Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 15-августундагы 

№ 2018-П-09\33-1-(НПА) 

токтому 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кароого сунушталган «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине кредит берүү жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 15-августундагы 

№ 2018-П-09\33-1-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди (аманаттарды)  

коргоо боюнча агенттигине кредит берүү жөнүндө  

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди (аманаттарды) коргоо боюнча агенттигине кредит берүү жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын Депозиттерди (аманаттарды) коргоо боюнча агенттигине (мындан ары Агенттик) кредит берүүсүнүн жалпы шарттары жана тартиби аныкталган.  

2. Агенттикке кредит Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесине жана ушул Жобого ылайык берилет.  

3. Кредит Кыргыз Республикасынын аманаттарды коргоо системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, аманатчылар таламын коргоо, система тобокелдиктерине жол бербөө жана банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу максатында сунушталат. 

4. Кредит улуттук валютада, кредиттөөнүн: мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана кредитти камсыздоо сыяктуу жалпы принциптерди сактоо менен берилет. 

5. Кредит берүү, аны сунуштоо шарттары, ошондой эле мөөнөтү жана өлчөмү тууралуу чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

6. Кредитти кайтаруу милдеттенмеси күрөө же болбосо башка камсыздоо түрү менен камсыздалат. Камсыздоонун жетиштүүлүгү көлөмүнө карата талаптар (пайыздык туюндурууда) Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. 

 

2. Кредитти берүү жана аны төлөө тартиби  

 

7. Агенттик кредит алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү:   

- кредит алуу максаты так көрсөтүлгөн өтүнүч кат;  

- Агенттиктин Директорлор кеңешинин кредит алуу жөнүндө жана талап кылынган кредитти камсыздоо боюнча күрөөнү сунуштоо жөнүндө чечими; 

- Агенттиктин аткаруучу директорунун кредит алуу жөнүндө жана талап кылынган кредитти камсыздоону сунуштоо жөнүндө чечими. 

Улуттук банк Агенттикке кредит берүү маселесин кароо үчүн зарыл болгон башка документтерди талап кылууга укуктуу. 

8. Кредит Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталган мөөнөткө, Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимге (1-тиркеме) ылайык сунушталат. Кредитти төлөө күнү Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча узартылышы мүмкүн

9. Кредиттин негизги суммасын жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө Кредиттик келишимде аныкталган шарттарда ишке ашырылат. 

10. Эгерде Улуттук банк тарабынан сунушталган кредит максаттуу пайдаланылбаса жана/же камсыздоо боюнча, ошондой эле сунушталган каражаттарды колдонуу боюнча маалымат анык эмес болсо, Улуттук банк Агенттикке сунушталган каражаттарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.  

11. Эгерде Агенттик ушул жобого ылайык сунушталган кредитти кайтаруу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса Улуттук банк өз талаптарын соттон тышкаркы тартипте күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу же болбосо Агенттик тарабынан сунушталган башка камсыздоонун эсебинен канааттандырышы мүмкүн.  

 

3. Кредиттин камсыздоосу 

 

12. Кредитти камсыздоо катары сунушталган күрөө предмети башка күрөөгө же үчүнчү жакка кайра күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.  

13. Кредитти камсыздоо катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары, Улуттук банктын ноталары жана башка Улуттук банкка алгылыктуу болгон күрөөнүн түрлөрү колдонулат. Кредит боюнча камсыздоо катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы болушу мүмкүн.  

 

4. Кредит боюнча пайыздарды эсептөө 

 

14. Кредит боюнча пайыздык чен өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. Кредиттин суммасына пайыздар айкын пайдаланган мезгил үчүн жөнөкөй пайыздар формуласынын негизинде жыл ичиндеги 360 календардык күн эсебинде төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

 

P = (C Ч I Ч T)/360/100, мында: 

Р кредит боюнча пайыздар суммасы; 

С кредиттин суммасы (сом); 

I пайыздык чен; 

Т сунушталып жаткан кредиттин мөөнөтүүн). 

