Кыргыз Республикасынын 

«Кыргыз Республикасынын банктык иш чөйрөсүнө тиешелүү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна карата 

маалымдама-негиздеме 

 

Кароого сунушталып жаткан «Кыргыз Республикасынын банктык иш чөйрөсүнө тиешелүү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору Убактылуу администрация жана банктарды жоюу жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.  

Алсак, долбоордо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына төмөнкүдөй түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.  

158-беренеге Убактылуу администратор дайындалган банкта сый акы төлөө үчүн ликвиддүү каражаттар жок болсо, Убактылуу администратордун эмгек акысы (сый акы) кандайча аныктала тургандыгын тактаган толуктоолор сунушталууда. Мындай учурда Улуттук банктын чечими боюнча Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан адистердин эмгегине төлөөлөрдү Улуттук банктын эсебинен жүргүзүү жана бул чыгашаларды кийинчерээк банктын келечектеги сарптоолоруна чегерүү аркылуу жүзөгө ашыруу каралууда.  

Ал эми 176-беренеге Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына карама-каршы келип калуу жагдайларын жокко чыгарууга, ошондой эле банкты жоюу жол-жобосун оптималдаштырууга багытталган түзөтүүлөр сунушталган. 

Алсак, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 176-беренесинин 1-бөлүгүндө ушул мыйзамга ылайык ыйгарым укук чегерилген, банкроттук иштери боюнча мамлекеттик органдын тиешелүү лицензиясына ээ болгон адам жоюучу болуп саналаары каралган. Ушуну менен бирге эле, «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамда жоюучулардын ишин лицензиялоо каралган эмес, мында банкроттук процессин жүзөгө ашырган администратордун ишин лицензиялоо жол-жобосу белгиленген.  

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензиялоо системаны оптималдаштыруу жана либералдаштыруу боюнча иштин жана колдонуудагы мыйзам аркылуу жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин алкагында, лицензия-уруксат берүү маселесин камтыган мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталган, анда банкроттук процессин жүзөгө ашырган администраторлорго лицензия берүүнү алып салуу каралган. Мыйзам актыларындагы мына ушундай дал келбестиктерди четтетүү жана колдонулбаган нормаларды алып салуу максатында, банк жоюучусу лицензияга ээ болууга тийиш экендиги тууралуу жобону алып салуу сунушталууда. Ошону менен бирге эле, мыйзамда банк жоюучулары Улуттук банк тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш экендиги да белгиленген.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 176-беренесинде жоюучуга сый акы сот тарабынан банктагы иш жагдайына шайкеш белгиленет, бирок ал жоюлуп жаткан банк башкармасынын Төрагасынын убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайтарылып алынганга чейинки акыркы жыл ичинде инфляция коэффициентин эске алуу менен эсептелген орточо орточо айлык эмгек акыдан же убактылуу администраторго белгиленген сый акы өлчөмүнөн ашпоого тийиш деп белгиленген. Ал эми жоюучу ишке тартылган кызматкерлерге убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайтарылып алынганга чейин колдонулган, банктын тиешелүү кызматкерлеринин эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө белгилөөгө тийиш.  

Ошону менен бирге эле, инфляция коэффициентин эске алуу менен жоюучуга сый акы өлчөмүн аныктоо механизми мыйзамдарда аныкталбагандыгын да белгилеп кетүү зарыл.  

Мындан тышкары, банкка убактылуу администрация киргизилип, сот тарабынан мажбурлап жоюу чечими кабыл алынганга чейинки мезгил аралыгы кыйла созулуп кетип, бул жоюучу үчүн сый акы өлчөмүн аныктоодо сотторго кыйынчылыктарды жаратып, жыйынтыгында, жоюучуга талапкерлерди жоготуп алууга алып келиши ыктымал.  

Ушуга байланыштуу жоюучуга сый акы белгилөө тартибин аныктоо жана сот Улуттук банкка макулдашуунун негизинде сый акы белгилей ала тургандыгын тактаган шарттар сунушталууда. Мында, аны инфляция коэффициентине байланыштыруу талабы жокко чыгарылуу менен жоючуга сый акы өлчөмүн белгилөө мүмкүнчүлүгү белгиленип, бул жогоруда белгиленген укуктук тобокелдиктерди басаңдатууга шарт түзөт. 

Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 183-беренесин, өзгөчө учурларда жоюу жол-жобосун ишке ашырууда жоюучунун келип чыккан административдик чыгашаларын Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен каржылоону караган норма менен толуктоо сунушталууда.  

Бул сунуш, эгерде жоюучу дайындалган банкта баштапкы административдик чыгашалардын ордун жабуу үчүн ликвиддүү каражаттар жок болсо, банкты жоюу жол-жобосун баштоо үчүн каралган мындай чыгашалардын ордун жабууга каражат булактарын аныктоо зарылчылыгынан улам келип чыгууда. Мына ушундай көйгөйлүү маселени чечүү максатында, Улуттук банктын чечими боюнча өзгөчө учурларда жоюу жол-жобосунда келип чыгышы ыктымал болгон административдик чыгашалардын ордун Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен жабуу караштырылып, мында бул каражаттар жоюу массасына кирбей тургандыгы жана Улуттук банкка кезексиз кайтарылып берилүүгө тийиш экендиги так чектелип белгиленүүдө. Улуттук банк бул каражаттарды банкты жоюу үчүн баштапкы мааниге ээ болгон административдик чыгашалар үчүн гана бере тургандыгы аныкталган.  

Жоюу жол-жобосун натыйжалуу жүргүзүү максатында, мыйзам долбоорунда ага карата жоюу жол-жобосу жүргүзүлүп жаткан банктын таламында сотко доо арыз менен кайрылууда жоюучуну мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотууну кароо сунушталууда, анткени банктын активдерин өндүрүү, сатып өткөрүү жана кийинчерээк каражаттарды кредиторлор ортосунда ушул мыйзамга ылайык бөлүштүрүү жоюучунун негизги милдетинен болуп саналат. Мындай өзгөртүү Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын жоболорун «Мамлекеттик алым жөнүндө» мыйзам жоболоруна шайкеш келтирүү максатында да сунушталууда.  

Мыйзам долбоорунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына да өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.  

Алсак, аталган мыйзам күчүнө киргизилгенге чейин башталган атайы администрлөө жол-жобосу токтоп калбашы, ошондой эле банктарды жоюуну ишке ашырган атайы администратордун статусу боюнча так эместиктерге жол бербөө максатында, 3-берененин 3-бөлүгүнө атайын администратордун жол-жобосун жоюу жол-жобосуна өзгөртүү, ал эми атайын администратор жоюучу статусуна ээ болушун караган тактоолорду киргизүү сунушталууда, мында өзгөртүп түзүү/статусту өзгөртүү тууралуу соттук актылар, Улуттук банктын чечимдери талап кылынбайт.  

Мыйзам долбоорунда ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин II бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Атап айтканда, кодекстин 750-беренесине салымдарды тартуу укугуна ээ болгон жактарды аныктоо жагында өзгөртүүлөр киргизилет. Кодекстин 750-беренесинде салымдарды тартуу укугу банктарга гана ыйгарылган болсо, бирок Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» жана «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарында Улуттук банктан тиешелүү лицензия алган шартта микрофинасылык компаниядар жана кредиттик союздар да салымдарды тартуу укугуна ээ экендиги белгиленген. Мыйзамдар ортосунда мына ушундай дал келбестиктерди четтетүү максатында Жарандык кодекстин 750-беренесине, Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алган банктык эмес финансы-кредит уюмдары да салым тартуу укугуна ээ экендиги жөнүндө тактоо киргизилүүдө.  

Мыйзам долбоорунда сунушталган нормалар Улуттук банктын ишин оптималдаштыруу, мыйзамдарда каралган таасир этүү чараларын колдонуунун натыйжалуулугун арттыруу максатын көздөй тургандыгына жана ишкердикти жөнгө салууга багытталбагандыгына, мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү талап кылынбай тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.  

Коомдук талкууга алынышы максатында мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылган.  

Мыйзам долбоорун кабыл алуу экологиялык, гендердик социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбейт.  

Мыйзам юридикалык күчкө ээ болгондон кийин, аны аткаруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды да талап кылбайт.  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын Төрагасы К. Кулматов