Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 28-мартындагы 

2018-П-12\10-7-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 1995-жылдын 28-сентябрындагы № 23/2 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы алмаштыруу пункттарынын (бюролорунун) иши тууралуу ченемдик документтерди бекитүү жөнүндө»; 

- 1997-жылдын 25-февралындагы № 5/4 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы алмаштыруу пункттарынын (бюролорунун) иши тууралуу ченемдик документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды, адистештирилген финансы мекемелерин, алмашуу жана кредиттик бюролорду, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 28-мартындагы 

2018-П-12\10-7-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/6 «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө” нускоонун: 

-  1-пунктундагы: 

«Улуттук банк» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк)» дегенге алмаштырылсын. 

«(мындан ары - адистештирилген финансы мекемелери)» деген сөздөн кийин «, алмашуу» деген сөз менен толукталсын; 

- Нускоонун бүтүндөй текстиндеги «Байкоо органы» жана «Аткаруу органы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «байкоо органы» жана «аткаруу органы» дегенге алмаштырылсын; 

- Нускоонун бүтүндөй текстиндеги «тартпаган» деген сөздөр «тартпаган» дегенге алмаштырылсын; 

- 3-пунктунун:  

«ж» пунктчасындагы «финансы-кредиттик» деген сөздөр «финансылык» дегенге алмаштырылсын; 

«з» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«з) Алмашуу бюросу бул, юридикалык жак тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн атайы жабдылган пункт;»; 

төмөнкү мазмундагы «и» жана «к» пунктчалар менен толукталсын:  

«и) Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары бул, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ алмашуу бюролору тарабынан жүгүртүү каражаттарынын эсебинен жана өз атынан гана жүзөгө ашырылуучу нак чет өлкө валютасын сатып алуу, сатуу жана алмашуу боюнча операциялар»; 

к) Кредиттик бюро лицензиянын негизинде кредиттик маалыматты алмашуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган коммерциялык уюм болуп саналган юридикалык жак.»; 

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Нускоодо МФУлардын, адистештирилген финансы мекемелеринин, алмашуу жана кредиттик бюролордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттары жана түрлөрү аныкталат, ошондой эле алардын ишине текшерүү жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу МФУларга, адистештирилген финансы мекемелерине, алмашуу жана кредиттик бюролорго карата милдеттүү талаптар белгиленет.»; 

- 5-пунктундагы «МФУ жана адистештирилген финансы мекемелери» деген сөздөр «МФУлар, адистештирилген финансы мекемелери жана алмашуу бюролору» дегенге алмаштырылсын; 

- 6-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «адистештирилген финансы мекемелери» деген сөздөрдөн кийин «, алмашуу» деген сөз менен толукталсын; 

«б» пунктчасындагы «МФУ жана адистештирилген финансы мекемелери» деген сөздөр «МФУлар, адистештирилген финансы мекемелери, алмашуу жана кредиттик бюролор» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

«в» пунктчасындагы «адистештирилген финансы мекемелери» деген сөздөрдөн кийин «, алмашуу» деген сөз менен толукталсын; 

«г» пунктчасында «адистештирилген финансы мекемелери» деген сөздөн кийин «алмашуу жана» деген сөздөр менен толукталсын; 

«д» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: «д) алмашуу бюролорунун, МФУлардын, адистештирилген финансы мекемелеринин байкоо жана аткаруу органдарынын, кредиттик бюролордун буга чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү жана жазма буйруктарды аткаруусуна баа берүү»; 

«ж» пунктчасы «адистештирилген финансы мекемелери» деген сөздөн кийин «, алмашуу» деген сөз менен толукталсын; 

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 7-1 жана 7-2-пункттар менен толукталсын:  

«7-1. Алмашуу бюролордо жүргүзүлүүчү инспектордук текшерүүлөр максаттуу (алмашуу бюролорунун ишинин айрым аспекттерине баяндама берүү жана кылдат кароого алуу үчүн) жана рейд түрүндө (Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз/күбөлүгүсүз нак чет өлкө валютасын алмашуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу фактыларын аныктоо/системалык мүнөздөгү проблемаларды жана фактыларды, системалык тобокелдиктерди ж.б. аныктоо үчүн) болот. 