15. Агенттик кредитти пайдаланган мезгил ичиндеги айкын календардык күндөрдү эсептөөдө мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөр эске алынат.   

 

5. Өзгөчө шарттар 

 

16. Кредит колдонулуп жаткан мезгил ичинде, Агенттик Кредиттик келишимде  

(1-тиркеме) жана Күрөө келишиминде (Кредиттик келишимге карата 2-тиркеме), ошондой эле Улуттук банктын кредитти сунуштоого тиешелүү чечимдеринде аныкталган бардык талаптарды так сактоого милдеттүү.  

17. Улуттук банктын талабы боюнча Агенттик кредиттик каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк белгилеген формада жана мөөнөттөрдө сунуштап турууга тийиш. 

 

6. Жоопкерчилик жана укукка жатпаган аракеттер 

 

18. Улуттук банк, кредит берүү шарттарынын Агенттик тарабынан аткарылбай калышы же алардын толук эмес аткарылышынын кесепетинен келип чыккан кандай болбосун чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.   

19. Улуттук банк тарабынан кредиттин берилиши, Агенттиктин милдеттенмелерин же гарантиялык учурлар келип жеткенде банк аманатчылары алдында милдеттенмелерди Улуттук банктын өзүнө алган катары каралбайт.  

20. Кредиттин максаттуу пайдаланылышы жана анын бардык шарттарынын так сакталышы үчүн жоопкерчилик Агенттикке жүктөлөт.   

«Кыргыз Республикасынын  

Депозиттерди (аманаттарды) 

коргоо боюнча агенттигине кредит  

берүү жөнүндө» жобого карата  

1-тиркеме  

 

№____________ КРЕДИТТИК КЕЛИШИМ 

 

Бишкек шаары 20____-ж. «_____»___________ 

 

 

  

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан Улуттук банктын 20__-жылдын «____» __________№____ буйругунун негизинде иш алып барган _________________ бир тараптан жана мындан ары «Агенттик» деп аталуучу ___________________ атынан «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди (аманаттарды) коргоо боюнча агенттиги жөнүндө» жобонун негизинде иш алып барган _____________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди (мындан ары Кредиттик келишим) түзүштү:  

 

1. Кредиттик келишим предмети 

 

1.1. Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

20_-жылдын «__» ______ №__ токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди (аманаттарды) коргоо боюнча агенттигине кредит берүү жөнүндө» жобонун (мындан ары Жобо) жана ушул Келишимдин негизинде, аларда каралган шарттарда ___________ сом суммасында (суммасы жазуу түрүндө) Агентикке кредит сунуштайт.  

1.2. Аманаттарды коргоо боюнча агенттигине кредит, «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамда аныкталган гарантиялык учур келип жеткен шартта Депозиттерди (аманаттарды) коргоо боюнча агенттигинин каражаттары жетишсиз болгон учурда ____________________________ (банктын аталышы) аманаттары боюнча компенсацияларды төлөө үчүн күндөлүк милдеттенмелердин ордун жабууга гана сунушталат. Депозиттерди (аманаттарды) коргоо боюнча агенттиги кредитти башка максаттарда, анын ичинде операциялык чыгашалардын  ордун жабуу жана карыз суммаларын төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок.  

 

2. Кредитти сунуштоо шарттары 

 

2.1. Кредит ____-жылдын _________ тартып ________ чейин, _______ мөөнөткө берилет.  

2.2. Кредит сунушталган күн катары кредит боюнча акча каражаттары Агенттиктин Улуттук банктагы тиешелүү эсебине чегерилген күн саналат.  

2.3. Улуттук банк кредит боюнча акча каражаттарды, ушул Кредиттик келишимге жана Күрөө келишимине (Кредиттик келишимге карата 2-тиркеме) кол коюлгандан кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен которот. 

