Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 13-декабрындагы  

№ 2017-П-14/51-7-(ПС) 

токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга  

каралган негизги багыттары жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 16 жана 20 жана 68-беренелерине таяну менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган негизги багыттары (кошо тиркелет) жактырылсын. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, республиканын коммерциялык банктарын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы  

№ 2017-П-14/51-7-(ПС) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын  

өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган негизги багыттары 

 

1-ГЛАВА 

Киришүү 

§ 1. Жалпы жоболор 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында аныкталган маселелердин бири болуп саналат. Бул маселени аткаруу үчүн бардык аракеттер жаңы маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды ишке киргизүү аркылуу төлөм системаларынын ишин жогору технологиялык деңгээлде колдоого багытталган.  

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган негизги багыттарында Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/19 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-2021-жылдарга каралган ишинин стратегиялык багыттары» документин, банк секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы №1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасында каралган банк секторун өнүктүрүү жагында чараларды аткаруунун алкагында, төлөм системасын орто мөөнөттүк мезгилде өнүктүрүү максаты, милдеттери жана вектору аныкталган. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) орто мөөнөттүк мезгилге төлөм системасы чөйрөсүнө тиешелүү артыкчылык багыттарынан болуп нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу, мыйзам актыларын жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны пайдалануу менен финансы-кредит жана төлөм уюмдарынын, төлөм системасынын операторлорунун маалымат коопсуздугун жөнгө салуу жана өз ара иш алып баруу механизмдерин өркүндөтүү аркылуу төлөм системасынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында инновациялык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнү колдоого алуу жана көмөктөшүү саналат. 

Документте төмөнкүлөр камтылган: 

- төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга каралган негизги багыттарын жүзөгө ашыруу жыйынтыгы; 

- улуттук төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган максаттуу көрсөткүчтөрү жана жыйынтыктары; 

- төлөм системасын өнүктүрүү максаттарына жетүү чаралары жана аларды ишке ашыруу механизмдери. 

Документ төмөнкүдөй принциптерге негизденген: 

- стратегиялык максаттардын жана милдеттердин банк ишин жөнгө салган негизги ченемдик актыларга ылайык келиши;  

- орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге жана алардын Кыргыз Республикасынын рынок шарттарына ыңгайлашуусуна баа берүүнү эске алып, банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн ишке киргизүүнү кошо алганда, улуттук төлөм системасын өнүктүрүүдө тең салмактуу ыкмада иш жүргүзүү

- Улуттук банктын, Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон мамлекеттик бийлик органдарынын, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларынын өз ара иш алып баруусунун негизинде улуттук төлөм системасын өнүктүрүү процессинин ачык-айкындуулугу; 

- мыйзам актыларында кетирилген калпыстыктарды четтетүүгө жана төлөм системасынын бардык элементтеринин укуктук жактан тең салмактуу жөнгө салынышын камсыз кылууга багытталган ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү

- чет өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын колдонуу. 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга 

каралган негизги багыттары Улуттук банк тарабынан кызыкдар тараптар менен биргеликте белгиленген чараларды жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн так көрсөтүү менен Иш-чаралар планына ылайык аткарылат (1-тиркеме). 

 

1.2. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын жалпы түзүмү 

Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системасынын компоненттери төмөнкүчө берилген:  

1) Улуттук банктын ири төлөмдөр системасы Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (ГСРРВ); 

2) чекене төлөмдөр системасы: Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (ПКС), төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасы, акча которуулар системасы, дароо ишке ашырылуучу төлөмдөр системасы, электрондук акча системасы; 

3) финансылык билдирүүлөрдү багыттоо инфраструктурасы (SWIFT ЖПТ, Банктар аралык коммуникациялык түйүн). 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын функционалдык түйүнү  

2-тиркемеде көрсөтүлгөн: 

2-ГЛАВА 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасында учурда түптөлгөн тенденциялар 

§ 1. Төлөм системасын өнүктүрүүдөгү негизги тенденциялар 

2015-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын экономикасы алгылыктуу өсүш динамикасы менен мүнөздөлгөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2015-жылы ИДӨнүн өсүшү (3,9 пайызга) кызмат көрсөтүү, курулуш жана айыл айыл чарба секторлору тарабынан колдоого алынган. «Кумтөр» алтын кен казып алуу ишканаларын эске албаганда өлкөнүн ИДӨсүнүн өсүшү 4,9 пайызды түзгөн. Номиналдык мааниде ИДӨ көлөмү 430,5 млрд сом чегинде түптөлгөн. 

2016-жылы реалдуу мааниде алганда ИДӨ 3,8 пайызга көбөйгөн. Өлкөнүн экономикалык өсүшү экономиканын бардык негизги секторлору тарабынан колдоого алынган. «Кумтөр» алтын кен казып алуу ишканаларын эске албаганда, ИДӨнүн өсүшү 3,7 пайызды түзгөн. Номиналдык мааниде ИДӨ 458,0 млрд сом чегинде катталган. 

2017-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ИДӨ көлөмү күндөлүк бааларда 335,0 млрд сомду түзүп, 2016-жылдын ушул эле айларындагы көрсөткүчкө салыштырганда 5,0 пайызга көбөйгөн. «Маалымат жана байланыш» секторун кошпогондо, экономиканын өсүшүнө бардык секторлор алгылыктуу салым кошушкан. ИДӨнүн номиналдык өсүшү кароого алынган мезгил ичинде 6,2 пайызды түзгөн. 

Кыргыз Республикасынын экономикасынын алгылыктуу өсүш динамикасы төлөм системасынын ишине да алгылыктуу таасирин тийгизген.  

2015-2017-жылдар аралыгында банктар аралык төлөм системасында төлөмдөр көлөмүнүн көбөйүүсү байкалган, бул республиканын реалдуу экономикасында төлөм системасынын ролу жогорулоо тенденциясына ээ болгондугун тастыктайт.  

Эгерде 2015-жылы банктар аралык төлөм системалары аркылуу жалпы 1848,7 млрд сом суммасына 3,6 млн төлөм өткөрүлсө, 2016-жылы ГСРРВ жана СПК аркылуу жалпы 5 206,7 млрд сом суммасына (өсүш 13,9 пайызды түзгөн жана тиешелүүлүгүнө жараша 2,8 эсеге) 4,1 млн төлөм өткөрүлгөн. ГСРРВ жана СПК төлөмдөрүнүн көлөмү, тиешелүүгүнө жараша, 2,9 эсеге жана 19,8 пайызга өскөн. 

Банктар аралык төлөмдөр көлөмү негизинен, банк операциялары, анын ичинде Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу жүргүзүлүүчү операциялар боюнча төлөмдөр көлөмүнүн көбөйүүсүнүн натыйжасында өскөн (баалуу кагаздар, чет өлкө валюталары менен операциялар, кредиттик операциялар). 

Отчеттук жылдын сентябрь айынын акырына банктар аралык төлөм системасы аркылуу жалпы 4 056,7 млрд сом суммасына 6,5 млн төлөм ишке ашырылган.  

Банктар аралык төлөмдөргө жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөр 2017-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгына ылайык региондор боюнча алып караганда алардын көлөмү (жалпы көлөмүнөн 99,0 пайыз) жана саны (жалпы санынан 62,8 пайыз) боюнча төлөмдөрдүн салыштырма салмагы, мурдагыдай эле Чүй областына жана Бишкек шаарына (олуттуу концентрация) туура келген. Ош областына банктар аралык төлөмдөр көлөмүнүн 0,3 пайызы жана санынын 13,5 пайызы туура келген. Калган областтар боюнча салыштырма салмак саны боюнча төлөмдөрдүн жалпы санынын 2,4 пайызынан 8,1 пайызына чейин туура келсе, көлөмү боюнча 0,3 пайыздан ашкан эмес. Мындай концентрация, мурдагыдай эле, өлкө аймактарына банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жетиштүү деңгээлде жайылтылбагандыгы менен түшүндүрүлөт. 

Банктык төлөм карттар рыногунда да алгылыктуу тенденция байкалган.  

Эгерде 2015-жылдын акырына карата чыгарылган банктык төлөм карттардын жалпы саны 1,2 млн даананы түзсө, 2016-жыл жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 1,6 млн картты түзгөн, ал эми 2017-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча жүгүртүүгө чыгарылган банктык төлөм карттардын жалпы саны 1,8 млн. картты түзгөн. Мында «Элкарт» улуттук системасынын картынын саны 2015-жылы 307,3 миң даананы, 2016-жылы 579,6 миң даананы, ал эми 2017-жылдын 30-сентябрына карата 752,6 миң даананы түзгөн. 

Банктык төлөм карттардын өсүшү, негизинен, эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген банктык төлөм карттардын санынын көбөйүүсү менен шартталган (эмгек акысын эл аралык карттар аркылуу алган бардык бюджеттик уюмдар «Элкарт» улуттук төлөм системасына которулган).  

