Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 31-январындагы 

2018-П-09\4-5-(НПА) 

токтому 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/13  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү  

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/13 ««Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 31-январындагы  

2018-П-09\4-5-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/13  

««Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Улуттук банк валюталык своп-операцияларын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча аукциондук аркылуу жана аукциондон тышкары ишке ашырат.»; 

- 18- пункту төмөнкү редакциядагы 12-15 абзацтар менен толукталсын: 

«Кошумча шарттар: 

- мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү, мөөнөтү жана алардын саны; 

- мөөнөтүнөн мурда аяктоо мүмкүнчүлүгү

- мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоо мүмкүнчүлүгү жана саны.»; 

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Улуттук банк тарабынан жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн валюталык своп-операцияларды жүзөгө ашыруу шарттары АТС каражаттары жана/же өз интернет-сайтында маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыруу аркылуу жарыяланат.»; 

- 31-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда аяктоого, мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоого жана алардын мөөнөтүн узартууга жол берилет. 

Мөөнөтүнөн мурда аяктоодо АТС аны эске алуу менен пайыздарды дароо кайрадан эсептеп чыгат. 

Мөөнөтүн узартууда АТС аны эске алуу менен пайыздарды дароо кайра эсептеп чыгат. 

Валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоо баштапкы валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда аяктоо жана жаңы валюталык своп-операциясына келишүү аркылуу, төмөнкү шарттарда ишке ашырылышы мүмкүн: 

- көлөмү баштапкы валюталык своп-операциясынын көлөмү менен мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган валюталык своп-операциясынын көлөмү ортосунда келип чыккан айырмага барабар болууга тийиш; 

- эгерде бир своп-операциясы алкагында кайталап мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоо кайра ишке ашырылса, анын көлөмү мурунку мөөнөтүнөн мурда бөлүп аякталганда келишилген жаңы валюталык своп-операциясынын көлөмү жана жаңы мөөнөтүнөн мурда бөлүп аякталып жаткан валюталык своп-операциясынын көлөмүнүн айырмасына барабар болууга тийиш; 

- мөөнөтү мөөнөтүнөн мурда бөлүп аякталып жаткан күндөн тартып баштапкы валюталык своп-операциясы аякталган күнгө чейинки мөөнөткө барабар болууга тийиш; 

- алмашуу курсу баштапкы валюталык своп-операциясын жүзөгө ашырууда колдонулган алмашуу курсуна барабар болуусу зарыл; 

- улуттук жана чет өлкө валютасындагы пайыздык чендер баштапкы валюталык своп-операциясында колдонулган пайыздык чендерге барабар болууга тийиш; 

Валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоодо пайыздардын чегерилиши ушул Жобонун 26-пунктуна ылайык ишке ашырылат. 

- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Аукцион аркылуу ишке ашырылган валюталык своп-операциялар, аукционго экиге жетпеген катышуучу катышкан шартта, Улуттук банк тарабынан өткөрүлбөгөн катары таанылышы мүмкүн.»; 

- 35-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аукциондук негиздеги тике валюталык своп-операция»; 

- 36-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аукциондук негиздеги кайтарым валюталык своп-операция»; 

- жобо төмөнкү мазмунундагы 39-1-пункт менен толукталсын: 

«39-1. Аукциондон тышкары тике жана кайтарым валюталык своп-операциялары Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/16 токтому менен бекитилген Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелерине ылайык, Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда келишилген бүтүм аркылуу ишке ашырылат.»; 

- 42-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Катышуучу валюталык своп-операциялар боюнча өз милдеттенмесин төмөнкү учурларда аткарбаган болуп саналат: 

Тике валюталык своп-операциясы учурунда: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын корреспонденттик эсебине тике валюталык своп-операцияны ишке ашырган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

- Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп-операциясын аяктаган күнү, мөөнөтүнөн мурда аяктаган күнү же мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктаган күнү улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу. 

Кайтарым валюталык своп-операциясы шартында: 

- Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде кайтарым валюталык своп-операциясын аткаруу күнүндө Улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу; 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын корреспонденттик эсебине кайтарым валюталык своп-операциясын аяктаган күнү, мөөнөтүнөн мурда аяктаган күнү же мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктаган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү.» 

