Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 15-августундагы  

№ 2018-П-09/33-2-(НПА)  

токтому  

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана  

толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 53 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 15-августундагы 

№ 2018-П-09/33-2-(НПА)  

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо  

жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча «веб-сайты» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «расмий интернет-сайты» дегенге алмаштырылсын; 

- 41-пунктунун 3-пунктчасынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген кредит портфели боюнча Улуттук банк Башкармасынын «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптар» токтомунда каралган тартипте талап кылуу укугу»; 

- 43-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Банктар Кредиттик келишимге карата Күрөө келишиминде көрсөтүлгөн күрөөлүк камсыздоону тиешелүү коэффициенттерди колдонуу менен кредиттик ресурстарды алгандан кийинки 3 (үч) айдан кийин гана ага барабар күрөөгө алмаштырууга укуктуу.»; 

- 51-1-пункту төмөнкү абзац менен толукталсын: 

«IV методу кошо каржылоо менен белгиленген чен боюнча аукцион. Мындай аукционду жүргүзүүдө Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген чен боюнча бардык билдирмелер, ошол аукциондо кредиттик ресурстардын белгиленген көлөмү толугу менен акырына чыкканга чейин канааттандырылат. Эгерде, билдирмелердин суммардык көлөмү аукциондо сунушталган кредиттик ресурстар көлөмүнөн артса, билдирмелерди канааттандыруу пропорционалдуу негизде миң баскычка тегеректөө менен ишке ашырылат. Мында, Улуттук банктын кредиттик ресурстарына кошумча Банк тиешелүү аукциондо өздүк каражаттардын эсебинен улуттук валютадагы кредиттик ресурстарды Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталган шарттарда сунуштоого милдеттенет (анын ичинде Банктын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык чен, кредиттин тармактык багыты жана Банктын өздүк каражаттарынын эсебинен кошо каржылоо пропорциясы). Банктын кредиттик ресурстары өздүк каражаттардын эсебинен ушул жобонун 68-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө сунушталууга тийиш. » 

- Кредиттик келишимдин 2.4-пункту (Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимге карата 4-тиркеме) төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4. Улуттук банк тарабынан ушул Кредиттик келишимдин алкагында Банкка сунушталган кредит кредиттик аукцион параметрлерине ылайык (ушул Кредиттик келишимге карата 4-тиркеме) кайра каржылоого/ликвиддүүлүктү колдоого багытталган.»; 

- Кредиттик келишимге карата 3-тиркеме (Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимге карата 4-тиркеме) төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«20___-жылын “___”________ 

№____ Кредиттик келишимге карата  

3-тиркеме 

 

Кийинки айдын бешине чейин ай сайын 

 

 

 

 

2-форма. Кредиттик аукциондордун алкагында Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен берилген кредит портфелинин абалы жөнүндө отчет 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

күнү   

  

  

  

  

  

  

 

Банк   

  

  

  

  

  

  

 

сом/пайыз түрүндө  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

 

Аукциондун коду 

Бир мезгилдин башталышына карата орду жабылбаган кредиттердин калдыгы 

Бир мезгилдин акырына карата орду жабылбаган кредиттердин калдыгы 

Карыз алуучулардын төлөө көлөмү 

Банк тарабынан жаңы берилген кредиттин көлөмү 

Банктын Улуттук банк алдындагы карызынын көлөмү 

Улуттук банкка кайтарылган суммалар 

1  

3  

4  

5  (3-4+6)  

6  

7  

8  (7-3-6)  

АК1  

   

   

   

   

   

   

…  

   

   

   

   

   

   

АКn  

   

   

   

   

   

   

Жыйынтыгында  

   

   

   

   

   

   

  

  

  

  

  

  

  

 

Банк жетекчисинин аты-жөнү  

  

  

  

  

 

кол тамгасы 

мөөрү» 

  

  

  

  

 

 

- Кредиттик келишим (Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимге карата 4-тиркеме) төмөнкү мазмундагы 4-тиркеме менен толукталсын:  

 

«20___-жылын “___”________ 

№____ Кредиттик келишимге карата  

4-тиркеме 

 

АК ** ** Кредиттик аукциондун параметрлери  

Аукциондун коду 

АК ** **  

Кредиттик ресурстардын көлөмү (млн. сом) 

  

Ауцион өткөрүү ыкмасы 

  

Максаттуу багытталышы  

  

Регионалдык багытталышы 

  

Минималдуу пайыздык чен (%) 

  

Билдирменин минималдуу көлөмү (млн. сом) 

  

Билдирменин максималдуу көлөмү (млн. сом) 

  

Коммерциялык банктардын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык чен 

  

Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу 

  

Кредитти кредит портфели боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоо  

  

» 

- Күрөө келишиминин 2.1-пунктунун 6-пунктчасы (Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимге карата 7-тиркеме) төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) ал боюнча талап кылуу укугу катары ушул Келишим боюнча күрөө предмети саналган кредиттер Улуттук банк Башкармасынын «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптар» токтомунда каралган мүнөздөмөлөргө ылайык келет.».