2.4. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык чен Кредиттик келишимдин  

2.1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүндөй мөөнөткө жылдык _________________ (жазуу жүзүндө) пайыз өлчөмүндө белгиленет. Кредитти пайдалануу үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө Агенттик тарабынан ушул Кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине ылайык (ушул Кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) ай сайын ишке ашырылып турат. Пайыздар ушул Кредиттик келишимдин 2.6-пунктуна ылайык эсептелет.  

2.5. Пайыздар кредит берилген күндөн кийинки күндөн тартып кредит төлөнгөн күнгө чейин (ошол күндү кошо алуу менен) кредит боюнча карыздын айкын калдыгына, жыл ичиндеги 360 күн эсебинде жана ай ичиндеги күндөрдүн санына жараша чегерилет.  

2.6. Кредиттин суммасына пайыздар айкын пайдаланган мезгил үчүн жөнөкөй пайыздар формуласынын негизинде жыл ичиндеги 360 календардык күн эсебинде төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

 

P = (C Ч I Ч T)/360/100, мында: 

Р кредит боюнча пайыздын суммасы; 

С кредиттин суммасы (сом); 

I пайыздык чен; 

Т кредитти пайдалануу мөөнөтүүн). 

2.7. Тараптар Жобонун жана ушул Кредиттик келишимдин бардык талаптарынын аткарылышын гарантиялайт. 

 

3. Кредитти төлөө шарттары 

 

3.1. Кредит боюнча бүтүндөй негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды төлөө ушул Кредиттик келишимге жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган төлөө графигине ылайык (Кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) жүргүзүлөт.  

3.2. Кредитти төлөө күнү кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш, ал эми кредитти бөлүп төлөөгө жол берилбейт.  

3.3. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, анда кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

3.4. Кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө үчүн Агенттик тиешелүү суммаларды Улуттук банктагы тиешелүү эсепке которот (негизги карыз боюнча суммаларды N __________________ эсепке, пайыздык төлөмдөр боюнча суммаларды N _____________________ эсепке).  

3.5. Агенттик Кредиттик келишимде каралган карыздын негизги суммасын жана ал боюнча пайыздарды пландаштырылган төлөө күнүнө чейинки үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банкка ал тууралуу алдын ала билдирүү менен мөөнөтүнөн мурда бөлүп төлөөгө же толук жабууга укуктуу.  

 

4. Кредитти камсыздоо 

 

4.1. Агенттик ушул Кредиттик келишимдин негизинде алган кредиттин негизги суммасын, ага кошуп эсептелинген пайыздарды, ошондой эле ушул Кредиттик келишим боюнча башка төлөөлөрдү кайтарып берүү боюнча өзүнө алган милдеттенмелердин камсыздоосу катары ___________________   саналат.  

4.2. Агенттиктин ушул Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин камсыздоо катары Улуттук банкка күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шарттары жана тартиби Күрөө/камсыздоо келишиминде (Кредиттик келишимге карата 2-тиркеме) аныкталат. 

 

 

5. Тараптардын укуктары жана жоопкерчилиги 

 

5.1. Агенттик Жобого жана Кредиттик келишимге ылайык, кредит жана аны максаттуу пайдалануу боюнча өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

5.2. Улуттук банк, Агенттиктин ушул Жобонун жана Кредиттик келишимдин шарттарын бузууга жол берүүдөн улам чыгым тартуусу үчүн жоопкерчиликтүү эмес.  

5.3. Улуттук банктын талабы боюнча Агенттик кредиттик каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк белгилеген формада жана мөөнөттөрдө сунуштап турууга тийиш.  

 

6. Өзгөчө шарттар 

 

6.1. Жердин силкинишин, ар кандай жаратылыш кырсыктарын, мамлекеттик органдардын аракеттерин жана чечимдерин, согуш аракеттерин жана массалык баш аламандыкты кошо алганда, ушул Кредиттик келишим боюнча Тараптардын контролдугуна алынбаган жана алардын Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусуна тоскоолдук кылган кырдаалдардын тике же кыйыр түрдө таасир этишинен улам форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү ошол күтүүсүз жагдайлар орун алган убакытка шайкеш, бирок Кредиттик келишимди же көрсөтүлгөн форс-мажордук жагдайлар келип чыккандан кийин аткарылуучу бөлүгүн аткаруу мөөнөтүнө олуттуу таасир тийгизген өлчөмдө  гана кийинкиге жылдырылат. 