Банктык төлөм карттарды түрлөрү боюнча бөлүштүрүүдө 2017-жылдын III чейрегинин жыйынтыгы боюнча 59,2 пайызын эл аралык төлөм системалардын карттары, 40,8 пайызын «Элкарт» улуттук системасынын карттары түзгөн.  

Карттарды пайдалануу менен нак акча каражаттарын алууну эске алганда, карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялардын саны 2015-жылы 20,5 млн операцияны, 2016-жылы 24,8 млн операцияны (20,9 пайызга өсүш) түзсө, чогуу алгандагы көлөм 19,9 пайызга көбөйүп, 120,5 млрд сом чегинде катталган. Отчеттук жылдын III чейрегинин жыйынтыгы боюнча картты пайдалануу менен соода-тейлөө ишканаларындагы терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны 1 014,3 миң транзакцияны же бардык жүргүзүлгөн операциялардын 13,3 пайызын түзгөн, карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялардын жалпы көлөмү 39 292,3 млн сом чегинде катталып, 7,6 млн транзакция өткөрүлгөн.  

Бул көрсөткүчтөр, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2012-жылдын 14-майындагы №289/5/1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча  

2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында коммерциялык банктардын банктык карттар рыногунда жигердүүлүк менен иш алып баруусун, ошондой эле калктын акча каражаттарын карттан картка которуу, интернет банкинг жана башка банктык продукттарды колдонуусун тастыктап турат. Коммерциялык банктардын банктык төлөм карттарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча аралыкта орнотулган түйүндөрүн өнүктүрүүдө да алгылыктуу тенденция байкалууда.  

Эгерде 2015-жыл жыйынтыгы боюнча банктык төлөм карттар республиканын бардык аймактарында орнотулган 1 236 банкоматта жана 6 054 терминалда тейлөөгө кабыл алынса, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча банктык төлөм карттар, анын ичинде «Элкарт» улуттук карты 1 300 банкоматта жана 7 101 POS-терминалда (банкоматтардын өсүшү 5,1 пайызды же 64 банкоматты түзсө, POS-терминал 17,3 пайызга же  

1047 POS-терминалга өскөн) тейлөөгө кабыл алынган. 

Кароого алынып жаткан мезгил ичинде банктык төлөм карттар, анын ичинде «Элкарт» улуттук карты, өлкөнүн бардык аймактарында орнотулган 1 378 банкомат жана 8033 терминал аркылуу тейленген.  

Чек ара аркылуу өткөрүлүүчү төлөмдөр III чейректе SWIFT, «Telex», «Банк-Кардар», «Е-Кардар» ж.б. системаларды пайдалануу менен өткөрүлгөн. Чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү өткөрүүдө банктар көбүнчө SWIFT системасын колдонушкан.  

2017-жылдын III чейрегинин жыйынтыгы боюнча эл аралык төлөмдөр валюталардын  

12 түрү боюнча жүзөгө ашырылган. Ушул мезгил ичинде кириш төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 293,2 млрд сомду (бул көрсөткүч 2016-жылдын тиешелүү чейрегиндегиге салыштырганда 36,9 пайызга көбөйгөн), ал эми чыгыш төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 

326,5 млрд сомду (2016-жылдын III чейрегине салыштырганда 37,5 пайызга көбөйгөн) түзгөн. 

Отчеттук мезгил ичинде акча которуулар эл аралык жана локалдык системалар аркылуу жүзөгө ашырылган. Акча которуулардын эл аралык системалары боюнча кириш которуулардын жалпы саны 56,0 млрд сом жалпы суммасында 1,9 млн, чыгыш которуулардын саны 11,4 млрд сом жалпы суммасында 156,5 миңди түзгөн.  

Улуттук банк 2015-жылы «Кыргыз Республикасында лицензия-уруксат берүү системасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарга ылайык, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын лицензиялоону жана алардын ишин жөнгө салууну жүзөгө ашыра баштаган. Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан 2016-жыл ичинде өткөрүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү 23,8 млрд сомду түзгөн. Төлөмдөрдүн олуттуу көлөмү уюлдук байланышка туура келген 2016-жылдагы төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнүн  

54,4 пайызын, ал эми мамлекеттик төлөмдөрдүн көлөмү алардын жалпы көлөмүнүн  

9,5 пайызын түзгөн. Төлөмдөрдүн жалпы саны 200 млн транзакцияны түзгөн. Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын иши төлөмдөрдү өз алдынча тейлөө терминалдары жана субагенттик түйүндөр аркылуу кабыл алууга негизделгендиктен, 2016-жылдын акырына карата төлөм терминалдарынын саны  

3 203 даананы, субагенттердин саны 10 382 бирдикти түзгөн.  

2017-жылдын III чейрегинин жыйынтыгы боюнча төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары аркылуу 6 173,6 млн сом жалпы суммасына 46,4  млн транзакция ишке ашырылган. Бардык төлөмдөрдүн негизги үлүшү 2016-жылдагыдай эле, уюлдук байланыш операторлорунун пайдасына 3 342,5 млн сом (бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнүн 54 пайыз) туура келет, уюлдук операторлордун пайдасына өткөрүлгөн төлөмдөрдүн саны 42,8 млн төлөмдү түзсө, кызмат көрсөтүүлөрдү/товарларды мамлекеттик сунуштоочулардын пайдасына төлөмдөрдүн көлөмү (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө, салык жыйымдары, Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматына айыптык төлөмдөр, мамлекеттин бюджетине башка төлөмдөр) 509,7 млн сомду (төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнүн 8 пайыз), төлөмдөрдүн саны 1,4 млн төлөмдүөлөмдөрдүн жалпы санынын 3 пайыз) түзгөн. Төлөм терминалдарынын саны 4 062 бирдикти, POS-терминалдардын саны 166 бирдикти, агенттердин саны 18 005 бирдикти, субагенттердин саны 9 947 бирдикти түзгөн.  

Жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы туруктуу негизде өсүүдө жана  

2017-жылдын 1-октябрына карата 87 771,1 млн сомду түзгөн, анын ичинде 3 128,2 млн сом (3,6 пайыз) коммерциялык банктардын кассаларында болсо, калган 84 642,9 млн сом (96,4 пайыз) банктан тышкаркы системаларда (2016-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 19 198,5 млн. сомго же 29,3 пайызга көбөйгөн) болгон.   

Нак акчалардын коммерциялык банктардын кассаларына кайтарымдуулугу кароого алынып жаткан мезгил ичинде 98,6 пайызды түзгөн (2016-жылдын III чейрегине салыштырганда 0,2 пайызга көбөйгөн).  

Банк тутумундагы нак эмес акча каражаттарынын үлүшүнүн өсүш тенденциясынын байкалгандыгына карабастан, финансылык эсептешүүлөрдүн негизги үлүшү банк тутумунан тышкары жүзөгө ашырыла турган жагдай дале сакталууда, акча агымдарынын ачык-айкын болбошунан улам,  көмүскө экономика деңгээли да жогору бойдон калууда жана эсептөөлөрдө нак акча каражаттарынын басымдуулук кылуу көйгөйү кыйла курч бойдон калууда.  

 

1-таблица. Банк тутумунда нак жана нак эмес акчанын катышы (млн.сом) 

 

 

Көрсөткүчтөр 

2015-жылдын 31-декабрына карата 

2016-жылдын 31-декабрына карата 

2017-жылдын 31-сентябрына карата 

млн сом 

млн сом 

млн сом 

Жүгүртүүдөгү нак акчалар (банктардан тышкаркы акча М0) 

53 118,0 

64,6 

69338,8 

60,1 

81 402,8 

59,7 

Нак эмес акчалар (банк тутумундагы акча (М2-М0)) 

29 149,2 

35,4 

46105,3 

39,9 

54884,0 

40,3 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын реформалоо боюнча стратегиялык максатка жетүү үчүн Улуттук банк кароого алынып жаткан мезгил ичинде финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталуучу чекене төлөм кызмат көрсөтүүлөр түрлөрүн кеңейтүүгө багытталган, «Элкарт» төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын (мындан ары «БПБ» ЖАК) ишин колдоо боюнча иш-чараларды өткөргөн, коммерциялык банктарга банктык төлөм карттарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшкөн. 