- 43-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Улуттук банк валюталык своп-операциялар боюнча өз милдеттенмелерин төмөнкү учурларда аткарбаган болуп саналат: 

Тике валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Катышуучунун корреспонденттик эсебине тике валюталык своп-операциясын аяктаган күнү, мөөнөтүнөн мурда аяктаган күнү же мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктаган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

Кайтарым валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Катышуучунун корреспонденттик эсебине кайтарым валюталык своп-операциясын аткаруу күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү.»; 

- 44-пунктунда: 

«аткаруу/аяктоо» сөздөрү «аткаруу/аяктоо/мөөнөтүнөн мурда аяктоо/мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоо» сөздөрүнө алмаштырылсын; 

«баштапкы/жыйынтыктоочу» сөздөрү «баштапкы/аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу» сөздөрүнө алмаштырылсын; 

- 46-пунктунда: 

«аткаруу/аяктоо» сөздөрү «аткаруу/аяктоо/мөөнөтүнөн мурда аяктоо/мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоо» сөздөрүнө алмаштырылсын; 

«баштапкы/жыйынтыктоочу» сөздөрү «баштапкы/аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу» сөздөрүнө алмаштырылсын; 

- жобонун 1-тиркемесинде: 

- 2.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн, валюталык своп-операцияларын ишке ашыруучу шарттары, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталып, Улуттук банктын интернет-сайтында жана/же АТСте маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу кулактандырылат.»; 

- 2.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3. Ишке ашырылган валюталык своп-операцияларынын натыйжалары Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын интернет-сайтында статистикалык маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу жана/же АТСте жарыяланат.»; 

- 2.13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.13. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда аяктоого, мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоого жана мөөнөтүн узартууга жол берилет. 

2.13.1. Мөөнөтүнөн мурда аяктоодо АТС аны эске алуу менен пайыздарды дароо кайрадан эсептеп чыгат. 

2.13.2. Мөөнөтүн узартууда АТС аны эске алуу менен пайыздарды дароо кайра эсептеп чыгат. 

2.13.3. Валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоо баштапкы валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда аяктоо жана жаңы валюталык своп-операциясына келишүү аркылуу, төмөнкү шарттарда ишке ашырылат: 

- көлөмү баштапкы валюталык своп-операциясынын көлөмү менен мөөнөтүнөн мурда бөлүп аякталган валюталык своп-операциясынын көлөмү ортосунда келип чыккан айырмага барабар болууга тийиш;  

- мөөнөтү мөөнөтүнөн мурда бөлүп аякталган күндөн тартып баштапкы валюталык своп-операциясы аяктаган мөөнөткө барабар болуусу зарыл; 

- алмашуу курсу баштапкы валюталык своп-операциясын ишке ашырууга келишилген учурда колдонулган алмашуу курсуна барабар болууга тийиш; 

- улуттук жана чет өлкө валютасындагы пайыздык чендер баштапкы валюталык своп-операциясында колдонулган пайыздык чендерге барабар болууга тийиш; 

2.13.4. Валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоодо пайыздардын чегерилиши Жобонун 26- пунктуна ылайык ишке ашырылат. »; 

- 3.4.3-пункту төмөнкү мазмунундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Тике валюталык своп-операциялары мөөнөтүнөн мурда аяктаган же бөлүп аяктаган күнү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде валюталык своп-операциянын мөөнөтүнөн мурда аяктоочу же бөлүп аяктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн тиешелүү суммадагы акча каражаттарына ээ болуусу.» 

- 3.4.5-пунктунда: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын валюталык своп-операцияларынын жүргүзүлүшүнө жооптуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү учурларда укук берилет:» 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп-операцияларынын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү сандагы акча каражаты жок болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен тике валюталык своп-операцияларынын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир айыптык төлөмдү жана чегерилген пайыздардын суммасын акцептсиз (талашсыз) негизде эсептеп алып салуу;» 

- 3.4.7-пункту төмөнкү мазмунундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кайтарым валюталык своп-операциялары мөөнөтүнөн мурда аяктаган же мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктаган күнү валюталык своп-операцияларынын мөөнөтүнөн мурда аяктоочу же мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын билдирменин шарттарына ылайык, Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүүгө.»; 

- 3.4.8-пунктунда: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын валюталык своп-операцияларынын жүргүзүлүшүнө жооптуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү учурларда укук берилет:»; 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- эгерде, Катышуучу валюталык своп-операцияларынын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүн жүзөгө ашырууда, өз милдеттенмесин аткара албай калган учурда, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен валюталык своп-операцияларынын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүнүн тиешелүү суммасынан, Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдүн жана пайыздык чегерүүлөр суммасын талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат;»; 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- эгерде, кайтарым валюталык своп-операциянын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүнүн милдеттерин Улуттук банк аткарып, Катышуучу аткаралбай калса, улуттук валютадагы негизги сумманы, чегерилген пайыздар суммасын жана кайтарым валюталык своп-операциянын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгү боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат. Негизги сумманын жана бир жолку айыптык төлөмдүн өлчөмү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча эсептелет. »; 

- 3.5.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.5.2. Тике валюталык своп-операциялары аяктаган күнү валюталык своп-операцияларынын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Катышуучунун чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине чегерүү.»; 

- 3.5.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.5.3. Көрсөтүлгөн милдеттенмелер аткарылбаган учурда, Улуттук банк валюталык своп-операцияларынын баштапкы/аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүктөрүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучуга төлөп берет.»;