6.2. Тараптар, Кредиттик келишим боюнча өз милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган форс-мажордук жагдайлар орун алгандыгы жана аларды кийин аткаруу жөнүндө бири-бирине оозеки жана кат жүзүндө 2 (эки) жумуш күнү ичинде дароо маалымдоого тийиш. 

6.3. Тараптардын бири форс-мажордук жагдайлардан улам ушул Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмесин аткара албай калса, бирок ошол жагдайлардын кесепетин четтетүү үчүн бардык зарыл чараларды өз учурунда көргөн болсо, Кредиттик келишимдин шарттарын бузууга жол берген катары каралбайт.  

 

7. Талаш маселелерди чечүү 

 

7.1. Ушул Кредиттик келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер жана пикир келишпестиктер, өз ара алгылыктуу чечим кабыл алуу максатында, тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынууга тийиш. 

7.2. Чечилбеген талаш маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте чечилет. 

 

8. Башка шарттар 

 

8.1. Ушул Кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, Тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери Жобо аркылуу жөнгө салынат.   

8.2. Кредиттик келишимге карата бардык толуктоолор жана өзгөртүүлөр кат жүзүндө даярдалып, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча келишим аркылуу кабыл алынат.  

8.3. Кредиттик келишим Тараптардын ар бири үчүн 2 (эки) нускада, бирдей юридикалык күчкө ээ мамлекеттик тилде 2 (эки) нускада жана расмий тилде 2 (эки) түп нускада түзүлгөн.  

 

9. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары 

 

Улуттук банк: 

  

Агенттик: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 

  

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди (аманаттарды) коргоо боюнча агенттиги 

Бишкек шаары,  

Чуй проспектиси, 168 

  

Бишкек шаары 

Московская көчөсү, 190 

Кызмат орду____________ 

(кол тамгасы)_______М.О 

  

 

Кызмат орду______________ 

(кол тамгасы)_______М.О 

  

  

 

  

  

 

  

  

 

 

 

  

 

20__-жылдын «___»________ 

№______________ Кредиттик  

келишимге карата 1-тиркеме 

 

 

КРЕДИТТИ ТӨЛӨӨ ГРАФИГИ  

 

 

Кредиттин суммасы: ________________________сом  

Пайыздык чен: ___________________________ %  

Пайыздарды төлөө: ай сайын  

Эсептөө жылы: 360 күн  

Кредиттин мөөнөтү: ____ күн  

Кредит берүү күнү: 20__-ж. «__» _____________________  

Кредиттин ордун жабуу күнү: 20__-ж. «__» ____________  

Айлар  

Ордун жабуу күнү  

Пайыздарды төлөө (*)  

Негизги сумманы төлөө  

Бардыгы болуп, ордун жабуу суммасы 

   

 

 

 

 

Жыйынтыгында  

   

   

   

(*) пайыздарды эсептөөдө кредитти пайдалануунун айкын күндөрү эсепке алынат.  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

  

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди (аманаттарды) коргоо боюнча агенттиги 

Бишкек шаары,  

Чуй проспектиси, 168 

  

Бишкек шаары 

Московская көчөсү, 190 

Кызмат орду_____________ 

(кол тамгасы)_______М.О 

  

 

Кызмат орду______________ 

(кол тамгасы)_______М.О 

 

 

 

 

 

 

20__-жылдын «___»________ 

№______________Кредиттик  

келишимге карата 2-тиркеме  

  

 

 20__-жылдын "__" _______________ № ___________________  

кредиттик келишимге карата  

КҮРӨӨ КЕЛИШИМИ 

  

Бишкек шаары 20____-ж. «_____»___________ 

 