Акыркы жылдар ичинде төмөнкүлөр төлөм системасынын негизги иш багыттарынан болгон: 

- 2015-жылы «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамын кабыл алып, 2016-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү, мыйзамдардагы дал келбестиктерди четтетүүгө багытталган жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана колдонуудагы актыларды өркүндөтүү, ошондой эле төлөм системасынын бардык элементтеринин тең салмактуу укуктук жөнгө салынышын камсыз кылуу

Өкмөт жана Улуттук банктын 2012-жылдын 14-майындагы №289/5/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программанын (мындан ары Мамлекеттик программа) иш-чараларын жүзөгө ашыруу; 

- Россиянын улуттук төлөм карттар системасы менен интеграциялык долбоорлорду демилгелөө жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен улуттук карт системаларын интеграциялоо маселелерин иштеп чыгуу, бул «Элкарт» улуттук системасынын карттарынын чет өлкөдө тейлөөгө кабыл алынышын, ошондой эле чек ара аркылуу төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн жана электрондук сооданын өнүгүшүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт; 

- ЕАЭБ алкагында төлөм системалардын натыйжалуу жана коопсуз ишин камсыз кылуу максатында, Улуттук банктын улуттук төлөм системалардын өнүгүшүн камсыз кылуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө келишимге кошулушу; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм кызмат көрсөтүү рыногунун жаңы катышуучуларын (төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын) лицензиялоону, ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу; 

- төлөм системаларынын маанилүүлүк критерийлерин бекитүү жана ушул критерийлерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларын аныктоо; 

- системалуу мааниге ээ төлөм системалары тарабынан эл аралык стандарттардын (финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн принциптердин) сакталышына өз алдынча баа берүүнү жүргүзүү

- эл аралык төлөм системалары менен NNSS долбоору боюнча өз ара иш алып баруу; 

- Улуттук банк менен коммерциялык банктар ортосунда төлөм карттары менен эсептешүүлөр системаларында орун алышы ыктымал болгон алдамчылык маселелерине тиешелүү маалыматтар менен алмашуу жана тыгыз иш алып баруу тууралуу келишимге кол коюу; 

- Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборун «Элкарт» улуттук системасынын операторун кубаттуулукту көбөйтүү жана иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн модернизациялоо; 

- «БПБ» ЖАКтын базасында банктык төлөм карттар менен чекене транзакцияларды иштеп чыгуу жана мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын, пенсияларды жана жөлөк пулдарды «Элкарт» улуттук картына которуу боюнча бирдиктүү борборду түзүүнү демилгелөө. 2016-жылдан тартып коопсуздук деңгээлин жогорулатуу үчүн «БПБ» ЖАК микропроцессорго ээ «Элкарт» чип карттарын колдонууга киргизген. «Элкарт» чип карттары эл аралык стандарттарга шайкеш келет, бул республиканын аймагында сыяктуу эле, анын чегинен тышкары да карттардын тейлөөгө алынышы үчүн шарттарды түзөт. Жогору деңгээлдеги коопсуздукту эске алганда, «Элкарт» чип карттары жаңы заманбап продукттарды ишке ашыруу үчүн мыкты платформа болуп саналат;  

- төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо, жөнгө салуу жана инспектордук текшерүү ишин жүзөгө ашыруу. Лицензиялоо башталгандан тартып Улуттук банк тарабынан жалпы алганда төлөм системасынын операторлору ишкердикти жүзөгө ашыруусуна 21 лицензия жана төлөм уюмдарына 22 лицензия берилген.  

2017-жылы юридикалык жактарды уюштуруучулардын ыктыярдуу жоюу тууралуу чечимине байланыштуу 3 лицензиянын аракети токтотулган (2 төлөм уюмунун лицензиясы жана 1 төлөм системасынын операторунун лицензиясы). 2017-жылы бир юридикалык жакка 2 лицензия берилген (төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун лицензиясы). Жыйынтыгында, 2017-жылдын 1-ноябрына карата абал боюнча  

20 юридикалык жак Улуттук банктын төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар.  

2017-жылдын январынан октябрына чейин Улуттук банк, уюмдун финансылык абалына баа берүү, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын сакталышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында, 4 пландык инспектордук текшерүүлөр жана  

4 пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлгөн. 

- Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген акча которуу системаларынын операторлорун каттоо ишин жүзөгө ашыруу. 2017-жылдын 1-ноябрына карата абал боюнча Улуттук банкта акча которуу системаларынын 35 оператору катталган, алардын 19 акча которуулардын локалдык (филиалдар аралык) системаларынын операторлору, 16 эл аралык акча которуу системаларынын операторлору. Мындан тышкары, 6 эл аралык төлөм системасы банктык төлөм карттарды пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн жана электрондук акчалардын эл аралык системаларынын 4 оператору/эмитенти Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн каттоодон өтүшкөн.  

 

§ 2. Мамлекеттик программанын жүзөгө ашыруунун негизги жыйынтыктары  

2012-жылдан тартып Мамлекеттик программанын нак жана нак эмес акча жүгүртүүнүн оптималдуу катышына жетишүү жана Кыргыз Республикасында чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү аркылуу банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жайылтуу деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-чаралары ишке ашырылган.  

Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча ведомство аралык комиссиянын ишинин алкагында Мамлекеттик программанын иш-чаралар планынын министрликтер, ведомстволор, коммерциялык банктар тарабынан аткарылышына контролдук жүргүзүлүп, нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча сунуштар каралган жана орун алган көйгөйлөр жана аларды четтетүү жолдору талкууланган.  

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүнүн артышына, улуттук төлөм системасынын өнүгүүсүнө жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн калайык-калкка жеткиликтүү болушуна олуттуу таасирин тийгизген. Мында Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш чараларды аткаруунун алкагында 2016-жылы төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилген: 

- эмгек акы долбоорлорунун алкагында эмгек акыларын эл аралык карттар аркылуу алышкан бардык бюджеттик уюмдар «Элкарт» улуттук төлөм системасына өтүшкөн; 

- 59,1 миң адам (алуучулардын жалпы санынын 13,0 пайызы) социалдык төлөмдөрдү банктык төлөм карттар аркылуу ала башташкан; 

- 264,4 миң адам пенсияларын коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу алышат, бул пенсионерлердин жалпы санынын 43,0 пайызын түзөт; 

- чек китепчелеринин заманбап түрү жана кол менен иштеп чыгууну автоматташтырылган эсепке алууга алмаштыруу катары «Бюджеттик каражаттарды алуучунун» 1 296 карты чыгарылган. Бюджеттик каражаттарды алуучунун карттары боюнча транзакциялардын саны 3 254 даананы, транзакциялардын көлөмү 670,5 млн сомду түзгөн; 

өлкөнүн бардык коммерциялык банктары «БПБ» ЖАКка кошулган, натыйжада калайык-калк үчүн Элкарт улуттук төлөм системасынын карттары чыгарылып, бардык коммерциялык банктардын аралыкта орнотулган жабдууларында тейлөөгө кабыл алынууда; 

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгын өз алдынча катышуучу катары Пакеттик клиринг системасына кошуу иш-чаралары жүргүзүлгөн. 

Банктар тарабынан карт ээлерине нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө түрткү берүү иш-чаралары (дисконттук программалар, маркетингдик акциялар, жарнамалык оюндар, ошондой эле интернет жана уюлдук телефон аркылуу төлөөгө боло турган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүү) жүргүзүлгөн. 

Банктардын калайык-калкка жаңы кызмат көрсөтүүлөр жана продукттар тууралуу маалымдоосу банктын мекемелериндеги маалымат булактары аркылуу жарнамаларды жарыялоо сыяктуу эле, жалпыга маалымдоо каражаттары менен туруктуу өз ара иш алып баруу, пресс-конференцияларды уюштуруу, жарнамалык модулдарды жана статьяларды жайгаштыруу аркылуу жүзөгө ашырылган.  

Чекене төлөм кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөрдүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле Мамлекеттик программанын максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүү максатында, Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү, ошондой эле «БПБ» ЖАК менен биргеликте региондордун бюджеттик мекемелери үчүн окутуу семинарлары өткөрүлгөн.  

2015-жылы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол коюлган, анда банктык жабдуларды алып келүүдө КНС төлөөдөн бошотуу каралган. Бул мыйзамды аткаруу максатында Экономика министрлиги, Улуттук банк жана «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмеси ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга, ошондой эле коммерциялык банктар менен түзүлгөн келишимге кол коюлган жана 2015-жылдын январынан тартып 2017-жылдын октябрына чейин 515 банкомат (447 бирдик пландаштырылган), 4 279 пос-терминал (2 879 бирдик пландаштырылган), 479 төлөм терминалы (408 бирдик пландаштырылган), 47 банк күркөлөрү (57 бирдик пландаштырылган) алынып келинген. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун соода-тейлөө ишканаларынын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү нак эмес формада кабыл алуусу максатында POS-терминалдарды милдеттүү түрдө талабын ишке ашыруунун алкагында улуттук валютада нак эмес төлөмдөрдү көбөйтүү үчүн  

2016-жылдын акырында соода-тейлөө ишканаларында орнотулган POS-терминалдардын саны 5 711 даанага жеткен, ал эми жыл башында 4 613 даана болчу. 2017-жылдын 1-октябрына карата орнотулган POS-терминалдардын саны 6 446 даанага жеткен. 

Ишкерлерге бул токтомду аткаруу тартиби чарба жүргүзүүчү субъекттерге товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес формада төлөөдө карт ээлеринин укуктары тууралуу маалымдоо үчүн социалдык видеороликтер даярдалып, республикалык жана регионалдык телеканалдарда көрсөтүлгөн. 

Нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттырууга багытталган иш-чаралар топтомун аткаруунун натыйжасында төлөм системасы боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетишилген: 

 

2-таблица.  