7-2. Рейддик текшерүүлөр ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катышуусу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катышуусу менен жүргүзүлгөн учурда, Улуттук банктын кызматкерлерин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн координациялоо, документтерди даярдоо жана текшерүүчүлөр тобун түзүү ишине жооптуу адам аныкталат.»; 

- 8-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Алмашуу бюролору алдын ала маалымдоосуз текшерилет, демек текшерүүгө жолдомо (2-1-тиркеме) мекемеге келгенде көрсөтүлөт. Текшерүү жүргүзүлүп жаткан алмашуу бюросунун талабы боюнча ага жолдомонун көчүрмөсү сунушталышы мүмкүн.»; 

- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«9. МФКны, адистештирилген финансы мекемелерин, алмашуу жана кредиттик бюролорду текшерүүгө берилген жолдомого Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Башкарманын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү кол коет, ал эми МКК менен МКАларды текшерүүгө жолдомого Улуттук банктын Инспектрлөө башкармалыгынын начальниги/областтык башкармалыктын начальниги/Баткен областындагы өкүлчүлүктүн директору кол коет.  

Күтүүсүз инспектордук текшерүү жүргүзүлгөн учурда текшерүүгө жолдомо МФУга, адистештирилген финансы мекемелерине жана кредиттик бюрого инспекторлор тобу келгенде гана берилет. 

Бишкек шаарындагы жана Чүй областындагы алмашуу бюролорун текшерүүгө жолдомого Төраганын орун басары/Башкарманын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү кол коет. Калган областтардагы алмашуу бюролорун текшерүүгө жолдомого областтык башкармалыктардын начальниктери кол коет.»; 

- 10-пункттагы «Төраганын орун басары» деген сөздөр «Төраганын орун басары» дегенге алмаштырылсын; 

- 13-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Алмашуу бюросу текшерүүнүн биринчи күнүндө текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди сунуштоого милдеттүү. Эгерде алмашуу бюросу текшерүү процессинде талап кылынган кайсы бир документти берүүдөн баш тартса, же ал документтерди берүү мүмкүнчүлүгү болбосо, анда ал бул документтерди берүүдөн баш тартуусу же мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу боюнча кат жүзүндөгү негиздеме берүүгө милдеттүү, бул тууралуу Инспектрлөө башкармалыгынын Банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин ишин инспектрлөө бөлүмүнө/областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө жана Инспектрлөө башкармалыгына дароо маалымдалат.”;  

- 14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Эгерде МФУ, адистештирилген финансы мекемелери жана кредиттик бюро мындай негиздемени берүүдөн баш тартса же баш тартуу себеби негизсиз болсо, анда текшерүүнүн жетекчиси Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү тууралуу акт (4-тиркеме) түзүп, ага текшерүүнүн жетекчиси, МФУнун, адистештирилген финансы мекемелеринин жана кредиттик бюронун аткаруу органы кол коет. МФУнун, адистештирилген финансы мекемелеринин жана кредиттик бюронун аткаруу органы кол коюудан баш тарткан учурда, МФУнун, адистештирилген финансы мекемелеринин жана кредиттик бюронун аткаруу органы тарабынан себеби (далил) көрсөтүлгөн кат сунушталган шартта, Улуттук банктын инспектору тарабынан себебин чагылдыруу менен акт түзүлөт. Эгерде баш тартуу себептери көрсөтүлбөсө, анда актыда «себебин (далилин) көрсөтүүсүз» деген белги коюулууга тийиш. 

Эгерде алмашуу бюросу мындай негиздемени берүүдөн баш тартса жана/же баш тартуу себеби негизсиз болсо, текшерүү тобу Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү тууралуу акт (4-1-тиркеме) түзүп, ага текшерүү тобу алмашуу бюросунун жетекчиси/алмашуу бюросунун кызыкчылыгында иш алып барган ыйгарым укуктуу кызматкери кол коет, бул тууралуу текшерүү тобу Инспектрлөө башкармалыгынын Банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин ишин инспектрлөө бөлүмүнүн/областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнүн жана Инспектрлөө башкармалыгынын начальниктерине дароо маалымдалат. Алмашуу бюросунун жетекчиси/алмашуу бюросунун кызыкчылыгында иш алып барган ыйгарым укуктуу кызматкери Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү тууралуу актыга кол коюудан баш тарткан учурда, анын себеби актыда чагылдырылат. Эгерде баш тартуу себептери көрсөтүлбөсө, анда актыда «себебин (далилин) көрсөтүүсүз» деген белги коюулууга тийиш. 

МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин, алмашуу жана кредиттик бюронун жетекчилиги текшерүүнүн жүрүшүнө тоскоолдуктарды жараткан учурда, тиешелүү чаралар көрүлөт.»; 

- 15-пункттагы «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөрдөн кийин «, алмашуу» деген сөз менен толукталсын; 

- 17-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«17. Текшерүүчүлөр МФУдан, адистештирилген финансы мекемесинен жана кредиттик бюродон аларга жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышына байланыштуу документтерди (Документтер тизмегинде көрсөтүлгөн документтер жана текшерүү үчүн сунушталган маалыматтар (3-тиркемеге ылайык) менен чектелбестен), ошондой эле зарыл документтердин талапка ылайык тастыкталган көчүрмөлөрүн же кыскача көчүрмөлөрүн жана МФУдан, адистештирилген финансы мекемесинен, кредиттик бюродон жана алмашуу бюролорунан документтер боюнча чечмелөөлөрдү талап кыла алышат.»; 

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 17-1 жана 17-2-пункттар менен толукталсын: 

«17-1. Алмашуу бюросу текшерүүчүлөр тобунун талабы боюнча алмашуу бюросундагы фото- жана видео жаздыруучу техникалык каражаттардагы бардык маалыматтардан пайдалануусун камсыз кылууга милдеттүү. Мындай маалыматты сунуштоодон баш тартылган шартта, текшерүүчүлөр тобу Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү тууралуу акты түзөт.  

17-2. Алмашуу бюросун текшерүүнүн жүрүшүндө текшерүүчүлөр тобу инспектордук текшерүү үчүн касса жайындагы бардык нак акча сактоо жайларын (шкафтарды, текчелерди, сейфтерди, кутуларды жана башкаларды) ачууну талап кылууга укуктуу. Эгерде жогоруда аталган жерлерде алмашуу бюросунун кассасында эсепке алынбаган нак акча каражаттары табылса алар эсептелип, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат ошол алмашуу бюросунун Нак акча каражаттарына ревизия жүргүзүү актысында чагылдырылууга тийиш.»; 

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын:  

«24-1. Алмашуу бюросунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү тобу тарабынан Алмашуу бюросунун ишин текшерүү жөнүндө маалымкат эки нускада түзүлүп, ага текшерүүнүн жетекчиси жана алмашуу бюросунун жетекчиси/анын атынан иш алып барган ыйгарым укуктуу кызматкери кол коет, анын бир нускасы алмашуу бюросуна берилет»; 

- 37-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«37. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда, МФУга, адистештирилген финансы мекемесине, алмашуу жана кредиттик бюрого жана алардын кызмат адамдарына карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт. 

Ишкердикти Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз/күбөлүгүсүз жүргүзгөн адамдар аныкталган учурда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык административдик укук бузуу жөнүндө протокол (мындан ары Протокол) түзүлөт. Административдик жоопкерчиликке тартылган адам кол коюудан баш тарткан учурда, протоколдо анын себеби көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде баш тартуу себептери көрсөтүлбөсө, анда актыда «себебин (далилин) көрсөтүүсүз» деген белги коюлууга тийиш. 

Мүмкүнчүлүккө жараша, укук бузуучу тарабынан лицензиясыз ишкердик жүргүзүлгөн жер сүрөткө жана видеого тартылат.  

Ошондой эле лицензиясыз ишкердикти жүргүзүүгө текшерүү мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана жарандардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн (каттар, талаптар, даттануулар ж.б.). Мында, кайрылууга ыкчам-тергөө чаралары боюнча материалдар жана административдик укук бузуу/банк мыйзамдарын бузууга жол берүү фактыларын тастыктаган башка документтер кошо тиркелеши мүмкүн.»; 

- 38-пункттагы «адистештирилген финансы мекемеси» деген сөздөн кийин «, алмашуу» деген сөз менен толукталсын;  

- 39-пункттагы «кредиттик бюролордун» деген сөздөн кийин «, алмашуу бюролорунун жетекчилери/кызматкерлери» деген сөздөр менен толукталсын; 

- Нускоого карата 1-тиркемедеги: 

«кызматкер» деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү «кызматкер» дегенге алмаштырылсын; 

- Нускоого карата 2-тиркемедеги: 

«Инспектрлөө башкармалыгынын/областтык башкармалыктын начальниги» деген сөздөр «инспектрлөө башкармалыгынын/областтык башкармалыктын начальниги» дегенге алмаштырылсын; 

