт.». 

 

3-берене. 

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

750-берененин 1-бөлүгүнун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Салымдарды тартуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген лицензиянын негизинде иштөөчү жана банктардагы салымдарды коргоо системасына катышуучу банктарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алышкан банктык эмес башка финансы-насыялык уюмдарга (мындан ары - банк) гана тиешелүү.». 

 

4-берене. 

 

Бул мыйзам, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамдар күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өз ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирсин.  

  

Кыргыз Республикасынын Президенти