Төлөм системасы боюнча көрсөткүчтөр 

 

 

2014-жыл үчүн айкын маалыматтар 

2015-жылга болжолдоолор 

2015-жыл үчүн айкын маалыматтар 

2015- жылга болжолдоолор 

2016- жыл үчүн айкын маалыматтар 

2017-жылдын 31-сентябрына карата айкын маалыматтар 

Чекене системасы боюнча: Пакеттик клиринг системасы 

Төлөмдөрдүн саны (бирдик) 

3 401 687 

2 890 772 

3 270 452 

3 324 388 

3 770 463 

  6 280 697 

Төлөмдөрдүн көлөмү (млн сом) 

101 579,2 

84 112,8 

102 480, 7 

96 729,8 

122 769,8 

129 719,9 

Карттарды колдонуу менен эсептешүүлөр системасы 

Эмитирленген төлөм карттарынын жылдын акырына карата саны (даана) 

908 908 

974 341 

1 198 508 

1 120 492 

1 615 753 

  1 846 849 

Банктык төлөм карттарынын эсептешүүдө колдонуу деңгээли (бир адамга эсептегенде)  

0,15 

0,34 

0,20 

0,54 

0,26 

0,45 

Төлөм карттарын колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялардын саны (миң даана) 

15 460,5  

11 984,7  

20 515,8 

13 183,1  

24 808,0 

7 641,2 

1 миң адамга эсептегенде операциялардын орточо саны  

(даана) 

2 676,4 

2 044,0 

3 480,1 

2 215,2 

4 121,2 

1 874,5 

Төлөм карттары боюнча жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү 

(млн сом) 

83 806,2 

60 119,9 

100 500,5 

66 131,8 

120 547,6 

104 719,2 

Калктын киши башына эсептегенде карттар менен операциялардын орточо көлөмү 

(сом) 

14 507,9 

10 253,8 

17 048,1 

11 112,5 

20 026,2 

25 689,7 

1 банкоматка туура келген адам саны (миң адам) 

5,8 

5,6 

4,7 

4,6 

4,6 

2,9 

1 терминалга туура келген адам саны (миң адам) 

1,2 

1,1 

0,9 

0,9 

0,8 

0,5 

Кыргыз Республикасынын калкынын саны (миң адам) 

5 776,6 

5 863,2 

5 895,1 

5 951,1 

6 019,5 

4 076,3 

Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы боюнча  

1. 

Төлөмдөр саны (бирдик) 

262 490 

205 274 

329 435 

236 065 

338 721 

266 772 

2. 

Төлөмдөр көлөмү (млн сом) 

1 411 840,9 

1 170 177,9 

1 746 218,6 

1 345 704,6 

5 083 960,3 

3 927 010,6 

Бул маалыматтар төлөм системасынын көрсөткүчтөрүнүн алгылыктуу тенденциясын тастыктоодо. 

§ 3. Төлөм системасы боюнча ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүнүн алкагында орун алган негизги тенденциялар 

2015-жылы «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген, ал инновациялык технологиялардын өнүгүү шартында Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иш алып баруусун жөнгө салат, экономикада акча каражатынын кыймылынын ачык-айкындуулугун жана анын тескөөгө алынышын, улуттук төлөм системасынын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылат, ошондой эле электрондук төлөм системасы менен иш алып барууда түпкү керектөөчүлөрдүн укугун коргойт. 

Өркүндөтүү жана кабыл алынган мыйзамга ылайык келтирүү максатында төмөнкүлөргө багытталган бир катар ченемдик укуктук актылар иштелип чыккан жана бекитилген: 

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоого, алардын ишин жөнгө салууга жана көзөмөлдөөгө

- аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо жана коммерциялык банктар тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу, аларды жайылтуу жана нак акчага айландыруу аркылуу инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө

- коммерциялык банктардын агенттери аркылуу республиканын региондорунда банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүнөн калктын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө

- Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарды чыгаруу, эквайринг, процессинг жана аларды жайылтуу учурунда тобокелдиктерди минималдаштырууга; 

- Улуттук банкта эл аралык төлөм системасынын операторлорун каттоодон өткөрүү тартибин белгилөөгө

- республиканын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) ишин өркүндөтүү, системанын коопсуздук жагынан алганда төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу, иштелип чыккан маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу, ошондой эле улуттук жана лицензиялык саясаттын талаптарын сактоо; 

төлөм системаларынын пайдалануучуларынын таламдарын коргоо, төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн колдоо жана камсыз кылуу, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү

 

3-ГЛАВА 

Төлөм системасын андан ары өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган комплекстүү милдеттери  

§ 1. Төлөм системасын өнүктүрүү жагында негизги милдеттер  

Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар түрдүү субъекттери ортосунда төлөмдөрдүн коопсуз жана эффективдүү жүргүзүлүшүн камсыз кылган жаңы маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды жайылтуу аркылуу төлөм системаларынын ишин жогорку технологиялык деңгээлде колдоо Улуттук банктын 2018-2022-жылдарда төлөм системасын өнүктүрүү жагында негизги милдети болуп саналат. 

Орто мөөнөттүк мезгил ичинде Улуттук банк тарабынан төлөм системасын өнүктүрүү төмөнкү негизги багыттар боюнча жүзөгө ашырылат. 

1. Нак жана нак эмес акча жүгүртүү катышын оптималдаштырууга жетишүү 

Бул багытта Улуттук банк төлөм системасынын катышуучулары менен биргеликте чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууну, ченемдик укуктук базаны камсыз кылууну жана төлөм рыногунун катышуучуларынын ишин жөнгө салууну улантат. 

Мындай багытты ишке ашырууда Улуттук банк төмөнкүлөр аркылуу калк жана чарба субъекттери үчүн төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чарада катышат: 

- төлөм жана алдын ала төлөнүлгөн карттарды, электрондук акчаны кошо алганда, инновациялык төлөм технологияларын ишке киргизүү, ошондой эле айрыкча аларга банктык кызмат көрсөтүүлөргө аралыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо аркылуу калк жана чарба субъекттери үчүн алардын наркын төмөндөтүүчү жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн чөйрөсүн кеңейтүүчү технологиялык жана башка чечимдер; 

- төлөмдүн электрондук каражаттарын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, айрыкча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр үчүн. 

Мындан тышкары Улуттук банк төмөнкүлөргө көмөктөшүү аркылуу калктын жана чарба субъекттеринин финансылык кызмат көрсөтүүлөргө ишенимин арттырууга багытталган иш-чараларда катышат: 

- алдамчылык операцияларга каршы аракеттенүүнү жана акча каражаттарды которууну жүзөгө ашырууда маалыматтан мыйзамсыз колдонуу тобокелдигин төмөндөтүүнү кошо алганда, төлөмдүн электрондук каражаттарын колдонуу коопсуздугун жогорулатуу; 

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө карата тарифтерди кошо алганда, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо шарттары тууралуу маалымдоодон улам калктын жана чарба субъекттеринин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу; 

- банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөр укугун коргоо ишин өркүндөтүү

- жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебинен пайдалана алуу менен банктык төлөм карттары боюнча калкты тейлөөгө багытталган иш-чараларды жүргүзүү;  

- аралыктан банктык тейлөө аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү (мобилдик банкинг; интернет-банкинг; үй банкинги); 

- орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди жана коопсуздук чараларын кошо алганда, көрсөтүлүп жаткан төлөм кызматтары жөнүндө аларды маалымдоо аркылуу төлөм кызматтарын колдонуу жагында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу; 

- нак эмес эсептешүүлөрдө ар түрдүү төлөм инструменттерин калк тарабынан колдонулушуна түрткү берүү, нак эмес төлөмдөрдүн мамлекеттик маанилүүлүгүнө калктын, коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган маалымат кампанияларын жүргүзүү

Мындан тышкары, Улуттук банк төмөнкүлөр боюнча иш-чараларды жүргүзөт: 

- POS-терминалдар, банкоматтар, автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалдары, Кыргыз Республикасында ар түрдүү төлөм инструменттерин кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн башка жабдуулар сыяктуу аралыкта орнотулган жабдуулардын санын көбөйтүүнү жана агенттик тармакты кеңейтүүнү кошо алганда, нак эмес формада төлөмдөрдү кабыл алуу/жүргүзүү боюнча кардарларды тейлөө аркылуу инфраструктураны өнүктүрүү

-  төлөм системасынын компоненттерин, финансы жана чекене рыногун өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик жана жеке секторлор менен өз ара иш алып баруу; 

- төлөм системасынын катышуучулары менен мамлекеттик органдарды, бюджеттик уюмдарды, бизнес субъекттерин төлөм инструменттеринин ар түрдүү формаларын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөргө которуу үчүн шарттарды түзүү боюнча өз ара иш алып баруу; 

- бюджет тарабынан чегерилген каражаттарды сарптоого контролдукту камсыз кылуу максатында Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын бюджеттик каражаттарды алуучунун карты, көп функционалдуу социалдык жеңилдетилген карттардын (медициналык, транспорттук, салыктык, пенсиялык, банктык) негизинде социалдык чөйрөдө долбоорлорду ишке ашырууда коммерциялык банктар менен өз ара иш алып баруу; 

- аралыктан банктык тейлөө системаларын (кардар-банк, internet-banking, sms-banking, mobile-banking. e-commerce) өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ушул системалардын ишин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү;  

- эл аралык стандарттарга ылайык банктык төлөм карттарын, электрондук акчаларды, аралыктан банктык тейлөө системаларын колдонуу менен операциялардын коопсуз деңгээлин камсыз кылуу. 