 

Мындан ары «Улуттук банк» же «Күрөө кармоочу» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20____-жылдын «___»_______ № ________ буйругунун негизинде иш алып барган ____________________ бир тараптан жана мындан ары «Агенттик» же «Күрөө коюучу» деп аталуучу ________________ атынан «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди (аманаттарды) коргоо боюнча агенттиги жөнүндө» жобонун негизинде иш алып барган __________________ экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын/Улуттук банктын ноталарын күрөөгө коюу жөнүндө келишимди (мындан ары «Күрөө келишими») түзүштү:  

 

1. Келишим предмети  

 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга ____________________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу менен) кредит берди. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төөлөнүн акыркы мөөнөтү катары 20__-жылдын «__» ____________ № _________________ Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык (мындан ары Кредиттик келишим) 20__-жылдын «__» _______________ белгиленди.  

1.2. Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Күрөө кармоочуга _________________ (суммасы жазуу түрүндө) сом өлчөмүндөгү жалпы номиналдык нарктан төмөнкү чыгарылыштагы жана көлөмдөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын /Улуттук банктын ноталарын (мындан ары - баалуу кагаздар) күрөө катары өткөрүп берет:  

 

N  

Каттоо номери 

МБК/ноталар чыгарылган күн 

МБК/ноталар дын ордун жабуу күнү 

МБК/нота лардын саны (даана) 

1 МБК/нота нын номиналдык баасы (сом) 

МБК/ноталар дын номиналдык наркы (сом) 

1  

   

   

   

   

   

   

2  

   

   

   

   

   

   

 

 

 

 

 

 

   

Жыйынтыгында:    

   

   

   

   

 

1.3. Бул Күрөө келишим Күрөө коюучунун, аны бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кылат.  

1.4. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдында ушул Кредиттик келишим, анын ичинде кредиттин негизги суммасы жана ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча өз милдеттенмелери үчүн Күрөө келишиминин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган баалуу кагаздары менен толук жоопкерчилик тартат.  

1.5. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдында өз милдеттенмелерин толугу менен же анын бөлүгүн төлөбөгөн учурда, ушул Күрөө келишимине жана Кредиттик келишимге ылайык, күрөөгө коюлган баалуу кагаздарга карата менчик укук Күрөө кармоочуга өтөт.   

 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

 

2.1. Күрөө коюучу Кредиттик келишим жана ушул Күрөө келишими боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаса же талапка ылайык аткарбаса, ушул Күрөө келишимге жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык, кийинкиге калтыруусуз соттук эмес тартипте баалуу кагаздардын эсебинен толугу менен өндүрүүнүн жүргүзүлүшүн гарантиялайт жана макулдугун берет. 

2.2. Күрөө коюучу ушул Күрөө келишимин каттоодон өткөртүү жана колдонууга киргизүү үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган бардык иш-чараларды өз учурунда жана талапка ылайык ишке ашырууга милдеттүү

2.3. Кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин төлөө мөөнөтү келип жеткен баалуу кагаздарды кийин төлөө мөөнөтү менен башка ушундай эле баадагы баалуу кагаздарга (мамлекеттик казына векселдери, мамлекеттик казына облигациялары жана Улуттук банктын ноталары) алмаштырылышын камсыз кылууга (Күрөө кармоочуга алдын ала маалымдоо менен) милдеттенет. Мында, баалуу кагаздар ордун жабуу күнү келип жеткенге чейинки 10 (он) жумуш күн мурда тиешелүү эмиссиядагы/тиешелүү эмиссиялардагы баалуу кагаздарга алмаштырылууга тийиш. 

2.4. Күрөө коюучу күрөөгө коюлган баалуу кагаздар боюнча купондук төлөөлөрдү алуу укугуна ээ.  

2.5. Ушул Күрөө келишими боюнча күрөө предмети болуп саналган баалуу кагаздарды кайра күрөөгө коюуга жол берилбейт. 

