Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 7-декабрындагы 

№ 2018-П-15/52-6-(НПА) токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 

«Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 7-декабрындагы 

№ 2018-П-15/52-6-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме  

  

  

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1  

«Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр  

  

  

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобонун: 

 

1) «Кредит/транш сунуштоо жөнүндө кредиттик келишимге карата  күрөө келишими (Кыймылсыз мүлк)» 4-тиркемесинин: 

- 2.4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4.1. Күрөө предметин акысыз өткөрүп бербөөгө, күрөөгө койбоого, милдет жүктөбөөгө, алмаштырбоого, кандай болбосун түрдө пайдаланбоого, ошондой эле Күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү макулдугу жок күрөө предметин ижарага бербөөгө»

- 5.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.5. Келишим Тараптардын ар бири үчүн бирден, ____ нускада түзүлгөн, башка нускалары - каттоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга жана нотариалдык конторага сунушталат.»; 

 

2) «Кредит/транш сунуштоо жөнүндө кредиттик келишимге карата күрөө келишими (Кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугу)» 5-тиркемесинин: 

- 2.1-пунктунун 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«6) ушул Келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган кредиттер, талап кылуу укугу Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) токтому менен бекитилген Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарда каралган мүнөздөмөлөргө туура келет.»; 

 

«Кредит/транш сунуштоо жөнүндө кредиттик келишимге карата күрөө келишимине (Кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугу)» карата 1-тиркемесинин Күрөөгө берилген кредиттик келишимдердин тизмеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«