2. Улуттук төлөм системасын өнүктүрүү, аны башка өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграциялоо боюнча чараларды өткөрүү 

Аталган багыттын алкагында Улуттук банк тарабынан «Элкарт» төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасын, жаңы төлөм инструменттерин жана кызмат көрсөтүүлөрдү, продукттарды камтыган улуттук төлөм системасын өнүктүрүү жана атаандашууга жөндөмдүү жергиликтүү иштеп чыгууларды ишке киргизүү боюнча иш улантылат.  

Улуттук банк тарабынан республика аймагында финансылык билдирүүлөр (ISO 20022 стандарт) форматтары боюнча эл аралык стандарттарды ишке киргизүү боюнча чаралар демилгелент.  

Мындан тышкары, Улуттук банк тарабынан бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирген өлкөлөрдүн борбордук (улуттук) банктары менен ЕАЭБнын улуттук төлөм системаларын өнүктүрүүнү координациялоо боюнча жумушчу топтун алкагында төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну улантат: 

- улуттук төлөм карттарын интеграциялоо жагында чаралар КМШ өлкөлөрүнүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү жана технологияларды биргелешип пайдалануу долбоорунун алкагында көз карандысыз төлөм системаларынын коопсуздугун, атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жана интеграцияланышын камсыз кылуу, бирдиктүү төлөм мейкиндигинин алкагында бардык улуттук төлөм системаларын биргелешип пайдалануу үчүн сунушталган инновациялык технологияларды жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлөт; 

- финансылык билдирүүлөрдү өткөрүүнүн улуттук системалары ортосунда системалар арасында өз ара иш алып баруу жана/же интеграциялоону камсыз кылуу боюнча; 

- финансылык технологияларды, санарип финансылык технологиялар боюнча бирдиктүү глоссарийди иштеп чыгууну өнүктүрүү

Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөлүк, саясаттык тобокелдиктерди жана геосаясаттык факторлордун таасирин төмөндөтүү максатында бюджеттик төлөмдөрдү жана төлөөлөрдү (мамлекеттик бюджетке төлөмдөр жана мамлекеттик бюджеттен төлөөлөр) «Элкарт» улуттук төлөм системасына которуу боюнча иш улантылат. 

Мындан тышкары, төмөнкүлөр боюнча иш-чаралар улантылат: 

- «Элкарт» улуттук карттары менен эсептешүүлөр системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын колдоосу менен анын базасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү тейлөө борборун түзүү

- «Элкарт» картын пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн чөйрөсүн кеңейтүү, чип технологияларына бара-бара которуу аркылуу банктык төлөм карттарынын коопсуздугун камсыз кылуу, алдамчылык транзакцияларга бөгөт коюу боюнча талаптарды жогорулатуу, социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, улуттук төлөм системасынын кеңири жайылышына багытталган иш-чараларды жүргүзүү ж.б; 

- статистикалык отчетторду түзүү мүмкүнчүлүгү менен банктар тарабынан мониторинг жүргүзүү системасын ишке киргизүүгө жана системага санкциясыз кирүүлөрдү он-лайн текшерүүлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүү

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн, ошондой эле бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин төлөм системаларына интеграцияланышына багытталган иштерди жүргүзүү

- баа саясатынын артыкчылыктарынан, карт ээлеринин лоялдуулук программасын ишке ашыруудан, жергиликтүү алдыңкы иштеп чыгууларды жана чечимдерди ишке киргизүүдөн улам, ички жана эл аралык банктык төлөм карттар рыногунда «Элкарт» системасынын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга; 

- жеке адамдар тарабынан бюджетке багытталган төлөмдөрдү, ошондой эле бюджеттик милдеттенмелер боюнча акча каражаттарды алууну нак эмес тартипте жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү (эмгек акыны, пенсияларды, стипендияларды кошо алганда) максатында, Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик бийлик органдарынын жана төлөм кызматтарын сунуштаган операторлордун өз ара натыйжалуу иш алып баруусуна көмөктөшүү.  

3. Банктык инновациялык кызматтарды колдонууга киргизүү үчүн мониторинг жүргүзүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү 

Улуттук банк финансы рыногунун өнүгүүсүнө түрткү берүү, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана нак эмес төлөмдөрдүн наркын төмөндөтүү максатында, төмөнкүлөр аркылуу инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүү үчүн алгылыктуу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзөт, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу: 

өлкөнүн бардык аймагында банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана КМШ өлкөлөрүнүн акча которууларын иштеп чыгуу боюнча улуттук шлюзду түзүү үчүн калкты аралыктан тейлөө каналдарынын өнүгүүсүнө (электрондук акчалар, мобилдик төлөмдөр, контактсыз төлөмдөр жана башка төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо чөйрөсүн кеңейтүүчү жана калк, чарба субъекттери үчүн алардын наркын төмөндөтүүчү технологиялык чечимдер) көмөктөшүү

- жаңы төлөм продукттардын рынокко чыгуусуна көмөктөшүү жана аларды жөнгө салуу боюнча нормаларды иштеп чыгуу, алар технологияларга тест жүргүзүүгө, нормалардын жана эрежелердин колдонуудагы системасына баа берүүгө, жаңы технологиялар үчүн потенциалдуу тоскоолдуктарды аныктоого багытталган; 

- жаңы төлөм продукттарын/кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн алгылыктуу шарттарды түзүү маселелери боюнча төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары жана Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара иш алып баруу. 

Улуттук төлөм системасы жана бүтүндөй экономика алдында турган милдеттердин алкагында Улуттук банк блокчейн, ыкчам төлөмдөр технологиясын, Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөштөрү тарабынан криптовалюталарды өз өлкөлөрүнүн экономикасына киргизүү операциялык шайкештигин изилдөө, ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна алардын чыгуусуна байланыштуу мобилдик операторлорду жөнгө салуу проблемалары, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн, маалымат коопсуздугун өнүгүүсү менен байланыштуу иштерди жүргүзөт. 

4. Төлөм системасы чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны андан ары өркүндөтүү  

Улуттук банк чекене банктык жана банктык эмес төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү жана көбөйтүү, аралыктан тейлөө каналдарды кеңейтүү жана өнүктүрүү максатында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнү улантат.  

Келечекте ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча аракеттер төлөм механизмдеринин натыйжалуулугун колдоого, төлөм индустриясында инновацияларды демилгелөөгө, түпкү пайдалануучуларды коргоого (соода уюмдарынын жана башка чарба субъекттеринин керектөөчүлөрү), натыйжалуу көзөмөлдүктү, шайкештикти камсыз кылууга, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу чараларды ишке ашырууга, алдамчылык максаттарда төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга бөгөт коюуга жана Кыргыз Республикасында чекене төлөмдөр системасын андан ары өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган.  

Бизнес-коомчулукту нак эмес төлөмдөр үлүшүн арттыруу боюнча иш-чарага тартуу максатында Улуттук банк нак эмес формада төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизүү каралган мыйзам долбоорун илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен өз ара иш алып барат. 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында нак эмес төлөмдөр санын жогорулатууга багытталган Улуттук банктын инновациялык кызматтарды сунуштоо үчүн банк ишине жаңы аралашкан катышуучулардын жана төлөм системаларынын ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктарын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт.  

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик бийлик органдары жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары менен биргеликте улуттук төлөм системасынын өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын, улуттук төлөм системасынын өнүгүүсүнө тоскоолдуктарды жараткан укуктук чектөөлөрдү аныктоо жана аларды четтетүү, ошондой эле семинарларды, тегерек стол маегин, конференцияларды, жумушчу топторду өткөрүү жана/же аларда катышуу аркылуу төлөм системалары маселелери боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун талкуулоо боюнча боюнча иштерди жүргүзөт. 

Мамлекеттик мааниге ээ нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн инфраструктураны өнүктүрүү жагында банк секторунун өнүгүүсүн демилгелөө максатында Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын кызыкдар бийлик органдары жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары менен биргеликте, 2015-жылдын 19-февралындагы №36 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамды колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу» мыйзам долбоорунун банктык жабдууларды алып келүүдө (банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдары жана банктык күркөлөр) коммерциялык банктарды КНСтен бошотуу нормаларын колдонуу мөөнөтүн узартууга тиешелүү өзгөртүүлөрдү илгерилетүү иши жүргүзүлөт.  

5. Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүндө жана төлөм системасында маалымат коопсуздугунун сакталышына жана орун алышы ыктымал болгон иш үзгүлтүгүнө жана кибер коркунучтарга карата чара көрүлүшүнө мониторингдин алкагында Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга катышуу 

Төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өткөрүүнү кошо алганда, финансы-кредит чөйрөсүндө маалымат коопсуздугу маселелери барган сайын улам актуалдуу болууда. Банк жана төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон иш үзгүлтүктөрүнө жана кибер коркунучтарга өз убагында чара көрүү түптөлгөн жагдайды жакшыртууга жана үзгүлтүктөр деңгээлин төмөндөтүүгө алып келет.  

Бул багытта төмөнкүлөр боюнча иштер жүргүзүлүүдө:  

- кибер чабуулдарга карата чара көрүү жана маалымат коопсуздук маселелери жагында Улуттук банктын кызматкерлеринин, укук коргоо органдарынын жана төлөм системаларынын катышуучуларынын квалификациясын жогорулатуу; 

- төлөм системалары жагында алдамчылыкты жана кибер коркунучтарды аныктоо жана төмөндөтүү механизмдеринин болушу боюнча талаптарды иштеп чыгуу; 

- тармактык коопсуздукту бекемдөө жана төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан  пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн ишенимдүүлүгүн байкоого алуу боюнча талаптарды коюу. 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын катышуучулары төмөнкүлөргө багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырат: 

- төлөм системаларында орун алган тобокелдиктер, тобокелдиктерди төмөндөтүү ыкмалары, ошондой эле скимминг түзүлүштөрүн орнотуу жагында маалыматтар менен өз убагында алмашып туруу; 

- эл аралык төлөм системалары жана башка өлкөлөрдүн жөнгө салуучулары менен кибер чабуулдар жагында жаңы тенденциялар тууралуу маалымат менен алмашуу, маалымат коопсуздугун жогорулатуу жагында тыгыз өз ара иш алып баруу ишин жөнгө салуу жана аны колдоого алуу; 

- маалымат коопсуздугуна, программалык жана аппараттык камсыздоого карата талаптарды так аткаруу; 

- маалымат коопсуздугу жагында иш алып барган кадр курамына карата минималдуу талаптарды жана квалификацияны жогорулатуу боюнча талаптарды аныктоо; 

- ыкчам кайрылуу, кылмыш иштерин козгоо жана жүргүзүү, уюшулган алдамчылыкка жана кибер чабуулдарга каршы күрөшүү үчүн өз ара иш алып баруу бөлүгүндө укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жолу аркылуу да Кыргыз Республикасынын укук органдары менен өз ара жигердүү иш алып баруу. 

§ 2. Төлөм системасын өнүктүрүүдөн күтүлгөн натыйжалар  

Калктын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу жана банктык тейлөө сапатын жакшыртуу максатында, Улуттук банк Кыргыз Республикасында чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүүгө, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногун укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-августундагы №1836-VI токтому менен бекитилген Өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023» программасында каралган банк секторун өнүктүрүү жагында чараларды жүзөгө ашырууга багытталган ишти улантат. 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 2018-2022-жылдар аралыгында өнүктүрүүнүн негизги багыттарында каралган бардык иш-чараларды жүзөгө ашыруу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга өбөлгө түзөт:  

Мамлекетке жана экономикага: 

1. Номиналдык ички дүң өнүмдүн өсүшү боюнча натыйжалуу акча жүгүртүлүшүн уюштуруу жана нак акчанын өсүш арымын кыскартуу, нак акчанын көмүскө жүгүртүлүшүн азайтуу. Миграциялык процесстерди жана акча которуулардын агымын эсепке алуу жана контролдоо. 

2. Мамлекеттин салык-бюджет саясатын жүргүзүүдө ачык-айкындуулукту арттыруу. 

3. Жүгүртүүдө нак акчанын шайкеш массасын колдоого алууга (эмиссиялоого) байланыштуу чыгашаларды кыскартуу. 

Коммерциялык банктарга жана банктык эмес төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочуларга: 

1. Жаңы кардарларды тартуу, депозиттик базаны көбөйтүү жана андан улам экономиканын реалдуу секторуна инвестициялоо үчүн кредиттик линияны кеңейтүү

2. Региондордо чекене агенттер түйүнүн өнүктүрүү

3. Кардарларды аралыктан тейлөө спектрин кеңейтүү

4. Эмиссиялык-кассалык ишке байланыштуу чыгымдарды (акчаны инкассациялоо, иргөө, сактоо) кыскартуу. 

Уюмдарга жана ишканаларга: 

1. Нак акча менен иш алып барууга (кабыл алуу, сактоо жана ташып жеткирүү) кеткен чыгашаларды төмөндөтүү

2. Эсепке алууну, финансылык контролдукту жана пландаштырууну натыйжалуу жүргүзүү

Калкка: 

1. Төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн жөнөкөй жана кеңири, ишенимдүү жана коопсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгү, кыйла ыңгайлуу жана тез төлөө ыкмалары. 

2. Төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн алуу үчүн банктарды кеңири тандоо мүмкүнчүлүгү

3. Банктарга, системаларга жана аймактык таандыгына карабастан, салттуу жана инновациялык инструменттерди жана төлөмдөрдү, акча которууларды ишке ашыруу ыкмалаларын кеңири тандоо мүмкүнчүлүгү

Болжолдуу көрсөткүчтөр 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган негизги багыттарындагы нак эмес эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча милдеттерди аткарууга багытталган иш-чаралар топтомунун алкагында, төлөм системасы боюнча төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүү пландаштырылууда: 

 

3-таблица. Болжолдуу көрсөткүчтөр 

№ 

 

Болжолдоолор  

2018 

Болжолдоолор 

2019 

Болжолдоолор 

2020 

Болжолдоолор  

2021 

Болжолдоолор 

2022 

Пакеттик клиринг системасы 

Төлөмдөр саны (бирдик) 

8 682 343 

9 116 460 

9 572 283 

10 050 897 

10 553 442 

Төлөмдөр көлөмү (млн сом) 

187 387,0 

196 756,3 

206 594,1 

216 923,8 

227 770,0 

Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы боюнча 

Төлөмдөр саны (бирдик) 

385 955 

405 253 

425 516 

446 791 

469 131 

Төлөмдөр көлөмү (млн сом) 

5 081 447,7 

5 335 520,1 

5 602 296,1 

5 882 410,9 

6 176 531,4 

Карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы  

Жылдын акырына карата эмитирленген төлөм карттарынын саны (жылдын акырына карата бардыгы болуп жүгүртүүдөгү карттар, миң даана) 

2 020,0 

2 121,0 

2 227,1 

2 338,4 

2 455,4 

1 адамга эсептегенде банктык төлөм карттарынын жайылтылышы деңгээли (даана)  

0,50 

0,51 

0,53 

0,55 

0,57 

Төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын саны (миң даана)  

27 350,8 

28 718,4 

30 154,3 

31 662,0 

33 245,1 

1 миң адамга эсептегенде операциялардын орточо саны  

(даана) 

6 717,2 

6 948,8 

7 188,4 

7 436,2 

7 692,7 

Төлөм карттары боюнча ишке ашырылган операциялар көлөмү (млн сом.) 

151 212,1 

158 772,7 

166 711,3 

175 046,9 

183 799,2 

Калтын жан башына эсептегенде карттар менен ишке ашырылган операциялардын орточо көлөмү (сом) 

35 966 

37 764 

39 652 

41 635 

43 716 

1 банкоматка туура келген адамдын саны (адам) 

2 598 

2 396 

2 209 

2 056 

1 930 

1 POS-терминалга туура келген адамдын саны (адам) 

427 

378 

343 

314 

290 

Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы  

Электрондук капчыктарды пайдалануучулардын саны (бирдик) 

696 842,6 

940 737,4 

1 269 995,5 

1 714 494,0 

2 314 566,9 

Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар бардыгы болуп (бирдик) 

15 882 634,2 

17 470 897,7 

19 217 987,4 

21 139 786,2 

23 253 764,8 

Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялардын жалпы көлөмү (млн сом) 

9 660,8 

10 626,9 

11 689,6 

12 858,6 

14 144, 4 

 

 

Өлкөнүн улуу курактагы калкынын саны (миң адам)  

4 071,8 

4 132,9 

4 194,8 

4 257,8 

4 321,6 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын  

өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган 

негизги багыттарына карата 1-тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн  

2018-2022-жылдарга каралган негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча  

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ 

 

№ 

Иш-чаранын аталышы 

Аткаруу индикаторлору 

Аткаруу мөөнөттөрү 

Жооптуу аткаруучулар 

Өнөктөштөр 

Нак жана нак эмес акча жүгүртүлүшүнүн оптималдуу катышына жетишүү 

1.  

Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу чаралары  

1.1. Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча сунуштарды чогултуу жана иргөө, келип түшкөн талаптарга жооп берүү, кеп-кеңеш берүү, жолугушууларды уюштуруу, ведостволор аралык жумушчу топтордун/кеңештердин ишине катышуу ж.б.  