2.6. Күрөө кармоочу төмөнкү учурларда Күрөө коюучудан ушул Күрөө келишиминде көрсөтүлгөн милдеттердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде анын талабы канааттандырылбаса, баалуу кагаздардын эсебинен өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу: 

1) Күрөө коюучу Кредиттик келишимдин талаптарын жана жоболорун бузган шартта; 

2) Күрөө коюучу кийинки күрөөгө коюу эрежелерин бузган учурда; 

3) Күрөө коюучу ушул Күрөө келишиминде же Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган башка талаптарды жана жоболорду аткарбаса. 

2.7. Күрөө кармоочу күрөө менен камсыздалган талап өлчөмүнөн ашкан сумманын айырмасын Күрөө коюучуга кайтарып берүүгө милдеттенет. Күрөө кармоочунун баалуу кагаздар наркынан канааттандырылуучу талаптарында төмөнкүлөр камтылат: кредиттин негизги суммасын кайтарып берүү, кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөө

 

 

3. Күрөө шарттары 

 

3.1. Тараптар ушул Күрөө келишимине ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздар, Күрөө коюучунун Улуттук банктын баалуу кагаздарын Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебине жайгаштырууга макулдашышты.  

3.2. Ушул Күрөө келишимине кол коюлгандан кийин Күрөө коюучу келишим шарттарына ылайык баалуу кагаздарды Күрөө коюучунун Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебине которуу жөнүндө Башкы депозитарийге тапшырма жөнөтүүгө милдеттенет.  

3.3. Күрөө коюучу ушул Күрөө келишиминин 2.1.3-пунктунда жана башка пункттарында каралган талаптарды аткарбай койгон шартта жана ушул Күрөө келишимине ылайык күрөөгө коюлган, Күрөө коюучунун Улуттук банктын баалуу кагаздарынын Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинде турган баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда, Тараптар Башкы депозитарийге ошол баалуу кагаздардын номиналдык нарк суммасын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын эсебинен Күрөө кармоочунун эсебине которууга ыйгарым укук чегеришкен.  

3.4. Кредиттик келишимге ылайык күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, Күрөө кармоочу ушул Күрөө келишимине ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды Улуттук банктын баалуу кагаздарынын Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинен Күрөө кармоочунун эсебине которулушун аткарууга укуктуу.  

3.5. Тараптар, ушул Күрөө келишиминин Улуттук банктын баалуу кагаздарынын Башкы депозитарийинде каттоодон өткөртүлүшү үчүн төлөмдүн Күрөө коюучу тарабынан төлөнүшүнө макулдашышты.  

 

4. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү тартиби 

 

4.1. Тараптар, ушул Күрөө келишиминин жоболоруна ылайык баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан шартта, баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү ушул Күрөө келишиминин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык, соттук эмес тартипте дароо ишке ашырууга макулдашышты. 

  

5. Башка шарттар 

 

5.1. Күрөө келишими белгиленген тартипте каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет жана Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдында  милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.  

5.2. Ушул Күрөө келишиминин шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 

5.3. Келишим мамлекеттик/расмий тилдерде 3 (үч) түп нускада: 1 (бир) нускасы  Күрөө коюучуга, 1 (бир) нускасы  Улуттук банкта сактоо үчүн, 1 (бир) нускасы күрөөнү каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органдарга сунуштоо максатында түзүлгөн. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ.  

  

 

 

6. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары 

  

КҮРӨӨ КАРМООЧУ 

   

КҮРӨӨ КОЮУЧУ  

  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

  

Бишкек шаары,  

Чуй проспектиси, 168 

  

Кызмат орду______________ 

(кол тамгасы)_______М.О 

  

 

Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттиги 

Бишкек шаары 

Москва көчөсү 190 

Кызмат орду_____________ 

(кол тамгасы)_______М.О 

 

 

  

Улуттук банкта 20___ жылдын «_____» ________ № _____________________катталган 

 _____________________/__________________________________________________  

(кол тамгасы) (кызмат орду, аты-жөнү)