- Нускоого карата 3-тиркеменин: 

2-бөлүгүнүн 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: «13. Аларда МФУ менен байланыштуу адамдар олуттуу кызыкчылыкка ээ, МФУнун карыздык милдеттенмелер акцияларындагы инвестицияларынын тизмеги.»; 

3-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: «5. Байланыштуу жана аффилирленген компаниялар менен операциялар боюнча маалымат.»; 

- Нускоого карата 3-1-тиркеменин 2-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: «5. Байланыштуу жана аффилирленген компаниялар менен операциялар боюнча маалымат.»; 

- Нускоого карата 4-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого карата 

4-тиркеме 

 

Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө 

АКТ 

__________________________________________________________________ 

(МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун аталышы) 

__________________________________________________________________ 

(МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро жайгашкан жер - дареги, телефону) 

  

_________________________ 

  

20__-жылдын "__" _______________ 

үзүлгөн жери) 

  

  

  

Мен, _____-жылдын “___”__________ №__________ күбөлүккө ээ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери _________________ (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) тарабынан МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун кызматкери _______________ (МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун кызматкеринин аты-жөнү, кызматы) аталган МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро: ________________________ ишине текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү жөнүндө ушул Акт түзүлдү. Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү төмөнкүлөрдөн көрүнөт: _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________. 

Улуттук банктын кызматкеринин текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун кызматкерине жоопкерчиликке тартыла тургандыгы тууралуу эскертүү берилди.  

 

Акт ______________ (кызматы) ___________________ (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) тарабынан түзүлдү __________ (кол тамгасы). 

Таанышып чыктым: ______________ (кызматы) ___________________ (МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун кызматкеринин аты-жөнү) __________ (кол тамгасы).  

Актынын экинчи нускасын алдым: _______________________(МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун кызматкеринин аты-жөнү) ___________ (кол тамгасы)»; 

 

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 2-1 жана 4-1-тиркемелер менен толукталсын: 

 

«Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого карата 

2-1-тиркеме 

_____________________ алмашуу бюросу/бюролору 

(шаардын/областтын аталышы) 

 

 

Алмашуу бюросунун/бюролорунун ишин текшерүүгө  

ЖОЛДОМО 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алмашуу бюросу/бюролору тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын сакталышын текшерүү үчүн Улуттук банктын төмөнкү кызматкерлерин___________________________ (шаардын/областтын аталышы) алмашуу бюросун/бюролорун текшерүүгө жөнөтөт: 

Жолдомону колдонуу мөөнөтү: ________________ 

 

 

Башкарманын мүчөсү

Төраганын орун басары/ 

областтык бапшкармалыктын начальниги/ 

өкүлчүлүктүн директору (аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

 

 

 

 

 

"Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого карата 4-1-тиркеме 

 

 

Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө 

АКТ 

__________________________________________________________________ 

(алмашуу бюросунун аталышы) 

__________________________________________________________________ 

(алмашуу бюросу жайгашкан жер) 

  

_________________________ 

  

20__-жылдын "__" _______________ 

үзүлгөн жери) 

  

  

  

Мен, _____-жылдын “___”__________ №__________ күбөлүккө ээ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери _________________ (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) тарабынан __________________________ (алмашуу бюросунун жетекчиси/бюронун атынан иш алып барууга ыйгарым укукка ээ кызматкери) «________________________» алмашуу бюросунун ишине текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү жөнүндө ушул Акт түзүлдү, так айтканда:  

_____________________________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________________. 

Улуттук банктын кызматкеринин текшерүү жүргүзүүсүнө каршылык көрсөткөндүгү үчүн алмашуу бюросунун жетекчисине/бюронун атынан иш алып барууга ыйгарым укукка ээ кызматкерине жоопкерчиликке тартыла тургандыгы тууралуу эскертүү берилди.  

 

Эгерде бул актыга кол коюудан баш тартуу себептери сунушталбаса, актыда «себебин (далилин) көрсөтүүсүз» деген белги коюлууга тийиш.*______________________________________________ 

 

Акт төмөнкүлөр тарабынан түзүлдү (Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү): 

1. ________________________________________________________ (аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

2. _________________________________________________________(аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

3. _________________________________________________________(аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

 

Таанышып чыктым: ___________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

 

Актынын экинчи нускасын алдым: _______________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

 

* Актка кол коюудан таш тарткан учурда толтурулат».