2018-2022-жж. 

 

 

Улуттук банк, 

Өкмөт 

Борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары, министрликтер жана ведомстволор, коммерциялык банктар, турак жай-коммуналдык чарба кызматтары  

 

 

1.2. Калктын нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүсү үчүн инфраструктураны өнүктүрүүдө төлөм системасынын катышуучуларына көмөк көрсөтүү  

 

1.3. Кыргыз Республикасынын аймагында инновациялык төлөм инструменттерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү 

 

 

 

 

1.4. Өкмөт менен Улуттук банктын нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча токтомун жүзөгө ашыруу 

2018-2022-жж. 

 

 

 

2018-2022-жж. 

Туруктуу негизде 

 

 

 

2018-2022-жж. 

Туруктуу негизде 

Улуттук банк 

 

 

 

Улуттук банк, 

Өкмөт 

 

 

 

 

Улуттук банк, 

Өкмөт 

Төлөм системасынын катышуучулары 

 

 

Экономика министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, эл аралык донорлор тартылышы мүмкүн 

Экономика министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы 

Мамлекеттик жана жеке секторлор менен төлөм системаларынын компоненттерин, финансылык жана чекене рынокторун өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара иш алып баруу 

2.1. Инновациялык технологияларды (төлөм карттары, интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б.) пайдалануу менен коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу бюджеттик (бажы, салык, социалдык жана коммуналдык) төлөмдөрдү төлөөнү которууга көмөк көрсөтүү

 

2.2. Кызмат көрсөтүүлөрдү нак эмес формада кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү (медициналык карт, студенттин, окуучунун карты, транспорттук карт ж.б., медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес формада төлөмдөрдү мындан ары кабыл алуу максатында, медициналык мекемелердеги ички кассалардын жабылышы). 

Туруктуу негизде.  

 

 

 

 

2018-жылы 

 

 

 

Улуттук банк  

 

 

 

 

 

Улуттук банк  

 

 

 

 

коммерциялык банк, төлөм системасынын катышуучулары 

 

 

 

коммерциялык банк, төлөм системасынын катышуучулары 

 

 

 

2.3. Төлөм карттарды, электрондук акчаларды, мобилдик төлөмдөрдү кошо алганда, төлөм инструменттеринин ар түрдүү формаларын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөргө мамлекеттик органдарды, бюджеттик уюмдарды, бизнес субъекттерин которуу үчүн шарттарды түзүү боюнча төлөм системасынын катышуучулары менен өз ара иш алып баруу, ошондой эле алардын банктык төлөм карттарды жана өлкөнүн алыскы региондоруна мындай кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу менен инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн жана технологияларды колдонуу аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө боюнча инфраструктураны өнүктүрүү 

Туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Төлөм системасынын катышуучулары, бизнес-коомчулук, министрликтер жана ведомстволор 

 

 

2.4. Чекене төлөмдөр боюнча кеңештин отурумдарын өткөрүү жана ушул Кеңештин мүчөлөрү менен чекене төлөмдөрдү өнүктүрүү, ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, жаңы инновациялык технологияларды модернизациялоо жана кеңири жайылтуу, иш-чаралар планын, өнүктүрүү программаларын даярдоо жана аларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү маселелери боюнча өз ара иш алып баруу (каттар, кеп-кеңештер, сурап-билүүлөргө жооптор ж.б.у.с.).  

Зарылчылыкка жараша 

Улуттук банк  

Экономика министрлиги; «БПБ» ЖАК, төлөм системасынын катышуучулары, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары  

3. 

Чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү өткөрүү үчүн SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү программасынын ишенимдүү жана коопсуз ишин камсыз кылуу  

SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнүнүн, система аудитинин катышуучуларын техникалык жактан коштоо жана аларды тейлөө. Коммерциялык банктын ишинде штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда Бирдиктүү тейлөө борборунун кызматтарын сунуштоо. 

Туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар 

4. 

Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык төлөм системаларынын төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин камсыз кылуу  

4.1. Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган акча которуулар системасынын жана эл аралык төлөм системасынын операторлорун каттоо 

2018-2022-жж. 

Улуттук банк 

коммерциялык банктар, төлөм системасынын оператору/төлөм уюму 

4.2. Төлөм системаларынын оперторлорун жана төлөм уюмдарын лицензиялоо, алардын ишин жөнгө салуу жана төлөм уюмдары 

2018-2022-жж. 

Улуттук банк 

коммерциялык банктар, төлөм системасынын оператору/төлөм уюму 

5. 

Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү жана инновациялык технологиялар боюнча финансылык сабаттуулукту жогорулатуу  

5.1. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу төлөм системасы жөнүндө калкка маалымдоо (төлөм системасын өнүктүрүү максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүү боюнча жарыялоолор, интервьюлар) 

2018-2022-жж.  

(жарым жылда кеминде 1 жолу)  

Улуттук банк 

коммерциялык банктар 

5.2. Төлөм системасын өнүктүрүү максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүү боюнча министрликтер, ведомстволор жана башка уюмдар үчүн семинарларды, прензентацияларды, тегерек стол маектерин уюштуруу 

2018-2022-жж. (жыл сайын) 

Улуттук банк 

 

5.3. Улуттук банктын расмий веб-сайтына төлөм кызмат көрсөтүүлөрү, инновациялык технологиялар, төлөм системаларын өнүктүрүү тенденциялары ж.б. боюнча маалыматты жайгаштыруу 

2018-2022-жж. (чейрек сайын) 

Улуттук банк 

 

5.4. Жаңы төлөм инструменттери, инновациялык технологиялар ж.б. боюнча эскертмелерди, буклеттерди иштеп чыгуу 

Зарылчылыкка жараша 

Улуттук банк 

 

Улуттук төлөм системасын өнүктүрүү жана анын башка өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграцияланышы боюнча иш-чараларды өткөрүү 

6. 

Улуттук төлөм системасын өнүктүрүү 

6.1. «БПБ» ЖАКтын «Элкарт» карттарын пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөр спектрин кеңейтүү, социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларга көмөк көрсөтүү  

Чейрек 

сайын 

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, төлөм системасынын катышуучулары 

 

6.2. Улуттук төлөм системасынын катышуучуларына көмөк көрсөтүү, анын ичинде коммерциялык банктар, «БПБ» ЖАК, бизнес-коомчулук менен «Элкарт» банктык төлөм карттарын пайдаланууну кошо алганда, нак эмес төлөмдөрдү кабыл алуу, инфраструктураны кеңейтүү маселелери боюнча өз ара иш алып баруу. 

2018-2022-жж. 

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, төлөм системасынын катышуучулары, бизнес-коомчулук  

 

 

6.3. Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга көмөк көрсөтүү  

Туруктуу негизде 

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, коммерциялык банк 

 

 

6.4. «БПБ» ЖАКтын базасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү тейлөө борборун түзүүгө көмөктөшүү 

2020-2021-жж. 

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, коммерциялык банк 

 

 

6.5. Улуттук төлөм системаларын өнүктүрүүнү координациялоо боюнча жумушчу топто жана төмөнкү иш-чараларда катышуу: 

· «Элкарт» улуттук төлөм системасын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн, ошондой эле бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирген мүчө-мамлекеттердин төлөм системалары менен интеграциялоо; 

· улуттук системалар ортосунда финансылык билдирүүлөр менен өз ара алмашуусу; 

· финансылык технологияларды өнүктүрүү

· санарип финансылык технологиялар боюнча бирдиктүү глоссарийди иштеп чыгуу. 

Туруктуу негизде 

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, коммерциялык банк 

 

 

6.6. Кыргыз Республикасынын аймагында финансылык билдирүүлөр форматтары боюнча эл аралык стандарттарды колдонууга киргизүү (ISO 20022 стандарттары) 

 

 

 

 

 

· стандарттарды иликтеп чыгуу 

2018-2019-жж 

Улуттук банк  

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын катышуучулары 

 

 

· стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү 

2019-2022-жж 

Улуттук банк  

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын катышуучулары 

Банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүү үчүн мониторинг жүргүзүү жана алгылыктуу шарттарды түзүү 

7. 

Кыргыз Республикасынын региондорунда финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу  

7.1 Төлөм системаларынын катышуучулары, коммерциялык банктар, бизнес-коомчулук, министрликтер жана ведомстволор менен Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу маселелери боюнча өз ара иш алып баруу (каттар, кеп-кеңештер, сурап-билүүлөргө жооптор, жумушчу жолугушуулар ж.б.у.с.). 

2018-ж. 

Улуттук банк 

Төлөм системасынын катышуучулары, бизнес-коомчулук, министрликтер жана ведомстволор  

7.2 Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында нак эмес төлөмдөр санын жогорулатууга багытталган Улуттук банктын инновациялык кызматтарды сунуштоо үчүн банк ишине жаңы аралашкан катышуучулардын жана төлөм системаларынын ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктарын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө 

2018-2022-жж.  

Улуттук банк 

Төлөм системасынын катышуучулары, бизнес-коомчулук, министрликтер жана ведомстволор 

Көзөмөл (оверсайт) потенциалын жана катализатордун ролун бекемдөө жана өркүндөтүү  

8. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык төлөм системаларына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүргүзүү  

8.1 Төлөм системаларынын ишине мониторинг жүргүзүү (маанилүүлүк даражасына жараша). 

2018-2022-жж. 

(Улуттук банктын төлөм системаларына көзөмөл (оверсайт) боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөргө ылайык). 

Улуттук банк 

коммерциялык банктар, төлөм системасынын оператору/төлөм уюмдары 

8.2 Эл аралык стандарттарга ылайык төлөм системаларынын ишине баа берүүң эле маанилүү төлөм системаларынын ишине баа берүү боюнча аналитикалык отчет). 

2018-2022-жж. 

(Улуттук банктын төлөм системаларына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөргө ылайык). 

 

Улуттук банк 

 

төлөм системасынын оператору/төлөм уюмдары 

8.3. Төлөм системаларынын ишине баа берүүнүн жыйынтыктары боюнча системаларды өркүндөтүү үчүн мониторинг жүргүзүү 

Туруктуу негизде 

Улуттук банк 

коммерциялык банктар, «БПБ» ЖАК, төлөм системасынын оператору/төлөм уюмдары 

9. 

Төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана рынокто ыңгайлуу төлөм кызматтарынын кеңири жайылтылышына көмөк көрсөтүү 

9.1 «МПЦ» ЖАКтын Директорлор кеңешинин отурумдарында жана акционерлеринин жалпы жыйынында катышуу.  

9.2. Акча которуулар системасынын бирдиктүү платформасын түзүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу.  

9.3 Улуттук төлөм шлюзун түзүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу. 

Туруктуу негизде 

 

2018-2019-жж. 

 

2018-2019-жж. 

Улуттук банк, «БПБ» ЖАК 

Коммерциялык банктар 

10. 

Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу  

10.1 Катышуучуларды жана калкты ыңгайлуу жана өз убагында жүргүзүлгөн эсептешүүлөр менен камсыз кылуу үчүн Улуттук банктын төлөм системаларын модернизациялоо. 

10.2 Төлөм системаларынын системалар аралык функционалдык ылайыкташуусуна көмөк көрсөтүү

10.3 Төлөм системалары чөйрөсүндө жаңы стандарттарды жана сервистерди жайылтууга көмөк көрсөтүү

2018-2022-жж. 

 

 

2018-2022-жж. 

 

2018-2022-жж. 

Улуттук банк 

коммерциялык банктар, төлөм системасынын оператору/төлөм уюмдары 

11. 

Төлөм системаларына көзөмөлдүк (оверсайт) жагында башка ыйгарым укуктуу органдар менен кызматташууну бекемдөө.  

Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн жөнгө салуу жана көзөмөл органдары менен маалымат алмашуу, биргелешип чараларды көрүү жана төлөмдөр менен эсептешүүлөр рыногунун катышуучуларын жөнгө салуу ыкмаларын шайкеш келтирүү боюнча өз ара иш алып баруу. 

 

Туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Жөнгө салуу жана көзөмөл (оверсайт) органдары 

Төлөм системасы чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны андан ары өркүндөтүү  

12. 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору боюнча иш-чаралар  

12.1. Ички мамлекеттик төлөмдөрдү өткөрүү, ошондой эле төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын алар тарабынан процессинг жана үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сунуштоого, иштин башка түрүнө байланыштуу ишин айкалыштырууга чектөө бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун илгерилетүү.  

2018-ж. 

Улуттук банк 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Жогорку Кеңеш, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмеси 

Улуттук банктын ченемдик укуктук базасын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына шайкеш келтирүү  

12.2 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы бекитилгенден кийин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү, макулдашуу жана бекитүү

2018-2022-жж. 

Улуттук банк 

Төлөм системасынын катышуучулары, «БПБ» ЖАК 

13. 

«Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы №36 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча иш-чаралар  

Коммерциялык банктар 2017-жылдын 31-декабрынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейин (кошо алганда) банктык жабдууларды (банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдар жана банктык күркөлөр) ташып келүүдө кошумча нарк салыгынан бошотула турган ченемдин аракеттенүү мөөнөтүн узартуу бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы №36 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» мыйзамынын аракеттенүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө» мыйзам долбоорун илгерилетүү 

2018-ж. 

Улуттук банк 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Жогорку Кеңеши, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмеси 

14. 

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине төлөмдөрдү нак эмес формада жүргүзүү боюнча өзгөртүү киргизүү каралган мыйзам долбоору боюнча иш-чаралар 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Салык кодексине, «Акционердик коом жөнүндө» мыйзамына)» мыйзам долбоорунун Жарандык кодекске юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ортосунда Өкмөт тарабынан белгиленген чектүү суммадан жогору суммага нак эмес тартипте эсептешүүлөрдү жүргүзүү нормаларын белгилөө боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жагында өз ара иш алып баруу 

2018-ж. 

Экономика министрлиги  

Улуттук банк, Ведомстволор аралык жумушчу топ 

15. 

Эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системаларына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

 

 

Кыргыз Республикасында төлөм системаларына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу усулун өркүндөтүү

2018-2022-жж. (рынокто жаңы инструменттердин жана/же төлөм системаларынын пайда болушуна жараша)  

Улуттук банк 

коммерциялык банктар, төлөм системасынын оператору/төлөм уюмдары 

Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүндө жана төлөм системасында маалымат коопсуздугунун сакталышына жана орун алышы ыктымал болгон иш үзгүлтүгүнө жана кибер коркунучтарга карата чара көрүлүшүнө мониторингдин алкагында Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чараларга катышуу 

16. 

Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүндө жана төлөм системасында маалымат коопсуздугунун сакталышына жана орун алышы ыктымал болгон иш үзгүлтүгүнө жана кибер коркунучтарга карата чара көрүлүшүнө мониторингдин алкагында иш-чаралар 

16.1. Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларында маалымат коопсуздугунун сакталышына мониторинг жүргүзүү жана орун алышы ыктымал болгон иш үзгүлтүгүнө жана кибер коркунучтарга чара көрүү борборун түзүүгө катышуу  

2018-2019-жж. 

Улуттук банк 

 

 

 

16.2 Улуттук банктын кызматкерлерин, укук коргоо органдарын, банктык, төлөм системаларынын катышуучуларын кибер чабуулдарга таасир этүү жагында окутуу 

2018-2019-жж. 

Улуттук банк 

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Ички иштер министрлиги, коммерциялык банктар, төлөм системасынын оператору/төлөм уюмдары  

 

 

16.3. Маалымат коопсуздугуна тиешелүү жагдайлар жана кибер коркунучтарга таасир этүү борборунун ишин автоматташтыруу боюнча талаптарды иштеп чыгууга катышуу: кибер коркунучтарга таасир этүү борбору үчүн GRC-системасын ишке киргизүү (кемчиликтерди тескөө, шайкеш келишин тескөө системасы, маалымат коопсуздугунун жагдайларына мониторинг жүргүзүү)  

2018-2019-жж. 

Улуттук банк 

 

 

 

16.4 Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын катышуучулары менен маалымат коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле уюшулган алдамчылыкка жана кибер чабуулга каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар боюнча өз ара иш алып баруу 

2018-2022-жж. 

Улуттук банк 

Төлөм системасынын катышуучулары 

 

 

 

Кыскартуулар тизмеси: 

УКМК 

Кыргыз Республикасынын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети  

ЭККМК 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы  

ФЧМК 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы  

МСК 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы  

«МПЦ» ЖАК 

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому  

ЖККР 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 

КБ 

Коммерциялык банктар 

ИИМ 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 

МЭ  

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 

ОЮЛ «СБК»  

«Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмеси 

ОПС/ПО 

Төлөм системаларынын операторлору/Төлөм уюмдары 

ПКР 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 

ЖКХ кызматтары 

Турак жай-коммуналдык чарба кызматтары 

Төлөм системасынын катышуучулары 

Түзүлгөн келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калайык-калкка төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган финансы-кредит уюмдары, адистештирилген финансы-кредит мекемелери, төлөм системаларынын операторлору менен төлөм уюмдары, ошондой эле алардын агенттери  

Төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары  

«KG төлөм системалардын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси;  

«Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмеси;  

«Кыргыз Республикасынын байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси; 

«Сунуштоочулар (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси; 

«Кыргызстандын рынокторунун, соода ишканаларынын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси; 

«Аудиторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси; 

Мобилдик байланыш операторлору: «Скай Мобайл» ЖЧКсы, «Альфа Телеком» ЖАК, «Нур Телеком» ЖЧКсы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын  

өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган 

негизги багыттарына карата 2-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫНЫН ФУНКЦИОНАЛДЫК ТҮЗҮМҮ